Барс
- Аким
- 2607 (0.41 )
- Адабият жана поэзия (572 )
- 24 October 08
- 313031
14 Oct 2025 17:37
- Супер-активист
- 78
- 20, 1947
- Жынысы:
-
- Калаасы:
- Айылда
-
Азат Бейшенбеков 
06 Feb 2022 - 14:31 -
poping.dance 
22 Jan 2022 - 16:52 -
jai 
22 Jan 2022 - 15:06 -
patma.mahmud-... 
10 Jan 2022 - 05:15 -
biznes 
02 Jan 2022 - 06:25 -
Men_ele 
21 Nov 2021 - 01:59 -
kulgutai 
25 Oct 2021 - 08:44 -
Shanson 
24 Oct 2021 - 20:48 -
kaysarym 
22 Oct 2021 - 00:39 -
O.dembele 
19 Oct 2021 - 20:22
-
Барс агайдын өздүк чыгармалары
9 Mar 2025
ЭСКЕРТҮҮ
Азырынча кадырлуусуң – мүмкүнчүлүк бар!
Айланаңда шаан-шөкөттөр, майрам, салтанат.
Жардамыңды күткөндөр көп, баарысы үчүн,
Жанжагыңа жакындашуу кайдан, жалтанат.
Бир-биринен өткөрүшө жарышкансышып,
Макташканда, даңкташканда тилден бал тамат.
А азырчы, алсыз болдуң, кана ошолор?
Арсыз сыйын кетишиптир кайра талкалап...
Азырынча кадырлуусуң – колуңдан келет,
Аалам уучтап тургансыйсың. .. улуксунасың.
Анан эле алдан тайсаң, жашың улгайса,
Ал сыйлардын бири да жок – унутуласың.
Эч болбосо жылуу жазган салам келбестен,
Эзет арман! Мына ошондо улутунасың. ..
Тарыхтагы улуктардын тагдырын окуп,
Так билсең да, анан неге улуксунасың? ! -
Котормолор
9 Mar 2025
Мухамад Юсуп
ТУШЛАРИМГА КИР
Капалакдай келиб,
Қошингга қўниб,
Кўзингга термулиб
умрим ўтсайди...
Нима ҳам кўрибман
мен йигит бўлиб?
Сочингни силашга
қўлим етмайди.
Пешонам шу экан,
пешонанг шудир,
Тушимга кир энди,
тушларимга кир.
Товонинг ўпади ариқдаги сув,
Кўйлагинг этагин ўпади майса.
Мен-чи, бир гиёҳча бўлолмадим- ку,
Эй, кўзлари жайрон,
киприги найза!
Пешонам шу экан,
пешонанг шудир,
Тушимга кир жоним,
тушларимга кир.
Кўчиб бораётир бу умр — карвон,
Кунларнинг бўйнида юрак қўнғироқ.
Мен сенга армону сен менга армон,
Кўнглимнинг тўрида тутар шамчироқ.
Пешонам шу экан,
пешонанг шудир,
Тушимга кир жоним,
тушларимга кир...
Капалакдай келиб,
қошингга қўниб,
Кўзингга термулиб
умрим ўтсайди.
Қолдингу бағримда
жонимдек бўлиб,
Сочингни силашга
қўлим етмайди.
Пешонам шу экан,
пешонанг шудир,
Тушимга кир жоним,
тушларимга кир...
Мухамад Юсуп (Өзбекстан)
ТҮШТӨРҮМӨ КИР
Көпөлөктөй болуп,
Кашыңа конуп
Көзүңө телмирип,
Өмүрүм өтсөчү...
Нени эле көрдүм,
Мен жигит болуп?
Чачыңды сылашка,
Же колум жетсечи.
Бешенем шул экен,
Бешенем кургур.
Түшүмө кир эми,
Түштөрүмө кир.
Арыктагы суу таманың өпсө
Көйнөгүң этегин өпкүлөйт майса.
Мен болалбадым бир тутам чөпчө
Эй, көздөрү элик, кирпиги найза!
Бешенем шул экен,
Бешенем кургур.
Түшүмө кир, жаным,
Түштөрүмө кир.
Бул өмүр – кербен көчүп бараткан,
Күндөрдүн мойнунда жүрөк шаңгырайт.
Мен сага арман да, сен мага арман,
Көңүлүм төрүндө түтөйт шам чырак.
Бешенем шул экен,
Бешенем кургур.
Түшүмө кир, жаным,
Түштөрүмө кир.
Көпөлөктөй болуп,
Кашыңа конуп
Көзүңө телмирип,
Өмүрүм өтсөчү...
Калдың го көңүлдө,
Жанымдай болуп.
Чачыңды сылашка
Же колум жетсечи.
Бешенем шул экен,
Бешенем кургур.
Түшүмө кир, жаным,
Түштөрүмө кир... -
Барс агайдын өздүк чыгармалары
10 Nov 2024
АДАМДАРГА КАЙРЫЛУУ
Адам пенде дайым эле аппак туулуп,
Анан дайым периштедей аппак туруп,
Анан неге кандайдыр бир жагдайларда,
Азизилге айланышат кубулушуп?..
Бул бир жумбак алмустактан берки собол:
Болсун адам мейли сылык, же бир чогоол.
Бирин-бири жек көрүшүп, өлтүрүшөт,
Билбейм ким ал: “Башкаларга – деген – жоо бол!”
Бул өмүрдүн жалгыз жолу берилерин,
Болсо да ак, сары, кара терилериң.
Айбандарча акылыңа келбейсиң эх,
Акмактык го адамдыкты жээригениң.
Бул жашоодо кээ бириң бай, бириң бомуш,
Бириңде бар, бириңде жок ата конуш.
Андан көрө жардамдаш да тең жашоого,
Абдан эле керек бекен кандуу согуш!
Ичи тардык, көрө албастык куйрук улаш,
Илгеритен куткарбастай ушул жылас.
Өмүрүңдө жердин шарын бүт алсаң да,
Өлгөнүң соң жер табылат эки кулач.
Азаптарга малынбасын Адам башы,
Ар бириңер сактагыла, Адамзатты! -
Барс агайдын өздүк чыгармалары
9 Apr 2024
КЫШТЫН КЫСКА ТҮНҮ...
Агамдын минип быштысын,
Айлыңа барсам кышкысын.
Кериле тосуп, суйкайып,
Келтирдиң акын ышкысын.
Оозумду ачсам шыр ыргак,
Оюма келет ырым бат.
Сууна кошуп чайыңдын,
Сундуңбу эргүү ырымдап?
Күкүктөп толгон кесеге,
Күлгүндөй курак кез эле.
Күттүрбөй көпкө, жарыктык
кышкы күн, батты тез эле.
Бай бермек белек жыргалды,
Билген соң кийин сыздаарды...
...Демейде узун кышкы түн,
Дал ушул түнү кыскарды.
Жолотпой жанга муз-карды,
Жоготтук ал түн ызгаарды... -
Барс агайдын өздүк чыгармалары
9 Aug 2023
ЖООП КАТ КҮТҮП ЖАТЫРЫМ...
Айтпагам “А” деп атымы,
Алдыңбы берген катымы?
Жалбырттап жазган ырымын,
Жакпады бекен татымы?
“Жүрөктө сен – деп – жакыным”,
Жүрөмүн эңсеп акыры-ын...
Жоругуң курсун, күн өттү
жообуң жок, күтүп жатырым.
Күттүрүп жообуң качырдың,
Күйүттү абдан ашырдың.
“Сүйөмүн! .. “ – десең, ачык жаз,
Сүйбөсөң жазба... ачыгын.
Акыркы үмүт соолбосун,
Ак сүйүү болсун жолдошуң.
Азгырып кетчү өзүңдү,
Азыткың жанда болбосун!
Мыжыкпай жүрөк толтосун,
Мага бер, секет, оң жообуң.
Маарытар катты жазаарда,
Сени
Махабат пири колдосун!
Аксы.
09. 08. 2023.
-

