ЭШЕК - АШЫКЧА ЖҮК КӨТӨРБӨГӨН АКЫЛДУУ ЖАНЫБАР

№453 8-14-июль, 2011-жыл


Эшекке өздөрү көтөрө алгандан ашыкча 5 килограммдай эле жүк артышса, баспай коёт. Ошондуктан “эшектей кежир” деген сөз айтылып калган. Бирок эшек ошол кежирлиги менен ден соолугун сактап, узакка жашай алат.

КЫЗЫКТУУ

  • СССРде, Никита Хрущёвдун убагында эшекке да уй, жылкы катары салык салынган. Эшекке караганда уй, жылкы пайдалуу болгондуктан, эшектерди жок кылып башташкан. Ушундан улам алардын саны кыскарган.
  • Кениянын Лимуру шаарында шаар жетекчилиги “эшектер шаардын көчөлөрүн булгап жатышат” деп аларга атайын памперс кийгизүү тууралуу жарлык чыгарган. Алгач нааразы болсо да, аны кээ бирлери колдоно башташкан. Бирок көпчүлүк митинг уюштуруп жиберип, жарлык алынып салынган.

ТҮПКҮ МЕКЕНИ – АФРИКА
Тарыхый маалыматтарга караганда, эшектер Африкада пайда болгон. Жана аларды алгач байыркы египеттиктер мындан 5 миң жыл илгери колго үйрөтүшкөн. Атка салыштырмалуу тоютту тандабайт, ысыкка чыдамдуу, алар ооруй турган оорулар да аз. Илгери египеттиктер эшектерди пирамида курууда колдонушкан.
Эшектер ысык жана кургак жерлерди сүйгөндүктөн, нымдуу европалык климатты жактыра беришпейт. Андай жерлерде алардын туяктарында көбүнчөсү терең тилик, жаракалар пайда болуп, ал жерлери ириңдеп, жарага айланып кетет. Андыктан Европада Азияга караганда эшектерди жакшылап карап, багуу талап кылынат.
Жакшы багып караса, 55 жылга дейре жашашат.

ЖАПАЙЫ ЭШЕКТЕР СЕЙРЕК КЕЗДЕШЕТ
Породасына жараша боюнун бийиктиги 75 сантиметрден 1 метр 60 сантиметрге чейин жетет. Балдарын курсакта 1 жылдан тартып 1 жыл 2 айга чейин көтөрүшөт. Жапайы эшектер саатына 70 чакырымга дейре чуркай алышат. Андай эшектер учурда Эфиопияда жана Суданда аз санда гана кездешет. Израилдеги корукта 100гө жетпеген эшек сакталган. Эритрея өлкөсүндө көбүрөөк (400 баш). Африкалыктар жапайы эшектерге териси, эти үчүн аң уулашкандыктан жок болуп баратат. Жапайыларына салыштырмалуу колго багылып, кийин жапайы болуп кеткен эшек тукумдары көбүрөөк. Учурда алардын саны Австралияда 1,5 миллионду, АКШда 6 миңди түзөт. Кипрде да жапайылашып кеткен эшектер бар. Бул эшектердин бардыгы коргоого алынган. Кээ бир аймактарда жашагандардын бутунда зебраныкындай кара сызыкчалар кездешет.

КУЛАНДАР ЖАНА АЛАРДЫН ТҮРЛӨРҮ
Азия жапайы эшектери кулан деп аталат. Алар илгери Иран, Ооганстан, Түркия, Монголия, Түндүк-Батыш Кытай, Түндүк-Батыш Индия, Украина, Түндүк Кавказ, Батыш Сибирь, Казакстан менен Түркмөнстанда жайылып жүрүшкөн. Учурда Түркмөнстандын Бадхыз коругунда 700, Казакстандын Барса-Келбесинде 140, Украинада 150 баш сакталган. Монголияда сакталгандарынын саны канча экени белгисиз.
Кулан түрлөрүнө жараша төмөнкүдөй бөлүнөт: онагр (Иран), жигетай (Монголия), хур (Иран, Пакистан, Индия), кианг (Батыш Кытай, Тибет), Сирия куланы (Сирия, Месопотамия, Арабия жарым аралы). Маалыматтарга караганда, куландар колго үйрөнбөйт. Кулан – монгол сөзү, бизче “жеңилбес, ыкчам” дегенди түшүндүрөт.

КАЧЫР
Ат менен эшекти аргындаштыруудан качырлар жаралат. Булар эшекке караганда чоң, ат сымал оор нерселерди көтөрүүгө жөндөмдүү. Булардан тукум алууга болбойт. Илгери качырларды кармоо байлыкты даңктоо катары саналган. Андыктан Францияда, Италияда, Түштүк Америкада, Алдыңкы Азияда абдан мода болуп, баасы кымбаттап кеткен.
Учурда кээ бир тоолуу өлкөлөрдөгү аскерий бөлүктөр да тапшырмаларды качырлардын жардамы менен бүтүрүшөт.

МАМОНТ СЫМАЛ ЭШЕК, ЗЕБРОИД ЖАНА КАРЛИК
Франциянын Пуату облусунда эшектин пуату породасы сакталган. Аларды сырткы көрүнүшүнө карап мамонт сымал эшектер деп аташат. Алар убагында Францияны басып алууга аракет кылган Рим жоокерлери тарабынан алынып келген делет. Римдиктер бул эшек түрүн узун жүнүн алуу үчүн багышкан. Учурда пуатунун саны 400дү түзөт.
АКШнын Чистэти коругунда 2010-жылдын 22-июлунда зеброид туулган. Анын апасы – эшек, атасы – зебра. Атасынан 4 бутундагы “ак-кара сызыктуу байпак” гана энчи тийген.
Англиянын Вингхэм коругунда карлик эшек породасы жашайт. Булардын боюнун бийиктиги болгону 75-85 сантиметрди түзөт.

