urolog123
-
Трипак
15 Апр 2019
Гонорея жугуштуу венерикалык оорулардын катарына кирет. Бул оору жыныстык жол аркылуу гонорея менен ооруган адамдан соо адамга жугуп, жыйынтыгында соо адамдын жатын моюнчасында оору пайда болот. Оору пайда болгон соң жыныс органынын былжыр чели сезгенет. Мындан тышкары гонорея оорусу пайдаланган төшөнчү, сүлгү жана мончодо колдонуучу жуугучтарды таза жуубай колдонуудан да жугат.
Белгилери: Жыныс органынан ириңдүү суюктук аз бөлүнүп, заара кылганда кычышат. Жатындын жана анын түтүкчөсүнүн былжыр чели сезгенгендиктен аялдын бели жана ичинин төмөн жагы ооруйт. Денеси ысыйт, этек кир цикли бузулат. Убагында дарыланбаса, гонококк микробу күчөп, жыйынтыгында өнөкөт түрүнө айланып, ал жатындан жатын түтүкчөлөрүнө өтүп, аны сезгентип, шишитип, түтүкчө бүтөлүп, тукумсуздукка алып келет. Ал эми дарыланып жатканда жыныстык катнашууга тыюу салынат.
Консультация алам дегендер мобул номерге чалгыла: 0771790989 Илияс Эратов, врач-уролог- андролог. -
Эркектин жыныстык көйгөйлөрү
4 Апр 2019
Урологиялык оорулардын түрлөрү көп. Айрым дарттар учурда жашарууда. Жашарууда дегеним, мурун жаш курагы өтүп калган эркектерде кездешүүчү оорулар азыркы тапта жаштар арасында кеңири кулачын жайды. Эгер сенде эркектик жактан кандайдыр бир көйгөй жараткан дарт кыйнап жүрсө, убакыт созбой дарыгерге кайрыл!
Консультация алам дегендер мобул номерге чалгыла: 0771790989 Илияс Эратов, врач-уролог- андролог.
urolog123

Супер-Инфо
super.kg
видео



19 Июл 2019 17:39
Мобилдүү версия
urolog123