adalsvards
-

supernurgazy
-

FatimaKuba...
-

GULLIKIZ
-

serche
-

Janyla
-

Azu
-

anjelei
-

Likvidator
-

Kagan
-

Mondur
-

Erma_k-dobo
-

skatoruk
-

shari
-

Aziku007
-

mr-Bau
-

hukker777
-

Argymak
-

Ханбийке
-

Jyku
-

лунка
-

T-1000
-

Beksultan01
-

Altyshok
-

hanzada_sa...
-

AtankulovaB
-

Dolbooruwka
-

konfetka_love
-

Nur_Islam
-

Gupa
-

janylka
-

patma.mahm...
-

Guli.kg.90
-

Elmara
-

jemile
-

nsk-mk
-

Clara_Zh
-

topozqu
-

aizul9.kg
-

Sweet-Lika
-

Ailyna
-

taarynchak
-

happy02
-

Kontinent
-

USSR
-

sagyndymgooo
-

new_hacker
-

webayd
-

Nyra.
-

Leylektik-...

Супер-Инфо
super.kg
видео



anjela2018
30 Jan 2019 - 12:34aijan
25 Jul 2013 - 15:24Барс
19 Jul 2013 - 07:54konfetka_love
18 Jul 2013 - 18:24dodge
09 May 2013 - 07:43Бүгүнкү Улуу Жеңиш майрамыңыз менен куттуктайм!
Ден соолук,үй бүлөөңүзгө бакыт-таалай каалайм.Бар болуңуз.
kaitpas
12 Aug 2012 - 15:13Барс
30 Jul 2012 - 23:01historic
30 Jul 2012 - 11:44Delicacy
20 Mar 2012 - 12:39Delicacy
20 Mar 2012 - 12:39oilon
03 Mar 2012 - 06:34oilon
03 Mar 2012 - 05:57Zamira
24 Aug 2011 - 21:50Demon
22 Jun 2011 - 22:17Барс
23 Feb 2011 - 16:30