|
Бурулай: «ВРАЧТЫН КАЙДИГЕРЛИГИНЕН ЖАШ ЖАНЫМ АЗАПКА БАТТЫ»№453 8-14-июль, 2011-жыл Адатта врачтарды “өмүр сакчылары” дейбиз. Бирок дарыгерлер бир кезде Гиппократтын антын бергенин унутуп да койгон учурлар кездешет. Төмөнкү окуя кимдин болсо да төбө чачын тик тургузчудай. “Үч жылдан берки тарткан азабымды эч кимге каалабайм”,- деди Бурулай көзүнүн жашын кылгыртып... МОНЧОГО БАШКА УБАКЫТ ТАППАДЫБЫ?
Менин биринчи төрөтүм болгондуктан, эч нерсени билчү эмес элем. Толгоо келген сайын эмне кыларымды билбей, жата бердим. Жанымда мээрман айым жана практикага келген кыздар-балдар бар болчу. Алар менден да өтүп алаңдап коркуп алышкан. Апам “кыйналып жатат, карабайсыңарбы! Же креслодон тургузуп койгула” деп мээрман айымдарга айтса, врачка чалып, “мончого эми убакыт таптыңбы?” деп урушкан экен. Бала төрөлгөнү жатат, менин жанымда үрпөйгөн практиканттардан башка эч ким жок. Ошол учурда шашып жетип келди врач. Азыр ойлосом, мен өзүм эле төрөй турган абалда экем.
Мен ошол учурда балам аман калганына эле сүйүндүм. Мага антип кесип салганын да айтышкан эмес. Чыгып баратканда менден 1500 сом сурады. “Мен сени араң төрөттүм, төрөтүң оор болду” деди. Чындыгында, андан мурун 400 сом бергем, туугандарым керек уколдорду алып келип берип турушкан. «КЫЗ КЫЛЫП ТИГИП КОЁМ...»
Менин билбегенимдин дагы бир себеби, күйөөм менен бала төрөлгөнчө эле ажырашып кеткем. Балким, ушун үчүн деле көпкө билбей жүрө берсем керек. Ошентип, врачка барсак, ал декретке чыгып кеткен экен. Башка врачтар “биз мойнубузга ала албайбыз” дешти.
Бир жылдан кийин барсам, мени төрөткөн врачты “Москвага кетип калды” деп коюшту. “Болуптур эми, ал кетип калса эмне кылмак элек, сиздер деле тигип коюңуздарчы” деп жалдырадым. Алар “тиккенден кийин сага клизма жасаш керек. Күнөөлүү врач өзү жасасын” деп болбой коюшту. Мен аргасыз үйгө кеттим. Көрсө, тиги Москвага деле кетпеген экен. Кесиптештеринин бири чалып, “ушундай иш болуп жатат. Кесип салган соң тигип бербейсиңби?!” деген окшойт. Ал “ошондой болорун билген элем. Кайра тиге албай калбадымбы” деген экен. Эми кыйналганымды сурабай эле койгула. Эркек адамдын жанына отура алчу эмесмин. Анткени тез-тез эле жел чыгып кетет. Дааратканага элдер бир күндө бир барса, мен жарым саат сайын барчумун. Анткени кысып турган нерсени кесип салган экен. Үч килограммдан ашык салмакты ушул кезге чейин көтөрө албайм. КУРСАГЫМДАН ТРУБКА ЧЫГАРЫП КОЮШТУ
Анткени тигилген жерге оордук келсе, кайра эле айрылып кетүү коркунучу бар экен. Эми үч айдан кийин кайра түз ичегини өз ордуна коё турган операция болмокчу. Ошентип, азыр үчүнчү операциянын алдында турам. «МЕН ЭМНЕ КЫЛАЙЫН?»
Оорудан жаным көзүмө көрүндү. Зарина ошол боюнча менден кабар албады. Телефонун өчүрүп салган, эмне болгонумду деле билгиси келген жок. Уулумду апам багып жүрөт. Үй-бүлөдө эркек да жок. Балким, ошон үчүн да мени басмырлап жатышабы? Эми ошол ачык жүргөндүн залалынан жатын оорусуна жолуккан окшойм, анын үстүнө “өтүңдө да таш бар” деп жатышат. Эмдиги операция үчүн акчам таптакыр жок. Эптеп силердин дарегиңерди таап келдим.
Юристтин кеңеши ![]() Эгерде дарыгер профессионалдык милдетине кайдигер мамиле жасап, анын кесепетинен адамдын ден соолугуна орчундуу зыян келтирсе, сот жообуна тартылат. Бул үчүн төмөнкү жагдайлар болуш керек.
Дареги: Турусбеков көч., 86 Нуржамал Жийдебаева Репортаж - Врачтын кайдыгерлигинен талкаланган тагдыр"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Orozbai kyzy Burulkan,kim jardam bergisi kelse ushul nomerge 4alyp suiloshsonor bolot...