ЭШЕКТИН ЭТИ ДААМДУУ, СЫРЫ КЫМБАТ
Эшектин этин Африканын жана Американын индейлери, кытайлыктар, корейлер, комилер (Орусия) баалап жешет.
Этин колдонордон мурун жытын кетириш үчүн жууп туруп, маринаддап коюшат. Көбүнчө жашылча же буурчак (нокот) аралаш куурушат. Эшектин эти катуу болгондуктан, бышышы үчүн аны 3 саат дымдоо кажет.
Сербиядагы бир компания 2010-жылы эшектин сүтүнөн сыр жасап, сатыкка чыгарган. Сырдын 1 килограммы 1400 доллар болгон. 1 килограмм сыр үчүн 25 литр эшек сүтү керектелген. 1 эшек 1 жылда араң дегенде 25 литр сүт бере тургандыгын айтсак, сыр эмне үчүн кымбат экендиги түшүнүктүү болот.
Илимпоздордун айтканына ишенсек, эшектин сүтүнүн адамдын терисин жашартуучу күчү бар.

АТАКТУУ ЭШЕКТЕР
Эшектер көп эле кино менен мультфильмдерде бар. Мисалы, “Керемет көчтөгү” Такай, Апендинин, Шрэктин жана Шуриктин эшеги...
“Кавказ туткунунда” тартылган легендарлуу Люся аттуу эшек кийин “9-рота” тасмасында да роль жараткан. “Кавказ туткунуна” тартууда керектүү жерлерде баспай кежирленгенден, ага улам кант берип турушкан. Ушундан улам Люся Шуриктин ролун аткарган Александр Демьяненконун артынан калбай ээрчип жүрчү дешет. Съёмка учурунда даң салып чуркап кетип, Москвичке урунганы да бар.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg



Эшек - ашыкча жүк көтөрбөгөн акылдуу жаныбар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(20)
SUPER.KG видео
09.07.2011. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы нерсе ойлоп таапсынар го
SUPER.KG видео
11.07.2011. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы нерсе экен. Талаада иштеп же кодолегин эмизип жаткан, иши кылып кыймылда жургон эшекти тартсанар мындан да сонун болмок.Мурун кочолордо жайнап жургон бул жаныбар азыр анча корунбой калды. Учурда баасы канча болуп жатканын да кошсонор болмок
11.07.2011. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да айылда эки эшегим бар,кандай журот болду экен?Кыйналбаса эле болгону...
13.07.2011. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baibolot71, эшек кыйналбаса айылдагылар кыйналат да ой ха ха ха аяюай жакын адамды аягандай айтыпсын го))))))))))))))))))
11.07.2011. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшек сонун жаныбар да!Жоош!Айылдагы эшектерди эстеп жатам.Шректин эшегине соз жок....
11.07.2011. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hahahahahahahahaha
12.07.2011. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде эшектер калбады,кытайлар жеп кетишти,кымбаттап да кетти.Мурун бекер эле болчу.
SUPER.KG видео
12.07.2011. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хоооохма тема экен. Эшек тууралуу жазуу идеясы укмуш го эээ, окуп алып, коруп алып кулдум. жакшы маалымат берилген экен чынында.
12.07.2011. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кашаң эшекттер "умный" болушат турбайбы?(эмнеге баспайт десе)
Менин тагам айтып берген СССР убагында "жими" деген эшеги болгон экен ,жими айылдын кайсыл жагында болбосун атын атап чакырса заматта пайда болуп,анан жимиге конфет,батончик берип койсо,сүйүнгөнүнөнбү кыйкырган боюнча айылды чаңытып кайра кетип калчу экен.
13.07.2011. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай умныйын деле билбептирбиз илгери, баспаса сабап жатып эле бастырып кетчи элек. Ой мен мунусуна деле ишенбейм, сабасан баса берет балакет болсо да эшегин, тескерисинче эшектин жугу женил болсо жаталак болот
27.07.2011. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kushchu,ар бир эле тируу жандын жаны ооруйт да...
14.07.2011. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы бир турк ырчысы дагы "Досум эшек" деп ырдап калганын кулагым чалды эле. Эшектер пайдакеч болушат да. Осо бергиле эшектер!!!
15.07.2011. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кичинекей кезимде айылга барганда эшектен кулаганым эсимде. Арыктан секиртип откозом деп озум арыка тушуп калгам. :-)
17.07.2011. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baarynar kyzykktuu zhazypsynar birok eshekti syilasan akyrga chychattdeit abailagyla tuugandar
04.08.2011. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин "Керемет коч" теле берууну коруп алып, айрым улуу муундун окулдору: "Бизге тамга уйротконго эшектен башка жан жок калыптырбы?" деп чычалашканын уккан жайым жар.
06.08.2011. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келгиле анда эшек учун алып жиберелии
06.08.2011. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
доку
SUPER.KG видео
07.08.2011. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:))))) это шутка да? Суперчилер, эмнеге эшек? Эмнеге жылкы, уй, кой, мышык эмес - эшек? Орустардын форумчулары айткандай "йа падсталом, ржунимагу". Азаматсынар, жатаарда конулум ачылып кетти, жакшы туш корсом экен эми... СУПЕР, вы СУПЕР! :D :D :D
26.03.2012. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
19zamir87
нормаа ха хе
04.09.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быйыл эшек этин мода болду го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: