Yasminnur Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 3 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Кыздын сыры (2 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 19 Июль 20
- Кароолор:
- 3 503
- Соңку аракети
18 Июл 2021 01:24
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 27 жашта
- Туулган күнү:
- Июнь 1, 1998
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Ажырашкандарга көз карашыңар кандай?
Жазылган күн: 26 Дек 2020
Уулдуу болгусу келген эркектин биринчи аялы жана 2 кызынын энесимин. Азырынча ажырашуу ниетим жок. Кыздарымдын толук үй-бүлөдө чоңоюшу үчүн сабыр кылып жүрөм. Өз жолдошунан ажырашып, 3 баласы менен менин жолдошума экинчи аял болуп тийип алган аялды көргөндө, өзүн ойлоп 3 баланы жетим кылган келесоо экен деген ой келген. Мен бул катаны кайталабайм буйруса. -
Темасы: Ажырашкандарга көз карашыңар кандай?
Жазылган күн: 25 Дек 2020
Ажырашууга миң себеп болгон учурда дагы, сабыр кылып жашап кеткени бир себеп тапса болот. "Балдарым" деген себебим бар. Ошого күндөшкө деле, кайын журттун өнөрлөрүнө деле, атабыздын кош көңүл мамилесине деле сабыр кылып жүрөм. "Ажырашкан" деген статусту ыйгаргым келбей жүрөт. Кээде кол шилтеп кетким келет. Анда өзүмдү ойлогон эгоист болуп калам балдарымдын алдында деп корком. Ал мага жакшы жолдош боло албаганы менен балдарымдын жакшы көргөн атасыда. -
Темасы: Күнүмдүк турмуштагы керектелүүчү адептер!
Жазылган күн: 20 Июл 2020
Бисмиллахир Рохманир Рохим.
Күнүмдүк адептер эң маанилүү болчу. Тилекке каршы чала бойдон калып кетиптир. Аллах мүмкүнчүлүк бергенче мен дагы жеткиргенге аракет кылып көрсөм. Ката-кемчиликтер болсо илимдүүлөр оңдоп коюңуздар сураныч
Тамактануунун адеби:
Эң алгач инсан тамактанууда ибадатты, Аллах Таалага баш ийүүнү ниет кылуусу керек. Жана тамак адал болушу зарыл. Анткени, Аллах Таала адал, таза тамакты жегенге өкүм кылган.
1) колду жууп арчыбоо - колду жууш бардык пайгамбарлардын сүннөтү,тамактануу ибадат болгондон кийин ибадатта тазалыктын болуусу зарыл. Колду жууган жакшылыктын көбөйүүсүнө, берекеге, ырыскынын кең болушуна себеп болот. Ал эми арчыбоо керек дегени сүлгүдөгү микроб, бактерияларды кайра колго жугузбоо үчүн.
2) тамакты Бисмилла менен баштоо - Бисмилла айтылбаган тамакта береке болбойт жана ага шайтан шерик болот. Эгерде башында айтууну унутуп калса, эстегенде айтып койсо болот.
3) дасторкон жаюу - дасторкондо жеген сүннөт. Жерге олтуруп жеген да сүннөт. Столдо тамактанган сүннөткө түшпөйт. Дасторкон жерден канча бийиктеп көтөрүлсө, ошол жерден береке ошончолук көтөрүлүп кетет.
4) чогулуп тамактануу - жамаатта береке болот, ошондуктан жалгыз олтурбай, чогуу тамактанган жакшы.
5) Сүннөткө ылайык олтуруп тамактануу - б.а. тамак үчүн олтуруунун сүннөт жолу чөк түшүп, же оң бутту көтөрүп сол бутту төшөп олтуруу, бир аз эңкейип, кичипейилдик менен олтуруу. Таянып, жамбаштап, мандаш токунуп же басып жүрүп, тик турган абалда тамактанганга болбойт. Булар сүннөткө каршы жана биздин ден-соолугубузга зыян.
6) оң кол менен тамактануу - сол кол менен шайтан жейт.
