Antiradikal8 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 42 (0,03 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Саясат жана коом (39 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 26 Август 21
- Кароолор:
- 1 074
- Соңку аракети
27 Фев 2022 16:29
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 44 жашта
- Туулган күнү:
- Апрель 9, 1981
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Шылдың тактасы
Жазылган күн: 31 Янв 2022
Учурда Кыргызстанда ондогон саясатчылар өздөрүнө карата козголгон кылмыш иштерин жана сот өкүмдөрүн кайра каратып жатышат. 2020-жылы октябрдагы бийлик алмашуудан кийин Жогорку сот мурдагы айыптоо өкүмдөрүн жокко чыгарган чечимдерди өзгөчө көп кабыл алды. Жаңы бийликтин тушунда сот кайрымы кимдерге өзгөчө тийип жатат?
2021-жылы өлкө бийлигинин коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүнүн алкагында ондогон аттуу-баштуу саясатчылар, мамлекеттик аткаминерлер кармалып абакка киргизилди. Бирок, алардын көпчүлүгү ар кандай негиздер менен кайра чыгып жатышат. Муну менен катар атамбаевдик- жээнбековдук режимдердин тушунда соттолгон бир катар саясатчылардын иши да кайра каралып, акталууга жетишүүдө. Алар кезегинде саясий негизде соттолгонун айтып келишкен.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2021-жылдын апрель айында саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду актаган чечим чыгарды. “Мегаком” чырында 1 миллион доллар пара алууга айыпталган саясатчылар 2017-жылы сегиз жылга эркинен ажыратылган болчу. Жогорку сот алардын ишин 2019-жылдын августунда “жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу” кайра кароого жөнөткөн. Саясатчылар мурунку президент Алмазбек Атамбаев тарабынан куугунтукталганын билдирип, айыпты четке кагып келишкен.
Муну менен катар Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов 2020-жылдын октябрында чет элден кайтып келип бардык соттук инстанцияларда биротоло акталып чыкты. Ал Ош шаарын жетектеп турганда эстакадалык көпүрөнү куруу чечимин кабыл алууда “ыйгарым укуктарынан аша чапкан” деп айыпталган болчу. 2015-жылы Ош шаардык соту Мырзакматовду жети жылга эркинен ажыратып, облустук сот өкүмдү күчүндө калтырган. Мырзакматов чет элге чыгып кеткен.
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши боюнча мурунку өкүмдү Жогорку сот 2021-жылдын март айында жокко чыгарып, кайра кароо үчүн Ленин райондук сотуна жөнөткөн. Ал Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеевге лицензия берүү ишинде айыптуу деп табылып, райондук сот тарабынан беш жылга эркинен ажыратылган болчу. Сот Салянованын колундагы баласы 14 жашка чыкканча жаза аткарууну токтото турууну чечкен. Артка кайтарылган иш азыр райондук соттун кароосунда.
Сот Саляновага чыккан өкүмдү өзгөрткөн жок
Жогорку сот 2021-жылдын декабрь айында мурдагы депутат Карганбек Самаковдун иши боюнча чыккан өкүмдөрдү да жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна жөнөттү. Самаков 2015-жылдан бери Чүй облусунун Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл аймактарындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталып келген. 2017-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Самаковду 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарып, 2018-жылы Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.
Дос-туугандар убайын көргөн “сот адилеттиги”
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парага ыктап калпыс чечим чыгарган соттор жоопкерчиликке тартыларын катуу эскертип келет. Былтыр башкы чекист соттор адилет чечим чыгарып калышканын айткан.
Камчыбек Ташиев. “Буга чейин сот органдары тарабынан чечимдер пара аркылуу кабыл алынып келген. Азыр сотко барып пара берип көргүлөчү! Бир дагы сот пара ала албайт. Өлкөдө бир дагы сот пара албайт деп ишенимдүү айта алам. Алар чечимди мыйзамдын алкагында гана кабыл алышат. Биз Жогорку соттун башчысы Калиеваны баш кылып сот органдарынын бир нече кызмат адамдарын жоопко тарттык. Ушундан кийин сот системасындагы абал өзгөрдү", - деген ал.
Кыргызстанда бийлик алмашкандан бери акталып чыккан саясатчылардын көбү өлкө башында турган Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге жакындыгы бар адамдар экени айтылып жүрөт. Алардын айрымдарын карап көрөлү.
Жогорку сот 2021-жылдын 25-январында президент Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова боюнча мурунку өкүмдөрдү жокко чыгарды. Кайра тергөө үчүн Каржы полициясына жиберилген иш ал жакта биротоло жабылган.
Тергөө Райкүл Жапарова 2007-жылы “Ысык-Көл инвест банкын” рейдерлик жол менен тартып алган деп шек санап, кылмыш ишин козгогон. Бул иште ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин аты да башкы уюштуруучу катары аталган. 2014-жылы Октябрь райондук жана 2015-жылы Бишкек шаардык соттору тарабынан кылмыш кодексинин “Кылмыштуу кирешени адалдоого катышуу”, “Алдамчылык” жана “Коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматкердин ыйгарым укугунан аша чабуу” беренелери боюнча айыптуу деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган. 2020-жылдын май айында укук коргоо органдары анын Польшада кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Жапаровдор бул иш саясий куугунтук экенин айтып келишкен.
Жапаровдун эжесин карматкан банк чыры
Шайырбек Ташиев, Абсаттар Сыргабаев жана Жеңишбек Токторбаев
Жогорку сот 2021-жылдын 24-майында Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев, өкүл баласы Абсаттар Сыргабаев жана жердеши Жеңишбек Токторбаев боюнча мурунку өкүмдөрдү жокко чыгарып, кайра кароо үчүн Жалал-Абад шаардык сотуна жөнөттү. Сот бул чечимге “маанилүү процессуалдык бузуулар” негиз болгонун билдирген.
2013-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдор камалганда алардын тарапташтары Жалал-Абадда митингге чыгышкан. Акция учурунда митингчилер Бишкек - Ош жолун тосуп, облустук администрациянын имаратын басып алган окуясы катталып, кылмыш иши козголгон. Окуянын уюштуруучулары катары Шайырбек Ташиев, Абсаттар Сыргабаев, Жеңишбек Токторбаев жана Медербек Усенов аттуу жарандар Кылмыш кодексинин “Массалык башаламандык” жана “Бейбаштык” беренелери менен айыпталып, үч жыл шарттуу жаза мөөнөтү берилген.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышында "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат болгон Жеңишбек Токторбаев бул ишке 2020-жылы парламенттик шайлоонун алдында чекит коюлганын айтат.
"Ал сотубуз бүткөн. Аны соттор бүтүрүп, акталганбыз. Кудайым буюрса, баары жакшы. Актоо өкүмү чыккан. 2020-жылы акталып, депутаттыкка койгонбуз" , - деди Токторбаев.
Ал эми Жалал-Абад шаардык сотунун маалымат катчысы Мирлан Төрөмаматов алардын иши кайра каралып жатканын билдирди.
“Аталган иш Жогорку соттун токтому менен кайра биринчи инстанцияга жөнөтүлгөн. Иш Жалал-Абад шаардык сотунда ушул жылдын 3-февраль күнү саат 14:00гө коюлган”.
Шайырбек Ташиев менен Жеңишбек Токторбаев 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланышты. Абсаттар Сыргабаев 2020-жылдын октябрь айынан бери Жалал-Абад облусун жетектеп келет.
Камалып чыккандардын акталуу аракети
"Коомдук анализ" институту сот системасынын ишмердигине байкоо жүргүзүүдө тажрыйбасы мол уюм. Институттун директору Айсулуу Айтбаева соттордун саясий бийликке күнкордугу азыркыга чейин уланып келатканын белгиледи:
"Жөнөкөй жарандын иши мындай бат каралбайт. Адамдар айлап-жылдап камакта отурушат, бир нерсени далилдешет. Биздин системада актоо өкүмүн чыгаруу аябай кыйын нерсе. Ал көп убакытка созулуп, көп нерсени далилдөө керек болот. Бул жерде бир-эки күндө эле акталып чыгып атышат. Сөзсүз, саясий көрүнүш болуп жатат. Конституцияда жазылса дагы, бизде сот көз карандысыздыгы жок. Биздин соттор аткаминерлерге, чоңдорго көз каранды болуп, өз алдынча чечимдерди чыгаруудан коркушат. Бийлик эмне десе ошолордун буйругун аткарып, сот системасы баягы эле кейпин кийип калып атат", - деди Айтбаева.
Жаңы бийликтин тушунда сот иштерин жаптырып же акталып жаткан саясатчылардын андан аркы тизмесин уланталы.
Равшан Сабиров
2021-жылдын май айында Жогорку сот Равшан Сабировго карата чыккан буга чейинки сот өкүмдөрүн жокко чыгарып, жаңы апелляциялык кароого жөнөттү. Буга прокуратуранын корутундусу боюнча “жаңы ачылган жагдайлар” негиз болгону айтылган.
Сабиров 2012-жылы Социалдык коргоо министри болуп иштеп турганда кармалып, ага “эл аралык бала асырап алуу жаатында иштөөгө уруксат берүү үчүн чет элдик компаниядан ири суммадагы пара талап кылган” деген айып тагылган. 2013-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту актаган, бирок Бишкек шаардык соту тарабынан үй-мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратылган. 2014-жылы мунапыс менен бошотулган.
Равшан Сабиров октябрь окуяларынан кийин вице-премьер- министр, президенттин кеңешчиси болуп иштеп турду. Учурда Жогорку Кеңеште "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат.
Нариман Түлеев
2021-жылдын 9-февралында Жогорку сот Нариман Түлеевдин ишин “жаңы ачылган жагдайлардын” негизинде жокко чыгарып, кайра кароо үчүн Ленин райондук сотуна жөнөткөн. Бишкек шаардык сотунун маалыматына ылайык, Ленин райондук соту 2021-жылдын 22-июлунда "иш-аракеттеринде кылмыштын курамы жок" деген негизде Түлеевди актаган чечим чыгарган. 2021-жылдын сентябрында сот Түлеевден алынган мүлктөрдүн бир бөлүгүн кайтарып берүү чечимин чыгарган.
Түлеев Бишкек мэри болуп иштеп турганда Кытайдан автобустарды жана кар тазалоочу техникаларды сатып алууда "казынага 33 млн. сом зыян келтирген" деп айыпталган болчу. 2012-жылы сот Түлеевди күнөөлүү деп таап, ага таандык делген “Караван”, “Сапатком” бизнес-борборлорун жана сегиз батирин конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Төрт жыл абакта отурган соң 2016-жылы мамлекетке 60 млн. сом төлөп, мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.
Нариман Түлеев 2020-жылдын октябрындагы саясий кризистен кийин Бишкек шаарынын биринчи-вице- мэри болуп дайындалган. Эки күн өтпөй 22-октябрда нааразылыктардан улам кызматтан кеткен. Нариман Түлеев Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен фракциялаш депутат болгон.
Акматбек Келдибеков
2021-жылдын 18-августунда Жогорку сот Акматбек Келдибеков боюнча бардык соттук инстанциялардын, анын ичинде өзүнүн да мурунку өкүмдөрүн жокко чыгарып, кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Буга “жаңы ачылган жагдайлар” жана прокуратуранын корутундусу негиз болгон. Былтыр 23-августта президент Садыр Жапаров Келдибековду “Ардак грамота” менен сыйлаган.
Акматбек Келдибековго карата 2012-жылы кылмыш иши козголуп, 2013-жылдын ноябрында УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген. Ал Социалдык фондду, Салык кызматын жетектеп турганда жана парламент спикери болуп турганда “коррупциялык иштерге катышкан” жана “ыйгарым укуктарынан аша чапкан” деп айыпталган.
2016-жылдын мартында Бишкек шаардык соту Келдибековду “ыйгарым укуктарынан аша чабуу” боюнча айыптуу деп таап, 10 млн. сом айып төлөөгө өкүм кылган. Ошол эле жылы октябрда Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Келдибеков кылмыш ишин саясий куугунтук деп атаган. Бирок, салынган айып пулду төлөгөн.
Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров
“Кумтөр” иши боюнча 2021-жылдын 31-майынан бери камакта отурган парламенттин экс-спикери Асылбек Жээнбеков менен мурдагы депутат Төрөбай Зулпукаров 9-декабрда эркиндикке коё берилди. Жээнбеков менен Зулпукаровго Кумтөр кенин иштетүүнүн ар кайсы этабында коррупциялык иштерге катышкан деген айып тагылып келген. 8-декабрда Башкы прокуратуранын аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчүнө Жогорку Кеңеш макулдук бербей койгон. Мындан улам көзөмөл органы алардын иши депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө убактылуу токтотулуп тураарын билдирген.
