ratbek Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 20 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (20 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 28 Июнь 11
- Кароолор:
- 4 734
- Соңку аракети
26 Фев 2019 11:24
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 47 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 12, 1977
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Жашоомдогу жагымсыз көз ирмемдер
Жазылган күн: 13 Окт 2016
Бул жигит улантат бекен же уктаттыбы? -
Темасы: Кара шумкар. Рыскулов Сардарбек
Жазылган күн: 24 Дек 2015
АЛБАЧЫНЫН КАРА БОЗУ
— Албаа-албаа- албаа!..
Алыстан-алыстан үзүлүп-үзүлүп, анда-санда созолонгон үн угулат. Бул добуш жакындаган сайын эшиктен да, үйдөн да балдар жүгүрүп чыгышып, үрккөн козулардай удургуйт. Анан чогулуп топтошо түшөт да алар да кыйкырышат.
— Албачы келатат, албачы келатат?!.
Албачынын арабага кошкону — боруктун күң жилигиндей болгон туйтуйган тоголок кара ооз асый. Өркөчүндө тебетейдей томпоюп өлүү жоору көрүнүп турат. Кыр аркасынан соорусуна чейин желе тартып созулган кырчаңгысы да бар. Албачынын амалын көр. Деги эле кой! Болбойт!.. Кырчаңгысын жымсалдап кызыл-жашыл түр салган чачылуу кооз жабуу менен үстү-башын билгизбей чүмбөттөп алыптыр. Мойнундагы шалкыраак тагылган сары коло коңгуроо араба козголгон сайын алда кайдан шаңгырап балдардын делебесин козгойт. Анысы аз келгенсип кара боздун башын ак сайма кулакчын менен тысырайтып кулакчындап койгон. Ысык-Атанын оозундагы Жал арыкты бойлоп чачырап конгон калың айыл. Ошол айылдын биринен сала бирин аралап, анда-санда атына шапалагын үйрүп, арабасын кылдыратып албачы дунган келатат.
Арабанын алды-артында топураган майда балдар. Балдардын арасында жыңайлагы да бар, жылаңбашы да бар, жылаңачы да бар. Алар албачыдан эки көзүн алышпайт. Жолдун таманындагы буркураган бош топуракты кече чуркашып, чаңын асманга чыгарышат. Анан жабалакташып биринен сала бири албачыга суроо беришет.
— Байке? Албаңызды эмнеге сатасыз?
— Териге, чапкилге[1] , жүнгө.
Балдар кайра кыйкырышып, тызылдаган бойдон үйлөрүн көздөй жөнөшөт.
— Тери, жүн, чапкил! Тери, жүн, чапкил!
Үйдөн энелери жүн, терилерин колтугуна кысып, албачыны бет алып балдарын ээрчий басышат. Албачы алган буюмдарын иреттеп арабасынын артына жыят да, анын ордуна тигилерге тиешелүү албасын кадактап берет. Балдар колдорундагы албаларын бири-бирине көрсөтүшөт. Култуңдашат. Эт-бетине батпай кудуңдап кубанышат. Албачы андан ары да кыйкырып жөнөйт.
— Албаа-албаа- албаа!
Ошентип кыйкырып келатып, албачы Шергазынын айлына да жете келди.
Албачы бул өрөөндөгү айылды да нечен аралаган. Кара боз экөөнө быяктын эли да тааныш, жолу да тааныш. Алардын шашылышы жок. Бирде токтоп, бирде жыла берет. Кара боздун бир жаман жери, саал шал камчыраак. Көбүн эсе шапалакка сүйөнөт. Кол көтөргөндө гана бөрт-бөрт желген болот. Болбосо көнүмүш калыбын жазбайт. Албачы буга да макул. Ал атынын кашаңдыгына таарынбайт. Кара боздун ою менен болот. Болбоско айласы канча? Кара боздун шыпкалган күчү ошол. Андан ары сыкса да эч нерсе жок. Мындан башка аты болсо албачы топусун көккө ыргытпайбы?
Ошол кунү Шергазынын үйүндө топтошкон эл көп эле. Күзгү ат чабыштын камы. Күлүк сынатуу, тап үйрөнүү, саяпкерден кенеш алуу.
— Албаа, алба, албаа!
Мына, албачы да келип калды. Дагы бул айылдан жүгүрүп чыгып жабалактаган балдар. Дагы терисин сүйрөп, жүнүн колтуктап, кичинекейлерин колунан жетелеген энелер. Шергазы баш болуп бир жоон тобу албачынын арабасын тегеректешти. Шергазынын көзү арабадагы түйтук Кара бозду теше тиктейт. Анын ар жак, бер жагын карап имерилип басат. Ичке түшчү ордочудай имере тооруп, Кара боздон эки көзүн албайт. Бул айылдан соодасы бүтүп, албачы арабасын дагы жылдырды. Шергазынын тынчы кетти. Ал чыдай албады. Албачыны узатпай кыйкырды:
— Ой, албачы, токто.
Албачы кара боздун тизгинин жыйды. Артына кылчайды.
— Неме болду?!
— Эчтеке болгон жок.
Шергазы албачынын көзүнө карап, ойлуу жылмайды да суроолуу тиктеди:
— Атыңы сатасыңбы?
— Жалгыз атты сатып, арабага не кошоду?
— Мен ордуна чоң жакшы ат берем. Арабакеч, балбан айгыр. Канча жүк салсаң ошончо сал. Баарын тартат. Сеники эмне, кичинекей, түйтүк. Арабадан бат чыгат.
Албачы бир аз ойлоно калды, анан Шергазыны карады:
— Сеники кандай ат?.. Көрсө керек?!.
— Мен азыр келем. — Шергазы үйүн көздөй шаша басып, мамыда байлануу турган чоң жал тору айгырды жетелеп келди. Тору айгыр тору айгыр экен. Деги кудайды карабаган зор жылкы. Албачынын Кара бозун бөктөрүп койсо көтөрө чуркачудай. Буура көкүл, атан сан. Буту пилдикиндей жоон. Белине артылып басмайыл жетчүдөй эмес. Туяктары табактай, булчуңдары аяктай.
Айгырды көргөндө андай аттан көзү каткан албачынын эки көзү жайнай түштү. Жаман атка жакшы ат айырбаштайт деген үч уктаса түшкө кирбеген жорук да. Албачы сүйүнгөнүнө чыдабай күлүп жиберди:
— Болду!.. Айрыбаш кылады.
Албачы Кара бозду арабадан бошотуп, үртүгүн сыйрыды да Шергазыга берди. Шергазы тору айгырдын чылбырынын учун албачыга карматты. Албачы тору айгырды алганына сүйүндү. Шергазы кара бозго жеткенине кубанды.
Соода бүттү.
* * *Албачы кетээри менен ошердеги чогулган топ эл Шергазынын Кара боорун тегеректешти. Кабыргасы аркайып, бирден саналат. Арык. Кырчаңгы. Жоор. Куйругу ысылы-сууктан бузулуп бөкөн болуптур. Сопол тартып жыдып, чубалып түшүп турат. Байкуш кара бозду үстүндөгү кооз жабуусу гана билгизбей бешене рабдалын жашырып турган экен. Аны албачы сыйрып кеткен соң тамтыгы чыгып, пардасы оркоюп ачылып калса болот да. Эл биринен-бири өтүп дуулдашты.
— Э кокуй киши, муну эмне кыласың?!.
— Ой, тору айгырдын бир санынан садага кетсин ушу!..
— Бул күлүк болуп эмнени кыйратат?! .
— Ушу чуркабай кара жерге кирсин,
— Кайран тору айгыр?!. Ушу жаманга кор болду ээ?!
Шергазы каухар таап алгандай сүйүнүп, жадырап-жайнап култуңдады:
— Силер билгенче качан?! Бул — мээ жок күлүк.
* * *Жаз алды менен Шергазы Кара бозду көктөмгө агытты. Жоготуп жибергендей үмүтүн үзүп, ошол бойдон эсинен чыгарып таштады. Анда-санда гана жайлоого катышкандардан сурап коюп жүрдү. Жайлоодон мал жакага түшкөндө ар ким жалгыз-жарым кошконун ала башташты. Шергазы жылкынын ичинен Кара бозду көргөндө кубанып кетти. Жаныбар. Толгон экен. Мейли адам, мейли мал көңүлү өссө ошо да. Аркардыкындай эки көзү бажырайып жайнайт. Жүндөрү кара күрөң тартып, калтардын бермет кылындай жылтылдап кулпунуп турат. Жылкыдан бөтөнчө сулуу. Адам тике карай албайт. Көз уялат. Бели түп-түз. Үстүнө киши жатып уктагандай. Жайлоонун ээн төрүндө оттоп жүрүп, көңүлү өскөн окшойт. Чөйчөк алып, тунук семириптир. «Баягы албачы арабага чеккен кашаң Кара боз» деп адам оозу барып айткыдай эмес. Жону кулундукундай таза. Жоор менен кырчаңгыдан бармак басым калбаптыр. Энесинен кайра төрөлгөнбү, өзгөрүлүптүр жаныбар.
Ошол жылы күздөй мейли ат чабыш мейли жеке жарыш болсун, Кара боз алдына жылкы салган жок. Дамамат биринчиликти ээлеп жүрдү. Шергазы андан кийинки жылдарда да Кара бозду көп чапты. Байге албай куру калган учуру болбоду.
Чүйдүн Кегетисинде атактуу Эшикбайдын ашы болду. Кегетинин өндүрү элге жык-жыйма. Чуй боорундагы күлүктөрдүн баары бүт келди. Баш байгеси эки тогуз, он жамбы. Экинчи атка бир тогуз. Калгандарына андан азыраак байге коюлду.
Шергазы Кара бозун баласы Ныязкулуна мингизип ат чубатуудан өткөрттү. Күлүктөр кетээри менен айылдан ээрчий келген туугандары Шергазыны тегеректешти.
— Шеке, Кара боз кандай?
— Бүгүн намыс алып бере алабы?
— Атаңдын көрү ушул Сасыкбайдын малын алдыга салып айдасак!..
Эл үстөккө-босток топтошуп, биринин артынан бири теминип, Шергазынын тегерегинде чокмороктошот. Бүгүн Шергазынын мүнөзү баштагыдай эмес. Көңүлсүз. Бул сапар «Кара боз сөзсүз чыгат» деп кесе айталбай олтурат. Ал кандайдыр бир аттан шек алгандай эбеп жип май кылгыргансып туруп алды. Анан көптө барып элдин суроосуна жооп кайтарды:
— Байкадыңарбы, аттардын ичинде бир чалыш жээрде ат баратат?! — Элдин бир тобу: «байкадык» дегендей башын ийкеди — Шегим ошондо. Ал Кеминден келди. Өмүрзак таптаптыр. Мен билгенден Өмүрзак Чүй боорундагы саяпкерлердин алды десе алды. Күлүктүн табын биле коет. Аттын жайын менден көп сурачу. Жылкы болгон жерине бөтөнчө шыктуу. Күлүк ат дегенде ыкшып калат. Эт бетинен кетет. Өмүрзак жээрде атты табына келтирип келиптир. Анын үстүнө жээрде аттын күлүктүгү менин Кара бозуман алда канча өйдө.
Шергазы токтоло калды да анан сөздүн аягын кайра улады:
— Эми мында бур иш бар. Аттарды Кең-Булуңга жеткире сүрүп кое берсе жээрде ат алыс келет. Кокус берки Ак Бешимден кое берсе анда Кара боз эшик-төрдөй араң чыгат. Эгер Ак-Бешимден эңкейтип кое берсе, анда Кара боз жээрде ат менен суулукташып марага тең кирет. Байге талаш болот. А балким чыр чыгып кетиши да ыктымал.
Эл дүүдүрөңдөй түштү. Аңгыча: «Аттарды Ак-Бешимди эңкейтип кое берет экен» деген кабар угулуп калды. Маранын туусу Боз секинин үстүндөгү кашатта желбиреп турат. Анын жанына жан жолотпойт. Жакындаганды алда кайдан качырышып, сайгак куугандай кубалашат.
Эртең менен айдалган аттар түшкө жакын келди. А дегенде алыстап бүлбүлдөп чыгып келаткан аттын карааны көрүндү. Күлүк чапкандардын моюндары узаргандан узарып баратат. Эки үзөңгүсүн бутунун башы менен тээп, кокое ылдый жакты тиктешет. Кээ бирлери ителгидей тетири салат. Бийик дөбөчөлөрдү көздөй чабышат. Жалаң саяпкерлер менен ат ээлери мындай турсун көпчүлүктүн эси-дарты төмөн жак.
Баягы жалгыз караан жакындагандан жакындады. Жок, аңгыча болбой анын артынан дагы бир созолонгон элес көрүндү. Ал ыргыткан таштай зуулдап, урунуп-беринип жанын жанга уруп, берки алдыңкы аттан да катуу келатат. Чыккан ат элдин аягына илине түшкөндө ошо тараптан чуу көтөрүлдү:
— Албачынын Кара бозу, албачынын Кара бозу!
Анын артынан сүрө келаткан кеминдиктин жээрдеси экен. Топко жакындаганда мурдагысынан да катуу чуркады. Көрсө, чуу көтөргөн жылкы тура. Тиги көпчүлүк элдин кыйкырык-сүрөөнүн уккандан кийин Кара боздун такымына учуп конгондой жабышты. Бат эле эки ат марага чукул кирип келди. Үстүндөгү балдардын тизелери кагышып үзөңгүлөр урунушту. Ээк алдында мара. Марага кошунан ажырабай экөө бирдей, кылдай тең келип тийди. Жээрде аттын саяпкери Өмүрзак бакырып жиберди:
— Аттигин ай! Мара дагы бир аз эшик-төрдөй алыс болгондо эмне?!.
Байге талашка түштү. Эл чуулдап жатат.
— Биринчи байге менен экинчи байге кошулуп, эки атка тең бөлүнүп берилсин! ..
— Жок. Андай эмес. Эки байге кошулсун. Кара боз менен жээрде кайра чабылсын.
— Экөөнүн кимиси чыкса ошонусу алсын.
Эки ат кайра чабылсын дегенде Өмүрзак жантыгынан кетти. Ал жээрдесинин күлүктүгүнө да, күүсүнө да ишенип турат. Жана бир аз болгондо эмне? Кара бозду окустатып коймок.
Чынында кайра чабышка Шергазы көңүлсүз болчу. Ал Кара бозго көп ишене албады. Байгени тең бөлүп алсак деген ойдо турду. Кара боздун жээрде аттан калаарына саяпкердин көзү даана жетип турат. Талаш-тартышта Өмүрзак тарап үстөмдүк кылып кетти. Аны күч алдырган — аш берген тарап. Айыл ошолордуку, эл ошолордуку. Шергазылар анчейин гана төмөнкү элден келген сый меймандар. Байге аралаштырылды. Эки ат кайра чабылмак болду.
Шергазы кара бозду шар суунун жээгине алпарып жайдактады. Адегенде сооруга, анан эки капталды муздак суу менен чакалап урду. Ат бир аз чыйрыкты. Шергазы топтон алыс бөлүндү да алыштын жээгиндеги алыштын жашаңга Кара бозду өзү жетелеп откозду. Анын бул жалгыздаганында жашыруун сыр бар болучу. Шергазы Кара боздун ооздугун чыгарган эмес. Ат башын жерге салып жутунган сайын суулугунан сүйөп өйдө тартып жүрдү. Тумшугун жерге тийгизгени болбосо, бир тал чөп үздүргөн жок. Жөн гана тоңкочуктатып, жер сүздүрүп жетелеп турду.
Шергазынын бул амалын Өмүрзак билбей калды. Ал атын үшүк чалып кеткен алысын көк чөпкө жайдактап кое берип курсагын кампайтып салды.
Бир аздан соң Шергазы Кара бозду сууга алып жөнөдү. Ал сууну да толук ичирген жок. Шар аккан жеринен ооздугу менен үч-төрт каптырып-каптырып кайра тартып алды. Муну алыстан байкап турган Өмүрзак жээрдени сууга ою менен коё берди. Ичи ысып турган ат муздак суудан кере жутту. Топонго тойгон уйдай эки капталы кампайып чыга түштү.
Шергазы жем баштыкты кап ортолоп Кара бозго жем илди. Бул даана жемдин өзү эмес эле. Анын ичинде тоголок дан жок. Майдаланган гана кургак бетеге бар болучу. Шергазынын мындай «буктурмаларын» Өмүрзак элес албады. Анын оюна эч нерсе келбей Шергазы эмне кылса ошону кылып жатты. Жээрде атка шаша-буша беш кочуш жем илип жиберди.
Эки ат кайра чабылды. Бирок, мурунку чегине жеткире айдалган жок. Буга эки тарап тең макул болду. Көптөн кийин аттардын карааны көрүндү. Кара боз алда кайда келатат. Алыс чыгыптыр. Ал мурдагысынан да катуу чуркап алган көрүнөт. Жерге жукпайт.
— Бүгүн буга канаты менен куш учуп жетпейт!..
Ызы-чуу. Кыйкырык. Эл дуулдайт. Бир жоон тобу дабырата чапкан бойдон элден өтүп кеткен Кара боздун артынан кетишти.
Оо кайда! Көптөн кийин көл-шал түшүп терге чөмүлгөн жээрде ат келди. Жарылып кетчүдөй ичи дардайып көпкөн. Эки капшыты үйлөгөн табарсыктай тарсаят. Баягы үшүк чалган балырдай көк чөп, арпанын бүдүрлөрү куйругунун учу менен тең атат. Аны көрүп турган Шергазы: «Табын билбесе ошо болот да» деп тим болду.
[1] Чапкил — ичтен түшкөн козунун жылбырскы көрпөсү
УЙЧУ КАРАГЕР
Ныязкул уйларды жайыттан эрте козгоду. Таң аткандан тартып көз ачырбай төгүп турган ак жаандан да бүгүнкү Көк-Дөбөдө чогулган уйчу-койчулардын шылдыңы Ныязкулдун өтмө катарынан өтүп, эс тарткан баланын денесин ичиркентти. Ныязкул үйгө ылдам жетүүнү самады. Мына, ал дал ошондой кылды. Алдындагы кашаң карагер асыйды, учун чакылдак кылып алган узун өрүмдүү камчысы менен борбуйлата- борбуйлата ачууланган мүнөздө удаа-удаа басып-басып алды да бириндеген уйларын ар кай жерден терип чогулта баштады. Карагер такымга чак-чак тийген камчынын уусуна чыдай албай арткы буттарын асманды карай сырактатып, караган-черге жулдурган сопол куйругун кайра-кайра шыйпанып, анан зоңк-зоңк этип, көнүмүш желиши менен көңүл улап бир аз жерге зөңкүлдөгөн болду. Шапалактын шак-шак эткен добушун дуулдатып, улам-улам оң колу менен башынан айланта шилтеп, уйларын Ныязкул бирпастын ортосунда чогултту. Дамаамат эртели кеч ар дайым алдында жүрүүчү тайтак мүйүз баштаак кызыл уй, жолдун аркы өйүз, берки өйүзүндөгү көзү түшүп кызыккан чөбүнүн башын улам чалып күш-быш этип, күндөгү басып көнгөн капталдагы жалгыз аяк ичке жол менен айылды карай салды. Анын артынан желини чыңалган саан уйлар биринен сала бири каркырадай чубады. Үйлөрүнө жакындаган сайын музоосун эстеген уйлар мөөрөп, кай бирлери музоонун үнүн улап оңшоңдоп желди. Ак жайыктагы калын айылдын кечкисин уй тосуп чыккан майда балдары топ-топ болуп шүдүгөрлүү жумшак шибердин үстү менен жыңайлак чуркашып, бирден, экиден уйлардын артынан түшүп, бирөө куйруктаса, экинчиси ичке чыбык менен чыпылдатып соорулап баратат. Эми эле тиги капталдын бетин бербей келаткан калың уйлар бириндеп отуруп көз ачып жумганча айылдын арасына сиңип кетти.
Ныязкул күндөгүсүндөй Карагерди эшиктин алдындагы мамыга аса байлап, тизгинин каңтарып, узун шапалагын сүйрөп үйгө кирди. Коломтодо от алоолонуп ири карагайдын жарындылары чатырап күйүп жаткан. Сыягы баласынын жаанда суу болуп үшүгөнүн Батма апа алдын ала билсе керек, анткени коломтодо чоктонгон жыгачтын көмүрү додолонуп калыптыр. Эшиктен шөмтүрөп кирип келген баласын көргөндө Батма апа олтурган ордунан ыргып тура калды. Карбаластай түштү. Эбедени эзилип кетти. Ниязкул үстүндөгү оор кийимдерин чечип керегенин башына катарлап илди. Кийимдерден сарыккан суу этектин учуна жеткенде туурдуктун аягындагы керегеге каланган соккон чийдин түбүнө үстөккө-босток тамчылап тыпылдай баштады.
— Өтүгүңдү чеч... Калпагыңды сабоонун башына илип, тизгичке кыстар. Тигине, атаңдын чепкенин жамын. — Батма апа жүктүн үстүндөгү бүктөлүп жыйылуу турган Шергазынын тепме[1] чепкенин көргөздү.
Ныязкул шашпай акырын басып барып атасынын чепкенин үстүнө жамынды. Кайра келип жыңайлак буттарын оттун жакасындагы коломтого сунуп, үшүгөн колдорунун манжаларын ушалап, улам-улам чокко кайсап тапка ысыган алакандары менен томуккан беттерин басып жылыта баштады. Анан ичиндеги думуккан күптүсү шаштырды окшойт, Токтоно албай апасынан сурады:
— Атам кайда кеткен апа?!.
— Ажыныкында го.
Шергазы элге белгилүү атагы чыккан саяпкер болгону менен колу тайкы жетишсиз бакырдын бири. Жалгыз ат, жалан тондуу. Бир музоолуу уйдан арбын мал күтпөгөн. Малды ким деген жаман көрөт. Ар жагындагы көрөнгөнүн чамасы аз. Ошондуктан жайдыр-кыштыр Сулайман ажынын топору. Сулайман ажы Шергазыга күлүгүн байлатат. Малайы катары жумушун иштетет. Сулаймандын айлы жайлоого, арашандын ак жайыгына көчкөндө Шергазы да кошо көчүп, конуштун бир четине сербейтип кара алачыгын тигет. Жайдыр-кыштыр Сулаймандыкынан шорпо аңдыйт. Баласы Ныязкул жыл бою Сулаймандын ага-инилеринин, коңшу-колоңдорунун уюн кайтарат.
Ныязкул минген Карагер Шергазынын өзүнүкү. Өткөн жылы төмөнкү чылпактагы чоң ашта Сулаймандын боз аргымагы чыккан. Ошондо Шергазыга соогатка тийген ушул Карагер... Анткени боз аргымакты боз аргымак кылган Шергазы. Карагерден башка Шергазыда кыл куйруктан арам болсун, эчтеке жок. Шергазы эки жакка бастырарда атты так ушул Сулайман ажыдан минет.
Ныязкул күндөгүдөй болбой кабагын салып, түнт мүнөздө олтурду. Уулунун бүгүнкү бүркөөсүн апасы Батма анчалык элес албай, алдына ысыган сүт менен нан койду. Ныязкул тамагын ичип, идишин апасын көздөй узатаары менен эшиктен атасынын добушу угулду. Шергазы үйгө шар кирип келди. Ныязкул ордунан козголуп, улага жакка бир аз сыйлыкты. Атасы ар дайым отуруп көнгөн ордуна барып конду. Анан Ныязкулду карады:
— Үшүдүң го, бугун, уулум, — Ныязкулдун илинип турган киймине көз жүгүртүп, — жаан аябай өткөн экен.
Ныязкул атасына таарынып мурчуйгансыды да башын жерге салып:
— Өттү — деп күңк этти. Андан кийин көпкө чейин сүйлөгөн жок. Мурдагысындай колун отко кактап унчукпай бултуюп олтура берди.
— Сен эмне бугун... унчукпай... бултуюп калгансың? — Шергазы баласынын кабагына карап ойлуу тиктеди. Ныязкул ордунан күйшөлүп мукактана атасына жооп айтты. ,
— Бүгүн катуу... Аябай ыза болдум ата, — ал мурдагы калыбынан жазган жок. Башын жерден албай мүңкүрөп сүйлөдү. Шергазы чочуп кетти:
— Эмне үчүн айланайын?! . Кимдер ал?! Сени ызалаган?! . — Ныязкул бүгүнкү болгон окуяны атасына башынан аягына чейин айта баштады.
— Бүгүн... Түштө... уйчу-койчулардын тобу Көк-Дөбөгө чогулдук. Алардын эрмеги мен болдум. Көбүнчө сизди жамандашты.
— Эмне деп? — Шергазы үрпөйө түштү. Ныязкул сөзүн улады.
— Атаң күлүк болчу жылкыны кулунунан тааныйт. Ат чабышта кайсы ат чыгаарын, кайсы ат калаарын алдын ала билип, олуядан бетер какшап турат. Элдин баары аттарын сенин атаңа сынатат. «Чап» десе чабат, «кой» десе коет. Анан атаң экөөң бир күлүк таап алып, эл алган байгени өзүңөр эмне албайсыңар? !. Ушинтип сен уй кайтарып, атаң ар кимге кошомат кылып, мисалы, Сулайманга окшогон манаптардын күлүгүн таптап, такымын өйкөп, шымын жыртып, көчүгүн көк ээрге такылдатып жүрүп томаяк бойдон бул дүйнөдөн өтүп кетесиңерби? Силерде ар-намыс барбы? Биздин аталарыбыз сенин атаңдай аттын сырын билген саяпкер, сынчы киши болсо минтип бирөөнүн малын кайтарып кор болуп жүрбөйт элек. Атаңдын сага тандап берген «тулпары» алдагы кашаң карагер го? — деп аябай шылдың кылышты. Дагы-дагы мындан жаман сөздөрдү айтышты. Мен катуу ыза болгонумдан аз жерден ыйлап жибере жаздадым.
— Ай акмак десе!.. Ошого да ызаланат бекен?! Мына... сенин эшиктеги Карагериң мээ жок күлүк. Күзүндө өзүбүздүн айылда Баатыркандын ашы болот. Ошондо Карагерди чабабыз.
— Койчу, ата, ушу Карагерди кантип чапсын?
— Эмне дейт айбан?.. Сөзсүз чыгат!..
— Койчу, ата?.. Баягынын үстүнө элге дагы шылдың болобуз. Карагер жылкы эмес, уйга жетпейт. Анысы аз келгенсип кашаң. Жүз чапсаң бир солк этпейт. Куйругун шыйпанып, арткы эки бутун сырактатып, жер тепкилеп туруп алса баягынын үстүнө мындан бетер элге шерменде болбойбузбу. ..
— Карасаң мунун балалыгын?! . Күлүк ыкшоо болот. Чуркаар мезгилинде өзү эле чуркап коет. Жылкыны сен менден жакшы билесиңби?! .
Шергазы аталык кылып, Ныязкулга корчоңдоп койду... Баласынын көңүлү жайлана түштү.
— Анда муну күзгө чейин кое берели, оттосун?!.
— Жөн кой. Мине бер, учурунда таптайбыз.
Ныязкул атасынын сөзүнө бирде ишенсе, бирде ишенген жок. «Кантип ушул карагер күлүк болсун. Жылкы деген гана аты бар. Туягы тегерек болгону менен эшектен айырмасы жок. Кашаңдыгы өгүздөн жаман. Кышкысын дайым кырчаңгы, өзүнөн өзү урунуп-беринип, там-таштан кыя өтпөй кашынганы кашынган, сөйкөнгөнү сөйкөнгөн. Дамамат жонунан жоор кетпейт. Анын үстүнө куйрук-жалы сополдонуп түшүп турса. Кебетеси тигил. Жылкыга окшобойт. Качырдай эки кулагы шалпайып суусаган атандай эриндери салаңдап турат. Анан ушу кантип чуркасын?! » Ныязкул ичинен терең ойго чөмүлдү да канча кылган менен бала эмеспи кайра акылын бирпастын ортосунда экинчи санаага бурду. «Атам жылкы тааныганга калганда олуядай эле. Ырас эле Карагер күлүк болуп жүрбөсүн?! . Болсо болот. Атам эмнеге калп айтсын. Далай күлүктөр түпкө чейин укурук сынганча сабатып барып анан чыгып келип жүрбөйбү».
Кубаңдап күз да жетип келди. Эл жайлоодон тегиз түшүп, аш-той берүүчүлөр кам көрө баштады. Жер-жерлерде күлүктөр тапталып саяпкерлердин тынчы кетти. Баатыркан Сулайман ажынын жакын тууганы. Анын атагы чыгып болуш бий болуп эл сураган эмес. Сөөгү манап. Сулайман ажы менен үч атадан кошулат. Баатыркандын беш баласы бар. Бешөө тең үйлөнүп жайланган. Энчиси бөлөк. Баары жетиштүү. Атасынын даңкын чыгарып ат чаап, аш бериш үчүн булар чоң камылга көрүштү. «Султан сөөгүн кордобойт, тулпар сөөгүн оордобойт» деп бир жагынан Сулайман да кол кабыш кылды.
Ныязкул Карагердин үстүнөн түшпөйт. Эл жайлоодон көчкөндөн бери Карагер менен дале уй кайтарып жүрөт.
Эртели кеч күлүк аттарын чүмбөттөп суутуп жүргөнүн көрүп Ныязкулдун ичи тызылдайт. Кечкисин үйгө келгенде атасынын маңдайымда кобурайт, тынчын алат:
Ата?.. Карагерди чаба турган болсоңуз колго албайбызбы? Эл аттарын суутуп таптай баштады го?..
— Мине бер уулум, Карагерди ат чабар күнү суутабыз.
Ныязкул атасынан түңүлө баштады: «Атам мени алдап жүргөн тура. Чынында ушул Карагер кантип күлүк болсун, уйга жетпейт. Муну мингенден көрө жөө жүргөн жакшы. Айла жок...»
Уйчу-койчулардын шылдыңынан да Ныязкулга атасынын «шылдыңы» катуу тийди.
Баатыркандын ашы чукулдап кирип келди.
Карагердин чабылбасына көзү жеткен соң Ныязкул атасынан биротоло түңүлүп, күдөрүн үздү. Эртең менен эрте туруп күндөгүсүндөй Карагерди токуп, туш-туштан чубаган баданын уйларын чогултту. Ныязкулдун кабагы салыңкы. Ичи буулугуп, чийки токоч жегенсип дүпөйүл тартып, атасына таарынган кара буусун чыгара албай баратат. Ал бүгүн жайытка барганда сырдаш курбуларынын бирине ичиндеги арманын айтып курсагындагы саамал куюлган чаначтай тарсайып турган желин чыгарбаса бүткөн бою оңой менен жеңилдечүдөй эмес. Башын Карагердин жалын көздөй салаңдатып, ээрдин үстүндө шалкы олтуруп, уйлардын артынан ээрчип, кашаң Карагердин төрт аягын араң эле кыбыратып баратканда артынан добуш чыкты.
— Ниязкул! — жалт карай салса атасы — Ме!.. Ала кет!
Шергазы жем баштыкка аз бөксө салынган арпаны Ниязкулга берди да сөз кошумчалады: — Сугарып туруп дал түштө атыңа илип кой. Бүт жедир.
Ныязкул жембаштыктын узун боосун ээрдин кашына эки-үч имере салып бастырып кетти. Шергазы кудайдын куттуу күнү Карагерге жем берчү. Бирок мынчалык көп берчү эмес. Ошол күнү атасынын айтканындай жембаштыктагы арпанын тогологун калтырбай Карагерге жедирип келди. Кечинде үйдө олтурганда Шергазы Ныязкулга:
— Ат бүрсүгүнү чабылмак болду. Бул ашка анчалык деле атактуу күлүк аттар келген жок. Бар болгону көрүнүктүү аттардан үч-төртөө жүргөнсүйт. Мейли жүрө берсин. Карагерди чабабыз. Эртең күндүз кыйнаба. Кечке боз отко ою менен тойгуз. Алты кочуштан ашык жем бербе. Кечинде суутабыз — деп койду. Ныязкул анчалык көңүлдөнбөй:
«Атты кантип ушинтип чапсын!.. Жайлата тап көрбөй, жонунан токум түшпөсө. Эң жок дегенде он чакты күндөн бери колго ала койсо боло. Бир-эки жолу таңашпаса кантип чуркайт». Ичинен сүйлөндү.
Атасынын сөзүнө уюбай, кош көңүл баш ийкеген болду Ныязкул.
Түндөгү сөз эсинде калганбы «эки иштен бир иш» деп уйларды эрте айдап келди Ныязкул. Шергазы эшигин алдында ары-бери басып баласын күтүп турган. Аттан түшөөрү менен Ныязкулга үйдөн бирдеме шам-шум эткизип, кайра Карагерге мингизди:
— Жөнө?!. Ат чапчу чоң жол менен ылдый жүрүп олтуруп бекеттин[2] өзүнөн кайра тарт.
Ныязкул жөнөп кетти. Карагер жер арбытпайт. Теминип камчыланса да кыты бар чүкөдөй кайра ордуна түшөт. Артынан бирөөнү чакыргансып куйругун булгап, шыйпалактайт. Кудайдын каарына калган мал да. Араң эле текирең-чокураң. Көп чапса сырактап, арткы эки бутун асмандатып кош аяктайт. Үстүндөгү адам башынан алыс жылбышып түшүп калчудай. Ошентет кудай урган жаман арам уйчу Карагер.
Ныязкул камчы үстүнө камчы уруп олтуруп бекетке кире бериштеги кайрыма алыштан кайра тартты. Үйгө келсе атасы дагы эшиктин алдында карап турган экен. Шергазы басып барып Карагердин омуроосун сыйпады. Ымшыбайт. Кайра жөнөттү. Кайра да Ныязкул баягы ордуна кетти. Дагы көптөн кийин келди. Дагы ошондой. Мурунку калыбында. Ымшыбайт.
Шергазы Карагерден Ныязкулду түшүрдү. Ээр токумун шыпырып жайдактады. Эки ала кийизди кош кабаттап каттай жаап, жалына чейин үртүктөп чүмбөттөдү. Анын үстүнө оор ээр токумун баса токуду. Ныязкулду үчүнчү жолу кайра жөнөттү:
— Мурунку жериңен арытадан кайт.
Ныязкул эл жатарга жакын келди. Карагер эшиктин алдына олбуп-солбуп араң жетти. Ээр токуму менен кош кат ала кийизди үстүнөн шыпырганда кайнап жаткан казандын капкагын ала койгондой Карагердин жонунан тумандаган ысык буу асманга бур дей түштү. Кетпеген жеринен тер кеткен. Туягынан кулагына чейин бармак басым кургагы калбаптыр. Карагердин кош таноосу эдиреңдеп дем алган сайын жогортон ылдый карай аккан чөлмөктөгөн тер, чачылган мончоктой тоголонуп, тула боюнан чууруп жерге тыпылдап түшүп жатат. Чоло жери калбаптыр.
Шергазы Карагерди жайдактаган бойдон короонун сыртына жетелеп, дайым айдарым, ызгаардуу бороон согуп турчу тарабына каратып, эртең менен күн кечигип тие турган тамдын далдаасынын дал өзүнө алып барып чылбырдын учун түйүп дубалдын жаракасына чаап, асып койду. Ныязкул атасынын бул жоругуна тан калды. Шергазы мындан мурун көп күлүктөрдү таптаган. Бирок акыркы суутууда жерге көчүк баспай тынчы кетип ал түнү уктачу эмес. Өзү да уктабай, Ныязкул менен Батманы да уктатпай, атты да үргүлөтпөй кирпикке сайгылап, тан атканча жетелетип үй-бүлөсүнүн айласын кетирчү. Биринен сала бирин, улам кезекке коюп өзү чакчайып, көз ирмебей карап турчу. А эмне үчүн бүгүн антпейт? Мына кызык!..
— Жетелебейбизби, ата!.. Терин кургатпайбызбы?
Шергазы оң колун шилтеп койду:
— Кереги жок.
Дың сууган күзгү боз кыроо. Ошол күнү суук болушунча болду. Алыштагы жылжып аккан майда суулардын үстү каймактап, эртең менен кээ бир жерине бычак сырты муз туруп калганы байкалды. Үйгө жарык шоола чачаары менен Шергазы да турду, Ныязкул да атасынын артынан удаа ойгонду. Шергазы чөпканасынан куурайлуу бир чоң боо сөңгөк чөп алып келип Карагерди ордунан козгобой отко койду. Байкуш Карагер бир күндүн ичинде ак бубакка айланып, Карагер болбой боз ат болуп калган экен. Зыңкыя тоңгон. Буту колу сенектикиндей колдоюп муундары бирикпейт. Оозу араң камтууга келип төөнүкүндөй калбайган эриндери менен аймалап сөңгөк чөптү карсылдатып кирди. Карагердин кейпин көрүп Шергазы ичинен күлду: «Байкушумдун кебетесин кара, күбүргө түшүп чыккансып?! »
Атасынын оюна Ныязкул түшүнө албай койду. «Атам Карагерди чаппай эле тоңдуруп өлтүрөт го?!» Калтыраган атка боору ооруп күнөстөгү акырга жетелегиси келди. Ага атасы уруксат берген жок. Кайра улам суугураак жерге которуп байлап атты ого бетер үшүтүп, ого бетер тоңдурду.
* * *Баатыркандын ашына келген элүү күлүктүн ичине кошулуп Шергазынын уйчу Карагери чубатуудан өттү. Баш байгеси төө баштаган эки тогуз. Ысык-Атанын оозундагы Кара Жантактан кое бере турган болушту. Сүрөө жок.
Ашка чогулган эл Карагерди көрүп дуулдашты. Шатыра-шатман күлкү, Шергазыны шылдың кыла башташты.
Күлбөгөн жан жок. Буту-колу жазылбай зоңкулдап желип баскан Карагерди көргөн эл аттын устүндө чалкалай түшүп каткырышат.
— Ха.., ха... ха... хаа.
— Баягы уйчу Карагер...
* * *Таранчыдай дүрүлдөп учкан күлүктөр кайра тартты. Ныязкул Карагердин үстүндө. Карагер байкуш мындан баратканда бүткөн боюн жыя албай, үшүгөн тулкусу менен колдоюп солк-солк желип болжогон чекке араң жеткен. Бура тарткан жерде бардык аттардын арты болду. Баягы уй кубалагандагы кыялына салып, текирең-чокураңдап жүгүргөн болду. Ныязкул камчы үстүнө камчы урат. Карагер бир калыпта.
Бир кезде тоңгон бою жибип, сөөгү жылый баштадыбы Карагерге жан кирди. Карагер арышын арбытты. Барган сайын улам күчөгөндөн күчөдү. Ысык-Ата бекеттен өтө бергендеги өрдө Карагер алдыга кеткен аттардын далайын басты. Ондон-бештен таштады. Улам тер чыгып бою жибиген сайын жерге жабыша калып чуркайт байкуш Карагер! Ныязкул бирөөнүн тулпарын мине качкансып, үстүнөн учуп кете жаздап ээрде араң токтоп келатат. Алдыңкы аттар тушалгандай калды... Карагердин чуркаганы шумдук. Тимелечи... Шамалдай аркырайт жаныбар...
Мара жакындап, эл дүрбөй түштү. Ныязкул кылчайып артын караса аттар көрүнбөйт. Күлүктөр алда кайда калган. Алдына көз чаптырса өзүнөн башка бир караан жок. Ныязкул чыгып баратканына толук ишене албай жүрөксүп, утур арты-кийнине кылчактап элеңдейт. Карагер байкуштун бүткөн бою жылып, чамбыл ала кара моюн болуп, тармал тер чыккан сайын жанын таштап кулачын жаят. Туурасынан качырып, деген аттар Карагерге жетпей калды. Ошончо күлүктөрдөн биринчи болуп келгенине Ныязкул өзү да маңөдүр-даңөдүр. Эл ызы-чуу түшүп, ырчылар, уйчу Карагерди суулуктан алып чукул коштоп, мактап жүрсө болобу? Мына кызык!.. Үстүндөгү Ныязкулду адам тааныгыс. Кое берген жерде бардык аттардын артында калып, даңкандап чачыраган ылай-топурактар Ныязкулдун бети-башына жабышкан. Ботала. Тимеле балчыкка оонагандай.
Мына кызыкты көрсөң, уйчу Карагерден көр. Чыгып келди.
[1] Тепме чепкен — жүндөн согуп, чийдин үстүнө салып жыңайлактанып тебелеп, ноотудай түгүн чыгарып туруп бычып тигет.
[2] Бекет. Ысык-Ата бекетин айтып жатат.
АЯГЫ.
-
Темасы: Кара шумкар. Рыскулов Сардарбек
Жазылган күн: 24 Дек 2015
* * *Масеилдин бели. Бул канчалык алыс жер дейсиң? Чатыр күндүн батышын бет алып жүрүп олтуруп, Ак-Сай түгөнүп, Арпа түгөнүп, анан Масеилдин тоосу башталат.
Эртең менен айдалган аттар түш оой араң Масеилдин белине жетти. Аттарды белдин берки торпусунун түбүнө такап барып кое берүүгө бүтүм болгон. Ал түгүл бир күн мурун бул жерге калыс кишилер да жиберилген. Алар дал ошол жерге жеткен күлүктөрдүн бирин калтырбай каттап, чоттоп чыгышты. Ал чапкан балдардын колуна болуштун мөөрү басылган келди-кетти белгиси бар, кагаз берилүүгө чейин сүйлөшүлгөн. Бул иш башынан бышкан иш. Муну жалаң күлүк ээлери эмес, ашка келген элдин баары билет.
Күлүктөр Масеилдин белине келгенде алардын алдынан топтошуп он чакты адам чыкты, жанагы күтүп жаткан калыстар ушулар. Алар аттарды жайдактатып бетеге чалдырышты. Ээр токумдарын оңдоп токушту. Келген күлүктөрдүн бири калбай тизмеге алынды. Балдардын колуна куш тилиндей белгилүү кагаздар да берилди. Анан күлүктөрдү жыйырмадан беш топко бөлүп катар койду. Бир аздан соң «оомийин» айтылды. Күлүктөр үрккөн кийиктей дабырады. Бир да ат көрүнбөдү. Артынан тумандаган гана чаң көрүндү.
* * *Тигине. Тээ-тетиги созолонгон чаңды карачы? Дал ушул арпанын түштүк жаккы кылаасы менен кел айланган сыяктуу тоо этектеп жээктей салып, биринен-бири өтүп калың күлүк келатат. Жедеп күлүк чаап маш болгон балдар ат үстүнө камчы урат, капырай шумдук?!! Куш үстүндө бараткандай шуулдайт. Ат үстүнөн учуп кетпегенин кара? Буларды ээрге жабыштырып чыраштап таштаганбы? ..
«Кер кашка ат тарткан жерден чыгат. Арпаны ортолоп келгенче алдына жылкы салбайт. Бирок артынан Ысмайылдын кызыл аты жете келет. Кызыл ат Турдукенин аты. Аны Чериктин саяпкери Ысмайыл таптаган. Арпа менен Аксайдын кошулган өндүрүндөгү өргө жармашканда кызыл ат байкуш Кер кашка аттан өксүп-өксүп кала берет. Чалыш эмеспи. Анткени чалыштын алдынкы буттары узун болот. Чалыш ургундай ылдыйда катуу чуркап, өрүдө өксүйт. Белине күч келет. Себеби: алдыңкы эки бут бийиктеп, салмак артка тартылат. А Кер кашка ат болсо телегейи тегиз келген жылкы, өйдө-ылдыйы бир, ылгабайт. Күлүктүгү төрт аягында тең бар.
Кызыл аттан узагандан кийин сени какшаалдын Кара Бозу шаштырат. Кара Боз Ак-Сайдын өрүндө сени басып өтөт. Өтсө өтө берсин. Сен тизгиниңди жыя тартып, Кара Боздун оюна кой. Эшик-төрдөн алыс узабай куйрук улаш жүрүп отур. Кер кашка аттан узайм менен койгулакка алып, камчы үстүнө камчы урат. Кара Боздун күчү кетет. Аны сенден мурун Кер кашка ат да билет. Бир калыпта жүгүрүп олтурат. Үч аркардын тумшугундагы имерилиштен өткөндө Кара Бозду тер басат. Төрт буту төрт жакка тайрактап, куйругун булгалаган бойдон дал ошол жерде калат. Бир келсе артыңан удаа Бугунун тору айгыры келет».
Ат чубатуудан мурун эле Шергазы бул сөздөрдүн баарын Рысалынын кулагына куюп койгон. Рысалы Шергазынын баштагы билгичтигинен да дал ушунусуна ыраазы болду. Ал ат үстүндө келатып ичинен сүйлөндү:
— Капырай!.. Шекен эмне деген адам?!. Айтып берчүсү бар, олуя!..
* * *Үч аркардын тумшугунан өтө бергенде эки жагынан кууш жар кыскан тар кысык бар. Андан айланып өтүүгө болбойт. Жол жок. Дал ошол кысыктын ортосун тилип өткөн жалгыз аяк жол. Бул жерден аттар бирден чубайт. Эки ат катар өтө албайт. Ошол тар жолго жакындаганда Рысалынын жүрөгү опкоолжуй түштү. Аркы өйүз, берки өйүз болуп колдоруна найза алып шымдактай тизилип турган бештен он кишини көрдү. Алардан айлана чаап өтүп кетүүгө ошолордун ортосундагы жалгыз аяк бир тилим көктөй болгон тасма жолдон башка ачык жер жок.
Тар, өтө кууш. Эки жагы капчыгай. Кысылыш. Жан алгычтай он киши шымаланып билектерин чыканагынан өткөзө карысына чейин түрүнгөн, найзаларынын сабына түкүрүнүп маңдай тескей бири-бирин тиктешет. Ыкыс коюп калчудай кирпик ирмешпейт. Алдындагы курч аттар согончок кысып койсо маңдайындагы жарга барып бир тийчүдөй. Атылып кетчү мылтыктай октос берип, араң турушат үстүндөгүлөр. .. Баары жылаң баш, найзага түшчүдөй баштарын жоолук менен бууп алышкан. Адам тааныбагандай түрлөрүн өзгөрткөн. Жекеме-жекеге чыкчуудай каны ичине тартып, найзаларынын учтарынан ажалдын илеби согот. Кадимки жомоктогу айтылган түнкү каракчылардын турпаты, сөлөкөтү жүздөрүндө турат.
Чукул кирип келген Рысалы аттын оозун жыя кармап тура калды да, камчы кармаган оң колун алдына сунуп тамагы айрылганча күч менен чаңырып жиберди:
— Байкелее-еер? !. Тээтиги аюуну карагылачы, бир баланы тиштеп алыптыр!! !
Тосмочулар селдейе түштү. Рысалы учурдан пайдаланды. Тизгинин жыя тартып келаткан аттын оозун кое берип, колтукка эки согончогу менен кысып койгондо, Кер кашка ат бир секирүү менен жолдун аркы учуна чыга түштү. Экинчи секиргенде тигил найзачан жан алгычтар ат менен баланы саябыз деп бири-бирине кабыша түштү. Ортодон Кер кашка аттын кандай өтүп кеткенин билбей калышты. Кууган менен жетмек кайда. Алдыдагы атырылган аттары эмес, ыргыткан таштары жакындаган жок. Рысалы узагандан узап, артындагы чаңын түтүндөй созолонтуп караанын көргөзбөй кете берди.
Ат жөнөөрдүн алдында суук кабарды угуп калган солтолордун жүрөгү чыдаган жок. Чый-пыйы чыгып турду. Алар элден бөлүнүп, узак жерге чейин утурлап жол тосуп келишти. Көрүнөө дардайып ачык бастыра алышпай, жолдун жээгиндеги дөбөлөрдүн биринин далдоосун калкалай жамынышып, тебетейлерин колтугуна кысып дөбөнүн кырынан баштарын кылтыйтып, моюндарын созот. Ат келаткан жактан көздөрүн албай тиктешет:
— Алда кандай иш болуп кетээр экен?!.
Жүрөктөрү чапкан аттын дүбүртүндөй. Дик-дик, дик-дик! Түрс-түрс, түрс-түрс!
Алыстан-алыстан созолонуп чаң көтөрүлдү. Ошол түтүндөй созулган чаңдын алдында жалгыз караан булбүлдөйт.
— Чыккан ат көрүнөт?!
— А кудай Кер кашка ат болсо экен?
— Солтонун арбагы колдой көр? — Чериктер жанында тургансып солтолор шыбырашып сүйлөшөт.
Булбул караан жакындаган сайын ат экени билинди. Артында өзүнөн башка жан көрүнбөйт. Учуп-куйүп бөтөнчө алыс келатат. Бул Кер кашка ат болучу.
Баятан бери ачыкка чыга албай кирпиктешип дөбөнүн далдаасында бугуп жаткан үркөрдөй топ солто, Кер кашка ат, менен Рысалынын караанын тааныганда «ак сарыбашылын» айтышып, шапа-шупа аттарына жабыла минишип, мараны көздөй чөлө коюшту. Артынан дүрбөп чаап, кыйкырык-сүрөөн түшкөндөргө сыйпатпай Рысалы калың элдин тобун үч айлана тегеренип келип анан токтоду. Ошондон кийин араң экинчи ат келди. Чоро Кер кашка атты карап да койгон жок. Ал даекчиге «чыккан ат» деп, экинчи атты карматты.
Чоро чоңдугун көрсөтө баштады. Көпчүлүккө жар салдырды:
— Чериктер Ажыке баатырдын ашына Солтону чакырбаптыр. Аты чыкса да солтого байге жок. Жеткен жеринде алсын!..
Каба дагы бакыра баштады:
— Атаңдын кана көрү Маңчынын уулу!.. Ай ушул итти!.. Ботом күлүк аттын эмгегин жейт деген эмне жакшылык?! .
Чериктер менен Каба тукуму чабышып кала жаздап, ортого эстүү баштуулар түшүп жатып араңдан зорго бас-бас болду. Каба ат үстүнөн туруп Байзакка калыстык сөзүн айтты:
— Байзак балам, «Солтонун атынын байгесин талашып Сегизбектин балдары кырылышыптыр» деген журтка жаман наам кала турган, атыңдын чыкканын биз көрдүк. Менден баштап ушу турган элдин ичиндеги аттуу-баштуулардан күбө салып улукка арыз бер. Бийлик азыр улуктун колуна өтпөдүбү. Орус калкы эмеспи, силер оруска жакынсыңар. Байгеңди кестирип ал?!.
Арга канча. «Алы жетпеген акыретчил» дегендей Байзак буга да макул болду. Анан Каба Кер кашка атты тиктеп туруп, камчы кармаган колун көтөрө жаңсап, ээрдин үстүнөн өйдө обдула калды да Рысалыны карады:
— Кер кашка аттын даңазасын көп укчу элек. Тээ тетиги жерден тетиги жерге чейин менин ээк алдымдан жүгүртүп өтчү, аяк таштап чуркаганын өз көзүм менен бир көрөйүн, балам?!.
Солтолор жапырт дуу дей түштү:
— Чап, Рысалы!.. Чап, Каба баатыр өз көзү менен көрсүн!..
Рысалы Кер кашка ат менен тай чабым жерге чейин барып, кайра тартты. Кер кашка ат ар кай жерден бир тийип, Кабанын алдынан өттү. Туяктан серпилген топурактар уучтап ыргыткандай асманды карай бүркүлдү. Каба сакалын экчеп, башын силкилдетти:
— Болду, болду, балам?! Баракелде! Күлүк болбосоң кое кал! Дал ушундай чуркайт деп укчу элек!
IV
Байзак боз үйдүн оң капшытынын туурдугун керегенин беш көгүнө чейин кайра түрдүрүп таштап, чыканагына катар-катар куш жаздыктардан коюп, аюу талпактын үстүндө уйку-соонун ортосунда жаткан. Дал ошол учурда Шергазы эшиктен шып кирип келди. Бүктөлгөн камчысын кош кабаты менен ортосунан бириктире кармап, эки колун бооруна кысып, Байзакка баш уруп, жүгүнгөн келиндей ийилип салам берди. Капшытта желденип жаткан Байзак тигил добуштан улам, илең-салаң козголду. Анан жүзүн оңго буруп, үзүлүп бараткан оорулуу адамдан бетер ыңгыранды. Калбайган эриндерин бүлкүлдөтүп, кабагын бүктөп-бүктөп, көзүн жүлжүйтүп туруп ылаалаган аттай башын ийкеп, ооз учу менен алик алган болду. Анын мүнөзүн байкап, «бир балакет болуп кетеби» дегендей Шергазынын жүрөгү опкоолжуй түштү. Көптөн кийин же отура албай, же тура албай коомайланып турган Шергазыны тумшугу менен жаңсап «отур» дегендей бутунун аяк жагын көрсөтүп, ишаарат кылды Байзак. Шергазы бүктөлгөн камчысын бүктөөсү боюнча оң тизесинин алдына басып, коломтого жакын, Байзактан обочороок отурду.
— И... — деди Байзак ыңгыранып, — таптыңбы?
— Жок. Таба албадым... Шергазы кылмыштуу адамдай башын шылкыйтып, жер тиктеди.
— Анда эмне кылыш керек? — Байзак мурункудан да кабаарып, катуу бүркөлдү.
— Башы, жогорку Кегетинин сайы, аягы — Кара-Балта, Сокулукка чейин атагы угулган жаңы күлүктөрдүн бирин калтырбай көрүп чыктым. Бир да бирөөнүн жарачуусу жок экен.
— Анда эмне кылыш керек? — Байзак куйрукка тепкендей башын көтөрүп, оңурайып тура калды...
Шергазы оор улутунду да, оң колунун алакан манжалары менен чекесин сыйпалап туруп:
— Али да болсо Кер кашка аттан үмүтүм бар, дагы бир чуркамы калгандай болду эле, —деди.
Байзак баягыдан бетер буркуйду:
— Баатырдын ашына атап койбодук беле, жал куйругун отоп. Жазгы ыраңда кеткен. Чөйчөк алды. Быйыл жалаң асыйы жыйырма беш. Картаң ат. Ичин майга жык толтурду. Карын-картасы аңтарылбай, казысы сөөм болгондур. Анын этинен этти шылып эле таштабаса, кантип тапка келет. Аш берерибизге кырк беш күн калса, аягы — Талас, башы — Көл, өйүзү — казак Көкөтөйдүн ашындай ааламга бүт кабарлап койсок... Сага ишенип олтуруп, сени күлүк табат деп, солтонун кыл куйругун бүт сайсам, аты чыккан эл казыгын сууруп, желесин кыркып, жер майыштырып дүбүрөтүп айдап кетсе, ит улуп, эл кур жалак калса, анын айласы не болот?
Кабаарыган Байзакка Шергазы чечкиндүү сүйлөдү:
— Кер кашка атты колума тийгиз? Аракет кылып көрөйүн... Көңүл калтырбас, намыс алып берер, чуу көтөргөн ак жолтой мал — Кер кашка ат.
Байзак дагы түнөрдү:
— Сөзсүз чыгарам, — деп айт! Кер кашка атты Суусамырдан эртең алдырып келип берем. Кокус чыкпай калса башың менен жооп бересиң, чочком?!! Аракет кылып көрөйүнүңө макул болгондой акмакты тапкан экенсиң? — Муруттары камандын жалындай тик сайылып, эки көзү кутурган карышкырдыкындай кыпкызыл болуп канталап, заары бетине чыга түштү Байзактын.
Сөз бул күнү ушуну менен бүттү.
* * *Эки күнгө жетпей Суусамырдан Кер кашка ат келди. Ошол саат Шергазынын колуна тийди. Шергазы аттын ар жак, бер жагына чыгып, тегерене чуркап карады. Бүтүп калган экен жаныбар. Борго байлаган өгүздүкүндөй бурталары эшилип, киндик майы калпактай буртуят, Куюшкандын кошулган жериндеги үч кошкон кадимки чөйчөктөй чуңкур. Жылкы өтө семиргенде үч кошкондун кошулган жери үңүрөйүп калат деген чын тура. Эки жамбаштын урчуктарындагы балык эттер шишигендей өйдө көтөрүлүп олтуруп томпоюп көөп чыгыптыр. Мына ушундай семиз, карт атты кырк күндүн ичинде Шергазы эмес, Толубай сынчы болсоң да оңуна салып көр.
Байзактын жүрөгүндө дал ушул ой калды.
Кер кашка ат менен Шергазыга Аламүдүн капчыгайынын оозуна чыга бериштеги чоң сазга атайын өзүнчө бөтөн, жалгыз үй тиктирип берди. Чечек чыккан эмедей айылдан окчун кондурду. Кер кашка ат колуна тийген күндөн тартып саяпкердин күндүз тынчы, түнкүсүн уйкусу жоголду. Атты да аяган жок. Кээ бир күндөрдө керээли кечке улакка салат. Ким сураса аябайт, кармата берет. Карылуу аттарга урунуп, күлүктүн буту-колу сынып калбасын деп саяпкер ойлоп да койбойт. Кечинде тери төгүлүп турганына карабай ээр токумун шыпырып, сазга жайдактап агытып жиберет. Күндүн кайнап турган ысыгында да алыс-алыс катуу барып, катуу келет. Көл-шал түшүрөт. Ошол саат көкүрөгүн бастырбастай отко кое берет. Көрсө казы-картанын майын саздын балыр аралашкан суу чөбү кара курумга айландырат экен да, куркуратып ичин алып, эриген майды шатырактатып айдап түшөт тура. Далай жолу ошентип ич майларын агызгандан кийин саяпкер аттын табын дагы башка ыкмага салды.
Атайылап тигилген боз үйдүн сыртын кош кабат тутуулатты. Ортосуна ат баткандай кылып, арчанын дүмүрүнөн калатып эки бөлөк коломто жасап, от жактырды. Ал кыпкызыл өрө кийиздер менен чүмбөттөп, оорулуу адамды бууга алган табыптан бетер тер алып кирди. Адам, ат да чыдады ошого. Бүткөн боюнан чоло жер калбай кара тер шорголоп, мончок-мончоктонуп төрт туяктын тегерегиндеги кундуз жүндөрүнүн арасынан сызылган көз-көз чыбырчык эриген майлар биринин артынан бири удаа-удаа тыпылдап таамп турду. Көрсө, Шекеңдин Кер кашка аттын сырткы этиндеги кыртыш майын жойдуруп жаткандагы амалы тура. Бул жумуштарын да көпкө созгон жок. Бат бүтүрдү. Андан кийин кай бир күндөрдө айыл-апада майда ат чабыштар боло калса кошо берчү болду. Адегенде аттардын эң артында калып жүрдү. Анан аттын оор этинен ажыраганын билип, дагы кай жеринде кандай кемчили калганына байкоо жүргүзчү болду саяпкер.
Бир күнү Чүйдүн суусунун кууш жерине төрт арканды кабаттап толгой чыйраттырды да, аркы өйүзү менен берки өйүзүнө керме тартты. Анан атты жайдактап туруп суунун чок ортосуна аса байлап салды. Кызыл күүгүмдө чечип келип отко коюп тойгузуп туруп, кайра алып барып байлап койчу болду. Качан гана ат муздак суудан ичиркенип чыйрыга баштап, керменин ар жагына бир, бер жагына бир түйүлүп секиргенден кийин үчүнчү күн дегенде атты суудан чыгарды. Көрсө, Шекеңдин Кер кашка ат чуркаганда баштагысындай болбой төрт бутун жай таштап, буйдалып жүргөнүн байкаган тура. Шыйрак жиликтериндеги чучуктун тунук майынын өтө жооноюп кеткенин билип жүргөн тура. Ал эми муздак сууга жилиги какшаса, картаң аттын аягы жеңилдеп чучук майы ичкерет экен да. Муну билбесе саяпкер болобу?..
Отуз тогуз күн дегенде эртең менен Байзакка келип «атты колдон чыгарып бүттүм» деп кабарлады Шергазы.
* * *Туш-тараптан топ-топ эл келе берди, Аштын шаан-шөкөтү башталды. Жер-жерлерден келген күлүктөрдүн бирин калтырбай кыдырып, Шергазы көрүп чыкты. Кечке маал ат суутууга жөнөөрдүн алдында атайылап тигилген үйүндө чай ичип олтурган болчу Шергазы. Аңгыча болбой үйдүн өпкө тушунан бир аттын дүбүртү өттү. Аны уккан Шергазынын колунан чынысы ыргып кетти. Саяпкердин жүрөгү «болк» дей түштү. Эшикке кепичин кийбестен маасычан чуркап чыкты. Жанагы ат көп жерге узап кетиптир. Ошол атты, ошонун саяпкерин көргүсү келди Шергазы. Чыдай албады. Өзү минип турган карагерине шапа-шуп аттанып, камчы үстүнө камчы уруп, артынан жөнөдү. Барса, Теңгечинин тору аты деген таластыктардын аты экен. Атты бир бала жайдактап, ары-бери жетелеп, терин кургатып туруптур. Тору ат Талас өрөөнүн бүт баскан атактуу ат. Саяпкери Нанай деген киши өмүрү күлүк чаап, күлүк таптагандан башка кесип кылбаган адам. Аттын күлүктүгүндө өөн жок. Телегейи тегиз келген. А дагы бир Кер кашка аттын өзү көрүнөт. Ат табына канган. Жалгыз чыгаары гана калган. Бул ашка келген күлүк аттардан бирден-бир чочулаганы ушул ат болду Шергазынын. Бул ат каргыш жегендей Шергазынын жүрөгүн өйүдү. Саяпкери да мыкты. Ат да күлүк. Анын үстүнө эч жеринде өөн жок. Кыл табында. Кер кашка атты бир мерт кылса ушул мерт кылат. Эмне кылуу керек? Шергазынын айласы кетип калды. Өзүнүн саяпкер экенин билгизбей атты көрмөксөн киши болуп, шылкыйып, илең-салаң бастырып, кайра өзүнүн үйүнө келип түштү. Келээри менен Кер кашка аттын ар жак, бер жагына чыкты. Бир жеринде кырты бардай жүрөгүнө жипкирип туруп алды, көп ойлонду. Бирок өзүнүн акылы жетпеди.
Бул учурда Кер кашка атты көрөбүз деген саяпкерлердин да тынчы кетип жатты. Биринен сала бири келип, астыртан уурданып көрүп кеткендери да болду. Шергазы анчалык тартынган жок, келген элге ачык эле көрсөтүп турду. Анын эси-дарты тиги таластык саяпкерде. «Ошол келип көрсө, ошол эмне дейт? Ошол билет Кер кашка аттын кай жеринде эмне жетпегенин! Андан башка саяпкерлерден көргөнү эмне, көрбөгөнү эмне?» Шергазыда ушул гана ой калды.
Акыры Таластын саяпкери, Нанай да келди. Кер кашка атты көрдү. Шергазынын санаасы тынды. Бирок саяпкер сырды тышына чыгарбай, ичине катып туруп алды. Жөн гана көңүл улап: «Жакшы экен. Табында экен. Эч кирти калбаптыр. Баракелде! Жакшы таптаган экенсиң» - ушуну айтты: «Жалгыз гана кирти, бел сөөгүнүн кыр аркаларында май калган. Ошондон ажыратсаң, атың чыгат, болбосо калат». Шергазы Нанайдын оң айтпай тетири айтып турганын байкап, кыжыры келе түштү: «Сиз билгенди биз да билебиз. Картаң ат белине күч жыйнабаса чуркай алабы. Ал майдан ажыратканда атта эмне ал калат».
Нанайдын оозу ошону менен казан көмкөргөндөй жап болду. Бирок Шергазы билбей турган Кер кашка аттын дагы кемчиликтери бар болучу. Ага Нанайдын көрөөрү менен көзү жеткен. Айткан жок.
Мунун сыр жашырганын Шергазы да билди. Бирок айла канча?
Таластан келген коноктордун үйүнө кызмат кылып туруу үчүн алдыртан тыңчы катары Рысалыны жиберишти. Рысалыга Нанайдын гана тили керек эле. Рысалы Кер кашка атты чаап жүргөн бала экенин таластыктар кайдан билишсин? Анын кулагы укпаган «дүлөй» тили сүйлөбөгөн «дудук». Бул атайын жасалган иш болчу. Коноктордун үйүнө от жагат, чай сунат, кызмат кылат. Сөз сурашса жооп бербейт. Кыйкырса укпайт. Меймандарды жаткырып коюп кетип калат. Нанай Кер кашка атты көрүп келгенден кийин таластыктар аны тегеректешип, аттын жайын сурашты. Нанай кыйыктангансыды. Тиги үйдө кызмат кылып жүргөн баладан чочулагандай шектенди. Эл жаалап кетишти: «кулагы «дүлөй», тилсиз «дудук», анын эмнесинен шек аласың?»
Нанай көпкө чейин тарткынчыктап туруп, анан муну айтты: «Кер кашка атта эки айып бар. Саяпкери мыкты экен, семиз атты кыска убакыттын ичинде чукул кайрып тапка келтириш деген оңой иш эмес.
Биринчи айыбы, жайлаган жайлоосу таштуу төр болсо керек. Туягы кичирейип, тукулжурап калыптыр. Анын үстүнө колго алгандан бери этинен аздырам деп олтуруп, атты катуу кыйнап таштаган. Таптагандан бери така көрбөптүр. Ар бир секирген сайын бир элиден кемип түшөт, анткени төрт туягы тең тайпаң болуп калган.
Экинчи айыбы, ичке жиликтеги чучук майды алам деп жатып сууга көп байлап таштаган. Чыйрыгып олтуруп картасына катуу тезек пайда болгон. Ат кабагын салып турбайбы, эки көздүн чанагы тойбой. Аны оңой мечен түшүрө албайт. Ат күч менен аттаганда ичи ооруйт, катуу секирип, кериле түшкөндө ичке картаны ошол каткан бир тоголок тезек өйкөйт. Анан ат ойдогудай чуркабай, аярлап чуркайт. Бул экөөнү Шергазы тапса Кер кашка ат чыгат. Таба албаса биздин ат чыгат».
Бул сөздү угаары менен конокторду жаткырып коюп Рысалы жылып жоголду.
Шергазы Кер кашкага жаңы саалган бээнин бир чака сүтүн ичирип жиберди да, анан ээр токутуп Рысалыны мингизди: «Бат-бат чукул имерип, тегерете чап». Рысалы атты бир нече жолу аң-дөң, коо арыктардан түйүлтүп өттү. Чапкан сайын мойнун чукул буруп, суулукту катуу силкип, аттын башын тез буруп жатты. Бир кезде бир тоголок кара комок аттын куйругунун астынан ыргып кеткендей болду. Түшкөн жеринен таап келип, эки таштын ортосуна коюп талкалашты. Нанай айткандай катып, кургап калган экен. Көптөн бери ичинде сакталып жүргөнү даана байкалды. Ой-боюна койбой бээнин жаңы саалган сүтү кууп чыккан көрүнөт. Ал эми төрт туяктын тайпаңын кетириш оңой да. Аны ийди менен бир паста быдырала, кыр-кыр кылып, одоно ийдилетип таштады.
«Эртең ат чабылат деген түнү Шергазы уктап жарыган жок. Ал түнү бою таң ашып турган Кер кашка аттын жанында болду. «Эгерде Кер кашка атты чыгара албасаң башың менен жооп бересиң!» Байзактын бул сөзү саяпкердин оюнан кетпей койду.
Ошол күнү түндүн да эч бир кирлиги жок, апачык болду. Асманды тастайтып кимдир бирөө таптаза даңгыратып шыпырып таштагандай. Дал төбөдө апапакай күмүш табактай болуп толгон ай гана акырын тегеренип билинбей жылып баратат. Учу кыйырына көз жеткис тунук көлдү мекендеп, энесин тегеректеген ак куунун балапандарындай болуп сан жылдыздар айды айлана курчап жыш топтолуп, көздөрүн бат-бат ирмеген кудум сүйкүмдү жаш балдар сыяктуу күлүңдөшүп, алыстан-алыстан жым-жым этип татынакай, сүйкүмдүү көрүнөт. Бөтөнчө ошол түнкү түндүн жылуусучу — мемирейт. Тээ тэтиги булут тешип, көк мелжип, учу менен көк асманды курсакка сайып турган Ала-тоонун чокуларын алкымдай чалып оролуп, жайды жайлата эрип бүтпөгөн ала-телек кар, муздар гана түп-түз даана тийген айдын нуруна чагылышып алда кайдан жаркырайт. Бул түнү саяпкерлер менен күлүк аттардан башка жан-жаныбар макулуктун баары тынч уйкуда, көшүлүп мемиреп жатышат.
Шергазы улам басып келип Кер кашка аттын мойнун кучактап, кайта-кайта катуу-катуу жыттагылайт.
— Эртең журт намысын алып келе көр?!. Эл алдында шерменде кыла көрбө?! Тырмактай тай кезиңде колума келдиң эле! Анда мен керилген кер муруттуу жигит эмес белем. Эми мына, сен да карыдың мен да карыдым. Экөөбүз тең карыдык.
Байкуш Шергазы Кер кашка атка таң атканча жалынып-жалбарып жатып таңды да атырды. Шергазынын муң-зарын Кер кашка ат билдиби жокпу?.. Аны ким билсин.
Шергазыны Кер кашка ат да тааныйт. Аны менен тайынан бери үйүр. Экөө бирге жатып, бирге туруп, бирге жуушап жүргөн макулуктардай бири-бири менен ынак. Ушул убакка чейин биринин оюна бири көнүп, биринин көңүлүн бири калтырбай келе жатышат. Кер кашка аттын бактысына Шергазыдай саяпкер, Шергазынын бактысына Кер кашка аттай күлүк тушма-туш төп келиш деген чанда гана боло турган тагдыр. Мындай бактылуулук турмушта көп кайталана бербейт. Кокусунан айкалышып, капылеттен кыябына келип түшөт.
«Калың эл түмөнү түрүлө чогулуп, качан гана бир ызы-чуу болордун алдында үстүнө жеп-жеңил жаш балдар чабалекейдей конуп, топ-топ болгон күлүк аттар элден бөлүнүп алыска-алыска айдалаарда, өлчөгөн жерине жетип, анан кайра жапырт бурулуп жанагы чогулган элге кошулганча ушул адам жаныман кетчү эмес эле. Карааныман карыш жылбай мени менен күнү-түнү бирге болуп ченеп жем, ченеп чөп, ченеп суу ичирип, теримди кырып, белимди сыдырып, соорумду сылап, көзүмдү ушалап, маңдайымдан жыттап, буту-колумду кармалап, кээде чүмбөттөп тердетсе, кээде жылаңачтап кургатып, бүткөн боюмду жеңилдетип, көңүлүмдү сергитип калчу эле. Дал ошондой окуя дагы кайталанган турабы» дегендей мынабу жакын адамынын кылган аракетинен улам сезип, улам шек алып, эртеңки боло турган окуяны Кер кашка ат да байкап, Кер кашка ат да билип жаткансыйт.
«Сөзсүз ызы-чуу болот. Мындай ызы-чуу кыйкырыктар далай жолу болгон, баштан өткөн. Эмне эле бул киши мага көптөн бери мурдагысындай жакындап, мурдагысындай имерилип, мурдагысындай ар түрдүү аракетке салып калды десе баягы болуп жүргөн көнүмүш адаттардын бири эртең башталат тура. Калың аттар чубатуудан өтүп, кайра тартканда кыйкырык сүрөөн, ызы-чуу күрү-гүү түшүп, чаң буркурап асманга көтөрүлүп, жанды жанга уруп, өлбөгөн жерде калып салгылашып, улам жүткүнүп моюн созуп, утур алды жагын талашып, бирибизге бирибиз беттеше түшүп, каптал кагышып, урунуп-беринип, капкайдан бери учка, түпкө тийип, жер каймактап сызган ылаачындай зып-зып этип сызып келет экенбиз го» дегендей Кер кашка ат да кайра-кайра улутунуп кайра-кайра кош таноолорунан оор-оор дем чыгарып, алдыда боло турган эртеңкини жүрөгү билип, жүрөгү сезип тургансыды.
Таң атканда отко коюп жатып тегеренип дагы бир сыйра атты карап чыкты Шергазы. Жок. Көзүнө Кер кашка ат алда немедей көрүндү. Жакшы сууган экен. Кечээ күндүз жумшак кыктуу короого оонатып, анан ошол короого атты жалгыз ээн таштап тынч уктаткан. Тегерегине кобур-собурду жолотпой, жакындап келаткан кишиге тебетейин булгалап: Ат уктап жатат, ат күч жыйнап жатат, быягы менен кел, деп жаңсап турган. Көрсө, кандай гана жан-жаныбар болбосун уктаганда күч жыйнап, чарчаганын унутуп, тула бою сергип, толукшуп эс алып калат тура.
Ат бүгүн Шергазынын көзүнө кадимкидей жашарып, кадимкидей башкача болуп, карт аттай көрүнбөй жүндөрү сыртына тартып, кунан-быштыныкындай жылтылдап калыптыр. Илгери-илгери баягы Ат-Башыдагы чуркаганындай оңуна келген. Шергазы ичинен кымылдап сүйүндү. Анан Кер кашка аттын толук жаш кездеги эргип чуркап турган күндөрү эсине түштү.
* * *Бул окуя мындан он жыл мурун болгон. «Көлдө сан жылкылуу Сары байдын атасы Солтонкул байдын ашы берилет экен. Баш байгесине миң жылкы саят экен» деген кабар жумурай журтка угулуп калат. Сарыбай өзүнүн күлүк күрөң атына ишенип, байгени оор саят. Күрөң атты ошол кездеги казактын белгилүү саяпкери Чаргын таптайт. Чаргынды атайы казак жеринен Каркыра тарабындагы Ысык-Ата, Сан-Таштан алып келет Сарыбай. Чаргын; «Эртең, бүрсүгүнү ат чабыш болот дегенге чейин Күрөң ат чыгат» дей берет. Буга Сарыбайдын санаасы тыныңкы. Өз аты чыкса, миң жылкысы өзүндө калат да.
Бул ашка Шергазы Кер кашка атты алып келет. Качан Кер кашка ат жетип барып калганда Чаргын Сарыбайга келип: «Сиздин атыңыз бирдин соңу болуп калды» дейт. Сарыбай чочуп кетет:
— Чыгат дебедиңиз беле?
— Чыгат дедим эле, жок, чыкпай калды,
— Эмне үчүн?
— Солтодон Баеттнн Кер кашка аты келиптир, ошол биринчи болот.
— Аны кантип билдиңиз?
— Ал тулпар. Тулпардан өтүп жылкы чуркачу беле? Чуркабайт. Кер кашка аттын дүбүртү жакындаганда башка күлүктөр сүрдөп жол бошото берет.
— Тулпар экенин кантип билебиз?
— Мен эмес, келген күлүк аттардын баары билди, ишенбесең бүт чабууга келген күлүктөрдү эртең Талды-Суунун суусуна айдатып барып сугарт. Эң биринчи Кер кашка ат тумшугун сууга малмайын, бир ат да суудан ооз тийип койбойт.
Эртеси Сарыбай «Келген күлүктөрдү Талды-Суунун көк кашка шар аккан суусунан сугаргыла» — деп буйрук берет. Анан өзү барып байкап турса, кечээки Чаргын айткандай, бардык күлүктөр сууну Кер кашка аттан кийин ичсе болобу?..
Сарыбайдын айласы кетти. Миң жылкысынан ажыраарына көзү жетип калды. Анан Сарыбай Шергазы баштаган солтолорду бүт чакырып алып, жакшылап конок кылып сыйлайт да, бир ат тартуулап, «силерди чакырган эмеспиз» деген жок шылтоо айтып, Кер кашка атты күлүктөргө коштурбайт. Бул иш Чаргындан кеткенин Шергазы билет. Анда болсо Кер кашка ат жаш эле.
* * *Анан Шергазы Кер кашка аттын Кочкордо Шерботонун ашындагы ат чабышта чуркаганын эсине түшүрдү. Ошондо аттарды Орто-Токойдун башы — Кескен-Таштан өткөрүп, кулаган ак ташка жеткире айдап, мараны Кара-Колдун оозундагы Ийри-Суунун четки кашатына орнотушкан. Кара-Колдун суусунун оң өйүзүндөгү калың ак чийде Кер кашка ат өзү менен сегиз болуп келаткан. Ошерден тосуп турган Шергазы тебетейин колтугуна кысып, кыйкырык-сүрөөгө алып, бакырып-өкүрүп жандай чапканда Кер кашка ат алдындагы сегиз күлүктү кашаттын этегине жеткирбей басканын карап тургандар байкап таң калышкан, Ошондо: Кер кашка аттын буту жерге тийди десе, кай бирлери жок, буту тийген жок, эки кулагын жапырып чийдин башы менен сызып учуп өттү, деп апыртышкан адамдар да болгон.
Кер кашка аттын көп жерлерде ушундай чуркаганы эсине түшүп, атты кайра-кайра тиктеп, өзүнчө бир жакшылыктын жылуу илеби ургандай жан ырахатка буулана калат, Шергазы.
* * *Адатта күлүктөр айдала электен мурун эл алдына бөлүнүп чыгып, жарчы акын жар салчу: Канча атка чейин байге сайылат? Байгеси эмне? Малбы, акчабы, буюмбу? Баш байгеси канча? Бул ашта андай шарт эмнегедир айтылбай калды. Эгерде күн мурун дайындалган иш болсо Найманбай акын сакалын жайкалтып топтон суурулуп шаңк дей түшмөк. Андай кабардын шеги билинбейт, тымтырс. Найманбайдын дабышы чыкпады. Эл кужу-кужу боло түштү.
«Баш байгени уксак. Биринчи аттыкы, анан экинчи, үчүнчүнүкү эмне болду экен. Кимден сурайбыз?» «Сен бар, мен бар» боло түшүп, анан чогулган элдин салабаттуу аксакал улуу адамдары Баякени өкүлдүккө ыйгарышты. Баяке Байзак турган топко түз бастырып барды. Бул ишти Байзактын өзүнөн сурамак болду. Андан башка кимден сурамак. Аштын ээси ошол Баеттин улуу баласы Байзак.
Баяке топ элдин ичинде боз жоргонун жалына оң бутун арта салып коюп, камчы сабы менен бөйрөгүн таянып, суусар тебетейин кабагына түшүрө кийип, элдин эл, журттун журт экени көзүнө көрүнбөй, оорусу салмактуу адамдан бетер ыңгыранып талып турган Байзакка келип салам айтты:
— Байзак мырза, тиги чогулган эл мени сага өкүл кылып жиберишти. Биринчи аттын баш байгеси эмне экен, ошону уга албай жатышат? — Баякени Байзак мойнун буруп бир карап алды да токтолбостон ат үстүнөн бурк этип жооп берди:
— Укпаса, ошол элге угузуп кой. Солтонун кыл куйругун бүт сайдым. Анын үстүнө Тагайдын үч уулунан үчтөн тогуз кул сайдым. Кулдун башчысы сен болдуң!
Баяке тумшукка чапкандай кайра тартты. Анткени ошол кездин эл бийлеген бий, болуштары Баякени кул дечү. Карачы, Байзактын көпкөнүн. Өзүнөн алда канча улуу, атасы менен тең катар курбалдаш сакалдуу кишини кандай какты?!.
* * *Күлүктөр чубатуудан өтүп, ат айдоочулар топтоло баштады. Жер-жерлерден келген күлүк аттардан саяпкерлер көздөрүн албайт. Бир кезде Нанай Кер кашка аттын алдынан өтүп баратканын байкап калды. Анын үстүндө баягы «дудук-дүлөй» жүрөт. Кер кашка аттын Нанай ойлогон эки кемтиги жоюлуп калыптыр. Нанай оң колу менен санын бир чаап алды, сыр алдырып койгонуна өкүнүп, минип турган атын камчысы менен моюн талаштыра бир салды да, жолдошторунун тобуна барып кошулду.
Ат үч топко бөлүнүп айдалды. Алдыңкы топту чүйлүктөр, көлдүктөр, сырттыктар, ортоңку топту таластыктар, акыркы топту казактар алды. Казак Ногойбай атайы колко кылып: «Биз жалпы кыргызга келген конокауз, ошондуктан, конокту сыйласаңар, бизге акыркы топту бергиле», деп жүйөгө жыкты. Ногойбай Кыз кула деген күлүк атты таптатып алып келген. Бул ат да казактын көп жерлериндеги атактуу аш-тойлорунда чыгып, башка аттарга байге бербей жүргөн күлүк. Ногойбайдын амалы: «алдоо» деген жерде арттагы топтун аттары мурун кайрылып, жолдун алдын ээлеп калат. Аз да болсо озгондун иши озгон дегендей бир топко чейин казактын аттары узап кетет деген амал эле.
Аттар жөнөөрү менен Турап сурнайчы, Муратаалы кыякчы «Ат кеттини» тартты, калың элге бир аз эрмек болду. Андан кийин кезек кыргыздын, казактын улуттук оюндары: эңиш, күрөш, кыз куумай, улак тартыш, жамбы атыштарга өттү.
Күлүктөр күндүн батышын көздөй айдалып отурушуп, Шамендин кара дөбөсүнөн өтүп, үч суунун куйганына: Кара-Балта, Ак-Суу, Чүйдүн суусуна кошулган жериндеги кумдун башынан кайтмак болду... О... кайда?.. Кеминде үч ат чабым жер. Шергазы күн мурун «Дал ушерден кое бергиле» деп жолдун аркы өйүз, берки өйүзүнө эки дөбө таш үйдүргөн болчу. Бул белги ат айдоочуларга небактан бери маалым.
Ат айдоочулар ошол белгиге эки бутача жакындаганда күлүктөрдүн арт жагына чогула калышып өз ара сөз кыла кетишти:
— Кер кашка ат картайып калды. Чыгаар чыкпасын бир кудайдын өзү билет. Шергазы эмне, олуя бекен?! Андан көрө журттун намысын кетирбей Солтонун аттарынан бирөө чыкса экен — деп бирөө айтса, экинчи бирөө: — ошол Солтонун аты чыксын деп кудайга жалынып «оомийин» деп коелучу десе болобу? Ат айдоочулардын баары ага кошулуп: «оомийин» — деп жиберишти. Араң турган балдар батаны угаары менен бура тартып «дуу» коюшту. Кимди ким көрсүн чан асманга жете созулуп уюду да калды. Калың күлүктөр ат айдоочуларды ээ кылбай жамыраган козудай тебелеп кетишти. Өз кылгандары өзүнө мыш. Баарынан да күлүк аттар Шергазы болжогон жерге жетпей кайтканы жаман болбодубу?! .
* * *Шергазы үч жерге үч ат койдуруп. Кер кашка атты күтүп жатты. Биринчи тоскон жери Шамендин кара дөбөсү. Ошол дөбөнүн үстүнөн караганда ээк алдынан чууруп өткөн күлүктөр даана көрүнөт. «Ушу жерде Кер кашка ат он аттын арты болсо, алда кайда алыс чыгып барат. Кокус жыйырма аттын арты болсо кантээр экен. Бул чыкты, тиги чыкты болуп, байге тай-талашта калат го? Анда менин шорум катты!!! Ажалымдын жеткени ошол! Байзак башымды ийнимен таарып кескени ошол!!! »
Саяпкердин үшкүрүк аралаш оор улутунганын көрүшүп, жанында ат тосуп жүргөн бирин-эки топтошкон элдин: «Ай, саяпкериң менен да куруп кал ай» деп зээни кейиди.
* * *Алыстан, алыстан чаң созолонду. Мына, алды жакындан келип да калды. Күлүктөрдүн ири алдында казактын Кыз куласы, анын артынан дагы белгисиз үч, төрт ат өттү. Өзү менен он болуп Таластын тору аты баратат. Күлүктөр дагы өттү, дагы өттү. Кер кашка аттан дайын жок. Шергазынын чый-пыйы чыгып, заманасы куурулуп кетти. Бир паста жаны оозуна келди. Ал ойлоду: «Жыгылды же бирөө атайлап жолдон карасанатайлык кылды». Жок, аңгыча болбой «жарк» этип Кер кашка аттын кашкасы көрүндү. Шергазы атты көргөндө бакырып-өкүрүп ыйлап жиберди: «О... кокуй караңгүн! Ушул убакка чейин эмне кылып жүрөсүң?»
Рысалы эки тизгинди ээрдин кашына кайта-кайта орогон экен. Оңбогон күлапса!.. Эки колу карышып калыптыр. Май куйругу бийик көтөрүлүп барып ээрге кайта-кайта так-так тиет. Жедеп булчуңу көнүмүш болуп калган байкуш аны да биле турган эмес. Ал Шергазыны жалт карап алды. Саяпкердин көз жашын көрдү. Тизгиндин оромун ээрдин кашынан улам бирден чыгара баштады. Өзү менен жыйырма. Бирок, Кер кашка аттын күүсүндө айла жок. Кадимки жер кыртыштап учуп бараткан ылаачын, зуулдаган гана дабыш чыгып жер тегеренип көчүп бараткандай. Буга караганда алдыңкы аттардын аягы араң эле кыбырагансыйт. Туура жагынан карап тургандарга Кер кашка аттын шаңы да, дүбүртүнүн сүрү да ошондой болчу. Алдындагы үч-төрт күлүктү ошол эле жерден баскансыды. Шергазы байкуш турсунбу? Артынан чөлө койду. Анын аты да тандалган курч аттардан. Бирок, Кер кашка атка жетмек кайда?.. Оңбогопн Рысалы чычым. Аттын күчүн сактап, курчун кетирбей баратпайбы? Ал Кер кашка атты бүгүн эле чаап жатыптырбы? !.
Шергазы экинчи атына жетип минди. Улам жолдон жолуккандардан Кер кашка ат канча аттын артында баратканын сурайт. «Он аттын артында», «Жети аттын артында», «Беш аттын артында», «Төрт аттын артында» деген сөздөрдү кайта-кайта, улам-улам уга берди. Байкуш саяпкер дагы эле өлөөр-тирилээрине карабай жанын үрөп чаап баратат.
Үчүнчү атына минди. Үстүнө чыгаар менен дагы оозун кое берди. Ошол аты да жолдогу күлүктөрдүн далайын басып өттү. Дагы жолуккандардан сурайт: «Кер кашка ат канча аттын артында баратат?!»
Шергазы далай жерге барганда алдынан боз ат минип Осмонбек карыя чыкты. Бу да Кер кашка атты утурлап турган Шергазынын туугандарынын бири.
— Осоке, Кер кашка ат канча аттын артында баратат? — деди шашкалактаган Шергазы.
— Таластын тору аты алдыда, андан кийин казактардын Кыз куласы, үчүнчү Кер кашка ат,— деди Осмонбек. Шергазы дагы алдын көздөй сызды.
Кыз кула менен Таластын тору атына жакындаганда Рысалы ээрдин кашына оролгон тизгиндин баарын бошотуп, аттын оозун кое берип, күлүктүн күчүн сынады. Кер кашка ат алдыңкы экөөнө шак дей түштү. Бирок, алдыдагы эки аттын үстүндөгү балдары Рысалыны тороп тосуп, жол бербей коюшту. Кер кашка ат эки аттын ыргыткан даңканынан обочолоп бурулуп, жолдон чыкты да ала качкан эмедей тетирлеп жолдун сыртына салды. Аңгыча элдин чети көрүнүп, мара жакындай түштү. Кыз куладан шып деп өтүп, кайра жолго кирди да тору ат менен үзөңгү кагышты. Экөө тепетең баратат.
Маранын туусун кармаган ошол кезде Баеттен кийинки эл башы өңдөнгөн Рысбек болчу. Шергазы түпкү сүрөөгө кетээрдин алдында Рысбекке айтып кеткен: «Кокус Кер кашка ат тай-талаш болуп келатса көпчүлүктө ким байкап коюптур, тууну бир аз өйдөрөөк жылдырып кой». Мына, Рысбек дал ошондой кылды. Көпчүлүк байкаган жок. Тууну бир аз жерге алыстатып жылдырып таштады.
Рысалы элдин аягына келгенде атка эки, үч камчы басты. Кер кашка ат адатынча кулакты жапырып жерге жабыша түштү. Таластын аты да андан калышкан жок. Дагы эки, үч секиргенде тору аттан омуроосуна чейин аша түштү. Эл калыс эмеспи, баарын көрүп турушту.
Бирок, ошого карабастан таластыктар чыр кылды. Жете келген Шергазы:
— Андай болсо, эки атты кайра чабабыз, башма-баш болсун, — деди. Буга таластыктар чыдаган жок. Элдин жылкысы өрүшүндө калды.
V
Баеттикине келген сайын Жантели бай Апарга айтчу:
— Апар, айланайын?! Менин жылкым көп болгону менен тукумунан Кер кашка аттан башка күлүк чыккан жок. Бул да силердин эшигиңерге жараша болду окшойт. Энесин ээрчип келген тай атактуу күлүк болот деген кимдин оюнда бар? Үч уктаса түшкө кирбеген иш. Кокус Кер кашка атты сойсоңор башын өзүмө сактап койгула. Туулган жери — Кара-Кужурдагы мазар ташка алпарып коёюн. Ары-бери өткөн эл Кер кашка аттын башы деп көрүп турганы жакшы. — Бул сөз Апардын оюнан кетчү эмес. Эгер Кер кашка ат Баеттин ашына союлуп калса да Апар анын башын Жантели агасына коймок. Бирок, союлбай калгандан кийин аш тараары менен Жантели байды чакырып, Кер кашка атты тирүү-мүчө катары жетелетип жиберди. Жантели бай ал жылы Кер кашка атты колунда кыштатып, жазында өзү туулган жайлоосу Кара-Кужурга кое берип, күзүндө сойду. Кочкордун ошол учурдагы болуш бийлери атайы аңыз кылып: «Жантели байдыкына барып Кер кашка аттын этинен ооз тиебиз» деп келип жатышты. Бай аяган жок. Бирок, кандай жумшак жерин тандап салса да мүйүздөй каргыш. Болуш; бийлер «бир жума» чайнап жүрүп жутпаса, тамактарынан өтчүдөй эмес. Анын күлүктүгү ошондо турбайбы, этинин баары булчуң, каргыш, тарамыш.
Жантели бай Кер кашка аттын башын, төрт туягын, шыйрагы менен кошо катырып, Кара-Кужурдун Ак-Кыясындагы мазар таштын үстүнө алпарып койду. Ошол таштын үстүндө куурап жаткан Кер кашка аттын башы карылардын айтуусуна караганда кечээ жакынга чейин турган.
МЫРЗА ТОРУ аңгеме
Шамбет бала күнүнөн тартып атка шыктуу болду. Бул шык таятасы Бектенден оогон окшойт. Бектен демекчи ал ким эле? Бектен — кыргыздын атактуу уулу Саадаев Жайнактын чоң атасы. Бектен Токмоктун үстүндөгү Шамшынын өндүрүндө жашаган адам. Заманында кыргыз журтчулугунда Толубайдан кийинки саяпкер Бектен болгон дешет карыялар. Учурунда Бектен таптаган аттардын бирөө да байгеден кур калган эмес экен. Бирок кайран кишинин жетимиш жаштан аша бергенде эки көзү азис болуп көрбөй калыптыр. Ошого чейин Бектендин колунан бир-эки күлүк үзүлбөгөн окшойт. Жалгыз уулу Саадайды алтымыштан ашканда көргөн экен. Бектен улгайып баратканда эки карындашынан төрөлгөн эки жээнин колуна алып чоңойтуптур. Бирөө атактуу саяпкер Шергазы, экинчиси Төрөгелди баатырдын Батыркан деген уулунан төрөлгөн Шамбет. Шамбет менен Шергазы бир тууган бөлө. Бектен айтчу эле деп карыялардан угабыз: «Балам жаш болуп калды, өнөрүмдү үйрөтөйүн деп эки карындашымдын эки баласын колума алдым» деп.
Ошол Бектен саяпкердин көзү көрбөй калган учурда казак элинде байгеси чоң сайылган атактуу аш болуптур. Кабар кыргызга да жетет. Кыргыздар үч күлүк даярдайт. Ошондо Тынайдан чыккан Бекболот бий айтат: «Атаганат, Бектен саяпкердин эки көзү көрбөй калды, болбосо ушул үч аттын кимиси чыгаарын алдын ала билет болчу». «Анда Бектен карыяга алып баралычы көзү көрбөсө да акылы бизден артык», дешет көпчүлүк. Ошентип талаш-тартыш болуп жатып аттарды Бектен саяпкерге алып барышат.
Бектен өзү жаткан үйдүн туурдугун жабыкка чейин түрдүрүп керегелерин жылаңачтатат, анан күлүк аттардын улам бирин үйдү айландыра жетелетет. Өзү жаткан үйдүн ичинде керегелердин баштарын кармап, тыштагы жетеленген аттар менен кошо ээрчип үйдүн ичинде баса берет. Ар бир аттын кезеги өткөндөн кийин «Бул аттын өңү кандай?» деп сурап калат Бектен саяпкер. Карыганда кишинин кулагы да каңырыштап калат эмеспи. Жетелегенде катуу үн чыгарып жооп беришет.
— Тору.
— Бул аттыкычы?
— Кара.
— Булчу?
— Күрөң. — Акырында Бектен саяпкер. — Тиги тору менен кара атты жөн койгула. Мына бу кийинки жетеленип өткөн күрөң атты алып баргыла, силерге ушул ат намыс алып берет — дейт. Мыктылар Бектендин акылына көнбөй үч атты тең алып барышып, ошол чоң ашка чабылган күлүктөргө кошуп жиберишет. Тору ат менен кара ат байгеге жетпей орто жерде жинигип өлөт. Күрөң ат алда кайда алыс чыгып келет. Мына ошол Бектен саяпкердин жээндери Шергазы менен Шамбет.
* * *Бир жылы жазда Кочкордон Токмоктун базарына келди да, минип турган атын сатып, анын ордуна бир арык тору байтал сатып алды Шамбет. Жолдоштору аны жемеге алышты: «Жинди болгонсуңбу. Жакшы атыңды сатып ордуна жаман байталды алып...» «Жок, бул жаман байтал эмес, жамандыгы этинин арыктыгы, байкабайсыңарбы, мүчөсү жакшы экен. Кеч бооз көрүнөт. Кышта начар багылган да, ошон үчүн арык, ошон үчүн жаман. Жерден май чыгып келатпайбы. Күзгө чейин семирсе эшик төрдөй тору бээ болот. Арыктыгы, ичинде кулуну бар тура. Жакшылап багам, аман-эсен тууп берсе болду. «Жаныңды берсең бээге бер», деп чоң атам айткандай (Төрөкелди Шамбеттин чоң атасы бээ уурдап келсе, жан берип кутулуп кетчү экен. Жан берүү казак-кыргыздын катуу каргыш, анты) бээ аттан жакшы да, төл берет, сүт берет, күч берет.
Эгер бул байталга көзүм түшпөсө атымды сатмак эмесмин» деп койду.
Ошол тору байтал күзгө тартканда торсойгон эркек тору кулун тууду. Кулун жыл өткөн сайын чоңоюп тай болду, кунан болду, бышты болду. Жүрө-жүрө керилген сулуу тору ат болуп чыга келди. Кунанынан баштап чабылды. Алдына жылкы салган жок. Баатыркан уулу жарды болчу, байыды. Алды миңге чейин, арты беш жүздөн кой күтүштү. Ошонун көбү тору аттын байгесинен жукту. Шамбет мурут-сакалына устара тийгизчү эмес. Эркинче кое берчү. Ошондуктан сакал-муруту бакжайып бир түп коюу алтыганадай болуп, кабак-каштын алдынан эки бетинин оту жылтыраган көздөрү гана араң көрүнчү. Кебетесин көргөн бир жеңеси Шамбетти шылдыңдаптыр: «Бап-бап деп эле коесуң, оозуң көрүнбөйт. Оозуң каякта?» деп.
Шамбет күндөрдүн биринде күлүк торусун минип, калың эл чогулган топко барып калат. Ал жердегилер Шамбетке көңүл бурушпай көпкө чейин тору атты тиктеп туруп калышат. Эл сынчы да; «Үстүндөгү жигит мырза эмес, аты мырза экен», дешет. Ошондон тартып Мырза тору аталат. Чындыгында Мырза тору адамдын көзү тийгендей сулуу ат эле.
* * *Бир жылы күздө Токтосун Шадыкан уулу Шамбет Баатыркан уулуна келди. Булар менен эки ата өткөн тууган. «Турунбектин ашын берейин деп силерге акылдашканы келдим, (Турунбек Токтосундун жакын агасы, болуш болуп туруп өлгөн) биринчи аттын байгесине коондой семиз жүз торпок, жумурткадай аппак тогуз боз үй сайдым. Башка жактан келген бирөөнүн аты чыкса айла жок. Мырза торуга ишенип турам. Кокус Мырза тору чыгып калса жүз торпокту олжологула да, тогуз боз үйүмдү калтырып кеткиле». Токтосундун бул кенешине жалаң Баатыркандын балдары эмес Төрөгелди уулу бүт макул болду.
* * *Кочкор атанын сайында калың элдин тилингени билинбейт. Көпчүлүк опур-топурдан баш адашат. Кыргыздын ар түркүн оюндарынын бири калбай башталып: эр сайыш, балбан күрөш, эр эңиш, жамбы атмай, кыз куумай, кез таңмай, аркан тартмайлардын биринен сала бири кезеги менен кайталана берди. Керден чыныдай көмкөрүлгөн апаппак тогуз боз үй катары менен тигилген. Ар жактагы сайдын четинде коондой тоголонгон жүз торпокту эки-үч бала атчан имерип турушат. Булар биринчи чыккан аттын байгеси.
Чабылчу аттар оюн-тамаша баштала электен эчак мурун айдалган. Кеткен күлүктөрдүн саны баш аягы болуп жүз чамалап барды окшойт. Атбашы, Нарын, Кочкор, Жумгал, Тогуз-Торонун атактуу күлүктөрүнөн калып жарыбайт, бүт келиптир. Шамбет өзүнүн бир тууган иниси Мамбеттин анда-санда чабыла коюп жүргөн Күрөң атын минип, түпкү сүрөөгө чейин кетти. Түпкү сүрөө демекчи, ал күлүктөр менен кошо жеткен жерине чейин барбайт. Орто жолдо калып, аттарды ошерден күтөт, Өзүнүн чапкан күлүгү алдыңкы аттардан өксүп жетпей келатса, аны жандай салып чаап кыйкырык сүрөөнгө алып, соорулап олтуруп эң кур дегенде алдыңкы эки-үч аттан өткөрүп коет. Ошону түпкү сүрөө дейт. Ал сүрөп олтуруп дагы бер жакта күтүп олтургандарына жеткирет. Алар андан ары алып жөнөшөт.
Шамбет күлүктөрдү ээрчип барып алжанбай алышта калды. Алжанбай Арсыдагы (Арсы жердин аты, азыркы Кочкор совхозу турган жер) моңолдордун тыңы эле. Ал ага-ини айыл журту менен Арсынын өндүрүн ээлечү. Ошол какыраган өндүрдү көгөртүш үчүн Каракол, Сөөктүн суусу ортосун жарып өткөн Кара коонун капталындагы (Кара коо азыркы борбору) токойдун жээгине чейинки мелтиреген мейкин түстү сууга бастырып, чөбү калың шалбаа, даны жарылып бышкан арпа, буудайдын талаасына айландырып берип, элинин алкоосуна ээ болгон. Күлүктөр андан ары айдалып барып, Кулаган ак таштын маңдайынан кайра тартмак. Шамбет Алжанбай алыштын жээгиндеги жашаңга атынын ооздугун чыгарып, күлүктөрдү күтүп олтурду. Кулаган ак таштан ошол Алжанбай алышка чейинки аралык да өзүнчө бир чакан ат чабым келет.
Көптөн кийин Кескен таштын мойногун ашып түшө бериштеги калың чийдин арасынан уюлгуган чаң чыкты. Бул чаң күлүктөрдүн чаңы болчу. Шамбет антип-минтип атынын ооздугун катып мингенче аттардын алды ага жетип келди. Алдыда Мырза тору, бирок аны менен удаа куйрук улаш келаткан он-он беш ат. Күлүктөр күүлү, буга чейин бириндеп тобу жазылбайт. Шамбет Мырза торуну көргөндө эмнегедир алактап шаша түштү. Алышта суу мелт-калт толтура болчу. Кечип өтө турган жайык жери деле бар эле. Шайтан шаштырган Шамбет «кече чап» деп айтам деп туруп, «жандап чап» деп жиберсе болобу. Үстүндөгү баласы терең суусу бар бийик алыштын астыңкы жээгине салып, улам бир жеринен өтөм деп өтө албай олтуруп көпүрөнүн алдындагы туюкка барып кептелди. Андан ары жол. жок. Айласы кеткен Белек (ат чапкан баланын аты), кайра тартты да баягы артта калган (Шамбет турган) жайык кечүүгө келди. Келсе кечүүнүн кырында өз башын өзү койгулап, кокуй алатын коштоп Шамбет олтурган экен. Аттардын бири да калбай эчак эле алыштан өтүп узап кетишиптир. Белек жайыктан шашпай кечип алып, өлөр-тирилерине карабай күлүктөрдүн артынан Мырза торунун оозун коё берди. Аттардын аягына топурак белдин чаң уюлгуган түзүнө жетти. Ошол чаңы асманга созулган түздө катар-катары, тон-тобу менен далай аттарды артка таштады Мырза тору. Ак-Жардан өтүп, Түндүктүн коосуна жеткенде аттар суюла түштү Алдыда анда-санда гана үч-төрт ат болбосо, алыс узап бараткан аттар көрүнбөйт. Кум-Дөбөдөн өтө бергенде ал аттар да бириндеп артта кала берди. Ошондо да Мырза торунун мойнунан чым этип тер чыкпады. Ашынган саяпкер аттын боюна тамчы тер да калтырган эмес экен. Көрсө күлүк ат табына келгенде ымшып да койбойт тура. Туяктан ыргыган чаңдары ар кай жерден бурт-бурт этин асманга көтөрүлөт. Ошого болбой жер түтпөй ичип-жеп баратат. Канча күлүктү басып өткөнүн Белек билген жок. Эл карааны көрүнүп, Кочкор-Атадан ылдыйкы желе дөбөлөр жакындады. Мурда эле барып элге аралашып калбаса, алдында ат жок экенин Белек ошондо билди. Мырза тору артынан кууп, ызы-чуу түшкөн топко жеткирбей ээликкен бойдон марадан өтүп барып токтоду.
Шамбет күрөң аттын күчүнө салып арткы күлүктөр менен аралаш жетип келди. Ал жолдон ойлонгон. «Мырза тору бул жолку баш байгеден калды, деги ырым алып калсак болду» деп. Жок, андай болбоду. Келсе Мырза тору чыгып, ырчылар биринен сала бири макташып, ат менен Белекти ээрчип жүрүшүптүр.
Тогуз боз үйүн Токтосунга калтырып, коондой тоголонгон жүз торпокту алдына салышып Шамбеттер жолуна түштү. Соогатка бир торпок да карматышкан жок. Төрөгелди уулу чоң айыл эмеспи, аларга батынып бир киши да ооз ачпады.
* * *1875-жылдын күз айы. Эл жайлоодон кайра тартаарда Соң-Көлдө Нарындагы Ботокандын ашы берилди. Ал башталарына үч күн калганда ар тараптан келген элдин аягы үзүлбөй, көбөйгөндүн үстүнө көбөйдү. Күн батаарга жакын үйүр-үйүрүн бузбай топ-топ болушуп, зып-зып-зып этип канат каккан каз-өрдөктөр көл жээгиндеги түнөгүнө кандай түшүп жатса, Соң-Көлдөгү ашка келген эл да дал ошондой катарлап тигилген үйлөргө түшүп жатышты. Бул ат чабышка да тандалган күлүк аттар жер-жерлерден тандалып көп келди.
Чоң сакал Шамбет Кочкорду баскан атактуу саяпкер. Анын Мырза торусу кийинки үч-төрт жылдан бери алдына ат салбайт. Атагы алыска кеткен күлүк. Келбетине жараша телегейи тегиз келген, күлүктүгү бөтөнчө. Бирок Шамбет эмнегедир үч күндөн бери өзүнө-өзү нааразы. Ал атынын табынан жаңылып, эмне кылаар айласын таба албай жатат. Батага[1] эки жолу чапты, чыккан жок. Мурун тарткан жерден чыгып жүргөн Мырза тору бүгүн кемеге жарышта[2] да калды Шамбеттин айласы кетти. Өзүнчө бушайман болуп ичинен сүйлөндү: «Кой... кетейин?! Атымдын табынан жаңылып турам. Кай жеринде кырты бар экенин биле албадым».
Шамбет элден бөлүнүп Мырза торусун алып Соң-Көлдөн кайра тартты. Чоң-Дөбөдөн өтүп калганда алдынан топтошкон эл чыкты. Булар солтолор болчу. Ичинде Шергазы бар. Шергазынын бул ат чабышка атайылап таптан келаткан күлүгү жок. Ал ышкылуу неме жөн гана Соң-Көлдөгү күлүктөрдүн тамашасын көргөнү келди. Салам айтып учурашкандан кийин Шергазы Мырза торуну тиктеп калды.
— И... Шамбет?! Эмне кайра тарттың?
— Кетким келди Шаке.
— Эмне үчүн?
— Ээ... эки-үч күндөн бери Мырза торуну кайра-кайра чапсам мурункусундай эмес, көңүл калтырып салды.
— Тартчы атыңды, мындай?!
Шергазы Мырза торуну мындан мурун да нечен жолу көрүп жүргөн. Атты жолдун четине чыгарды да, жабуусун кайрып соорусун ачты.
— Атың жатып калган экен, бул ат сени кетирбейт го Шамбет, — деди Шергазы.
Шамбет ага карабай жолуна түштү. Шергазылар бир кыр ашкандан кийин, жолдон бурулуп сазга ат чалдырышты. Шамбет Мырза торунун ээр токумун бүт шыпырып жайдактады. Отуруп тура калып, кайра-кайра тиктеп тегерене басып, аттын ар жак-бер жагына чыга берди.
«Бул ат сени кетирбейт го Шамбет, жатып калыптыр». Бул сөз жүрөгүнүн башында туруп алды, ичинен сүйлөндү: «Ой тобоо... Капырай!.. Шергазынын менден артыкчылыгын кара?! Ырас эле ат жатып калган тура. Жүнүн салып, сары жыландай жылтылдап, саздын ар кайсы дөмбүл баштарынан улам бир тиштеп үзүп, шыпылдап жерге токтобойт. Жаныбар! Тынчы кетип табына келген экен. Кой, Белек! (Белек Мырза торуну такай чаап жүргөн бала) кайра тарталы». Шамбет кайра келип элге кошулду.
* * *Аттар эртеси күнү чабыла турган болду. Мырза тору менен Шамбетти топ арасынан Шергазы алыстан көрдү да, жолдошторуна карап кобурады: «Карагыла, тиги тыт сакал кайра келиптир, атында эки айып бар, билсе чыгарат, билбесе калтырат». Кандай айып экенин жолдошторунун бирөө да сураган жок. Шергазы да айткан жок.
Саяпкерлер күлүктөрүн кечки суутууга даярдап жатканда Шамбет мырза торудан түшкө чейин бир тер алды. Дал түштө көл жээгиндеги жашаңга тойгузуп, жумшак кумга оонатты. Шергазы муну да байкап турду. Кечинде эл катары кайра суутуп жөнөдү.
— Тапты — деди Шамбеттин аракетин байкап турган Шергазы жолдошторуна. — Мырза торуда эки тер бар болчу. Кайран тыт сакал. Кыйын экен. Атын оңуна салып кетти.
* * *Чоң-Дөбө. Көл аягы. Болгондо да берки өйүз. Төлөктүн белине жакын. Бул Соң-Көлдүн белгилүү жери. Жаратылышта түркүн кызыктар көп эмеспи. Көлдүн кылаасына жакын түптүз жерден томпоюп өйдө көтөрүлүп тоо болгусу келип, анан тоо боло албай калган соң ачыган камырдай көөп борсоюп барып туруп калган дөбө. Ага тушташ көлдүн ошол жаккы четинде агып келип токтогон үзүк сыяктуу Баатай арал жатат. Баатай аралдын бир бурчу кургак жер менен кол кармашып турат. Баатай арал каз, өрдөктүн мекени. Баатай аралга жазда барсаң өрдөк, каздын кыйгач төлдөп жатканын көрөсүң. Уя баскан каз-өрдөктөр таман алдыңан «бар» деп учат. Каздыкы же өрдөктүкү экени белгисиз, чыйылдаган балапандар коюу чыккан калың чөптүн арасында кумурскадай жайнайт. Анан тирденип, канат-куйругу жетилип энесин ээрчийт. Сууда сүзгөндү үйрөнүшөт. Кокус коркунучтуу бир нерседен чочуганда же өзүлөрүнчө эле учкусу келип «дүр» дей түшсө көптүгүн ошондо көрөсүң, күндүн бетин бербей калкалап, жерге кадимкидей көлөкө түшө калат. Ошентип кайта-кайта учушуп, кайта-кайта көлгө чалпылдап түшө беришет. Тажашпайт, чарчашпайт. Ошолорду карап туруп өзүнчө бир ырахатка батасың. Алардын учканын, алардын көл үстүндөгү тамашасын көз ирмебей көрүп тургуң келет. Айрыкча бирин-бири кубалашып ойногонучу, ананайындардын, анысы да өз алдынча бир кызык.
Соң-Көлдөгү ат чабышты көргөнү келген эл ошол Чоң-Дөбөнүн айланасына күн чыккандан тартып чогулушту. Элдин этеги Баатай аралга чейин жайылып, чети Кушмурунга жете серпилди. Ботокандын байбичеси аш берердин алдында түш көргөн экен. Байбиче балдары менен туугандарын үйүнө чакырып алып, түшүн жорутту.
«Баатай аралга биздин элдин жылкыларын толтура камагыла. Мейли миң, мейли эки миң болсун. Баш байге — аралдагы жылкы бүт дегиле, менин түшүмө аян берди. Чочулабагыла, өзүбүздүн ат чыгат, байге өзүбүздө калат».
Мына бүгүн дал ошондой болду. Байбиченин айтканындай калың жылкы аралга жык толду. Жылкылар бири-бири менен сөйкөнүшүп, биринин куйрук жалын бири жалмалап жатышты. Иримдин имерилген айланпа суусундай көп жылкынын орто жери чуңкураят. Тимеле чуркураган кара таан. Көл менен аралдын эзелтен берки ээси болгон каз-өрдөктөр камалган жылкыга аралын бошотуп берип кайда кеткени дайыны жок. Анда-санда гана чалгынчылардан бетер бирин-серини зыпылдап учуп келишет да, кайра кетишет. Сыягы алар аралдын бош эмес экенин байкап кетип жатышса керек.
Чабылуучу аттар чубатуудан өтүп узак кеткенден кийин адаттагыдай Шергазыны эл тегеректешти.
— Шергазы эмне дээр экен?! — мойнун созуп, кулагын тосуп, тикирейе тиктеген көпчүлүк. Ошол элдин арасында Ботокандын байбичеси жиберген тыңдоочу Шергазыга жабыша калчудай колтугуна кыналып, өтө жакын турат.
«Бүгүн эки тору ат узак салгылашат. Өлбөгөн жерде калышат. Жандарын үрөйт. Эрегишип чуркашат. Экөө тең кыл табында. Кимиси чыгаарын билбейм. Үчүнчү ат Муратаалынын боз чаары болор. Төртүнчү болуп Ботокандын өз аты келет». Шергазы дал ушундай даана айтып таштады. Шергазынын бул сөзүн уккан Ботокандын байбичесинин тыңдоочусу түн жутуп кеткен жалгыз караандай болуп элдин коюусуна сиңип жок болду.
Бул ашка Жумгалдан Жаназардын тору аты да келген. Тору ат — атактуу күлүктөрдөн. Бул ат да Шергазыга кунанынан бери белгилүү. Аягы Талас, башы Чүй, Ат-Башы, Нарын болгон жеринде нечен чабылган ат. Бирде биринчи, бирде экинчи болуп байгеден кур калбай жүргөн күлүк. Жаназардын колунда жок, нары жарды, нары букара болгондуктан, мындай атактуу аттын ээси болууга акысы жок да. Ошондуктан Жаназар бар болгону үч жыл гана тору атка ээ болду. Андан кийин атын зөөкүрлөр тартып кеткен. Бул ашта тору атка саяктын манабы Мырзабек ээ болду. Мырзабекке Жаназардан Кочкордун болушу Канат алып берген экен.
Аттарды Чоң-Дөбөдөн көлдүн күн батышын көздөй имерилте айдап олтуруп, Кара-Кеченин сайынан өткөрүп, анан аркы өйүзүнө салып кайра ылдый жээктетип, көлдүн түндүк тарабын бойлото сүрүп, аркы Нарын жаккы учу үч тулгадан кое бермек болушту. Ошондо Чоң-Дөбө менен Үч тулга өйүз-бүйүз, тушма-туш боло түшөт. Кыскасы, күлүктөр көлдүн аяк-башын толук бир айланып келет.
Шамбет өзүнүн жакын агасы Ыбыкенин Бука тору деген аты менен түпкү сүрөөгө барып, Кара кеченин сайынын берки кырында турду. Бириндеген күлүк аттардын карааны араңдан зорго түш оой бешимге жакын бүл-бүл көрүндү. Бийиктен кулаган жалгыз таштай анда-санда жерге бир тийип алыстан-алыстан келаткан бир караандын элеси көрүнөт. Бир аздан кийин ошол элес учуп-күйүп Шамбеттин ээк алдына кирип келди. Боз чамбыл болуп топурак-чаңга жуурулган аттын жанына келгенде араң тааныды Шамбет. «Мырза тору, өзүнүн Мырза торусу». Артында ат жок. Дегеле бир да күлүктүн дайыны билинбейт. Мырза тору бул жолу аттардан бөтөнчө бөлөк бөлүнүптүр. Шамбеттин сүйүнгөнүн сураба? Эмне кылаарын билалбай айласы кетип, апкаарый түштү. Жүрөгү бууруккан кулундай туйлайт. «Дүпө-дүп, дүпө-дүп». Чекесинен аккан муздак тер жаагы ылдый куюлуп, калың чыккан кылкандуу арпага жайылган суудай коюу сакалдын арасына жылжып кирип билинбей жок болуп жатты.
Шамбет аттын алдынан чыгып токтотту. Бука торудан шапа-шуп учуп түштү. Мырза торунун чамбылала көбүктөнгөн көздөрүнүн тегерегин чөнтөгүнөн жүз аарчысын сууруп чыгып, өз бетинен аккан терди аарчыбастан мурун, шыпылдатып сүрүп жиберди. Шамбеттин жүрөгүнүн дүбүртү Мырза торунун дүбүртүнөн кем эмес. «Түрс-турс, түрс-түрс, дик-дик, дик-дик». Анан шаша сүйлөдү:
— Белек айланайын оозун жый! Артында ат жок турбайбы? Шашпа!.. Жай жүрүп олтур. Тизгиниңди ээрдин кашына бекем оро! Бошотпо! Белек Шамбетти көргөндө эрээркей түштүбү, калтаарып кетти:
— Коркуп баратам! Тизгинге алым жетпей койду! Колум карышып калды! Мырза торунун бүгүнкүдөй чуркаганын биринчи көрүшүм! Ээрдин үстүнө токтой албай койдум. — Мындан башка Белектен үн чыккан жок. Шамбет шашкалактап тизгин буруп, атты жолго салды. Көрсө Мырза тору үч-төрт күндөн бери улам чабылып, улам сууту жеп жатып, кыл табына келип калган тура. Муну кечээ дасыккан саяпкер Шергазы биле коюп: «Бул ат сени кетирбейт го, Шамбет» дегени ушул тура.
Мырза тору узагандан узай берди. Бука торуну борбуйлата басып-басып алып, алды кийинин карабай артынан Шамбет удаа жөнөдү. Ал ичинен кобурап, ат үстүнөн өзүнчө күнгүрөнүп баратат: «Баатай арал, калың жылкы!» Баатай арал, калың жылкы!» Мындан башка эч нерсе анын оюна түшкөн жок.
Жок. Аңгыча болбой Жаназардын торусу Шамбеттин он жагынан куушурулган ылаачындай «шуу» этип өтүп кетти. Тигил аттын илебин көргөн Шамбеттин жүрөгү оозуна каптала түштү. Алдындагы Бука тору да ала-сала күлүктөрдү шаштырган курч да, жүгүрүмдүү да жылкы эле. Чоң-сүрөөлөрдө атты эки-үч жолу тартчу. Ал эми азыр Бука торуга эмне болду?.. Капкайдан келаткан аттан тынч сөөк туруп, бутун буугандай тыбырап бир орунда калды. Деги жанашса боло Жаназардын торусуна?! ..
Шамбет ат үстүндө кетип баратып өз санын өзү эки-уч жолу чаап-чаап алды, анан бакырып-бакырып жиберди: «Кокуй-кокуй! Оозун жый деп эмнеге айттым экен Белекти! Бул ат жан койбойт го, учуп баратат!» Шамбет Жаназардын тору атынын артынан эки көзүн албай ээрчий карап, Бука торуну койгулакка алып баратат. Анын бакырганын Бука торудан башка эч жан уккан жок. Шамбеттей нечендердин кызыгына батып келген, мындайлардын далайын башынан өткөргөн, жээлигип желпинбеген, жамандыкты да, жакшылыкты да, ачтыкты да, токтукту да, бардыкты да, жоктукту да, калыстыкты да, зордукту да, зулумдукту да, адилеттикти да, сүйүнүчтү да, өкүнүчтү да — бирин ылгабай тең санап баарын батырган, баарын түпкүрүнө терең чөгөрүп сактаган Соң-Көл гана мелтиреп жылмая карап, тымызын күлүмсүрөгөндөй болду,
Эки белес ашкандан кийин таман астындагы жолдун өйүз-бүйүзүндө экөө эки жерде эки бөлөк тамтаңдап ордунан тура албай жаткан Мырза тору менен Белекти көрдү Шамбет. Ат менен баланын оозу, мурдунан кан кеткен. Ала сала көргөндө Шамбеттин бүткөн бою жүрөгүнө бычак такала калгандай «дүр» дей түштү. «Баатай арал, калың жылкы» оозунан бадырактай чачылып кетти. Өз көзүнө өзү ишене албады. А дегенде Белекти, анан Мырза торуну тургузуп эс алдырды. Анан көптө барып талма оорусу бар адамдай эсин жыйды. Ат да, бала да ары бери темтеңдеп аягы менен тик тура алышпай баштарын шылкыйтып калчылдап, улам жыгылып кете жаздап жерди көздөй ыкыс берип жатышты. О кайда, далайдан кийин эс алышты.
Жаназардын тору атын утурлап тоскон Мырзабек болуш топтошкон жигиттери менен аттын өлүгүнүн үстүнөн чыкты. Тору аттын ооз омурткасы омкорулуп, жүлүнү үзүлүп кетиптир. Ат чапкан бала да жерге катуу тийген экен: «Койдурду» деген сөздү тиштенип жатып, күч менен араң бөлүп-бөлүп айтты. Аңгыча болбой Муратаалынын боз чаарынын жыгылганы угулду. Аны да бирөө койдуруптур.
Мырзабек болуш атынын өлүгүн тиктеп-тиктеп туруп, анан эчкирип-эчкирип өкүрүп жиберди. Ага кошулуп кошоматчы жигиттери да ызы-чуу түшүп өкүрүштү. Мырзабек: Баатай аралдагы калың жылкылар колума тийбей калды деп өкүрдүбү, же күлүк атынын күйүтүнө чыдабай өкүрдүбү, айтор, өкүрөөрүн өкүрдү. Ошол топ ичинен суурулуп чыгып бир акын:
Андай тору ат элдедир,
Баасы бир жүз теңгедир
Өлгөн атка өкүргөн,
Манап болбой жерге кир
Аман болсо Канатың,
Дале берет тору атын деп ырдап кое берсе болобу?! Аттын өлүгүнөн да Мырзабек болуштун жүрөгүнө тиги акындын ыры жаанын жебесиндей сайылды. Мырзабек шылдыңдап ырдагандыгы үчүн акынга кордук көрсөткүсү келди. Бирок эл акынды колдоп кетти. Ал акын Молдо Кылыч болчу.
Күүгүм талаш ошол жазда бычылган Ботокандын өзүнүн кандуу бут көк быштысы марага биринчи болуп келди. Аны жолдон «койдуруп жыккан жан» болбоптур. «Баатай аралдагы» калың жылкы өрүшүн бет алып «чур» дей түштү. Аралдын бети бошоору менен өрдөк-каздар учун келип өз мекенин өзүлөрү ээлеп калышты.
«Касиеттүү байбиченин түшүнүн төп келгенин кара?!!»
[1] Бата — чоң чабыш болгончо аттарды сынап, чакан байге сайып чабыла бере турган оюнду «Бата» дейт.
[2] Кемеге жарыш — майда байге.
-
Темасы: Кара шумкар. Рыскулов Сардарбек
Жазылган күн: 24 Дек 2015
КЕР КАШКА АТ
Жайда келген Апар, жазда кете турган болду. Төркүлөп келген кызы кайтаарына чукулдап калган кезде Кубаттын тынчы кете баштады. Элде болгон жоргонун жоргосун, күлүктүн күлүгүн тандатып, Апар жактыргандын бирин койбой алдырып келди. Мунун баары Апарды жөнөтүүнүн камы болчу.
Бир күнү эртең менен айылдын ак сакал, көк сакалдары Кубаттын үйүнүн жанындагы дөбөчөгө чогулушту. Бул чогулуу жаңылык эмес, ар күнү ушундай адат болуп калган. Ошол дөбөдөгү эл тарамайын, Апар атасынын жанынан козголчу эмес. Апарга эрөөн жок. Ал эркек катары сүйлөйт, эркек катары басат. Сөзү түз болсо да түз, кыйшык болсо да түз. Анткени, солтонун атактуу манабы Баеттин аялы, Кочкордун зөөкүр манабы Кубаттын кызы — Апар...
Олтургандардын кобуру басыла түшкөндө Кубат ордунан күйшөлүп Апарды карады да, кайра аркы өйүз тарапка жүзүн буруп, маңдайкы Жантели байдын айылын тиктеди. Анан:
— Тээтиги өйүзгө Жантели бай менен сен ага-ининин баласысың, — Кубат көзүн он колтугунда олтурган Апарга жүгүрттү, — Куттуксеит атаңдын балдарынын улуусу ошол Жантели. Миң жылкысы бар. Бай. Төркүлөп келген кыз кетээринде төркүндөрүнүн баары менен коштошуп кетет. Бүгүн жигит-жалаңыңды ээрчитип ошол Жантели агаңкына бар. Жайы келсе кондуруп калаар. Ыгына жараша бол.
Апар атасынын сөзүнө уюду.
Жазга жуук Кара-Кужурдун берки өйүзүндөгү Кашка-Сууда Кубат уулунун, аркы бетиндеги шилбилүү колотто Жантели баш болгон Куттуксеит уулунун айылы олтурчу. Апар ошол күнү эрте бешимде жолдоштору менен Жантели байдыкына келип түштү. Кайсы гана төркүнү болбосун Апарды кожодой колдоп, ат үстүнөн көтөрүп алып түшүрүп, көтөрүп атказып турушту. Ким-кимисинен Апар кур чыккан жок. Каалаган күлүк жоргосун минип, көзү түшкөн асылын кийип жатты. Мына Жантели да Апарды узатаар алдында жылкычыларын чакырып буйрук кылды:
— Кыздын төркүндөн кур кеткени болбойт. Жылкыны аралап ичинен тандап туруп Апарга болбой кеткен бир жакшы бээ кармап бергиле, жетелеп кетсин.
Ошол замат колдун учу жеткис, жалы жерге тийген, тишке токтоп калган сары тору бээ даяр болду. Апарлар айылдан бир топ узаганча жыртылган кементайдай, жонундагы даакысын самсаалаткан эркек кер кашка тайды Жантели таш короого каматып койду. Бул тай сары тору бээнин кысыр эмдиси эле. Кер кашка тай короого жалгыз токтободу. Энесинин карааны үзүлгөнчө жаны-маны калбай тыбырчылады. Чыңыргандын үстүнө чыңырып, кишинегендин үстүнө кишинеп жатты. Анан чыдай албай тегерек тарткан таш короонун айланасын чимириктей чимирилип, тегерене чуркады. Бир кезде короонун төрүнөн эңкейиш жагын көздөй күүлөнүп келип, типтик түйүлдү. Бийик кармаган таш короонун кырына буттары илинбей алда кайда аша секирди да, элеси бүл-бүл көрүнгөн энесинин артынан чымын-куюн болуп, жер каймактап учкан турумтайдай сызгандан сызып, зыпылдагандан зыпылдады. Акыры ыргыткан таштай зуулдаган боюнча энесине барып бир тийди.
Кер кашка тай качканда Жантели байдын жылкычылары аттарынын күлүктүгүнө чиренишип, анын артынан соелонто чөлө коюшкан. Деле кой... Жетип алчудан бетер... Тайдын жакындатпасына көзү жеткен Жантели алыстап бара жаткан куугунчуларды ителги салган эмедей үстөккө-босток айкырып, өкүрүп-кыйкырып, тебетейин колуна алып далбаадай булгалап жатып чакырып алды. Куугунчулар тоо таянган бөрүдөн өксүгөндөй самсаалап кайра тартышты. Алкынган семиз айгырлардын соорулары саамал куюп чайкаган чаначтай тарс жарылып кетчүдөй дындыят. Омуроосунан тартып туягынын кундузуна чейин чамбыл-ала тер. Буркулдаган ак көбүк. Жогортон төмөн тоголонуп мөлт-мөлт, тып-тып тамган тамчы суулар. Устанын кол көөрүгүнө окшоп аттардын эки капшыттары бирде дардайып көөп, бирде бастыга түшөт. Кош таноолор дердең-дердең, күш-быш, куш-быш. Кымызга тойгон жылкычылардын баштарынан жөө тумандай ымшып көк буу булоолонот. Жантели бой үрккөн аркардай болуп алдына чогула калган жылкычыларын жай-жайына таратты: — Жөн койгула!.. Бир тай экен!.. Кетсе кетсин!..
II
Апар келгендин эртеси Бает Шергазыны алдырды. Эшиктин алдындагы тартылган кермеде кирдүү кол менен сылагыс жыйырмадан ашык нечен сонун жорго-күлүктөр зымга конгон чабалекейдей тизилип турду. Бает желбегейленип ошол тарапты бет алганда, эшик үйдө жүргөн элдин бири да калбай Шергазы экөөнүн айланасына топтолушту. Жок... Ал Баетке кызыгып анын дөөлөтү менен салтанатына таңыркашпады.
Элдин көзү саяпкерден өтүп кетти. Анын оозунан кандай илеп чыгаарын күтүп турушту. Бает желбегей чапандын ичинен эки карчытын эки колдон таянып, чыканактарын уркуйтуп, кермедеги жайдакталган аттарды карап ээгин көтөрдү:
— Кана, Шергазы... мына бул тизилип тургандар Апар жеңеңдин төркүндөрүнөн келген күлүк-жорголор экен. Баарын бирден талдап чыкчы, ичинде керекке жарачусу барбы?
Шергазы аттарга бир сыйра көз жүгүртүмүш болду. Анан бурулуп Баетти карады:
— Таксыр?! Бул турган аттарды жана сиздин үстүңүздө кирээрдин алдында эле көргөм.
— И... Бар бекен бирдемеси???
— Бар. Бирөө гана.
«Кайсы болду экен?» дегенсип элдин баары жапырт Шергазынын оозун тиктеп калышты. Шергазы колтугун кере оң колун алдыга созуп, керменин эң аяк жагына байланган чоң жал сары тору бээнин жанында бош турган мотурайган Кер кашка тайды көргөздү. Баеттин чеке териси кош кабаттанып, жыйылган жүктөй бүктөлө түштү. Бул каардангандагы белгиси эле. Анын сырын билген эл жымжырт боло калды. Көптө барып анан кекээрлүү сүйлөдү:
— Мунун эмнесине мени кызыктырып жатасың? — Бает көзүн жүлжүйтүп, кирпигинин арасынан араң жылтыратып Кер кашка тайды тиктеди. Шергазы ишеничтүү жооп кайтарды:
— Мээ жок күлүк, таксыр!
— Күлүк болсо сен алып кет! — Бает бурулуп басып кетти. Кайра артына кылчайды да — бул сөзүмдү эсинен чыгарбай көңүлүнө түйүп кой, сынчым?!. Кокус күлүк болбой калса, башыңды айырбаштаганың! Аттын ээси мен?!. Тапчы сен бол!..
Бает: «Тиги нечен сонун аттар турса мени шылдың кылгансып мунун жактырганы даакысы түшө элек тай» дегендей кабаарыды.
Чогулган элдин баары сынчыны аягандай ичиркене түштү. Анан төбөгө союл тийгендей сендиректешип туш-тушка тарашты. «Кокус күлүк болбой калса башыңды айырбаштаганың! » — ага жеткирип койчу сөз да.
Шергазы Кер кашка тайды ээгинен чалып үйүнө кайтты. Сынчынын жүзүнө коркуунун, жүрөксүп апкаруунун жышааны кирген жок. Анын ордуна жакшылыктын, чоң ишеничтин, сүйүнүчтүн элестери көз алдынан өткөнсүп турду. Кер кашка тай колго тийгенде калтар алган барчындай жымырайып, эки бети тамылжып, кызара түштү.
Сыягы бул кубанычтын, өзүнө-өзү бекем ишенгендиктин белгиси болсо керек.
* * *Кер кашка тайдын даңкы кунанынан башталды. Кыраан ылаачын таасын мүнүшкөрдүн колуна уядан учаары менен тийгендей, Кер кашка тай да кылдат саяпкердин колуна ооз жармасында тийди. Аягы Талас, башы Сары өзөн Чүй, өйүзгү Казак жергесинде болгон атактуу аш-тойлордо Кер кашка ат чабылбай калбады. Ошонун баарында биринчиликти берген жок. Көл айланып да чабылды. Алдына жылкы салбады. Баеттин мурунку даңкы да аз эмес эле. Анын үстүнө Кер кашка аттын дүбүртү кошулду.
— Баеттин Кер кашка аты!.. Баеттин Кер кашка аты!..»
Бул сөз узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жете кетти. Алакандай кыргыз мындай турсун, аркы өйүздөгү этектүү казак элине бүт жайылды. Ал эми Кер кашка атты Кер кашка ат кылган саяпкер — Шергазы жөнүндө анчалык сез козголгон жок.
Арадан арбын жылдар зуулдап өтүп жатты. Кер кашка ат малды санга, сандыкты пулга толтурду. Баеттин байлыгы ачып-кычып, түтөгөндүн үстүнө түтөп жүрүп олтурду. Бирок Шергазынын төбөсүнөн үкүсү чыккан жапма тебетейи менен, эскилиги жеткен кара таар тепме чепкени үстүнөн түшкөн жок. Кер кашка атты кунанынан бери чапкан Рысаалынын да этеги узарып чекеси тердебеди. Кулдураган жаргак шымы чаптап койгондой жамбашына жабышып, как ээрде көчүгү такылдап жан этин жеп жүрдү.
— Ай опасыз дүйнө, жалгыз эле Баеттин маңдайына бүттүң беле, Шергазы менен Рысаалы жакты бир кылчайып карап койсоң боло?!
III
Ак-Сай. Адырдан-адыр, белден бел өрдөгөн сайын өрөөнү түгөнбөйт. Китептин барагындай коктуларынын көбүчү. Биринен-бирин ажыратып болбойт. Окшош. Учу-кыйрына көздүн кубаты жеткис. Башы тээ-тээтиги Акбайтал, Кең-Суу, Жылдыз көлдөн башталып олтуруп, аягы Арпага чейин созулат. Айланасы кол менен жасалгансып Ала-Тоо менен кырдалган. Аркы өйүз, берки болуп беттешкен өндүрдүн өрүшүнө бүт кыргыздын малы чогулса чайкооруна келе турган жер эмес. Айланайын, биздин ата-бабалар! .. Кандай гана сонун жерлерди мураска калтырышкан бизге?!
Дал ушул Ак-Сайда өткөн тарыхый окуялардын бирин бабаларыбыздан кандай уксак дал ошондой кагаз бетине түшүрүү колубуздан келээр бекен?!.
Ак-Сайдын суусу Какшаалды бет алып бурулган жерде чатыр таштын өндүрү башталат. Ошол өндүрдүн этек жагын кыркып дагы бир кашка суу агып түшөт. Бул суу да Ак-Сайдын суусуна куят. Чатыр таштын күн батыш тарабы жанагы Кашка суунун жээги түзөң келет. Эзелден берки эски конуштар. Кара кыягы белден. Калың жеринен тайлар адашат. Ошол килемдей кулпунган көк шибердеги жууркандай жумшак түздөргө бир жумадан бери манаттай апаппак боз үйлөр чоң чыныдай көмкөрүлүп жабыла тигилди да алар кийиздин бетине калчаган упайдын чүкөсүндөй жайнап кетти. Боз үй дегендин кайдан келип, кайдан койгонун жан билбейт. Айтор, Кашка-суунун жээгиндеги чатыр таштын өндүрүнө караган тектир-тектир иек конуштар боз үйгө шыгырап жыш толду да калды.
Суу жээктей катар-катар кемеге казылып, саны жүзгө жеткенде токтоду. Жүз казан асылып, жүз бөлөк түтүн чыкты. Кимдин жылкысы болбосун колго урунуп, колго илинсе суроо-сопкуту жок айдалып келип, анын күлүк жоргосун бооз-кысырын, жаш-карысын ылгабай семизин тандап, жоо малындай жара тарттырып кемеге башына бирден-экиден жардырып жиберишти. Бул Ат-Башыдагы Черик «Ажыке баатырдын» ашынын башталышы болду.
Ажыке басып кирген душмандын белин сындырып, өрт аралап кан кечип, жоонун мизин кайтарып, туусун кулаткан, журт намысы үчүн салгылашып, журт сактап, эл коргогон баатырдан эмес болчу. Ал жети атасынан бери жергиликтүү элдин жилкинин соолутуп, канын соруп, баш көтөргөнүнүн башын түбүнөн таарый кесип, кедей-кембагал, жетим-жесир, бей-бечеранын каарына калган канкор «баатырлардан» болчу. Мына ошол Ажыке канкордун ашы дагы калктын тынчын алып, журтту кана-шала түшүрүп, элге ызы-чуу бүлүк салуу менен бериле турган болду.
Ажыкенин ашын иниси Турдуке бийледи. Ар жагы Үч Турпан, Үрүмчү, Кашкар, быягы Кочкор, Жумгал, Көл айланасындагы жумурай журттан бери чакырылды. Тиги чатыр таштагы кумурсканын уюгундай кайнаган эл, тээтиги суунун жээгиндеги катар казылган жүз кемеге, андан булаган түтүн, союлган мал ошол «Ажыке баатырдын» ашынын дүрбөлөңү.
Биринчи аттын байгесине 500 жээрде кашка бээ, жүз төө, жүз соот, жүз чопкут чектелди. Мунун баары элден кылычтын мизи, найзанын учу менен чогулган. Калган байгелер да ошого тете. Турдуке баш байгеге сайылуучу малды өзү жактырып, өзү көрүп, өз көз алдынан чубуртуп өткөрүп алып жатты. Жанынан күйүп жаткансып эки өркөчтүн биринин эле учуучу кыңыр болуп калган төөнүн мойногун кылыч менен кесе чаап, алып келген ээсин токмоктотуп кайра жөнөтүп турду. Эл кыйналды. Калк казына эмеспи?!. Акыры Турдукенин оюндагысындай болуп аттардын байгеси толукталды.
Туш-туштан убап-чубап көпчүлүк агылып келе баштады, Чоң байге башталганча кемегесине атап, ат сыноо жарыштары боло берди. Бул мурдагыдан берки ата салт болуп калган нарк. Мында да дал ошо салт колдонулду. Кемеге байгесине арнап отуз чобур сайылып, ат чабылды. Бул ашка кең Чүйдөн Баеттин Кер кашка аты да келди. Кер кашка ат менен Баеттин уулу Байзак баш болуп ондон ашык солто келген. Ичинде Айманбай акын, Кочкордон кошулган Шапак манасчы бар. Кемеге жарышына Кер кашка атты да кошуп жиберишти. Ат алда кайда чыгып келди. Солтолор отуз чобурду үркөрдөй топтоп астына салып айдап алышты.
Чатак кемеге байгеден башталды. Чырды Турдуке өзү чыгарды:
— Солтону конок албайм. Анткени солтого кабар берген эмесмин. Солто тек гана саламчы, кудайы конок. Келди койду деп капарыбызга да келбейт. Боло турган чоң чабышка атын кошобуз деп ойлобосун солтолор! Бүгүнкү отуз чобурду олжо кылып, жөн гана жолуна түшсүн.
Солтолор айласы кетти. Турдуке конок албаган соң илик кууп, сөөк-тамыр уулап баш калкалар жай издеп калышты. Канча кылса да Апардын төркүнү эмеспи? Чериктер кубалаган менен Болот бийдин тукуму кубалайт беле, солтолор Кабаныкына келип түштү.
Каба да ошол жылы Ак-Сайды жайлаган. Сексенден ашып, күүдөн-күчтөн тайып, бийлик баласы Тарачка өтүп, эки жакка чыгып эл аралап бастыра албай чөгүп калган Каба.
Кабанын балдары солтолорду урмат менен тосуп алып, аземдеп конок кылды. Бул түнү кайсы гана үйдө болбосун Кер кашка аттын бүгүнкү чуркаганы жөнүндө дуу-дуу болуп жатты. Ар жерден күлүк таптап келген саяпкерлердин тынчы кетти. Жин тийип илээшкени бардан бетер, отурса да, тээ алда кайда, аттарынын жанында жалгыз жүргөн жеринде деле күңгүрөнүп өзүлөрүнчө кобурап жүргөн саяпкерлер: «Кер кашка ат», «Шергазы», «бул ат жан койбойт», «Менин атым кантээр экен?», «Чыкканына ыраазы элем, байгеге илинээр бекен?».
Конокторунун алдында Каба күрпүлдөп олтурду:
— Атты чаптырбайт деген эмне? Ал ким экен күлүктүн таалайын кесе турган. Тээ нарытан бери ата-бабабыздан калган салт бар, күлүктүн таалайын кескен адам оңолбойт! Түбүнө, укум-тукумуна зак кетет! Чаптырбай жаткан Турдукеби?
— Ооба, ооба...
— Атаа, жаман Турдуке! Кудай гана бардыр, а! Кечээ мен атка минип турганда ошо Турдуке качан киши эле!.. Ал түгүл бүткүл Черик сөзүмдү эки дечү эмес. Баары сыйлачу. Эми жаман Турдуке мал-жанга ээ болуп, ат чаап, аш бийлегенге жарап калган экен го!.. Ал Ажыкенин ашын биздин балдардын бирөө бийлейт. Атыңарды чаба бергиле!
Кабанын бул сөзү солтолордун сересин көтөрүп таштады. Кубандырды. Солтолордун көңүлү жайланды. Солтолор шагдан боло түштү. Бир ооздон Кабага ыраазычылыгын билдирип жиберишти.
— Ат чаппасак да бул сөзүңүзгө ыраазыбыз «баатыр!», — Каба ансайын бакырып чамынды:
— Чаптырам. Чаптырбай турган Турдукенин шайы жок, — Кабанын сөзү ошол түнү Турдукеге октой тийди. Турдуке башынан жыккан суудай шалк дей түштү. Канча кылган менен Сегизбектин тукуму биригип кетсе жоондук кылат. Анын үстүнө черик ынтымагы жок, аз эл. Күш-күшкө келгенде көбү Ниязбектин тукумуна кирип кетет. Жалаң ушул ашта элинин бирдиги жогунан Турдуке өзүнүн керт башынын өлөрмандыгына салып, көбүн зордукка айландырып жатып аштын аяк-башын бүтөдү. Жалпы элдин бийлиги Болоттун тукумунда экенине Турдукенин көзү жетип турат. Алардын кыжыры келсе ашты таратып, малды талатып жиберүүгө да күчү жетет. Кабанын колунан эмне келбейт? Ал күүдөн-күчтөн калып калды деген менен бала-бакырасы, ага-иниси күчтүү. Каба бакырып жатып алса анын сөзүн кыйчусу ким? Баары кыйбайт, баары Кабаны сыйлайт.
Турдуке көпкө ойлонуп жатып акыл тапты. Акылын эстүү-баштуу ага-тууган, дос-тамырына сындатып көрдү. Алар жактырышты. Турдукенин акылы боюнча эртеси күнү мына бул иштер иштелди:
Чоро Ниязбектин Сегизбегинин бир беги — Рыскулбектин уулу Кайдуудан. Чоронун даңкы жалаң Ат-Башы эмес, жалпы сарбагыштын жонуна белгилүү. Мартабасы ашып. зоболосу көтөрүлгөн адам. Бул ашта Чоро менен Кабанын ортосуң ажыратып таштаса Турдуке адам. Бул ашта Чоро менен Кабанын ортосун ажыратып таштаса Турдуке өз ою менен болот. Ашты өзү башкарат. Анда Турдукенин айтканы айткан, дегени деген. Кер кашка ат чабышка кошулбайт. Эгер Чоро Кабадан чыга албаса, анда Кер кашка ат чабылды дей бер. Башта баарын өзүм билем деп көгөрүп жаткан Турдуке айласы кеткенде Чорону атайылап чакыртып, акылга алды.
Турдуке Чорону элден ээн, окчун бөлүп барып, эки колун бооруна алып, Чоронун маңдайына малдаш токунуп бөк түшүп отурду. Чоро эки бутун сунуп чыканактап, жаагын таянып оң жамбашы менен шиберге кырданып жатып алды. Сөздү адегенде Турдуке баштады.
— Чоро баатыр, айла кетти. Солтодон Баеттин Кер кашка аты келиптир. Кемегесинде бир атка да сыйпатпай алда кайда чыкты. Кер кашка аттын чуркаганы шумдук. Ат-Башы, Нарындын атактуу күлүктөрү Кер кашка аттын дүбүртүнөн сүрдөдүбү, бирөө да ага жакындап секире албады. Эртеңки баш байгени да солто алчудай: «Атыңарды чаптырбайм, солтого кабар берген эмеспиз» деп шылтоо кылсам, тиги алжыган агаң (Каба Чоро менен ага ининин баласы) күчкө салып чаптыра турган болду. Мунун жайын кандай кылабыз?!. Алакандай Черик уучуңузда, эмне кылам десеңиз кыласыз. Эрк сизде. Байгени элдин жонунан күч менен чогултканды көрүп турасыз. Ашка союлган согумунан берки сарпталчу чыгым да элден түшкөн. Бул эмгегим талаалап, солтонун олжосуна түшүп кетмек болду. Солтого болгончо сизге кетсин. Акылын өзүңүз табыңыз. Менин башыман акыл качып, апкаарып калдым.
Чоро Кокондуктарды туурап сөзүнүн аягын чалып кетчү. Ал ошол кырданган калыбынан козголбой саал чукуранган болду да, Турдукени тиктеп-тиктеп туруп, көптөн кийин жооп берди:
— Каба чаптырам десе иш чатак күү?!. — Турдуке Чоронун кейпин биле коюп бешмантынын чөнтөгүнө кол салды. Ак бетаарчыга оролгон 500 сом акчаны сууруп алып, Чоронун алдына ошол түрмөгү менен оролгон бойдон таштады.
— Мына баатыр, ушуга чай ичип коюңуз. Мейлиниз Кабага бересизби, мейлиңиз өзүңүз аласызбы, иши кылып Кер кашка атты чоң чабышка коштурбаңыз. Беш жүз сом.
Чоро беш жүз сомду жымырды. Чоронун «бок тамак» экенин Турдуке жеринен билчү. Жанбашы ысып бараткан Чоро оолжуп сүйлөдү:
— Чаптырмаймыз күү! Кабанын колунан Солтонун атын чаптырыш келмейди күү!.. Андай иш Чоронун колунан келеди күү!
Турдуке Чоронун оозунан бул сөз чыгаары менен мойнун артына буруп, аркы топто отурган чериктердин мыктыларынын атын атап кол булгап койду. Алар улам бирден эл арасынан бириндеп суурулуп чубаша басып Чоро, Турдукелердин катарына кошулуп тегеректей келип олтурушту. Чоро кырданган жагынан козголбой башын буруп, Турдуке баш болгон чериктердин мыктыларын көз жүгүртүп сыдыра карап койду. Турдуке Чоронун убадасын аларга түшүндүрдү, даңазалуу бектердин өңдөрүнө кызыл кирди. Турдуке белден туз алгандай дандая түштү. Чоро жөнүндө көз көрүнөө мактоо сөздөр айтылып, кошоматчылардын күнү тууду. «Чоң ишке жарадымбы?» дегенсип тиги келген туугандарына Турдуке куу алган куштай жонун көрсөтүп жылмайып койду.
Бул сөз да солтолор жаткан Кабанын үйүнө шак дей түштү. Каба угаары менен бакырды. Ал Турдукени таштап жиберип отурган ордунан обдула Чорого жулунду.
— Атаңдын гана көрү маңчынын уулу десе!! Чоронун атасы Кайдуу насвай тартчу экен. Эр болсо Кер кашка атты чаптырбай көрсүн! Эртең же ал өлөт, же мен өлөм. Солто чаппайт атты, мен чабам. Маңчынын уулунун кандай акысы бар экен!!! Ал жеген парасын билсин?!. Бок тамак ит!!.
Каба көбүрүп-жабырганда солтолор кубанып калды.
Кабанын уулу Тарач, Чоронун бетине жазганбай чыгып жүргөн Сегизбек тукумунун бирден бир мыктысы. Колу жетиштүү, жигит жалаңдуу. Тарач атасынын сөзүн кубаттап билеги жоон, камчысы өрүмдүү, аты-тону шайма-шайынан иргеп ошол түнү жүз жигит камдады. Жигиттерге буйрук катуу болду:
— Эгерде Чоро эртеңки чоң чабышта Кер кашка атты күлүктөргө коштурбаса, дал ошол аш үстүндө чыр чыгарып, Чоро менен бир жаңсыл болобуз. Анын атасы Кайдуу болсо, менин атам Каба. Атасынан атам, энесинен энем кем эмес. Качаңкыга чейин Чорого бийлетебиз. Биринчи мен кол салам. Анан силер Чорону да, Турдукени да керип кеткиле?!. Ал Маңгинин уулун түмөндөгөн элдин чок ортосунда башын түбүнөн такай кесип, ашын Ажыкеники менен кошо берем. Мени бул сегиздин ичинен кой дей турган ким экен?!. Ай дей турган ким экен?!
Тарач катуу ызырынып калды. Анын мындан мурда Чорого «Сени сага» деп жүргөн, киндикке түйүлүү «ики» си бар болчу. Кыязын келтире албай ыңгайлуу учурду орустама күткөндөй эңсеп күтүп жүргөн. Мына бүгүн кыязы келди. «Ажыкенин ашы — Кер кашка аттын чыры».
Тең тууган жаман эмеспи. Ортого бузук араласа бирин-бири өлтүрүүдөн кайра тартпайт. Анын үстүнө жалпы Сегизбектин жонунан Чоро билген менен, ичинде Каба тукуму үстөмдүк кылат. Чоро булардан катуу сезденчү.
Бул кабар да Турдуке менен Чорого жаакка чапкандай шак дей түштү. Суук кабардын илеби мүргүтүп таштады. Кирген суудай ташкындап турган Турдуке, Чоро башынан аңдаган өстөндөй тартыла түштү. Чоро Турдуке баш болгон чериктин мыктыларын элден оолак бөлүп алып, мына бул акылды айтты:
— Каба тукумуна жин тийип калган көрүнөдү күү! Ажыке баатырдын ашын чыр-чатагы жок тынч өткөрөлү. Кер кашка атты кошсо кошсун. Мыкты курч аттарды тандап мингизип он азаматка жолдон тостурабыз. Колдорунда каскак, коюндарында солонгон таштан болсун. Кер кашка ат биринчи болуп чыгып келатса капталынан качырып атты да, аттын үстүндөгү баланы да сайып өлтүрүшсүн, Солтого бир аттын пулун, бир баланын кунун төлөп кутуламыс күү!!!
Чоронун бул акылын чериктин мыктылары кабыл алды. Он ат, он жигит керектүү курал жабдыгы менен ошол түнү даяр болду.
* * *Күн көтөрүлө бергенде аттар чубатуудан өтө баштады. Кер кашка ат менен күлүктүн саны тупа-туура жүз болчу. Кечээки Чоронун акылы солтолорго аткан октон тез жеткен. Солтолор мергендин жытын алган топ кийиктей үрпөң-үрпөң болушуп, бир орунда тура алышпады. Алар өзүнчө көпчүлүктөн окчун бөлүнүп чыгышты. Анан арасынан бирөө чаап чыгып, чубатууда бара жаткан Кер кашка атты алып келди. Рысалыга алдыда боло турган коркунучтун илебин толук түшүндүрүштү. Рысалы ээрдин үстүндө өбөктөп бир аз ойлоно түштү да, анан башын өйдө көтөрүп жолдошторуна чечкиндүү сүйлөдү:
— Силер мага уруксат бергиле?!.
— Кой айланайын бөөдө өлүм болосуң?
— Атың да өлөт, өзүң да өлөсүң! — Рысалы көшөрүп жатып алды:
— Өлсөм убалым өзүмө, Алдымда мингеним Кер кашка ат болсо, көп жыл бою мен мунун үстүндө чоңойсом. Ок менен атса айла жок. Болбосо оңой менен мен алардын найзасынын учун жакындатпайм.
Солтолор дүүдүрөңдөп жандана түштү. Баланын демөөрү алардын көңүлүн асмандатып, күчөп күйгөн өрттөй алоолонтуп жиберди:
— Бар тобокел!
— Бар тобокел!
— Азирети кызыр колдосун! ..
— Солтонун — Богорстондун арбагы колдосун! ..
Рысалы бура тартып чөлө койду. Канатын куушурган ителгидей сызып, алда кайда узап кеткен күлүктөрдү көз ирмемде кууп жетип, арасына сиңип кетти.
-
Темасы: Кара шумкар. Рыскулов Сардарбек
Жазылган күн: 24 Дек 2015
Күн аркан бою көтөрүлүп, ысык илеби менен жерди жылыта баштады. Бүгүн да асман киргили жок, уйкусу канган көздөй тунук. Сары талаанын күн чыгыш жагынан батышты карай чубала созулган узун капчыгайдын өндүрүнөн дың суугандан тартып тынымсыз жүрүп туруучу арылдаган шамалы, эртели кеч эки беттин отун, кулак-мурундун учун ######-жуктаган ызгаары кечээтен бери бул жерди таштап, шашылыш жумушу бардан бетер бир жакка кетип калгандай жым-жырт. Анда-санда оолоп чычкан аңдыган насвайчы күйкөлөр бирөө далысын ушалап кытыгылап жаткансып, эки канатын эпилдетип ийкеңдеп далайга чейин бийлеп туруп, анан лып басып калчудай телп этип жерге түшөт да, бетегенин түбүндөгү чычкандын ийнинин оозунан чөп илешкен чала-була бирдемени сермеген болуп, кайра сепеңдеп асманга көтөрүлөт. Лакыя тоюп алган эмедей күнгө төшүн тосуп, айланага көз кырын чаптырып, бир дөбөдөн учурсаң аркысына ыргыткан ичмектей далдайып барын конгон бирин-эки ак сарылар жүрөт.
Алыстан караганда көмкөргөн көрдөн чыныдай апаппак кырка тигилген боз үйлөр, ошол боз үйлөрдүн тегерегинде байланыштырылган токулгалуу топ-топ аттар, табак көтөрүп меймандарга эт тартып, жүгүрүп жүргөн уландар, кайнаган самоорду бууланта колдошуп бараткан келин-кыздар, бири аттанса бири түшүп жаткан ашка келген эл, көзгө алда кайдан дап-дайын... көрүнүп турат.
Тамаша болчу жерге эл карааны, калың, этектүү чогулду. Байкоодо кечеки ат чабыштан да бүгүнкү жоргонун кызыгы укмуш болчудай. Таң атканча ырчы ырдатып, комуз черттирип, кыяк тарттырып шатыра-шатман салтанат курган «мыктылар» элдин зарыгып күтүп калганы менен иши эмне. Алар качан гана уйкусу кангандан кийин козголуп керилип-чоюлуп кулач жайып, шашпай чайланып, анан келте оорусу бардай ыңгырана ныксырап, түнү бою тепки жеп чыккансып ат үстүндө бүткөн боюн жыя албай шылкыйтып бош таштап, илең-салаң болуп: «барсакпы, барбасакпы» дегендей жигит-жалаңы менен каалгып келип түшүп жатышты.
Эл чогулуп, «улуктар» келгенден кийин кечеки буйрук окуган казак жигит бүгүн да топтон бөлүнүп, баягы дөбөгө атчан бастырып чыкты да, тизгинин жыя тартып тура калып, бешмантынын чөнтөгүнөн бир барак кагаз сууруп чыгып элди карап буйрук окуду:
— Байгеге кошулган, тандалган жорголордун саны сексен беш. Жоргону эки тараптан төрттөн сегиз киши айдайт. Мындан тышкары экиден төрт киши «деген» аттар менен орто жолдон тосуп, жорголор менен кошо келет. Булардын милдети: Кимде ким жоргосун жорголотпой чаап келсе, жолдон кошкон, же түпкө жетпей качкан жорго болсо ошого көз салат.
Ээси тарабынан кылмыш болсо үч жыл набакты, мал-мүлкү казынага алынат.
Казак жигит андан ары жорголордун байгеси эмне экендигин, канча жоргого байге сайылгандыгын, даектерди кимдер кармагандыгын кошо окуй кетти. Казак-кыргыздын ичинде мындан башка кат билгени болбосо керек. Буйрукту дайым эле ушул жигит окучу болду.
Супатай Карагер жоргону өзү минди. Ал жоргосунун өлчөөсүн да, ыгын да жакшы билет. Колуна салмактуураак камчы алып, үстүнө жука бешмант, башына калпагын кийбестен, топу кийди. Жорголор элден бөлүнгөндөн баштап айдалды. Анткени ат айдоочулардын айтууна караганда улуктардын тапшырмасы ошондой көрүнөт. Жорголор менен келаткан экиден төрт киши, ат тизгинин буруп орто жолдо калышты.
Жорголор белгилүү жерге жеткенден кийин, ат айдоочулар аларды катарга тизди да, жапайы канаттуулардын танабын тарткандай шарт эттирип кое беришти. Адегенде үрккөн жылкыдай бири-бирине урунуша кетишти. Андан кийин кимди ким көрсүн, коюу туман уюп тополоңу тоз болуп жер дүңгүрөдү да калды. Көптөн кийин барып алдыңкылары топтон бөлүнүп, желе тарта учкан каркырадай чубалжышты. Карагер жорго каадасынча Супатайды алып учуп тарткан жерден бута атым бөлүндү. Казак-кыргыздын булуң-бурчтарынын далайынан шыпкалып көп жорголор чогулса да, байкоодо Карагер жоргого теңдеш бир да жорго жок көрүнгөнсүйт. Супатай ээрдин үстүнө нык олтуруп, эки үзөңгүнү алдын көздөй учкай тээп, тизгинди жыя кармап, урдургандын үстүнө урдуруп зыркыратып баратат. Бирөө качып, калганы кууган эмедей, артынан жабалактаган калың жоргонун дүбүртү мөндүрдөй дарбыйт...
Алыстан-алыстан, жолдо тосуп турган баягы төрт кишинин карааны майда нокот сыяктуу бүл-бүл көрүндү. Улам жакындаган сайын ошолор экени даана болду. Супатай аларга бат эле жете келди. Ал төртөө да аттын оозун ченебей кое беришип, Карагер жоргонун артынан сая түшүштү. Салган жерден курч аттар жоргого жабыша калды. Барган сайын өксүй беришти.
Супатай казак-кыргыздын чогуусунда Карагер жоргону эл көзүнө көзүктүргүсү келдиби, ошондон марага чейин оозун жыйган жок. Марадагы элдин аягынан «деген» курч аттар менен кууп жоргого куйрук улаш илеше албай коюшту. Эл катуу дуулдады:
— Баракелде!
— Мал болбосоң кое кал...
— Жорго деп ушуну айт!
— Жок. Бул тегин мал эмес — канаттуу жылкы!..
Дуу-дуу басылгандан кийин, баягы Суранчы барып дагы кур келди. Биринчи жоргонун даеги миң кой экенин, аны казак-кыргыздын «улуктары» соогатка талап кеткени угулду.
Тамаша бүттү. Эл тарай баштады. Ат менен жоргонун байгесинен ырымга бир тыйын албай Супатай, Суртайлар бозоруп кайтышты.
* * *Эл тараары менен Сары талаа өзгөрдү. Мунарык түшүп, ак куюн жүрүп шамалдай баштады. Бирпастын ортосунда тоо-тоонун башын булут чүмкөдү. Бирде үзүлүп, бирде кошулуп тынчы кетти.
Түрмөктөлгөн кара булут канатын жайып нөшөрлөп төгүп жиберди. Кечетен берки «улуктар» олтурган дөбөнүн дал өзү да карарып-түнөрүп калды. Ал жерди мөндүр, жамгыр аралаш катуу сел каптап кетти окшойт. Обору кеткен зулумдардын отурган ордунан жийиркенип, Сары талаа өз бетин өзү тазалап жууп жатса керек.
Чагылган жаркылдап, оттугун чагып, куусун тамызды.
Жанагы «улуктар» аттанган дөбөдөн, жалыны алоолонуп, кызарып өрт чыкты. Түйдөктөлө буралган кара кочкул коюу түтүн көкөлөп, жалындын илеби асмандын бооруна жабыша түштү. Сары талаа жууп кетире албаганын шыркырата куйкалан, жалындатып өрттөп жаткан көрүнөт.
* * *Супатай менен Суртай күндөп-түндөп жүрүп олтурушуп Токмокко келишти. Алар бая күнү казактагы ат чабышка баратып, шаардын чет жакасындагы жапыз салынган боз тамдардын бирине конуп кетишкен. Шаардын ошол казак тарабындагы чоң суу жаккы жээгин дунгандар ээлешкендиктен «дунган көчө» деп аталат. Ошол көчөнүн дал орто ченинде, чатырынын үстүн камыш менен бойролоп жапкан жарашыктуу чакан эки бөлмөлүү татынакай там бар. Малы жок болсо да дубалынын бир жак капталын илгери үмүткө бастырмалап койгон. Оокатка бүйрө, короосунун артында өзүнө тиешелүү үй ордундай жерге сабиз, пияз, калемпир аралаш түркүн жашылчалардын баш-баштарынан калтырбай айдаган Губар деген дунган жигит ушул тамдын ээси. Жанагы жашылчалардын жетилгендерин четинен үзүп, эртели кеч базарга алпарып сатып, аялы экөө эки-үч жаш балдарын багып оокат кылышат. Губар Супатай менен жакшы таанышып, ошол казакка аттанган түнү экөө тең башынан өткөргөн азап-тозокторун, бечарачылыктарын калтырбай жерине жеткире муңдашып, таңкы тоок чакырганга чейин укташкан эмес. Эртең менен аттанаарда достошуп ажырашкан. «Сиз кайра «өтөөрдө келмей коймоң» — деп Губар какшап калган.
Губар бая күндүз ат чабыштан келаткандардан Супатайдын дайынын сураган. Жоргосу да, аты да чыкканын уккан. Ошол замат соодасын таштап, үйүнө чуркап аялына сүйүнчүлөгөн. Базардан он чакты боо беде сатып келип, эчак аттарга даярдап койгон. Губар үй-бүлөсү менен тынчы кетип улам казак тоо жаккы жолду тиктеп жатканда, Супатай уулу экөө анын короосун имерилип дарбазасына жакындай түштү. Губар бала чакасы менен чуркап чыгып досун кубанычтуу тосуп алды.
Супатай менен Губар бул түнү да укташкан жок. Атка көптөн бери урунду болуп жүргөн Суртай башы жаздыкка тиер менен көшүлдү. Супатай төшөк үстүндө чыканактап жатып, уккан-көргөнүн чыпчыргасын коротпой айтып берди. Мындай абал дунгандарда да оор экенин айтып, Губар Супатайдын сөзүн улады. Ал өмүрү өткөнчө аялы менен Илирдин кулу болуп калганын, Илир жыл бою иштетип, акысына тоголок дан, кокон тыйын төлөбөгөндүгүн айтып, сөзүнүн акырында жаш балача бышактап жиберди.
Губардын аялы Фюхер, көрбөгөн аяшы Калыйча белек-бечкек арнап Супатайдын куржунуна салды. Супатай менен Суртай эртең мененки насипти Губардын үй-бүлөсү менен чогуу татышып, камчыларын сүйрөп эшикке чыгышты. Артынан Губар менен Фюхер узатып кошо басышты. Жуп аттанаарда сомодой-сомодой болгон, аттары шайдоот, камчылары өрүмдүү, канга тойгон даңгыттардан бетер уурттары салаңдаган, далдайган-далдайган он чакты жигит ат үстүнөн обдулуп, дубалдын кырынан моюндарын созо: «ушунда экен, ушунда экен» деп кобурашты. Буларды жалт карай салып, бир жамандык жышаанды сезгендей Супатайдын жүрөгү «шуу» дей түштү. Бүткөн бою титиреп, колу-башы калтырап кетти.
Алардын ичинен бирөө өкүм кыйкырды:
— Ой, алдагы эки атты бери жетелеп чык!
Супатай апкаарып калды. Жооп кайтарганга күтүшкөн жок. Короонун каалгасын талкалашты. Губардын илинип араң турган дарбазасы тиги жигиттердин балбан колдоруна туруштук бере албай качырап кыйрады. Баары аттарын жүткүнтө теминип, тепсетип өлтүрчүдөй короого кирип келишти. Эки жигит аттан түшө калып, бирөө Кашка атты, бирөө Карагер жоргону жетеледи. Супатай жүгүрүп барып Карагер жоргонун суулугуна асылды. Губар Кашка атты тизгинден алды. Атчан тургандары Супатайды да, Губарды да өрүмдүү жоон камчылар менен чоку талаштырып басып-басып алышты. Супатайдын төбөсүнөн тебетейи ыргып жаак эти жарылып, башы эки-үч жеринен айрылып, көзүнөн от чагыла түштү. Суртай чыңырган бойдон кулачын жайып бетинен кан шоргологон атасын кучактап жыгылды. Супатайдын колунан тизгин чылбыр чыгып кетти. Көздөрү ымыр-чымыр болуп, жер караңгылай түштү.
Демейде бир боо сабиз талашып «таа» дегенде чогула калчу дунгандар, Губар он жолу «тааласа» да карап туруп бирөө басып келген жок. Алардын да келбегени туура. Тигилер белгилүү Боронбайдын жигиттери. Кокус аларга кол салса, Илир менен Булардын жигиттери Боронбайдын жигиттерине болушат. Бөөдө таяк жешет. Губардын «таасы» талаага кеткен «таа» да.
* * *Шамшынын бели. Бул атактуу дабан. Кимдер гана ашпады дейсиң. Төрт түлүк малын чубатып санжыргалуу салтанат менен байлар да ашкан дабан. Таманын ташка тилдирип, кар менен музду жыңайлак кечип шыймылчагын какшатып, жилик сөөгүн сыздатып, согончогун канатып мал артынан темтеңдеп малайлар да ашкан дабан. Найза, кылычын жалаңдатып, тулпарларын бургутуп, кумду эшилте бастырып, ташты омкортуп каздырып, өрүдөн секиртип, ылдыйдан түйүлтүп, нечен-нечен баатырлар да ашкан дабан. Каргаса кар жаап, жалгаса жамгыр жаап, кара бетине алганда жайдын чилдесинде да жол бербей, бороон-чапкын түшүп, булут ойноп, куюн кутуруп, будуң болуп өңгүрөп жатып алмасы бар дабан. Короосу менен койду, үйүрү менен жылкыны, кызыл-тазыл жасалгасы менен көчтү, бойго жеткен нур жүздүү кызды, болуп турган жылдыздуу уулду, капталдан музу чарт этип, көз ирмегенче «шып» дей түшүп көчкүсү басып жок кылган дабан.
Мына ушундай көчкүсү жүрүп, тоодон ташы кулап, капчыгайынан суусу үйөрлөп, кар муз аралаштыра агызып, бетине алып турган күнү Супатай баласы экөө жөө-жалаңдап жаралуу кийиктей ээрчишип келатат.
Супатай, Суртайдын Токмоктон чыкканына эки күн болот. Эгер ат менен жүргөндө бул белди кечээ эле ашып кетишмек.
Күн төбөгө келгенде «Карасайды көчкү алган» жылганын аягына келишти. Жолдун оң жаккы жээгиндеги сандык ташка көчүк басып бир аз эс алышты да, куржундун оозун чечип, Губардыкы берген тузу жок момодон, шылдырап аккан мөңгүнүн суусуна ымдап эки-үчтөн жешти. Суртай кечетен бери атасынан калышпай келатат. Ал катуу чарчады. Улам токтогон жерде колу түшкөн кулундай чалкасынан түшүп асманды карап жата калат. Ал азыр да момону кырданып жатып чайнап олтурат:
— Токмокко токтобой, тун катып жүрүп олтурсак болмок, ата?
Супатайдын камчы жеген башы салмактанып, оң жаккы кашынын үстүнөн шүйшүн аралаш чыпылдап аккан суу жарага жабышып, таңылган жука чүпүрөктүн сыртынан сызылып тамчылап турат. Ал өзүнүн кабелтеңинен туруштук берип эрдин кесе тиштеп, тырышып араң басып келатпайбы? Баласынын айрым суроолоруна жооп бербей да калат.
— Кыбырайлы. Тур. Көтөр тиги баштыгыңды. Ал таягыңды. Баары бир алар жолдон да тосмок. Ээн жерде өлтүрүп да коюшмак. Экөөбүз үчүн ким өч алат? Апамбы? Апаңбы? Губардыкынан алганы жакшы болду. Эми алардын бизде атасынын акысы калган жок! Алчусун алды, Мен Боронбайдын кыязын көрүп, казак жеринен эле алат го дегем. Жүр кеттик.
Супатай Карасайды көчкү алган жерден тез өтүп кеткиси келди. Бул жердин сыры белгилүү. Бир күн мурун жаш кар түшүп калса эски карын кошо шилеп көчкү жүрөт. Кечээ кар түшкөн. Бүгүн да дал ошондой болгон турат.
Мындан он чакты жыл мурун ушул жерде кайгылуу окуя болгон. Карасай деген бай Чүйгө мал төлдөтүп көктөп, кайтып Кочкорго келатканда, анын көчүн ушул жерден көчкү баскан. Тигине... Тээтиги капталдагы кашааланган кар жер кыртышы менен «шып» жылып келип ушул коктуну бууп, дөмпөйүп дөбө болуп туруп калган. Анда эмнелер гана жердин алдында калбады дейсиң? Бойго жеткен эки кызы, жаңы үйлөнгөн келин-уулу, бала-бакырасы болуп жыйырмадай киши, атан төө, айгыр аттарга артылган көз тайгылткан дүнүйөсү менен алеки саатта жок болгон.
Супатайдын жүрөгү солкулдап, Суртайды билектен алып, ылдамдап энтелеп шашып өттү. Өтө бергенде кар жарылып чарт этти. Көчкү. Мөңгүгө толуп, кум-таштар кошо жылып, эпкини капчыгайдын аркы бетине серпиле түштү. Кар-кум аралаш коюу куюн чаң тумандай уюду. Тарткылыгы жок байкуштар аман калбадыбы...
Супатайдын бүткөн бою титиреп жүрөгү опкоолжуду. Суртайга коркконун билдирген жок. Артынан көчкүнүн дабышы «шуу» дегенде «Ата-а» деп бакырып, Суртай Супатайдын этегине жабышты.
— Коркпо айланайын. Бул жер. Кудай өзү сактады.
Белге жакындашты. Дабан көрүнүп калды. Бороон.
Борошо аралаштырып кум учуруп, кар бурганактап туу белдин өзүн уюлгутуп боройлото келип уруп турат. Соккон бороон аркы өйүз, берки өйүздөгү жалама зоолордон тайлактын боздогонундай созулган жаңырык үн чыгарат. Үстөкө-босток бороон. Майда кум менен кургак карды аралаштырып асманга ак куюндатып учуруп барып, анан кайра жерге топурак төккөндөй себелейт.
Күнү кечээ ушул белди булар Карагер жорго, Кашка ат менен ашпады беле? Анда бул бороон кайда жүргөн? Ал күнү күн чайыттай ачык болуп, мемиреп жылуу тийбеди беле. Анда аттуу-жөөлүү жолоочулар да үзүлбөй каттап жатпады беле. Кана алардын бири? Бүгүн мындайда...
Туу белге канчалык тырышса да Супатай баласы менен чыга албады. Жол тайгак. Көк жалтаң муз. Белдин өзүнө көтөрмө бою чукулдаганда бороон улуп, кар аралаш борошолор ышкырып келип экөөнү кайра таңылчактай томолотуп учурат. Супатайдын этегинен тартып, Суртай жылдырбайт. Супатай төрт аяктап дагы эмгектеп жылып жөнөйт. Эми бүгүн түнгө калса, бүттү. Супатай, Суртай жок. Аталуу-балалуу экөө эки жерге, төгүлбөгөн уйдун карынындай томпоюшат. Мына бу дуулдап турган бороон кимдин жанын койсун? «Тилсиз жоо» деген ушул. Жалынганыңды билеби? Качан гана Супатай, Суртай экөөнү тоңдургандан кийин күн чайыттай ачылып бороон токтоп, шамал басылаар. Мунусун ким билсин? Эртеси күндүз жору-кузгунга той түшүп капкаяктагысы чогулбайбы? Болбосо түнкүсүн топтошкон бөрүлөр жыт алып, ар кимиси ар кайсы жондордон улуп, бирин-бири чакырышып тарпын калтырбай кийимине чейин тытып-талап кетишеби, ким билет?..
Супатайдын жан тери келип, акыркы кайратын топтоп, төрт аяктап тырмышып, улам эки колдоп тырмактап кар чапчып, Суртайды чыргадай сүйрөп, олтуруп, өлө-тала белге чыкты. Эки бети албырып, кара көк тартып түтөгүп, жүрөгү жарылып кетчүдөй сокту. Туу белге токтошкон жок. Кайра бороон учуруп кетчүдөй чочулашып мас кишидей тампалаңдап, чыкыйга койгондой сендиректей түшүп, белдин берки багытын көздөй эңиштеп жөнөштү. Суртай улам эңкейиштеген сайын атасынан алыстай берди. Качан гана Супатайдын карааны үзүлүп баратканда «ата-а» деп чыйылдап ый аралаш үн чыгарды. Супатай артып жалт карай салды. Суртай телчиккен козудай чайпалып, араңдан зорго аяк шилтеп, атасынын бутун кучактай жыгылды. Узунунан түшүп эчкирип ыйлап жиберди.
— Эмне болду, тегеренейин?
— Бутум...
Супатай шашкалактап баланын буттарын карады. Чокойдун таманы түшүп манчалары кызарып турат. Бала качыраган кар аралаш тоң жерди далайдан бери жыңайлак басып келаткан экен. Эки бутунун беш манчалары менен согончокторун эчак эле үшүк алыптыр. Бармактары барсайып ыйлактанып турат.
Супатай чокоюн сууруп жиберип, баланын эки бутун эки колтугуна, жылаңач этине кысты. Акырында сай-сөөгү какшап, кылгырган көз жашы эки каректин кычыгын айлана тегеренди. Узун кирпиктерин удаа-удаа ирмеп-ирмеп алды эле, жиби үзүлгөн мончоктой жылуу жаш чубурду...
* * *Калыгул менен Торсо балбан, жорголор келгенден кийин, көпчүлүктө кымкуут, ызы-чуу түшкөн опур-топурдан адашып, Супатай менен Суртайды таппай калышкан. «Алдыда болсо жете барарбыз, артта калса бизди табар» деген ой менен озунуп жүрө беришкен. Алар ошо бойдон Супатайларга жолукпай Кочкорго мурун келишти. Торсо менен Калыгул тигилерди кырсык чалганын кайдан билсин, келээри менен ат үстүнөн түшпөстөн Уултайды сүйүнчүлөштү.
Уултай, келини экөө акмалап жол карайт. Балдары улам кечиккен сайын чый-пыйы чыгып, Шамшынын белинен көздөрүн айрыбайт.
Бир күнү намаз дигер менен намаз шамдын ортосунда артынан ээрчиген эрбеңдеген баласы бар, мойнунда асынган баштык-уштүктүү эки караандын үйүнө жакындап калганын алачыгынын кырчоосуна сүйөнүп олтурган Уултай даана көрдү. Уултай аны Суранчынын айлы тараптан куугунтук жеп, конорго үй таппаган кайырчылар деп ойлоду. Уултайдын көз алдына Карагер жорго, Кашка атты минип алчактата бастырып келаткан Супатай менен Суртайдын элеси келип турган. Эшик төрдөн жакын ээк астына келгенде, алдыңкысы Супатай экенин тааный коюп, ордунан тура калам деп, Уултай эки-үч мүдүрүлүп көмкөрөсүнөн жыгылып кетти. Бери жактан бутун араң шилтөөгө жарап келаткан Супатай, энесин кучактай жыгылды. Калыйча үйдөн жүгүрүп чыгып Суртайды басып калды.
Уултай эсин жыйып, үйдөн чөйчөккө суу куюп чыгып балдарынын башынан имере айландырып ырымдады. Анан баары үйгө кирип коломто тегеректешти. Калыйча отту калап алоолонткон экен. Ала-сала көргөндө эстери чыгат деди окшойт, Супатай башынын жараатын, бетинин айрылганын анчейин үшүккө алдырган өңдөнүп, оттун жарыгынан далдаалап, караңгылаткан болуп, Калыйча менен Уултайдан коомайланып олтурду. Отко жылыган сайын бүткөн бою жибип, энеси тынчын алган суроолорго жооп бере баштады.
Өмүрүндө мындай сүйүнүч бактылуу көп адамдардын турмушунда болгондур, бирок Уултайдыкындай болгон эмес чыгар. Бул Уултай үчүн биринчи сүйүнүч, биринчи бакыт. Уултайдын жүрөгү кабына токтобой, мойнуна чалма түшкөн азоодой түрсүлдөп сокту. Бүткөн бою титиреп, колдору карышты. Жаагынан ылдый жылуу тер суудай агып көл-шал түштү. Ысыганына чыдабай караптап кетти. Келини, балдары чурулдап үстүнө түшө калып, бетине муздак суу чачышты. Уултай көптө барып эс алды. Ал солуктап, өпкөсү көөп уйкусу чала канган жаш балача оозун кере-кере ачып эстеди. Анан акылын топтоп, эсин жыйды. Үй ичи көз ирмемге тынчтана калды. Башында тозулуп бараткан кош бүктөм бөз жоолугунун бир учун жазып, маңдай терин шыпырып, бетин сүрттү. Кайра оңдоп салынып, балдарына бир сыйра көз жүгүрттү Уултай. Оор улутунду. Бардык күчүн жыйып туруп эки капшытын кере дем алып, катуу үшкүрүп жибергенде нечен жылдан берки ичинде сакталып, чел байлап үй тигип, жедеп кычып калган ачуу күйүттүн үйү бузулуп кетип, оозунан оттун илебиндей ысык буу чыкты. Уултайдын өндүрү коолдоп илдетинен ажыраган дартмандай жеңилип, ичи ачыла түштү:
— Кудайга эч арманым жок — сөзүнүн башын ушундай баштады, — мал да болсо Кашка ат, Карагер жоргого ыраазымын. Акыбетими кайтарды. Эмгегимди жеген жок. Мен ал экөө аркылуу ойлогон оюма, тилеген тилегиме, көксөгөн максатыма жеттим. Күйүтүмдү күбүдүм. Бугумду чыгардым. Ал эки аттын байгесин талаган улуктар тойбогонун тойгузуп, жыртыгы болсо бүтөп, жылаңачын болсо кийиндирип алсын. Башыңар аман болсун. Мал табылат. Таякелериңди таяп берген эки атта эмне арманыңар бар, садага кетейиндер. ..
Уултай сөзүн токтотуп, эки жагына күйшөлүп бир аз тынч ала түштү. Суртай чөнтөгүнө кол салып бетаарчысын сууруп чыкты да, учундагы түйүнүн чечип, жылтыраган бир тегерек нерсени Уултайга сунду.
— Энеке? Ушул шакекти өз колуң менен чоң энеңе бер деп таякелерим аманат тапшырышты эле.
Уултай шакекти ала коюп, оң алаканына салып оттун жарыгына тиктеп-тиктеп туруп, эки колун уучтаган бойдон бооруна кысып, эчак оюнан чыгып унут болгон казак тилинде бакырды:
— Ше-шема-у-бу ше-ше-м...
* * *Малдуулар жайлоого тегиз көчүп, жакада баягы Супатай жатакчы баш болгон үч-төрт түтүн, ар кайсы эски тамдарды маанектешип олтурушат. Эгиндин алды баш алып, жаз жайга айланып, үркөр чыгып айгыр агызчу Кара-Кол, Сөөктүн суусу эчак тартылып, шалбаанын чөбү кара кочкулданып дүүлүгүп калган.
Супатай быйыл жалгыз эмес. Суртай кол арага кирип, атасы менен кошулуп кулак байлап, суу жайып, ала терет. Жайдын ачуу тийген кактама күндөрүнүн биринде Супатай, Суртай экөө этин күнгө каарышып боргулдана тердеп арпа сугарып жүрүшкөн. Алар өстөн алыштан эңкейишти көздөй тик аккан урма кулак сууга чым токтотуп, тогоонду байлай албай убара болуп жатышат. Супатай улам ар жактагы алыштын жээгиндеги кыртыштан казандын оозундай чымдарды кетмендин уңгусуна чейин батыра чаап кучактап көтөрүп келет. Суртай атасы койгон чымды сууга бекем басып токтотуп тура албай, улам суунун шарына жулдуруп жиберет. Ошентип эки жагын карабай суу менен алагды болуп убараланып жаткан Супатай менен Суртай, коштоо аттары бар, маңдайына келип чукул тура калган үч-төрт кишини, качан гана салам бергенде көрүштү.
— Казактар! .. Таякелер! ..
* * *Супатайдын кара алачыгынын түндүк жабуусу үч күндөн бери тартылбайт. Тегерегинде кыбыраган жан жок. Жадаганда эртели-кеч шырп алдырбай добуш салып турган Ала мойнок кара ити да көрүнбөйт. Үйүнүн тушунан обочороок үйүлгөн эки-үч каптай тезеги турат. Тезектин жанында жамаачылуу шырымал кара таар, түбү жыртык кабырылган эски дагырасы жатат. Үйдүн ичинде казаны менен тулгасынан башка тиш чукуур калбаптыр.
Бул кабар жайлоодогу элге дуу тарады.
Достору
ratbek Досторду кошо элек
Комментарийлер
ratbek ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?