7) өз алдынан жеп ичүү - эгер дасторкондо бир түрдүү тамак болсо, анда өзүң тараптан жеш керек. Эгер ар түрдүү тамак болсо түрүнө жараша башка тараптан алса болот. Идиштин четинен жеш керек, баштаганда эле табактын ортосуна кол салбоо зарыл. Береке тамактын ортосуна түшөт.
8) өтө ысык тамакты жебөө - эгер ысык тамак алынып келинсе, аны үйлөбөстөн, бир аз муздаганча күтүп туруу зарыл. ( инсан көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат, идиштин ичине дем чыгарбоо керек)
9) тамактын кемчилигин айтпоо - эгер тамактан табитти буза турган ( мисалы чач) чыкса аны унчукпай алып таштаган дурус. Эгер зыяндуу нерсе чыкса ( мисалы майдаа сөөк, таш) башкаларга да эскертип коюу зарыл. Эгер тамакка чымын түшүп калган болсо, аны матырып анан алып таштоо керек. Анткени, анын бир канатында оору, экинчи канатында шыпаа бар.
10) көп жолу чайнап жутуу
11) тамактанып жатканда такыр унчукпай койбостон, зарылчылыкка жараша сүйлөө - мисалы бейиш жөнүндө, дин жөнүндө.
12) жанында олтуруп тамактанган адамга көңүл бөлүү - мурч, калемпир, уксус сыяктууларды өз алдына гана салуу,чүчкүрүп, жөтөлгөндө жүзүн башка жака буруу, жанында олтурган адамга тоскоол болбоо, чайнап жатканда үн чыгарбоо
13) нанды сыйлоо зарыл - нан коюлса да тамак келмейинче күтүп олтура бергенге болбойт. Нандын үстүнө табак, идиш-аяк койгонго болбойт.
14) сууну башында жана ортосунда ичүү - тамактанып болуп эле суу ичкен тамактын сиңүүсүн кыйындатат. Бир аз туруп анан суу ичкен дурус. Сууну бөлүп-бөлүп ичүү керек. Култулдатып бир дем менен ичкенге болбойт.
15) кол менен жеп-ичүү - болушунча кашык колдонбогонго аракет кылуу керек. Үч манжа менен тамак жеген сүннөт. Бир манжа менен жеш шайтандан, экөө менен жеш текебердик. Эгер зарылчылык келип чыкса 4 же 5 манжа менен, кашык менен жегенге болот.
16) тамакты башында, аягында туз татуу. Тузда жетимиш ооруга шыпаа бар.
17) жаңы бышырылып келинген тамакты жыттаганга болбойт, тамакты жыттоо жаныбарларга таандык адат. Эгер эски тамакты бузулбаганын аныктоо үчүн жыттап көрсө боло берет.
18) мөмө-жемишти тандап жегенге болот. Ар бирин кармалап көр деген мааниде эмес. Алысыраак турган мөмөнү кол сунуп алып жесе болот деген мааниде болсо керек.
19) Тамактанган идишти тазалап коюу- балким береке идиштин эң астында калып калгандыр. Тазаланып коюлган идиш ошол адамга кечирим дубасын кылат. Тазалап коюу дегенде жууп коюу эмес, чай куюп астында калган майларды ичип коюу, нан менен сүрүп же деген мааниде айтылган.
20) дасторконго түшкөн күкүмдөрдү терип жесе, Аллах Таала аны кечирет. Оозунан түшүп кеткен бөлүктү да тазалап жеш керек. Жегенге болбосо, бир четке алып коюу керек.
21) жамаат намазга турган учурда тамак келип калса, анда тамакка биринчи каралат. Себеби намаз учурунда жүрөктү тамак жөнүндөгү ойдон бошотуу, ойду чачыратпоо керек.
22) дастаркон жыйналмайынча туруп кетпөө - шашпай тамактанган же кечигип келгендер болсо, башкалар туруп кетип жатса ал дагы ачка бойдон туруп кетпеши үчүн күтүп турган дурус.
23) тамактангандан кийин хадистерде келтирилген дубаларды окуу
24) колду жуу.
Аз тамак жеш ыймандын белгиси. Момун пенде аз жейт. Ошондуктан өтө тоюп жеген да болбойт.
Кийинки адеп "Уктоо адеби".
Достору
Yasminnur Досторду кошо элек
Комментарийлер
Yasminnur ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?