СТЕРВОЛОГИЯ БАЙ, СУЛУУ ЖАНА ЛИДЕР БОЛУУГА ҮЙРӨТӨТ

№455 22-28-июль, 2011-жыл


Замандын өнүгүшү менен бирге түрдүү курстар пайда болууда. Алардын бири – стервология курсу. «Стервология эмнелерди үйрөтөт?» деген суроого маалымат алуу үчүн изилдөө жүргүздүк.

СТЕРВАДАН КЕҢЕШ:

  • Кайсы жерде болбосун өзүңө ыңгайлуу шарттарды түзүүнү үйрөн.
  • Адамдын психологиясын анын көз карашынан байкай бил.
  • Мырзаңды баш ийдирип, өзүңө ишендире билүүгө жетиш...

«КААЛАГАНЫНА ЖЕТҮҮНҮ КӨКСӨГӨНДӨР ҮЧҮН КУРС»
Гезиттеги «стервология курсун окутабыз» деген жарнаманы окуган соң кызыгуубуз артты. Ошону менен кошо бир топ суроолор да жаралды. Андыктан андай борборлордун бирине чалдык.

– Саламатсызбы? Айтсаңыз, стервология курсунда эмнелерди окутуп-үйрөтөсүздөр? Эмне максатта ачылган?
– Анда сизге алгач бир нече суроо берип кө­рөйүн.
Катардагы айым болуудан тажа­дыңызбы? Ийгиликке жетүүнү каалайсызбы? Кыялыңыздагы жигитке турмушка чыгуунучу? Тартынчаактыкты жоюп, өз оюңузду ачык билдирүүгө жетишүүнүчү?
Ооба, каалайм.
Буларды башкалар да каалайт деп ойлойсузбу?
– Албетте.
– Мына, көрдүңүзбү? Стерволо­гия мына ошол сиз жана башкалар каалаган нерсенин баарына жетүүгө үйрөтөт. Ошону үйрөнүүнү каалагандардын саны көбөйүп, “кайдан үйрөнсөм болот?” деген маселе жаралгандан улам курсту ачуу идеясы пайда болгон.
Стерва деген ким? Ал өз жашоосун өзү каалагандай кура алат. Чөйрөсүндөгү адамдардан көз каранды эмес. Эркекти кылдаттык менен тандайт. Муну чоң дүкөндөн кийим тандоо менен салыштырсак болот. Стерва үчүн башкысы – эркектин жанында сүйүктүү, модалуу кийинген аял болуу. Өзүн күтө билип, сулуулугу, сырткы көрүнүшү менен элди таң калтыруу. Түшүнүктүү болдубу? Анда кааласаңыз, окууга келиңиз.
Курсту канча ай окуу керек? Баасы канча?
– Бир ай. Баасы тайпа (3-4 адам) менен окуйм десең 2500 сом, жалгыздан окуйм десең 3500 сом.

Заматта көп нерсени айтып, түшүндүргөн айымга рахмат айтып коштоштук.

СТЕРВА ӨЗҮН ИДЕАЛДУУ АДАМГА АЙЛАНТА АЛАТ

Эми стервология курсун окутуучу борборго барып, кенен маалымат алуу үчүн жөнөдүк. Биз барганда эшик оозунда турган көп кыздарга туш келдик. Биз билбегенибиз менен, курстан окугандар көп экендигине таң калдык. Окутуучуга жолугуп сүйлөшүп, бир сабакка катышууга уруксат алдык. Бир саат ичинде лекцияны угуп, керектүү китепти барактап отуруп, стервология төмөндөгүлөрдү окутуп-үйрөтөрүн тагыраак билдик:

1. Өзүңө ишенимдүү, эркин жана көз карандысыз болуп, комплекстерден (тартынуулардан) арылууну. Өзүңдү сүйүүнү жана баалоону үйрөнүү.
2. Башкара билүү. Кырдаалды өзүңө керектүү нукка буруу.
3. Күчтүү болуудан коркпоо.Кыйын кырдаалда өзүңдү жоготпоо, жоопкерчиликти моюнга алуудан тартынбоо. Эгер жеңилип калсаң ачууланбай, тескерисинче, күчтүү атаандаштан үйрөнүп, тажрыйба топтоо.
4. Сулуу боло билүүнү үйрөнүү. Өз стилиңди таап, сырткы келбет-өңүңдөгү жакшы өзгөчөлүктөрдү колдонуу. Түз, келишимдүү басууну билүү. Сексуалдуу көрүнүүгө аракеттенүү (жигитти/кызды сүйдүрө билүү, жаңы адам менен таанышууда өзүңө ылайыктуу ролду тандоо...).
5. Профессионалдуу болууну үйрөнүү. Кичинекейлерден тартып чоңдорго чейин баарлаша билүү. Ал эле эмес, жаман көргөн кишиңиз менен да баарлаша билип, оюңдагыны ала алуу жана башка. Кыскасы, стерва өзүн идеалдуу адамга айланта алат.
Айта кетчү нерсе, сабакта видеоматериалдар да колдонулат экен.