Асылбек Жээнбеков абактан чыккандан көп өтпөй Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен кудалашып, уул-кыздарынын үлпөт тоюн өткөрүштү.
Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова иш соттолгон адамдарды актап коюу менен бүтпөшү керек деп эсептейт. Анын пикиринде, мамлекет мыйзамсыз соттолгондорду реабилитация кылып, компенсация төлөшү керек.
“Соттор актаганда сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тарткан, иш козгогон адамдардын баары жоопко тартылышы керек. Алардын баарына иш козголушу керек. Эгерде сот акталды деп өкүм чыгарып атса, демек ошол кишилерге болуп аткан тергөөнүн баары мыйзамсыз да. Ошол кишилердин көпчүлүгү соттун өкүмү чыкканга чейин эркинен ажыратылып отурду. Мамлекет аларга компенсация төлөп, реабилитация кылышы керек. Тергөөчүлөрдү, сотторду жоопко тартышы керек. Акталды деген абдан чоң маселе. Актап коюп эле, ошону менен чыгып кетип атпайбы. Мунун көпчүлүгү саясий өңүттө болуп атат. Президенттин, Ташиевдин тегерегинде жүргөн адамдардыкы бүт эле атайын жасалган иш болуп жатат”.
Адахан Мадумаров менен Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров маек, Адахан Мадумаров сурак берди.
Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сирожидин Камолидинов ар бир акталган иштин артында турган укук коргоо адамдарынын иш-аракеттери талданып, чечим чыгарылаарын билдирди.
“Ар бир актаган кылмыш иши боюнча талдоо жүргүзүлүп, баа берилет. Мыйзамда билип туруп жалгандан атайын кылмыш жоопкерчилигине тартуу деген түшүнүк бар. Эгерде ушундай факты болсо, анда кылмыш иши козголуп, тергөөчү, прокурор же сот болобу кылмыш жоопкерчилигине тартылат”, - деди ал.
Кош мамилеби?
Бул арада ар кандай айыптар менен саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Бактыбек Калмаматов, Адахан Мадумаров жана башка бир катар активисттер тергөөгө сурак берип жүрүшөт. Жеңиш Молдокматов менен Курсан Асанов тергөө абагында болсо, Равшан Жээнбеков убактылуу кармоочу жайында бир жылдан ашык отургандыктан мыйзам талабы боюнча жакында бошотулган. Аталган саясатчылар бийликти кескин сындап келгендиктен, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракеттери саясий куугунтук катары сыпатталып келет.
Саясатчы Равшан Жээнбеков бийликтегилердин бири-бирин куугунтукташы жана өз-жат деген мамиле кылышы өч алуу сезимин күчөтүп жатканын айтат. Анын айтымында, бирөөлөрдү куугунтуктап, өз жакындарын актаган иштерде саясий режимдин ролу чоң.
“Кошомат кылсаң, айткандарынан чыкпасаң акталасың. Эгерде өзүңдүн көз карашыңды айтсаң, эгемендүү позицияны карманам десең, анда акталбай, бизге окшоп отура бересиң. Бизди азыр актабашы мүмкүн. Бирок, бул убактылуу нерсе экенин, эртели-кеч биз да акталарыбызды билем. Өкүнүчтүүсү – бийлик алмашканы менен, саясий система алмашпай калды. Ошондуктан кош стандарттуу саясат жүрүп жатат. Жаккандар, көз карандылар акталып жатат. Ал эми эгемендүү саясатчылар акталбай, тескерисинче, көйгөйлөрүбүз күндөн-күнгө көбөйүүдө”.
Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов жана Курсан Асанов сот залында кылмыш иши менен таанышып жатат.
2020-жылдын октябрындагы толкундоолордон кийин 16-октябрда Жогорку сот Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин жана Талант Мамытовдун иши боюнча мурунку айыптоочу өкүмдөрдү “жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу” деген негиз менен жокко чыгарган.
Үч саясатчы тең азыр өлкөнүн бийлик тизгинин кармап турушат. Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президенти, Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы, ал эми Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектейт. -
Темасы: Шылдың тактасы
Жазылган күн: 31 Янв 2022
Кыргызстандын Финансы министрлиги 2021-жылы президент чыгарган жарлыктын аткарылышы жөнүндө маалыматтарды сайтына жайгаштырды. Ага ылайык, өткөн жылы соттордун айлыгы орто эсеп менен 81 миң сомдон 160 миң сомго чейин жогорулады. Аскер кызматкерлериники орто эсеп менен 21 миң сомдон 28 миң сомго чейин. Медицина кызматкерлериники 8 миң сомдон 13 миң сомго чейин, маданият кызматкерлериники 7 миң сомдон, 11 миң сомго чейин көтөрүлгөн.
Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, 2021-жылы республикада орточо эмгек акы (чакан ишканаларды кошпогондо) 19 миң 586 сом (231,6 АКШ доллары) болду. Мекеме өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу орточо маяна 9% өскөнүн белгилеген.
Өлкөдө былтыр азык-түлүк, күйүүчү май жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттаган. (TSh)
_______________________________________
Чек араны, Мекенди, эл жерди коргоп, керек болсо тошун окко тосуп Мекен учун курошкон аскерлердин маянасы 21-28 мин сом.
9 жыл окуп, ар бир ооруулуу бейтаптын ден-соолугуна кам коруп, керек болсо ажал менен арбашып олумдон алып калуу учун бут онорун ишке салып нерв болгон, коронавирус сыяктуу апааттуу илдеттерде кийим чечпей кызыл зонала омурун тобокелге салып иштеген медиктердин маянасы 7-13 мин сом.....
Ал эми жегени чуйгун тамак, казы-карта, мингени кымбат кымбат унаа, жашаган уйлору 2-3 этаж особняктар. .. Элден ошончо пара алып, офшордук банк эсептеринде миллиондогон доллар акчаларын каткан соттор 80-160 мин сомдон маяна алса......
Бул эмне деген жашоо? Же айлык-маянасы 160 мин сом болсо эле соттор пара албай таза иштеп калышабы?
Токаев Казахстанда которулуш байлар менен кедейлер ортосундагы ажырым чоноюп кеткенинен улам келип чыккан деп жатат. А бизде Жапаров озу ошол ажырымды чонойтуп жатат, бай ого бетер бай, кедей андан да жакыр жашасын деп. Мунун арты жакшылыкка алып барбайт......
Сотторго 160 мин сом маяна имиш............ -
Темасы: Шылдың тактасы
Жазылган күн: 27 Янв 2022
Ташиев адатынча ойлонбой купулдоп алып, туштон кийин башын мыкчып отуруп калган окшойт го. Иниси Шайырбек Ташиевди мандатын тапшырат деп алып, туштон кийин бийлик ширин болуп Камчынын айныкейи башталган окшойт. Ага-ини, эже-карындаштары чалып, Шайыр кала берсин дешсе керек да...
Эми туштон кийин иниси Шайыр депутаттык мандатын тапшырбоонун айласын кылып саясатташтырып жатат. Дакансалары митинг уюштуруп, Шайыр Ташиев мандатын тапшыруу боюнча арызды БШКга эмес, фракция жетекчисине жазып, ал ЖК торагасына жонотуп.
Саясаттагы Ташиевдердин интермедиясы элди эриктирбей турган болду. Жигит айта берет, кайта берет болду бул жагы. Эркек бир суйлойт болуп Ташиевдер созуно турган жок..... -
Темасы: Шылдың тактасы
Жазылган күн: 25 Янв 2022
Жогорку Кенеште Ташиевдин тажик досу Равшан Сабиров чамынып отурат. Фейк аккаунттарды табабыз деп. Башкалары колдоп отурат, бизди чимкирик дегендерди жазалаш керек деп. Атамбаев туура эле айткан экен. Бийликке ким келсе ошого чимкирик болуп жатышкандары калппы же? Чимкириктерди чимкирик деп оз атынан айткандар жазаланышы керек имиш... -
Темасы: Шылдың тактасы
Жазылган күн: 25 Янв 2022
Ташиев бутуп, Ташиевдин жээни коркута баштады го, сотко беремин деп. Соттор чонтогубуздо дегениби?
Уят, намыс жок экен да. Эгер ошончо таланттуу, билимдуу, олкого керек бири болсо, тайкеси Ташиев бийликке келгенге чейин оз кучу, оз таланты менен директор болбойт беле "Кыргыз Петролеум Компаниясына" ?.....
Достору
Antiradikal8 Досторду кошо элек
Комментарийлер
Antiradikal8 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?