Суперстан: aiaia - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
    • Кыргызстанда
    • Дүйнөдө
    • Суперстан RSS канал блогдору
  • RSS поток

aiaia Өздүк маалымат Рейтинг: -----

aiaia фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
4 (0 күнүнө)
Активдүү форуму:
Жүрөк сыры (4 билдирүүлөр)
Катталган:
07 Январь 21
Кароолор:
4 635
Соңку аракети
Пользователь офлайн 05 Фев 2021 21:15
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
58 жашта
Туулган күнү:
Март 15, 1967
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Менин билдирүүлөрүм

  1. Темасы: Жолугаармын озуно!

    Жазылган күн: 29 Янв 2021

    Мен Кудайдан бир гана атамдын жакшы болуп кетуусун тилендим.
    Кудайга үнүм жеткендей, сыягы атам жакшы болуп калды) Кудайга шүгүр.


    Ошентип күндөр өтө берди.
    Мектепти бүтө турган дагы жыл келди. Кайсы окуу жайга тапшырам, кантем, эмне кылам, деги мага өзүмө кандай кесип жагат деген ойлуу окуучулар.
    Биз класста Эркайым, Самат жана Кылыч өзүнчө бир компания элек. Биздин тамашаларыбызды башкалар түшүнчү эмес. Эркайым менен 11 жыл чогуу жүрдүк. Ал атамдардын досторунун кызы эле. Дайыма мени колдоп, эч качан жардамын аябаган курбум эле. Самат өзүнчө бир серьёзный бала, көп ойду келди сүйлөбөйт, жакшы бала бирок кичине шумшуксун деп койчум мен ага тамашалап. Элдин баарына укмуш характеристика берип, өзүмдү айткан киши жок.
    Кылыч абдан жакшы бала, ак көңүл, боорукер, добрый, көп адамдык сапат бул балада жолугат. Ал мени жакшы көрөрүн билчим, көп жолу байкап калдым. Бирок бул баланын араң эле
    жарылбай турган жүрөгүн жарып саларымды билгенде эч убакта сезимдерине жооп кайтарбайт элем.

    23-феварль жакындап калган. Балдарга эмне белек кылабыз деген кыздар. Мектепте ушундай майрамдар, белектер менен кызыктуу эмеспи. Биз дагы Классташ балдарга белегибизди даярдап койдук. А жигити бар кыздар, эки белек алып убара. Бир белек классташына милдеттүү түрдө берилсе , бирөөсу суйгонуно.
    23-февраль, адаттагыдай кыздар балдарга белегибизди бергенге шашылдык. Бир маалда Кылычтын колун карасам эки кооз баштыкча көтөрүп жүрөт.
    -Оо, Кылыч, ким берди бул белектерди? - дедим жай гана.
    -Сезим берди 9 класстагы.
    -ООО,, чынлеви, ал эмне сени жакшы көрөт экенби? - дедим какшыктана.
    Ичим күйүп кетти, маанайым түшүп калды. Үйго тез келдим да, сумкамды ыргытып, көзүмо жаш тегеренди. Эмне үчүн ийлап жаттым? Кылыч үчүн деп ойлоорсуз.
    Жок, мен... Кылыч эми мени жакшы көрбөй калабы, эми ушинтип Сезимге кетип калабы? Мени бирөө жакшы көрүп турганын кааладым. Мен сүйбөсом дагы, мени бирөө сүйүп турганын кааладым. Эх, кандай мен эгоистмин. Бирок менде ага болгон жактыруу сезимдери бар эле. Ошол күнү WhatsAppтан жаздым, атайын тийишип. Бир нерселерди көпкө сүйлөшүп, анан ал эшикке чыкпайсынбы барайын деди. Бир саамга ойлонуп турдум. Ал буга чейин деле, келейин деп көп жолу айтчы эле. Жок, чыкпайм дедим ичимден.
    Кылычка кыздар сөз айтып, байкелеп калганда кызганып эле отуруп калчым. Ушу мага Кудайым кызганчаактыкты эч бир аянбай бериптир да, чиркин.
    Бир күнү дагы бир кыз Кылычты жакшы көрөрүн айтты эле, дароо ошол күнү кечинде, Келесинби деп тике сурабасам дагы, бирок анын келуусуно кандайдыр бир себептерди таап жаттым.
    Ошол күн, ошол айлуу түн бул ал үчүн азаптуу жана бактылуу күндөрдүн башталышы экенин ал дагы, мен дагы андабай калдык. Дегеним, ал келип колумдан өзүнө тартып:
    -Жакшы көрөм мен сени!!! деген жагымдуу сөздөрүн кулагыма шыбырады.
    Бир маалда ары жакта машинанын жарыгы куйду эле, мен үйдү көздөй чуркап жөнөдүм.
  2. Темасы: Жолугаармын озуно!

    Жазылган күн: 23 Янв 2021

    Күндөр өтүп жатты, мен 10-класс болуп калгам.
    Бир жыл өткөн соң Бекти жек көрүп калдым. Ал мага кайрадан жазып жүрдү. Бирок менде жек көрүүдөн башка сезим болгон жок.

    Атам айдоочу болуп иштейт, апам үй кожойкеси эле.
    Анда атам ичип жүрчу эле, күнүгө ичет. Арактан ушунчалык көңүлүм калган, ушундай адамды мас кылган аракты жек көрөм. Атам ичип келген күндөрү менин анан апамдын маанайы жок. Көңүлубуз жок, шалпыйып отуруп калабыз. Күндөрдүн биринде адаттагыдай атам ичип келиптир. Эшикте машина ондомуш этип жүрөт. Эшике чыгып туалетке баратсам бирөө мн сүйлөшүп жатат. Бир билгеним бул эркек киши эмес эле. Анткени эркек киши мн мынтип суйлошпойт. Жакшылап тыншап уксам :"Шашлыка алып барып келейин, качан баралык" - деген сөздөр. Дендароо болуп туруп калдым. Анда мен деле эч нерсени билбейм, жакшы деле түшүнгөн жокмун эмне болуп жатканын. Баняга келип дагы угуп турдум. Анткени ушул сыяктуу атамдын сүйлөшүүсун биринчи жолу угушум. Эмне кылаарымды билбейм. Апама айтыш керекпи же жокпу аны дагы билбейм. Үйгө кирдим дагы, эч нерсени ойлонбой туруп апама:
    -Апа, эшикте атам бирөө менен сүйлөшүп жататко, шашлыка алып барып келейин деп
    -Ким менен?
    -Билбейм.
    Апам дароо эшике чыгып дагы тыншады. Анда атам, апамды байкап калды да телефонун дароо өчүрө салды. Апам деле анда, эмнени ойлоду билбейм.Атама барып сурай салды.
    -Ким менен сүйлөшүп жатасың? - деди эле.
    Атам бети кызарбай туруп:
    -Замирди урушуп жатам-деп койду. (Замир жумушунда чогу иштешкен байке)
    Мен чындыкты билип турсам дагы, атам ушунча эч камсанабай айтып койгону жинди келтирип турду. Атам үйгө кирип уктап калды. Биз отурабыз. Чындыкка ишене албай турдум, атам башка бирөөнү таап алыптыр. Ичим ачышып турду. Атам бизден кетип калабы деп коркуп турдум. Атама таарынып турдум.Апам экөөбүз сүйлөшүп турсак, эжем кошулуп, мурда ушул сыяктуу сообщенияларды атамдын телефонунан көргөн экенин, "жылуу киийн" деп бирөөгө жазып жиберген экенин баарын айтты. Жашоодо ушундай дагы болот экенин биринчи жолу көрүшүм. Түн бир оокумда, биз отурабыз.Апам, мен, эжем. Бир маалда атам ойгонду. Ошондо мен кантип атама кыйкырып, кыйкырып айтып салчум деп азыр өзүмө таң калам. Атам ойгонгондо апам бир нерсе айтты ,анда атам кемиребей мойнуна албай жатты эле. Мен тилим узун, апамды коргогонго шашылдым.
    -Ата, мен баарын уктум, сен телефондо сүйлөшкөнүндун баарын уктум
    -Эмнени уктун? Айтчы азыр-деди эле
    -Мен ал сөздөрүнду айткандан дагы уялып жатам-дей салдым.
    Бул менин акыркы атама катуу сүйлөгөнүм эле. Эгерде ушу күнгө чейин атам экөөбүздүн ортобузда мамиле сууктап калаарын, эгерде ушу күнгө чейин мен ушул күндү эстеген сайын шолоктоп ыйлаарымды билгенде, атам башка бирөөнү таап алганын эч ким ге айтпай,сыр сактап коёт элем.
    Ошентип атам менен алышып жатып, уктап калдым. Түн ичи, саат канча экенин билбейм. Бирок атам менен апамдын урушунан улам ойгондум. Кухняга барсам, атам кагаз ручка алып отуруптур. Мас абалында отурабы, же соолугуп калганбы билбейм. Бирок мага айткан сөзүн жашоомдун аягына чейин унтпайм. Атам мени карап туруп
    -Ушунун баарына сен күнөөлүүсун, мен өлөм, сен күнөөлүү болосуң.