Бир саат сабак ичинде өз кемчиликтерибизди сезип, өзгөрүлүү керек экендигин баамдагандай болдук. Кетерде окутуучуга суроо узаттык:

– Бул курстун артыкчылыгы жана кемчилиги эмнеде?
– Жакшы жактарын айтсам, стервология курсун аяктагандар максат коюу менен бирге ага жетүүнү да үйрөнүшөт. Максатынын туу чокусуна ашыкча аракет кылбай эле жете алышат. Өзүнө-өзү ишенип, жанындагыларды баш ийдирүүгө дарамети жетет. Жаман жагы – адамды тымызын жемелеп, жоошторду басынтып, өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлоп калат.
Стервология – эркектерге да арналган пайдалуу илим. Бизден 3 жигит курсту аякташты.

Курс ачылгандан баштап катышып келаткан бийкечтердин бирин маекке тартсак, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Атым Афина, 22 жаштамын. Мен кичинемден тартынчаакмын, өз оюмду айта албайм. Жарашыктуу да баса албайм. Жигиттер менен мамиле түзүүнү да билбейм. Мен турмуш куруп, үй-бүлө күтүшүм керек да. Ошондуктан кемчиликтеримден кутулуп, өзүмдү болочоктогу идеалдуу аял катары өзгөрткүм келди. Азыр көп нерселерди билип, өздөштүрүп калдым. Ал тургай өзүмө жаккан жигит менен да мамиле түзө баштадым.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg



Стерва айымга үйлөнөт белеңиз?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(42)
25.07.2011. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asus84 соонун комментарий жазыптырсынар!ха-ха-ха
25.07.2011. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asus84,koshulam saga
25.07.2011. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоого тийбесенер 30-дан ашканда натуралдуу стерва болосунар. Ошондо силерге эч ким жетпейт. хе-хе
25.07.2011. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стервага окутуп кыздардан акча алмай,бул жөн гана элдердин оюн башка жака буру!
Мен ойлойм: башка диндер чыккан кудай жок деген ошолорго окшогон эле нерсе экен!!!
25.07.2011. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul bashka4a ajtkanda (kojdoj joosh,ujaal4aak,tunt adamdarga)an sezimine psichologijalyk jardam."Sterva"-dep aty jaman ugulgany menen ar bir ajymdyn je ar bir adamdyn jashoosuna jardam bere alat.Che4kinduulukko,"oz jemin jedirbej" juruugo,sozialdyk 4ojrodo ozun kenen alyp juruugo ujrotot.Jeozun ozu korgoo.Bul kurs adamdy-jaman adam bol dep tarbijalabajsa kerek.
25.07.2011. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sterva bolushtun dele paidasi zor kizdar uchun biork kerek kezde gana dayim sterva bolo albaisin da
25.07.2011. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстанда да бироо жарым "Озуно тын болосун. Ким менен кандай жатышты, тошок маданиятын мыкты уйротобуз" деп Лондондогудай секс академия ачып койсо жакшы болмок кыздарыбызга. Жигиттер менен кандай мамиле курганды, тошокко уялбай барганды уйронмок!
25.07.2011. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мектепте окуган кезден эле стервамын. Порядочная стерва деп коетго.
25.07.2011. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
огооо
25.07.2011. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жаман эмес, кыздарга озун кандай алып журууну жана адамга мамиле кылуу бул жаман эмес). ал эми кеебир адамдарга мунун кереги жок оздору эле ушундай).
26.07.2011. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен негизи эле стервамын башынан эле, стерва болгондуктан мен коп жакшы жетишкендиктерге жетим.
26.07.2011. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sezy, гойчуу
26.07.2011. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык экен, психологиялык жардам экен да. мен да окугум келип атат.
26.07.2011. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул мусулман олколорунун менталитетине туура келбейт. Окуубай эле коюшса болмок.
26.07.2011. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suiorbek туура айтасын. Кыргыз кыздарынын стерва болушун каалабайт элем, ушул турушу эле эн сонун.
27.07.2011. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуй турган ошо калдыбы эми.мен куйоого тийгенденкийин озум еле стерва болуп калгам.айпайын десен да тилинен тартышат да .особенно залока - змеиная головкалар
27.07.2011. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stervami ne rojdautsya, birok men ozumdu sterva dep sezem, birok boor oorugan jerim bar, stervaga kirbeim go anda
27.07.2011. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тим эле шумдукго, мындай балекеттери жок эле жашачу элек
27.07.2011. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр стервалар аз эле .Калгандары бут нервный стервалар
28.07.2011. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakutboy, туура, алар нервный стервалар эмес, истеричкаларго дейм.
27.07.2011. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eldin baari akchanin arkasindan jugurot da,baykap karashti jashtar emneni kaalashat...?al kurstu achti,modaluu,populyarduu at berishti albette,bolboso bu madaniyattuuluk menen kosho ozumchuluktu uyrotup jatishat.Birok jashtarga koburook paydaluu kurstar achishsa jakshi bolmok.
A moda bolsun dep je dostoruna korunom dep ushunday kurstarga baram dep ata enesinin akchasin abaga suuga chachkan jashtarga boorum achiyt...
27.07.2011. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стерва деген создун маанисин биринчи тушундунорбу.? азыркы кезде эркектер башкарса. мурун аял кишилер башкарган. ошондуктан аялдарды стерва деп аташкан. мен каршы эмесмин кобуроок ушундай курстар ачылса. кыздар оздорун кандай алып жургонун уйронушмок.
28.07.2011. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стервами не рождаются, ими становятся. Баары эле айта берет "я стерва" деп. Но это не так. Да и словами им разбрасываться не советую. Обычная стерва не любит никого и использует людей только для своей выгоды.В жизни как правило стерва чынында эле ийгиликтуу болот.Ее все любят и боятся, ведь не знают, что от нее ждать.Всеобщая любовь ее делают только увереннеее и сильнее по характеру.Она может постоять за себя, и добиваться цели любыми средствами, в том числе пользуясь женской привлекательностью!
28.07.2011. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай заманда стерва болуу керек экен, ак конул, боорукер болсон тушунбой тебелеп тепсеп кетет экен, коп мумкунчулукторундон куру каласын (башымдан откон)Заманын тулку болсо тулку карышкыр болсо карышкыр бол дегендей.
28.07.2011. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzdyn kyzdary sterva bolobuz dep ak4a korotup,aga okup ubaktinardi ketirgi4ener akilduu bolgula owol jetiwet. Ar bir baskan kadaminardi oylop basip,ar bir suylogon sozunordo oylonup suylogulo boldu.anan erkekterdi baw iydirbey baw iyip ele jurgulo Kyrgyzdyn kyzdary sterva bolobuz dep ak4a korotup,aga okup ubaktinardi ketirgi4ener akilduu bolgula owol jetiwet. Ar bir baskan kadaminardi oylop basip,ar bir suylogon sozunordo oylonup suylogulo boldu.anan erkekterdi baw iydirbey baw iyip ele jurg
29.07.2011. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ech nerse bilbegen kyz kuioogo chygyp kainene menen jashasa en sonun dele sterva ele emes super migera bolup chygat,bolgondo da nervnaya,neudachlivayan stervella bolup chygat.andan koro tuptuura dep oiloimun turmush kura elekte ele stervologiyanyn tuura paidaluu jaktaryn uyronup,sekretterin bilip alsa....lyuboi kaineneni jooshutat.aga da jagyna bilet ozuno da jakshy bolot.misaly ;super kelinchak degen kinodogu kyzga okshop paidalansa bolot....
30.07.2011. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Sterva" degen soz kyrgyz tilinde kandai bolot, jok degende kyrgyzcha tushundurmosun aityp koisonor jakshy bolmok eken. Kantse da "Super info" bul kyrgyz elinin geziti go...
31.07.2011. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonykg, тажаан, озумчул, бой которгон, айтканынан кайтпаган кокбет.
31.07.2011. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kee bir adamdar Sterva degen sozdy tuura emes tyschynyschot... Misaly egerde bolgon ynyn menen kyikyryp uruschkandy eel bilse sterva eken dep oiloschot Negisi sterva aiymdar baardyk jagynan top kelgen bolusch kerek... bilimi akyly, madanyaty kelbeti i j.b jana alar bul jaschoodo kozdogon maksatyna jetyydon jaltanyschpait ....Birok bul ilim Kyrgystanga tuura kelbeit andan koro birinchi psihologyany jana madanyatty yironyyny kenesch bermekmin... !!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
28.10.2011. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вообще от куда такое понятие,раз стерва значит ведьма какая та.Смысл настоящей стервы-это идеальная женьщина во всем.И не каждая девушка способна быть стервой.Ну когда же наконец "наши"этого поймут?
SUPER.KG видео
28.10.2011. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
P.S.Навряд ли Настоящие Стервы вышли бы замуж за таких!!!
31.10.2011. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курс кайда болду экен,билгендер барбы?
SUPER.KG видео
01.03.2012. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мисалы Стервология курсуна 3 ай баргам .
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: