Суперстан: Ziregim - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

Ziregim Өздүк маалымат Рейтинг: -----

Ziregim фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
14 (0,01 күнүнө)
Активдүү форуму:
Жүрөк сыры (11 билдирүүлөр)
Катталган:
18 Апрель 19
Кароолор:
5 580
Соңку аракети
Пользователь офлайн 09 Авг 2021 16:59
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
33 жашта
Туулган күнү:
Июль 22, 1991
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Мен ачкан темалар

  1. Туңгуюк...

    Жазылган күн: 29 Июл 2019

    Саламатсыздарбы, урматтуу эжелер, синдилер, агалар, инилер кандайсыздар? Адам ичмндеги сырын катып журо берсе, ойлонуп сактай берсе ал нерсе акыры айыкпас жарага айланып, конулунду журогунду ойкоп, куйгузуп ,жок кылаары анык экен! Сиздер мени тааныбайсыздар ошон учун чын сырымды сиздер менен болушойун, бул журок ойкогон оксугумду,бир туугандарыма ,апама айта албайм ,себеби мени алар мени ото кучтуу жана бактылуу деп билет, ошентип эле билишсин. Досторум жок эмес бар, бирок баары мага акча учун дос калп эле конулумду которгону менен, аркамдан каткырып кулоорун жакшы билем, андыктан аларга да айталбайм,тушуносуздор да! Мен биринчиден мага окшоп, озунун колокосуно озу жашынып, бироолордун кубанычы учун, озунун жашоон тозоко айландырып, бироону кулдуром деп, озу ыйлап жургон, армандаштарыма ушундай виртуалдык сырдашууга шарт тузуп берген Супер инфонун эмгек жааматына терен ыраачылык билдирип кетем, рахмат сиздерге! !!.
    Анда баштайын, урушсанар урушуп, соксонор согуп, аясанар аяп, иши кылып каалагандай талкуулагыла. ...
    Мен туштуктогу региондордун бир айылында чонойгом, атам апам тилекке каршы ажырашып кетип, апамдын экинчи турмушунда ( огой атада) чонойдум! Балалыгым кандай отконун деле билбейм чынын айтсам, жок жок жинди деп ойлобогула, билем, бирок эстегим келбейт. ( Балалыгым жонундо да жазгам эсиниздерде болсо керек, башка бир ник менен жазгам) .
    Чынында жамандагым келбейт биздин жигиттерибизди, кечиргиле катуу тийсе. Бирок менин жашоомо келген эркектер, эн биринчи оз атам ,андан кийин огой атам кийин иним, бут таш боор болуп чыкты. Журогумдон берилип суйуп, анын гана жанында болгондо коздорум куйуп, башкача бактылуу болгом, озумду биринчи ирет ошол жигиттин жанында аял экенимди сезгем, ал дагы кол шилтеп кетти. Ошол кезде суйоп таяп акыл кенешин айтып, мага моралдык жардам корсоткон эч ким болбоду, апам озу менен озу, ишенчеек жаным бироо бираз эле камкордук кылып койсо, мееримге суусаган жаным, жата калып суусунумду кандыргым келген, кайдаа. Бираз жылуулук беришип, кайра менден эки эселеп чыгарып алып, тондуруп кетишти. Ошондой азаптуу кундорду таштап, башка олкого кетким келди, Кыргызстандан кетсем эле унутулчудай сезилди. Алысыраак туугандардын жардамы менен Туркия мамлекетине келдим, мына быйыл 6 жылдын жузу болду, жаны адамдар ,башка шаар ,башка тил, иши кылып баары артта калганын сездирди, бирок унутууга куч жетсе гана аттин! Мындан 2 жыл мурун турмушка чыккам, турк жигитине. Тааныштарым далай соз кылыптыр, жадакалса туугандар, байлыгына кызыгып тийип алды, чалга тийиптир, кыргыз тугонуп калгансып, иши кылып, башы оорубагандын кудай менен иши жок дегендей. Чынын айтайынбы, куйоом бай эмес , бир участогубуз гана бар уйу да машинасы да жок , чал да эмес, бирок мага деген чон суйуучу бар, ай сайын апамдарга акча салат ,мени иштетпейт, оозумдан чыкканын баарын кылат, бул создорум менен аны мактап, же башка кыздарды туркко тийгенге угуттогон жокмун, турктордун деле жаманы бар, жакшысы бар дегендей. Бирок мендеги журок ойугон сырым, куйоомду суйбойм, канча аракет кылдым суйуп кетейин деп жок баары текке кетти. Кее кундору уктап жатканымда козун албай мени тиктеп отура берет , жуогум ушунчалык ооруп тилинип кетет, баарын байкайм, жанымда чарк айланат, мени жоготуп алгандан коркот. Башында ката кылдымбы билбейм, мени суйот ,мага меерим берип атат деп, убактылуу бактылуу сезип озумду,турмушка чыгып алдым. Эми кантем куйоомдун алдында озумду куноолуу сезем суйо албаганым учун кечир деп айта албайм. Алдап койгонмун сени суйом деп. Балалуу да болгон жокпуз ,балким менин жалганымдын кесиридир ким билсин. Эмне кылаарымды билбей башым катты!
  2. Кош! Жүрөгүм!

    Жазылган күн: 20 Май 2019

    Кош улуу Ата мекеним кош, аял болуп жаралгандан бери ,аярлуу сезимтал назик жанды барктай албаган айбаты кучтуу, улуу Манастын урпактары эр журок уулдарынды кечир. Жакшылыктан умутумду узгон жокмун, куттум, тамырында оргуштап кыргыз каны айланып турган бир кайраты кучтуу азамат, бактылуу кылаар деп куттум. Балким ушул менин бакытымдыр деп, ар бир каршыма чыккан коздорго тигиле карадым, ошол коздорго чогуп бакыттын узумдорун издедим, бирок тилекке каршы табалган жокмун. Ишеним арттым, ишендим, сонунда алданганымды билдим. Кечир Ата мекеним, Манас баатырдын урпактары мени, тебелеп тепсешти, каалагандай ойноду, ыргытты, алар мени эмес, менин жан дуйномду, сындырышты талкалашты. Ооба мен аялмын, жан дуйносу назик, ишенчеек, алсыз аялмын, бирок кайратым кучтуу болчу. Мени келип бироо тиреп таяп, андан бетер куч кошуп, кучтуу кыла алган жок. Ар бир жан дуйномо баш баккан киши, 2 жашындагы наристе баладай, кооз жан дуйномо кызыкты, тартып жыртып акыры конулу калганда, тамдын бурчунда калган куурчактай ыргытышты. Мен баарынан чарчадым, мен эсем ,ан сезимим журогум, жан дуйном чарчады. Баардык нерсе менен курошууго кучум калбай калды. Кош мекеним алтын уям кош бол! Менин ар бир коз жашымды, ар бир азабымды озун коруп турасын. Журогумду миллион жеринен тилип жараласа да, эч айыккыс орууга айлантышса да, менин ошол орулуу журогум кыргыз деп согот, кымыз жытуу кыргыз эркектерин сагынат. Кечир мени, ар бир ташын, топурагын, гулдорун, жада калса тикендерин да мен учун ыйык мекеним. Бир алсыз кызын, жалган жалаага туш болсо да, актанууга миндеген далилдер турса да, эч ким анын созун угуп жолок болбогон, алсызын, сенден кетет. Кечир!!!

Достору

  • Фотография
    KaGaH  

Комментарийлер

Ziregim ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 20:01

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: