Antiradikal4 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 3 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (1 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 12 Апрель 21
- Кароолор:
- 2 882
- Соңку аракети
15 Ноя 2021 23:46
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 64 жашта
- Туулган күнү:
- Март 3, 1961
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Садыр Жапаровдун колдоочулары барбы?
Жазылган күн: 19 Авг 2021
Mylatka.. (19 Август 2021 - 09:34) жазган:
Жердин жетинчи катмарына жетип калган бул системаны бир жалгыз С.Жапаров сууруп чыга албайт го.Бул нерсеге жалгыз Кыргызстан эмес азыр жөргөмүштүн желеси сымал баардык өлкөлөр кирип кеткен.Эгер КР ды бул системадан алып чыгып кетем дей турган болсо С.Жапаровко колдоо керек.Бизде колдоо жок .Бирок критикалап кылган ишине сын тагып,ар тараптан артка тартып тургандар көп.
Бийлик толук колунда Жапаровдун. Эмне тоскоол болуп жатат? Ким кылдырбай жатат? А балким оздору бир нерсе кылууга жондомсуз чыгаар?...
Баткен согушунун куноокору ким? Ташиев! Тажикистан менен чек араны тактап албай туруп, Ворухту кайтарып алабыз деп оозунуп суйлоп Тажикистан жетекчилигинин кыжырына тийип алды. Баткен окуясы да ошонун кесепетинен улам болду.
Озбекистан менен жерди тактоосуна келсек. Озбекистан бир канча тез жардам унаасын берип, аш менен сыйлап жонотсо эле 2 суу сактагычты Озбекистанга кармата калалы деп чыгышты. Каршы чыккандарды зекип опузалап жатты. Ордуна кайракы жер алышат имиш. Ала турган жерлери да Кыргызстандын жерлери болуп, кайсы бир убакытта талаштуу участок статусуна кирип калып, анан кайсы бир себептерден улам биздин жетекчилер Озбекистанга кармата койгон Кыргызстандын жерлери экен... Озбекистан менен жер талашта олко кызыкчылыгын коргой албаган эки достон копту умуттонуп болобу?
Кадр маселеси. Жапаров бийликке келген 10 айда толгон токой кадр алмашты. Ошончо кадрдан камчыга сап болуучу, эл кубаттаган, мыкты, кесипкой, ишинин майын чыгара аткарган канча кадрды кордунор? Ачыгын айтканда эч канча. Бут эле бир жепжутардын ордуна башка жепжутар келуудо. Жаны дайындалган Кыргызстандын Россиядагы элчисин эле алалы. Бир чимкирик. Ошол чимкирик Россияда Кыргызстандын кызыкчылыгын канчалык коргойт? Россияда иштеген бир миллион чамалуу мигрант боордошторубуздун укугу канчалык корголот?
Убакыт бергиле деген эски шылтоо. 30 жылдан бери тугонбогон шылтоо. 10 айда он жагына жылыш болбогон сон дагы канча убакыт керек? Же олкодогу бааларды козомолдой албаса. Же инфляцияга жараша пенсия-пособиелерди кобойто албаса. Же авиабилеттердин баасын тушуро албаса. Же алгылыктуу кадр саясатын жургузо албаса. Же эч болбосо Кыргызстандын эгемендигин сактай албаса... Бул экоонон дагы эмнени кутосунор? Канча кутосунор?!
Эгемендик демекчи, Кыргызстан эгемен олко болсо, башка олколор Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпеши керек, андай болгон учурда Кыргызстандын бийлиги татыктуу жооп кайтарганды билуусу керек болчу. Кыргызстанда эки кыргыз жараны уруша кетти. Кардар озуно мамлекеттик тилде кызмат корсотулуусун талап кылып уруша кетип ачууга алдырып сатуучуну чаап салган. Эми куноолуго эскертуу берип же жазалоо бийликтин, биздин соттордун иши. Бирок эмнеге Россия бийлиги Кыргызстанда эки кыргыз жараны ортосунда болгон урушка аралашып, биздин бийликти такалап суракка алып, уруштун катышуучуларынын бирооно жаза берип жатат, Россияга кирууго 10 жылга тыю деп?! Ким Россияга андай укук берди?! Эмнеге биздин бийлик оозун ачып отурат? Эмнеге Россиянын бийлигине татыктуу жооп кайтара албайт? Мына ушул окуялардын баары биздин бийликте окшошкон лохтор отурганынан кабар бербейби эмне?! -
Темасы: Форумдун жылт эткен жылдыздары
Жазылган күн: 18 Июл 2021
Достору
Antiradikal4 Досторду кошо элек
Комментарийлер
Antiradikal4 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?