реклама

Порталдын эрежелери бардык бөлүмдөрдүн колдонуучуларына таандык болуп эсептелет. Көпчүлүккө таандык этика нормаларын бузуу эрежеде көрсөтүлбөсө да, форум эрежелерин бузуу менен барабар. Өзүнчө форумдардын эрежелери жалпы эрежеге кошумча болуп саналат.
Эрежелерди билбестен бузуу жоопкерчиликтен бошотпойт



1. Каттоо учурунда сиз тандаган ысымды (логин) кийин өзгөртүүгө мүмкүн эмес.

2. Катталган колдонуучунун тайпасы активдештирүү болгонго чейин ТҮЙҮЛДҮК болот. Активдештирүү порталдын башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Катталганына 15 күн боло элек КОНОК тайпасындагылар бир күндө 3 гана комментарий жана 3 билдирүү жаза алышат. Эгер катталганынан 15 күн өтсө, анда КОНОКко чектөө жок. Билдирүү жана комментарийлерди чеги жок жаза берсе болот.

4. Жаңы катталган "суперстандыктар" КОНОК болуп саналышат жана 100 күндөн кийин толук кандуу ЖАРАН болушат. Коноктордун кээ бир мүмкүнчүлүктөрү ("Суперстандын" "Саясат жана коом" бөлүмүнө билдирүү жазуу, "Супер-Инфонун" "Саясат" рубрикасына, "Соңку кабардын" "Саясат, коом" рубрикасына комментарий калтыруу, "Дил кутуна" билдирүү жазуу, сурамжылоо жүргүзүү ж.б.) чектелген.


5.Порталга катталган колдонуучулар 3 суткадан кийин "Сурамжылоого" добуш бере алышат (1 IP-даректен 1 саатта 1 гана добуш кабыл алынат)

6. Порталга 200 күн кирбеген колдонуучу күтүү режимине өтөт, бирок ага порталдын эшиги толук жабылбайт.

7. Автордун да, окурмандардын да ыңгайлуулугу үчүн тексттерди латын тамгасы менен эмес, кыргызча тамгалар менен жазуу сунуш кылынат.

8. Жарыялар, темалар жана жооптордун кыргыз тилинде болушу сунуш кылынат.

9. Теманын аталышы теманын маңызын камтышы керек. Түшүнүксүз жана маңызы туура келбеген темалар эскертүүсүз эле алынып салынышы мүмкүн.

10.Жаш курагы 18ге жете элек колдонуучуга чектөөлөр бар.

11.Билдирүүнүн тематикасы туура келген бөлүмдө жайгашыш керек жана андан аркы талкуу билдирүү темасы боюнча болушу зарыл.

12.Медиа-порталдын Супер Тв бөлүмүндө жүктөлгөн видеоматериалды жана Соӊку кабар бөлүмүнө чыккан материалдарды, сүрөттөрдү колдонууда сөзсүз www.super.kg порталына шилтеме берилиши керек.

13.Эрежелерди үзгүлтүксүз бузган колдонуучулар порталдан четтетилет жана башка ат менен жаңыдан катталбашы үчүн бардык аракеттер жасалат.

Сүрөт

1. Мыйзамга туура келбеген билдирүүлөргө;

2. Ушул порталга курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга;

3. Порталдын колдонуучуларын алдоону же чаташтырууну максат кылган билдирүү калтырууга;

4. Порталдын башка катышуучусунун чыныгы аты, сүрөтү, өздүк жашоосу тууралуу маалыматтар, телефон жана дареги сыяктуу өздүк маалыматтарды анын уруксатысыз жайгаштырууга;


5. Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө;

6. Интимдик кызмат издөө же сунуш кылуу сыяктуу коомдук адепке туура келбеген ар түрдүү шектүү билдирүүлөргө;

7. Порталга адепсиз, уят, жаргон сөздөрдү колдонууга, бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга;
8. Жөнү жок башка тилдеги сөздөрдү жазууга (которууга оорчулук туудурган эл аралык мааниде колдонулган сөздөргө уруксат);

9. Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга;

10. Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга;

11. Жарнама жана коммерциялык маалыматтарды "Коммерциялык жарыялар" аттуу бөлүмгө гана калтырууга уруксат берилет;