    Билбейм мен кантип ошол абалдан өзүмө келдим, бирок ошол кезде атамдын эч качан мойнуна албаган жерин жана күнөөсүн билип турса дагы кайрадан сени беттен аларын унутуп калгандаймын. Же ал кезде, жакшы деле эч нерсени тушунбосом керек. Ыйлап жаттым. Эмне кылышты билбейм. Эптеп атамды жаткырдык. Эртеси таң атпай атам ичип алыптыр, үйдө жатат уктап. Чоң эжемди чакырдык. (Атамдын улуу эжеси, атам ошол адамдын эле тилин алчу). Үйгө келди эжем, баарын айтып бердик. Атамды келип урушуп баштады:
    -Сен эмне ушундай кылат белең, кыздарынды ыйлатасын, кыздарынды ойлобойсунбу. ..
    Мен аркы бөлмөдө отурам, баарын угуп жатам, ийлап жатам.
    Бир маалда атам Аруукени чакырчы- деп чоң эжеме кайрылды.
    Бир маалда чоң эжем, мени чакыра баштады. Чоң эжем оюнда, атам мага жакшы бирдеке айтчудай чакырып жатат.
    Бардым.
    -Ушул кызды мен жек көрүп калдым-деп атам соомойу менен мага такап коргозуп жатты. Канча жолу кайталады билбейм, бирок менин жүрөгүмдо очурулгус так калчудай жетишерлик болчу. Атам мас абалында болсо дагы, эмне деп сүйлөп жатканын жакшы эле билет. Азыр эстейт бекен же жок, кызык.
    Ошол күндөн тарта мен өзгөрдум.
    Апам таарынган бойдон туугандарына кетип калды. Эжем окууда. Үйдө жалгыз мен. Анда кышкы каникул болуп жаткан. Январь айы, суук. Жакшы уктайын десем дагы эрте ойгонуп алам, анткени үйдөгү майда жумуштар менин мойнумда эле. Алар мени тынч уктатпайт. Турам, үй жыйнайм, идиш жууйм, койлорго чөп салам, суу берем, от жагам, тамак жасайм. Бул мен үчүн оор эле. Анын үстүнө атам мени менен суйлошпойт. Ошол күндөн баштап суйлошпойт. Жумуштан келет, сүйлөбөй тамак ичет. Мага ушундай буйрук менен катуу сүйлөйт
    -Машинаны жууп кой.
    -макул
    Кээде продуктыга акча керек болгондо.
    -сабиз, куруч алам, 200 сом керек-десем
    -канча дейсиң
    -200сом
    -катуу айтчы- деп жини менен 200 сом таштап коёт.
    Атам ушундай мамиле кылган сайын, өзүмдү күнөөлүү сезип жаттым. Ушунун баарына мен куноолумун- деп өзүмду жемелеп жаттым. Бир ай, бир ай ушинтип жашадым. Коркуу сезими, өзүңдү күнөөлүү сезүү.
    Апам операция болмок, миомасын алдырат. Операциясына атам акча таап берип, жанында жүрдү. Кудай шүгүр, апам жакшы болуп калды.
    Атам жумуштан келди, бир эки стакан ичип алган. Азыр апана больницага барып келелик - деди унуройо. Апама больницага бара элек болчум. Ошентип атам экөөбүз жолго чыктык. Тынчтык, машинаны үнү гана угулат. Жолдо атам экөөбүз эч суйлошпой бардык. Апама жетер менен атам өзгөрө түштү. Апамдын көзүнчө мага биринчи жолу жакшы сүйлөдү. Ошол күндөн баштап, биринчи жолу жакшы сөз угушум. Апамдын көзүнчө калп эле жакшы суйлоштун кереги бар беле билбейм.
    Апам Россия га кетем деп жүрдү. Бирок мен үчүн апамды көрбөй жашоо бул эң оор. Апам жанымда жок болсо, жашоом караңгылай түшөт.
    Ошентип жатып апам үйгө келди.
    Атам ичкенин койгон жок, тиги таап алган кызы менен сүйлөшкөнүн койгон жок. Жашоо улана берди. Кудайдан суранганым, Кудайдан тиленгеним атам болду.
    -Кудай суранам, атам ичпесе экен. Ичкенин токтотсо экен.
    Күнүгө ушинтип суранам. Бирок бул сурануу оңой менен эле аткарылып калган жок. Бул сурануу оору аркылуу аткарылаарын эч кимдин оюна келбесе керек.
    Бир жылдан соң, атам кыйнала баштады,, бети кычышат, кызыл болуп кеткен, тизелери ооруйт, боору ооруйт, шалдырап калды. Больницага коруно баштады.
  3. Темасы: Жолугаармын озуно!

    Жазылган күн: 22 Янв 2021

    Мен болсо дароо макул боло калдым. Мен аны ушуга чейин суйчу эмесмин, жактырып жүргөн эмесмин, сүйлөшүп калам деп ойлогон да эмесмин. Бирок, мен макул болгум келди, мен дагы жигит жандагым келди, мен сулуу элемин, ошон үчүн жигитим бар деген ой менен дагы макул болгон окшойм. Азыр ойлосом абдан акылсыз болчу экенмин. Бирок биз адамдар баарын кеч түшүнөт экенбиз.

    Ошентип биз сүйлөшүп баштадык. Ал бала мектептин авторитет балдарынын бири эле, буга чейин кыз жандап журчу, кыздардын кулактарына гүл остуруп көнгөнбу, айтор, ал мени бат эле иймерип алды.
    Ошентип ал менин биринчи жигитим болду, менин биринчи сүйүүм, аруу махабатым, балалык таза сезимим.
    Ошондо биринчи жолу WhatsAppты көчүрүп, ал менен түн бир оокумга чейин күнүгө сүйлөшө баштадык. Мектептен жолугуп, мен абдан бактылуу болуп, асманда учуп жүрдүм. Бакыт деген ушу экен дедим. Ал менин оюмдун баарын ээлеп алган эле, ал жөнүндө ойлобогон бир да минутам болбоду. Башка эч нерсени ойлой албай калдым. Кээде жазбай калганда, маанайым чөгүп, эч нерсеге көңүлүм чаппай калат эле. Айтор, ал менин жашоомдун маңызы болуп калды. Бирок бактылуу күндөрүм көпкө узабады. Ал өзгөрүп баратты, ватсапта онлайн отурат, бирок жазбайт, чалбайт, мектепке келбейт. Мен жазсам, "Мен болосумун, Бек азыр бошобой жатат" - деген өңдүү жооптор. Ал учурда мен абдан жаман болуп жүрдүм. Биринчи жолу ошондо сагынуу сезимин сездим. Биринчи жолу бирөөнү сагынып көрдүм. Ийладым. Бир күнү мектепте уборка кылабыз деп 9-11 класстарды чакырган. Бардык баарыбыз. Алардын арасында Бек дагы жүрөт сыр бербей. Досуна айтып, эптеп спортзал тарапка чакырттым. Анда дагы келгиси келбейт.
    -Бек, каякта жүрөсүң?Эмне жоголуп кеттиң?
    -Өзүн боломо айтыптырсын "Бек мага жазбаса, анда баары бүттү" - дептирсин, бул демек баары бүттү
    Мен эмне дешти билбей калдым, ушинтип эле бүтүп каларын билсем гана. Жүрөгүм катуу согуп, денем муздап кирди. Бул жаш кызга жүрөк оорунун кереги жок эле. Бирок жүрогум жараланды.
    Бек дегенге болбой, спортзалдан чыгып кетти. Эшике чыктым, кайра чакырттым келбеди. Курбулармдын жанында шолоктоп ийладым. Бек кетип калды, кетип калды деп кайталап жаттым. Мындан ары кантип жашайм деген эле ой келе берди. Мен сүйүүгө алдандым, түбөлүк сүйүүмо жолуктум деп ойлодум, ак боз атчан ханзаадам экен дедим, жада калса экөөбүздүн үйлөнүү тоюбузду дагы элестетип алган элем. Ошентип балалык таза сезимимди булгап кете берди. Ошентип кайгыга батып отуруп калдым. Кантип унутушумду билбедим. Бирок мезгил даарылайт деген сөз бекеринен эмес экен. Ал арада башка балдар сөз айтып жазып калышты. Алар мн дос катары сүйлөшүп, бат эле Бекти унутуп калдым. Азыр ойлосом, мен аны сүйгөн деле эмес окшойм, эгер чын сүйүү болсо ал түбөлүктүү деп коюшат го. Мен ушуга ишенем. Эгер сүйүү болсо, эч качан унутулбайт деп коёт го.
    Же мен бат эле бирөөнү сүйүп, бат эле унута аламбы? Ушул нерсени азыркыга чейин түшүнбөй келем.

Достору

  • Фотография
    elisbek84  

Комментарийлер

aiaia ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Июл 2025 12:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

IP.Board форум системи
ОсОО "SUPER.KG"ге катталды

Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: