|
Нурмат Садыров
Бардык видеолор: 35
Бардык аудиолор: 59
00:05:30
00:03:30
00:03:34
00:02:46
00:03:41
00:04:05
00:03:43
Сөзү : Сыймык Бейшекеевдики
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Кызылдан көйнөк секелек сенсиң,
Кыраңда өскөн байчечек сезим.
Сүйүүмдү айтсам билмексен болгон,
Сүйкүмдүү кызым эселек кезиң.
Түрлөнтүп айткан баяным сенсиң,
Түшүмдө берген аяным сенсиң.
Кылымдап айткан жомогум сенсиң,
Кыйналып жазган обонум сенсиң.
Апталап айткан баяным сенсиң,
Ал түндө берген аяным сенсиң,
Айлап бир айткан жомогум сенсиң,
Араңдан жазган обонум сенсиң.
Саамайдан сылаар салкын бир желсиң,
Сүйүүмө жөлөк болчу сен белсиң,
Жылдызың чачып жылмайып койчу,
Сүйүүмө жалгыз сен эле теңсиң.
Түрлөнтүп айткан баяным сенсиң,
Түшүмдө берген аяным сенсиң.
Кылымдап айткан жомогум сенсиң,
Кыйналып жазган обонум сенсиң.
Апталап айткан жомогум сенсиң,
Ал түндө берген обонум сенсиң,
Сүрдөнүп айткан жомогум сенсиң,
Сүйүүдөн тапкан обонум сенсиң.
Нөшөрлөп жааган жамгырым сенсиң,
Көөшөрүп жазган жаңы ырым сенсиң.
Сүйүүнүн сырлуу сандыгы сенсиң,
Сүрдөнүп айтсам бардыгы сенсиң ,
Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң.
Сүйүүнүн алтын сандыгы сенсиң.
Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң,
Сүйүүмө жалгыз сен эле теңсиң.
Сөзү : Зарлык Камбаралиевдики
Обону : Зарлык Камбаралиевдики
Караңгы каптап,
Жарыкты таппай,
Дем жетпей турсам тумчуга.
Жанымда туруп,
Тымызын күлүп,
Жүрөктүн карап сыртынан
Турасың коюп кулпулап.
Ойлонбой жургөм ойлонттуң,
Жетиштуу эле ойнопмун...
Эске албай жашты,
Келер деп бактым,
Токтолбой жүргөм токтоттуң...
Козголбос жанды козготтуң
Көп күндөр өттү,
Жыргадым, чөктүм...
Бирде куш, бирде жем болуп
Бастырып баарын, өткөрдүң мени
Күтүлгөн бактым сен болуп
Издеген бактым сен болуп....
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Жүрөктү сууруп алдың,
Жашоомду буруп алдың.
Тартылып сыйкырыңа,
Туруп калдым.
Каректе күйүп кеттиң,
Каныма кирип кеттиң.
Күмүштөй шыңгыр этип,
Күлүп өттүң.
КАЙЫРМА:
Сенин жүзүңдөгү сулуу меңиң,
Сүйүүмдү козгоп менин,
“Сүйөмүн” дедим.
Сенин анар сымал бышкан эрдиң,
Сезимимди козгоп менин,
“Секетим”- дедим.
Алтыны ашык жандын,
Асманда басып калдым.
Көзүңө бир жалт карап,
Катып калдым.
Балыктай туйладың го,
Байкеңди кыйнадың го.
Тутанган махабатым,
Туйбадың го...
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Султан Садыралиев, Бек Исраилов, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Сатылганова, Омар, Анжелика, Алтынай Нарбаева, Куралбек Чокоев, Толгонай Арзыкеева, Урмат Усенов, Аваз Акимов, Айганыш Абдиева, Токтобек Асаналиев, Айпери Кубик кызы, Максат Садырбеков, Максат Бегалиев, Нурмат Садыров, Юлия Руцкая, Нурсултан Азыкбаев, Чолпон Талипбек, Аско, Азат Раимбердиев, Кудайберди Айтбосунов, Джонни "Адамга адам керек"
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Султан Садыралиевдики
Бул күндөр да өтүп кетер,
Кыйналган жандардын үнү жетер.
Баркын билбей бул жашоонун,
Жашадык заманда "өзүм" деген.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурай турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Узак жолду улап келген,
Ар бир таң өзгөчө кубат берген
Канча кыйын күн келсе да,
Адамбыз баарына чыдап келген.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурай турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Күндөн дагы, суудан дагы
Эң кымбат адамга адам керек.
Сабыр керек сынбай турган,
Жакшы күн бар али, улай турган.
"Чыңалсын",-деп адамзатты,
Сыноолорду Кудай сунган.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Адам жөлөк курбусуна,
Себепкер жаркыган турмушуна.
Кыйын күндө бирге өтөт
Таянып "эл" деген уул-кызына,
Ынтымакта жеңе турган
Кайрат бер, сабыр бер Кыргызыма!
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : Кубаныч Сатаевдики
Обону : Кубаныч Сатаевдики
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Махабаттын жылдыздары,
Жайнап турсун ай-асманда.
Көңүл кайра табылбас,
Эмне жетсин кадырлашканга?
Кайырма:
Адамзат жаман иш кылбайлы!
Ансыз да өмүр аз турбайбы...
Тартпайлы болбоско муң-кайгы,
Эй, адамзат!
Арылып тескери адаттан,
Алдыга учалы канатчан,
Ар дайым колдосун Жараткан,
Эй, адамзат!
Дүйнө көздү кызыктырат,
Алтын сымал ай жылтылдап.
Тилегеним ар үйгө,
Орноп турсун бакыт, ынтымак!
Кайырма:
Күрөшкөн талбастан – адамзат,
Күн сайын алмашкан – адамзат!
Жер кезип, жол баскан – адамзат,
Жашоо деп кармашкан – адамзат!
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Аман Бержибаевдики
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Аскар Бержибаевдики
Күмүшүм элең,
Күлүшүң менен,
Күйүткө салып кетип калдың.
Үмүтүм элең,
Жүгүнүп келем,
Бир арманга.
Кайгы тарткан мендей барбы жан?
Ойлор ээрчип калбай артыңан.
Жүрөк ээси, эркесиң,
Көңүл ыйын сезбедиң,
Айтчы кайтып качан келесиң?
Жүрөк ээси, эркесиң,
Көңүл ыйын сезбедиң,
Айтчы качан кайтып келесиң?
Аныгын билип,
Жаңылып сүйүп,
Адашып, мен ишенип алып.
Жазыксыз дүйнөм,
Жалындап күйгөн,
Сени табып.
Кайгы тарткан мендей барбы жан?
Ойлор ээрчип калбай артыңан.
Жүрөк ээси, эркесиң,
Көңүл ыйын сезбедиң,
Айтчы кайтып качан келесиң?
Жүрөк ээси, эркесиң,
Көңүл ыйын сезбедиң,
Айтчы кайра качан келесиң?
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Ансайын жетпей убакыт,
Өзгөчө нурун чубалтып.
Өзүңдү сүйүү миң бакыт, өмүр.
Алоолоп жалындайт, айланып табылбай.
Асмандагы куштайсың, өмүр,
Жолуңду каратып, жүз жылды саматып.
Жүрөктү кыстайсың, өмүр.
Ансайын жетпей убакыт,
Өзгөчө нурун чубалтып.
Өзүңдү сүйүү миң бакыт, өмүр.
Кээ бирде жыргал сунасың,
Кээ бирде чалып жыгасың,
Антсе да ыйык тумарсың, өмүр.
Ак-кара жанашкан,
Алыстап бараткан,
Шараккан суудайсың, өмүр
Адамга каш керек, ашыкча жаш керек.
Түбөлүк турбайсың, өмүр.
Ансайын жетпей убакыт,
Өзгөчө нурун чубалтып.
Өзүңдү сүйүү миң бакыт, өмүр.
Кээ бирде жыргал сунасың,
Кээ бирде чалып жыгасың,
Антсе да ыйык тумарсың, өмүр.
Жаз гүлүндөй дүйнөм ачылган,
Жан дилиме сүйүү жазылган.
Жалгыздыктан коркуп келемин,
Келчи жаныма, сени сагынам.
Кайырма:
Жашоо азабына,
Салбай казалына.
Келчи, жан шеригим,
Сүйүү дайрасына.
Арзуу сезимине,
Салдың кемесине.
Калдым сени менен,
Сүйүү деңизинде.
Кең дүйнөм да сенсиз ачылбай,
Кайгы-муңга келем алдырбай.
Көрбөй калсам жалгызсыраймын,
Ак жамгырдан калган бир тамчыдай.
Сөзү : Нурмат Садыровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Ак жамгырда сени издедим,
Жаным, үнүң угулат.
Көздөрүңө байланганмын,
Көргүм келет ар убак...
Ыйлаба, жүрөк,
Өкүнгөн менен пайда жок.
Ыза толгон күйүтүм бар,
Сен сезбейсиң, а бирок...
Ыйлаба, жүрөк, бүл күндөр өтөт,
Азыр жол таппай адашып жүрөт.
Ыйлаба, жүрөк, өзүңдү күтөт,
Өмүрүн арнаган жан...
Эсиңдеби эркем менин,
Эң алгачкы сезимдер?
Мезгилинде гүлүн ачкан
Жаным деген эриндер...
Сөзү : Кален Раевдики
Обону : Кален Раевдики
Көрүп калдым мен бир кызды,
Айта албадым мен бир сырды сага.
Артынан мен жүрөм дале, махабатым,
Качан жетем сага?
Кайырма:
Көздөрүңдөн жылдыз жанат,
Менин сүйүүм бир ашыгат сага.
Жүрөгүмдөн айта албадым,
Сүйөмүн деп айта албадым сага,
Сүйөмүн деп айта албадым сага.
Ыр курадым сага, жаным,
Арманымды мен айтпадым сага.
Кумарланат жаш жүрөгүм,
Арман, ай, деп мен ырдаймын сага.
Сөзү : Мирлан Алтымыш уулунуку
Обону : Мирбек Атабековдуку
Кылыктанган, сүйгөнүм, кызыгы сен дүйнөнүн,
Эч нерсеге алмашкыс, сен жолуккан күндөрүм.
Жүрөк сен деп какканда, көкөлөймүн асманга,
Эң бактылуу күндөрүм сени менен бирге басканда.
Кайырма:
Карагат көздөрүң, карагат,
Ак сүйүүм өзүңдөн аманат.
Колумда тургансыйт жүрөгүм,
Кокустан албагын жаралап.
Аппагым, ай, аппагым, ак сүйүүмдү какпагын,
Көп кыздардын ичинен көзүм түшүп тапканым.
Ушул келген өмүрдү, өткөрөлү көңүлдүү,
Таазим кылып сүйүүгө, таптым сендей сулуу перини.
Кайырма:
Айым менин, күнүм дейин, жаным,
Тунугумсуң тоо булагындай.
Сүйдүрөсүң, күйдүрөсүң, жаным,
Өзүңө мен жүрөм ашыккан.
Кайырма:
Кызгалдактай кулпурасың, ай,
Сага жетпей кыйналамын, ай,
Жаным, эй, жаным, эй,
Күмүш күндөн төгүлөсүң, ай,
Күн бетинен көрүнөсүң, ай.
Жаным, эй, жаным, эй,
Тилейм сага бар бакыттын баарын,
Тагыласың сен тумарымдай.
Жалдыратып жанымды өрткө салдың,
Сүйгөнүм бул ырым сага арнайм.
Кайырма:
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Аскар Бержибаевдики
Күндөр өттү сүйкүм жатаканада,
Дос болуп кыз балага, барбай сабакка.
Мен да ушундай күндү кечиргем,
Уктап далай кечиккеним кетпейт эсимден.
Өмүрдүн ушул кызыгын
Турмуштун жаңы көргөн бул учур,
Биринчи сыноодон аша турчу кыр ушул
Баёолук сезимден келген бизге бул учур
Жүрөгүмдө калган жетпей арман
Кайырма:
Окуу жай, окуу жай,
Сенде калды жаштык кездер, ай.
Ырга толгон бакыт кечтери, ай,
Ошол күндөр, ай, студенттик күндөр, ай.
Бир далай сенде калды жаштык кездер, ай.
Ырга толгон бакыт кечтери, ай, ошол түндөр, ай,
Студенттик күндөр, ай.
Билим карай келген байлап үмүтүн,
Жаштык кезден бир үзүм өткөн күн үчүн,
Жаңы дүйнө менен достошуп
Максатыбыз шат кошуп,
Жүрү жакшы окуп.
Өмүрдүн ушул кызыгын
Турмуштун жаңы көргөн бул учур,
Биринчи сыноодон аша турчу кыр ушул
Баёолук сезимден келген бизге бул учур
Жүрөгүмдө калган жетпей арман Кайырма:
Ак Сардал кыз, Сардал кыз,
Сен да жалгыз мен жалгыз.
Берейин десем мал таңгыс,
Бере албадым, Сардал кыз.
Өтүгүңдүн өкчүүсү,
Кылдан бекен Сардал кыз.
Экөөбүздүн ортобуз,
Зымдан бекен Сардал кыз.
Көк боз аттын куйругу да,
Күмүш десем кылга окшойт.
Экөөбүздүн ортобуз,
Күнчүлүк десем айга окшойт.
Ак боз аттын куйругу,
Алтын десем кылга окшойт.
Экөөбүздүн ортобуз,
Айчылык десем жылга окшойт.
Көк өгүздү кубалап мен,
Оолукканмын, Сардал кыз.
Көк белестин жанынан,
Жолуккамын, Сардал кыз
Ак өгүзүм кубалап,
Оолукканмын, Сардал кыз.
Ак белестин жанынан,
Жолукканмын, Сардал кыз.
Кашка сулуу булактан,
Суу аласың, Сардал кыз.
Карала да моюн катардай,
Чубаласың, Сардал кыз.
Ак мөңгүлүү дайрадан,
Суу аласың , Сардайл кыз.
Ашыктыгым ансайын,
Бураласың , Сардал кыз.
Сөзү : Турдалы Иматовдуку
Обону : Мамажан Козубаевдики
Биз барганда ээрчишип Айгүл тоого,
Ай тийиптир эми эле аркы зоого.
Ай алдында шамалга ыргалышат,
Айга тосуп жүздөрүн өйдө боло.
Кайырма:
Айгүл гүлү өзүңдөй ачылыптыр,
Ар бир сабы мончоктой гүлгө толо.
Ааламдагы гүлдөрдүн ханышасы,
Арнагым бар өзүңө ырга кошо.
Айгүл дагы бизге окшоп сагынгандыр,
Мээрим чачкан асманда жылдыз толо.
Жоодураган көздөрүң гүлдөй жайнайт,
Менин колум белиңе оролгондо.
Кайырма:
Биз өткөргөн кадыр түн Айгүл тоодо,
Биринчи эмес миң ирет дагы болсо.
Берер элем өмүрдү өзүң үчүн,
Айгүлүмдөй тунугум керек болсо.
Кайырма:
|