Losw1 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 31 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (16 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 07 Сентябрь 19
- Кароолор:
- 3 241
- Соңку аракети
08 Янв 2020 15:32
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 34 жашта
- Туулган күнү:
- Июль 22, 1990
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Жаңы жомок
Жазылган күн: 15 Дек 2019
Жаңы жомок
Саман Уранкай
Тээ алыстан аттардын дүбүртү угулуп, добулбастын коштоосунда кырк кило пахта артынып келаткан "кырк мырктын" карааны көрүндү. Ыш каптап турган ордонун чок ортосунда опол-тоодой ак өргөөнүн ичи кажы-кужу болуп, бай-манаптар былчылдата май чайнап, беш бармакка он манжасын матыра сугунуп, маал-маалы менен Матырайдын тукумуна дуа кылып отурушкан эле. Ак өргөөнүн төрүндө төрт кабат мамык төшөктө Былкэтпес хан отурат. Сол жагында Асылаке бий, оң жагында каман терисин жамынып, астына алты кабат мамык төшөк салынып кадимки Рамилон баатыр отурат. Сабы алтынга ширелип, өрмөгү калктын шили терисинен өрүлүп, араптын асыл таштары менен шөкөттөлгөн өрмө камчысын отургандарга кезей Рамилон баатыр кеп баштады:
- Ээй простой смертнийлер! Уккула менин сөзүмдү! Менин адресиме жаман сөз уксам жарчыңды да, малчыңды да, деги койчу иливоюңду зынданга тыгам. Мамлакатка кол салды деп мазгимди тоңкойтконуңарды токтоткула, мырзалар! Бу жалганда эки гана ак бар. Бири эненин сүтү болсо, экинчиси мен"-деди. Отургандар биринен сала бири" Туура! Туура! " дешип кубаттап, кай бири оордуларынан тура да калышты. Тура калгандардын арасында жүз жыйырма башы Дасисфантастиш бек да бар эле. Былкэтпес хан унчуккан жок. Ак да дебеди, көк да дебеди. Хандын көзүнөн "Каңкретний дадил жок болсо, "каңк" эттире башка чап! " дегендей ишаарат байкалып турду. Калдайган кара кытайдын үлбүрөк целлофан баштыгандай болгон Өкмат аке да башын өйдө көтөрүүдөн айбыгып, чылкый май шорподон ууртап отурду... -
Темасы: Ой жүгүртүп көрбөйлүбү? (логикалык табышмактар)
Жазылган күн: 19 Ноя 2019
Arseana (19 Ноябрь 2019 - 12:17) жазган:
Илгери динозаврлар жашап турган убакта ай жок экен. Анан бир метеорит жерге келип тийгенде жер экиге болунуп ошол кичине болугу ай болуп калыптыр, аны жердин спутниги деп атап калышкан. Башкача айтканда илгери ай жердин бир болугу болгон. Ошол метеориттин кесепетинен динозаврлар олуп жок болгон деп айтып берген эле бир агайыбыз. Ушул чынбы же калппы сиздер кандай ойлойсуздар?
Биринчиден Ай жерден болунгон деген гипотеза болгон Дарвин ж.б. тарабынан. Бирок бул гипотеза чындыктан алыс. Жер менен Айдагы жер породалары да кескин айырмаланат.
Ал эми Ай динозаврлар бар учурунда болунуп, динозаврлар олгону бул чооон жомок!!! -
Темасы: Кызыктуу жана логикалык диний суроо-жооптор...
Жазылган күн: 18 Ноя 2019
admin_portal (18 Ноябрь 2019 - 15:49) жазган:
Losw, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган. БАН!
Суперге Кудайдан жоо качкан, кул базардан келген самый самый тупойлорду админ, аким кылып койгон супердин жетекчилиги. ..
Кылычбек деген неме порталдагы баш-аламандыкты вообще корбойт, козуно сайып корсотсон да...
Жогоруда ар ким ар нерсе деп дооруп жатат, админ ошолорду корбой мага сайылганына тан бериш керек...
Эркин темада бир канча билдирууну очуруп, бир Чубактын жетими "Чубактын куноосун алгандар палан-тукун" денен биллируусун калтырып коюптур...
Бир соз менен мындай мусор админ, акимдерге даба жок... -
Темасы: Хиджаб кийүү модага айландыбы?
Жазылган күн: 13 Ноя 2019
Muslim1990 (13 Ноябрь 2019 - 03:17) жазган:
Эки жүздүү дегин.Сен Чубак ажы менен Бакирдин баласынан башкасын көрө албайсыңбы?
Дааватчы таштап кетсе бирөө таштагандыр, үчөө таштагандыр. Бирок баары эмес.Мен да каршымын андайларга. Мындайча айтканда сен даават эмне экенин билбейсиң.Билбейсиңби, бирөөдөн уккандарыңды бул жака келип ар нерсени айта бербе.Жалпы мусулман аял,эркектин үстүнөн тон бычканыңа жол болсун!Сен адамдын жакшы жактарын эч качан көрө албайт экенсиң.Сенин көзүң эмес көөдөнүң сокур сыяктуу.Хиджап бүтүп эми ажылык,эки аял алуу ж.б нерселерди чукуп чыга баштадыңбы? Сенин динден эч кандай маалыматың жок экен.Бир нерсени угуп,укпай сөз тараткан адам окшойсуң сыягы.Эмне үчүн бир гана ажыга баргандар жардам бериш керек.Сен жардам берсең болбойбу?Башкалар жардам берсе болбойбу?
Ким жакшылык кылса өзү өчүн,бали,азамат деп колдойм.Биринчи өзүң жакшылык кылдың беле адамга?Башканы кой да биринчи өзүңдөн башта.Мен кандай жакшылык кылдым адамдарга деп.Башкалар үчүн эмес өзүң үчүн жооп бер.Бакир уулу кайра-кайра кыз алса өзүнөн сура,өзүнө айт.Тийген кыздарынан сура эмне үчүн тийдиң деп.Бакирдин баласы үстү-үстүнөн кыз алса жалпы мусулмандар алып жаткан жайы жок.Баары эле Турсунбай эмес.Жесир албай эмне секелек кыз алдың деп Чубактын өзүнөн сура.Ушунчалык эле күйүп-бышып жатсаң.Ии баса биринчи сен аныгын билип кел Чубак ажыдан чын эле кыз алдыңбы же жесирби деп.Балким жесир алгандыр аны сен кайдан билесиң кыз алганын?Аныгын бил тууган.Аа Турсунбайга сөз жок дечи.Бирок ага тийген кыздардын деле секелек кыз экенине күмөнүм бар.Мунун да аныгын бил.
Анан дагы ажыга баргандын баары эле күнөөсүз болуп келе бербейт.Ал дагы ниетиңе жараша болот.Бири жөн эле Меккени көргөнү барса,бири жөн эле эс алып келет.Бирок баары эмес.Ар ким өзүнүн кылган жакшы иштери үчүн сыйланат.Балким бейишке кириши мүмкүн.Ким бейишке кирет,кирбейт ал сен экөөбүздүн колубузда эмес.Мусулмандар кылган жакшылыгын милдет кылбайт.Жарыялап ашкере кылбайт.Мусулман эмес адамдар да бар жакшы иштерди жасаган.Аларга рахмат деп кана айта алам.Кээ бир мусулмандарга караганда түзүгүрөк.Кемчилик ар бир адамда бар.Сенде да,менде да башкасында да.
Эмне үчүн сен эмес биз тф,интернетти таштап тоого чыгып кетишибиз керек?Жакшысы сен эле чыгып кетпейсиңби? Болобу чыгып кетсең?
Ким тоого чыгышы керек? Тоого ким чыкса да эмне болуптур? Тоого чыкса эле жапайы болуп кетет бекен?!! Ата-бабаларыбыз кылымдарды карытып тоо-таш, токойдо жашап эле келген, интернети палан жок эле?!!
Акыркы суйломдорунду таптакыр тушунбодум, эмнени айткын келгенин...
Эми Чубакка келсек, кайда барсак Чубакты улгу кылган карапайым элди коробуз. Эл деген ар турдуу. Арасында сабатсыздары толтура, Чубак эмне десе оозун карап, ар айткан созун чын коруп отургандар. ...
Бирок Чубак да пенде, бизге окшоп жанылып жазат. Бирок катасын бетке айткандарга чычалап кызандап жооп айтып жатканын коросун... Эгер Чубак акылдуу болсо сынды туура кабыл алып катасын мойнуна алмак...
Чубактын эрден ажырашкан жаш келинге уйлрнгону, саясатка мурдун тыгып акчалууларды колдогону чыныгы мусулмандын кылаар иши эмес. Айрыкча элге акыл уйротуп озун аалым эсептеген бири учун...
Бакир уулу менен Озубек ажыга соз жок, алардын денгээли Авазхан менен мигрант рф сайраган Арстан Алайдын денгээли менен бирдей...
Эми силерге келсек, кана киминдин илим денгээлинер, диний билиминер мактанаарлык мол, башкаларды маалыматсыз, тушунугунор ноль деп кесинткидей? !! Же ишенгенинер Даудбу же Ксанифби?! ! Оз тарыхын билбеген Чубактын чала молдолору кана кимин кыйратып жатасын?!! -
Темасы: Хиджаб кийүү модага айландыбы?
Жазылган күн: 13 Ноя 2019
Muslim1990 (12 Ноябрь 2019 - 20:43) жазган:
Хиджаб-бул жабынуу.Ар бир мусулман аялзаты кийүүгө милдеттүү.Башкасына тиешеси жок.Хиджап кандай болушу керек?
Аялзатынын уяттуу жерлерин жабуусу жана кенен болушу керек.Аялзатынын жүзү,билегинен төмөн жана кызылашыктан төмөн жагынан башкасы уяттуу дене мүчөсүнө кирет.Кандай кийим кийсе да ошол уяттуу жерлерин жабуусу керек.Кийингенде аялзатынын дене мүчөсү билинбей тургандай болушу шарт.Мына ошол жабынуу.Чыпташкан көйнөк кийип оронуп алгандар жөнөкөй кийимден айырмасы жок.Туура азыр мода болуп баратат.Кийип кайра чечип койгондору бар.Кийип алып туура эмес иш кылгандары бар.Баары эмес.Бирок кийим калбай калгансып же ит тытып кеткенсип же ошол жерине материал жетпей калгансып тытылган шым,көйнөк кийгенден көрө чыпташкан көйнөк артыгырак болсо керек.Анан хиджап радикализмге, кан төгүүгө алып келет дегенге кошулбайм.Америка баштаган куралдуу державалар канча өлкөлөрдү талкалады канча бейкүнөө адамдар набыт болду.Мына ушул радикализм. Ветьнам,Ирак, Ливия,Сирия канча адам набыт болду.Мына радикализм деп ушуну айтат.Эгиз мунара жарылганда, Париждеги терактан каза болгондор Ирак,Ливия,Вьетнам, Сирияда набыт болгон элдердин ондон бир бөлүгү гана.Ошондуктан хиджап кийүү радикализмге алып барат деген сөз туура эмес.
Жарым жылаңач жүрүү радикализмге алып барбагандай эле.Аялзаты хиджап кийүү менен аялдык намысын сактаса,кыска юбка,жыртык шым төшүү ж.б жерлери көрүнгөн кийим кийүү тээ илгерки таш доорундагы жабынууну билбеген аялдарды элестетет.
Туура хиджап кийсе ыймандуу болуп кетпейт.Кийбей жүргөнгө караганда кийүү артыгырак.Ушул абалда кетсек жакынкы жылдары ич кийим деп жипти байлап алып жылаңач жүрсө деле таң калбай калат окшойбуз.Бул эмне деген кийинүү десе мода деп койсо тилди тишке каткандан башка арга жок да.
Хиджап кийсе чочулабай андан көрө үйүндө кийим калбай калгансып жылаңачтанып бараткан жаштарыбызды ойлонгула,тема ачып талкуулагыла. Мына ошол ойлондура турган көйгөй.
Эмнеге эле хиджапка жарым жыналачтарды каршы коесунар?! ! Же мен, же башкасы жарым жыналачтарды колдоп, аларга жан тартып жатабы?!
Эмнеге арабдардын хиджабын кийуу керек, озубуздун улуттук кийимдер турганда. Улуттук кийим кийууну каалабасанар кунумдук кийим кийгиле, узун койнок же халат. Кызыл ашыкты жаппаса да, тизеден ылдый болсо болгону... Куранда болгону авратын жапсын деп айткан. Калганын Чубакка окшогон молдо кожолор ойлоп таап кошумчалаган. ..
Биздин аялдар арабдардын аялдары эмес, йдо камалып эч жакка чыкпаган! Илгертен эле эркек менен эриш аркак болуп було тутотуп келишкен, эмгек менен жан багып...
Хиджап кийип буту бутуна чалынып талаада кетмен чаап же чыла кечип мал сааган кыргыз аялзатын элестетуу кыйын...
Хиджап ыймандын кепили боло албаган сон, хиджапты тануулап эмне кереги бар?!!
Ошол жарым жыналачтар элге окшоп кийингенди уйронушсун! !!
Кыргыз эли жуздогон жылдар намыска бек эле жашап келген, арабдардын хиджабы жок эле...
Достору
Losw1 Досторду кошо элек
Комментарийлер
Losw1 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?