12. Мааниси бирдей бир нече билдирүүнү өзүнчө жазгандын ордуна бир эле билдирүү жазуу шартка ылайык. Мисалы, алма, өрүк, мейиз сатуу боюнча 3 жарыя жазгандын ордуна чогултуп бир жарыя жазуу оң;

13. Маанисиз, темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга (флуддоого);

14. Жарыяларды тиешеси жок бөлүмдөрдө жайгаштырууга;

15. Бир же бир нече бөлүмдө бир нече окшош (жазылышы гана эмес, мааниси да) билдирүүлөрдү жазууга;

16. Ачык түстөгү (кызыл, ачык сары, ачык жашыл) тамгаларды, тыныш белгилерин ашыкча колдонууга, бош саптарды жөн эле калтырууга тыюу салынат. Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек;

17. Грамматика эрежесин атайын бузуп жазууга.

Сүрөт

1. Бардык жеке билдирүүлөр автордун өзүнүн ою болуп эсептелет. Андыктан администрация билдирүүнүн мазмуну үчүн жооп бербейт.

2. Жарыя себеп болгон моралдык, материалдык зыян үчүн жооп бербейт.

3. Ар бир колдонуучу порталдан алган маалыматты өзүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонууда жоопкерчиликти өзүнө алат.

4. Медиа-порталдагы “Элдик видео” жана “Элдик аудио” бөлүмдөрүнө жүктөлгөн видеого, аудиого жана анын мазмунуна SUPER.KG порталы жоопкерчиликти албайт. Эгер бул бөлүмдөрдөгү видео же аудио сиздин уруксатыңыз жок жайгаштырылып, автордук укугуңузду бузуп жатса, бизге расмий түрдө кайрылыңыз. Ал үчүн portal@super.kg электрондук дарегине видеонун (аудионун) шилтемеси менен кошо сиздин автордук укугуңузду тастыктаган документтердин көчүрмөсүн же болбосо башка автордук укугуңузду көрсөткөн тастыктоолорду, өзүңүздүн байланыш номериңизди көрсөтүп кат жөнөтүңүз. Жоопту 3 иш күндүн ичинде ала аласыз.

5. Порталдын “Соңку кабар” жана “Супер-Инфо” бөлүмүндөгү “Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, “Бизнес-Инфо”,  "Медиа-портал" бөлүмүндөгү “Супер ТВнын” ичиндеги “Бизнес-инфо” рубрикасы, ошондой эле "Шайлоо" деген рубрика жана белги менен чыккан жана башка жарнамалык негизде жарыяланган материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

Сүрөт

1.Интернеттеги бардык нерселер провайдерлердин маалымат базасында жазылып жана сакталып калат. Ошондуктан жаман нерсе жазуудан мурун ойлонуңуз.

2.Порталдын катышуучуларынын IP-даректери укук коргоо органдарынын жазуу түрүндөгү талабы боюнча гана берилет. Бирок IP-дарек өзүнөн өзү сыр деп эсептелбейт жана интернеттин ар бир серверинде жазылып калат. Конкреттүү IP-даректин колдонуучусу тууралуу маалымат провайдерге гана белгилүү.
Сүрөт

1.Колдонуучу порталдын башкармалыгын талкууга алууга болбойт.

2. Порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.

3.Кайсы бир акимди жана анын иш-аракеттерин талдоого, талкуулоого жол берилбейт. Нааразычылыктар болсо info`го купуя кат аркылуу жөнөтүлүшү керек.

4. Администраторго же модераторго суроо же талабыңызды электрондук почта аркылуу жөнөтсөңүз же "Арыз жана сунуш" бөлүмүнө жазсаңыз болот.

5.Форумга жазылган билдирүүлөрдү "Супер-Инфо" гезити автордун уруксатысыз жана эч кандай калем акы төлөбөстөн гезит бетине жарыялоого укуктуу.

6.Башкармалык эрежени бузган колдонуучуну эскертүүсүз порталдан дароо четтетүү укугуна ээ.

7.SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

P.S. Эрежелер эч эскертүүсүз өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.

 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2024 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: