Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери: «ОТУНБАЕВАНЫН ТҮШҮН ЖОРУП ОТУРБАЙМ»

№457 5-11-август, 2011-жыл


Адахан мырза саясий бомонддун катардагы өкүлдөрүнөн эмес. Көбүнесе тили курч жана заар деп мүнөздөлгөн ал “баарынан тажаганда кыялым айылга алып-учат” дейт. Баарлашуу бирде ачуулуу жооптор, бирде таттуу күндөрдү эскерүү менен коштолду.

– Сиз менен кенен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндө тегиңиз тууралуу сурагым келчү. Менимче, Адахан, Кимсанбай жана Мадумар деген ысымдарды кыргыздар көп коё бербейт...
“Кыргызда мындай ысым жок” дегендер толтура. Мисалы, Адилет деген ат арабдардан келген. Мирбек, Эрнест, Космосбек, Колхозбек, санап отурса көп. Адахан деп чоң атам атаган. Атына эмес, адамдын затына асылыш керек.
– Урууңузду айтпадыңыз. Же жар салууну туура көрбөйсүзбү?
– Биз барган сайын майдаланып баратабыз. Жети атасын билүү бул – бөлүнүү үчүн эмес, текти сактасын дегенден чыккан айла-амал. Кан аралашып, жакындар үйлөнүп албасын дешкен. Мен “кыргыз кылып жаратып койгону үчүн ыраазымын” деген сөзүмдөн кайтпайм.
– Саясатчы болуп чыгы­шыңызга ата-энеңиздин кошкон салымы барбы?
– Жогоруда уруумду айтпадым. Мен бостон уруусунан болом. Атамды быйылкы жылдын 16-мартында акыркы сапарга узаттык. Аны менен устатым, досум, кеңешчим жана сырдашымдан айрылдым. Атам өтө принципиалдуу киши эле. Бир эле мектепте 30 жылдан ашуун мугалим болуп иштеди. Апам Саламат айылдагы жатак мектепте тарбиячы болуп, анын полун да жууду, тамагын да бышырды. Кудай өмүрүн берсин, азыр небере-чөбөрөлөрү менен чогуу. Мендеги бардык жакшы сапаттар ата-энемден, мугалим жана айылдын аксакалдарынан өткөн. Жаман жактарым бар болсо, анын баары өзүмдүкү.
– Бир туугандарыңыз эмне менен алек?
– Сегиз бир туугандын экинчисимин. Агам азыр курулуш тармагында иштейт. Кезинде фамилиясы үчүн иш кыскартууларга туш болуп, Бишкек-Оштун ортосунда жүргүнчү ташуу менен оокатын кылып жүрдү. Иним болсо ИИМде иштейт. Жакында пенсияга чыгарына карабастан, ага лейтенанттыктан ары көтөрүлө албады. Ага да менин ишмердигим тоскоол болуп келет. Беш карындашымдын баары өз тиричилиги менен алек. Орусияда иштеп, кайтканы келди, кайтпаганы ошол жакта. Бир туугандарымбы, күйөө балдарым болобу, эч кимиси көпчүлүктөн суурулуп чыкпады.
– Балдарыңызчы, алардын саясатка аралашуу ою барбы?
– Улуу балам Нурмухаммед 20да. Өзүнүн кызыгуусу менен эл аралык мамилелер тармагында окуйт. Ортончусу Динмухаммед 15 жашта. Эң кенжетай Алихан бир жаш тогуз айлык. Үйдүн эркеси да, жарыгы да ошол жигит. Келинчегим экономисттик билим алганына карабастан, эч бир жерде иштебеди. Үч уулду тарбиялап, адам көтөргүс жүктүн баары анын моюнунда. Жубайымдын эң негизги кесиби – сүйүктүү жар жана мээримдүү эне.
– Бир маегиңизде англиялык жазуучу Редьярд Киплингдин осуятындагы кыялдар жөнүндө саптарга басым кылыпсыз. Мындан улам кыялкеч көрүнөт деген ой келди. Кайсы кыялдарыңыз орундалган?
– Ооба, кыялкечмин. Бирок кептин баары кыялдардын канчалык деңгээлде реалдуулук менен шайкеш келгендигинде жатат. Кичинемде хирург болгум келчү. Кийин 4-5-класстарда жылдын аягында актай барагы калган дептердин баарына “Мадумаров А.К. – Кыргыз ССРинин Борбордук комитетинин биринчи катчысы” деп жазчумун. Студенттик куракта болсо досторго “буюрса, Кыргызстандын келечеги биздин колубузда” деп айтар элем. Азыр ошол эле тааныштарым таң калып, “сен ким болоруңду алдын ала эле билчүсүң” деп калышат.
– Бала чагыңыз айылда өткөн эмеспи, ал таттуу күндөр кандай элестер менен эсте калган?
– Кышында үйдө от жагылбай калганда төшөктөр аябай муздак болот. Анан агам экөөбүз от жаккыбыз келбей, “советтик аскер эч нерседен коркпошу керек” деп муздак төшөккө кирип кетчүбүз. Балдар актар жана кызылдар деп ойноп, сыр сөз айтууга келгенде ыйлап айтпай койгон баёо сезимдер. Жеңилген тарап эртеси кой кайтарчу. Талаада топурак кечип жүрүп таман кесилген күндөр. Кечинде отко койдун майын эритип жарылган жерге койсоң, андан бетер ачышат. Короздорду, иттерди уруштуруп, кочкор сүзүштүрчүбүз. Биз турмушка бышып өстүк.
– Айылды көп сагынат чыгарсыз?
– Чөп чаап жүргөндө кара булут көрүп калсак кубанар элек, “азыр жамгыр кичине дыбыраса эс алабыз” деп. Анан ошол жаандан кийин топурактан кандай жыт чыгат, билесизби? Бир дагы француз компаниясы андай ажайып жыттуу атыр жасай албайт. Же адырдан уй, кой, жылкылардын чаңды көтөрө түшүп келе жаткандагы жытчы? Мына, керемет ошол!
Мен айылга барганда астейдил короону аралап басам. Ошол жыттарга куса болом. Кыялдар деп жатпайсызбы, мен баарынан тажап бүткөндө кыялымда ошол күндөргө, балалык дүйнөмө кетем.
– Сизди агрессивдүү деп мүнөздөшөт. Ачуулуулугуңузду жагымсыз жагдайлардан коргонуу ыкмасы деп түшүнсө болобу?
– Анда жалжаңдап күлсөм жакшыбы? Эгерде бирөөгө жылмайып сүйлөсөң, “аа, менден коркуп жатат” дейт. Менин колумдан деле күлүп коюу келет, бирок бул кайдигерлик. Киши кишиге күйүнсө гана ачуу айтат. Эмне үчүн жакшы көргөн балаңды көбүрөөк урушасың? Аны үйрөнүп алсын дейсиң. Негизи, жан дүйнөмө чоочун кишини киргизгенди жаман көрөм. Бул менин ааламым.
– Биз жана бир нече булак жүргүзгөн “Президенттик шайлоодо кимге добуш берет элеңиз?” деген сурамжылоолордун жыйынтыгында алдыңкы сапка чыктыңыз. Муну уккан-билгендердин кээ бири кубанса, бир жааты “болушу мүмкүн эмес” деп кызаңдашты. Сиз кандай кабыл алдыңыз?
– Көрө албастык өтө күчтүү. Ичибизди ит тырмап турат. “Кечээ эле арабызда жүрбөдү беле, бүгүн ошондой болуп калыптырбы?” деген былык сезимдер. Мени жакшы көрүшөт деп ойлойт чыгарсыз. Жок, мени деле жактырышпайт. Айрыкча биз суурулуп чыккандарды жаман көрөбүз. Курч мезгилиңде дүйнөнү жалгыз сен оңдоп жиберчүдөй боло бересиң. Бирок азыр менин ичимден сөз сууруп алуу кыйын. Барган сайын баарына тегиз мамиле кыла баштадым.
– Таасирдүү талапкерге айланып жатканыңызды эске алсак, шайлоо алдында талапкерлердин бири менен тандем болууга соодалашасызбы?
– Жок, антпейм. Соодалашуу жакшылыкка алпарбайт. Кошулууну каалагандар биздин партияга кошулсун. Шайлоого биздин партиянын туусунун алдында гана барабыз.
– Президент Роза Отунбаева “реваншисттик күчтөр президенттик орунга келүүгө аракет кылып жатат” деди. Өзүңүздү реваншисттердин катарына кошосузбу?
– Отунбаеванын көргөн түштөрүнүн баарын жорубайм. Мен ага маани да бербейм. Накта акаевчи менен бакиевчи өзү. Акаев Отунбаевадан башка эч бир кишини эки жолу министр кылган эмес. Мен аны ошол ичкен кудугуна түкүрүп жаткандай карайм. Ошол эле Бакиев аны Тышкы иштер министри кылган. Жок болуп кеткен жеринен саясий аренага чыгарды. “Роза барбы же жокпу?” деп унутуп калгандар бар эле.
– Бизге президенттик башкаруу керектигин көп айтасыз. Жеңишке жетип калсаңыз, анда башкаруу түрүн өзгөртүүгө жан үрөйсүзбү?
– Бул элдин каалоосу. Соңку жылы Кыргызстанды эки жолу кыдырдым. Алар “башчыбыз жок болуп калды” деп күйүнүшүүдө. Менин өзгөртөйүн дегеним, бул – 1993-жылкы Баш мыйзамга кайтуу. Президент, өкмөт жана парламент да бийликтин даамын жакшы биле элек кези болчу. Баары мамыр-жумур болуп ынтымакта кабыл алышкан. Биз ошого кайтышыбыз керек.
– Сүйлөгөндө чыгармаларга көп кайрыласыз. Тажабай кайра-кайра окуган китебиңиз..
– Китептин бир жакшы жери – билгенин айтып коюп, аны жасашың керек деп артыңдан кууп түшүп албаганы. Сүйүп окуган китептерим – Касымалы Жантөшевдин “Каныбеги”, Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” жана “Келкел” романдары. Ар бирин жок дегенде он беш жолудан окусам керек. Ал эми Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын ар окуган сайын өзүңө жаңы бир ачылыш жасайсың. Машинада, үйдө, жумушта сөзсүз бир китеп турат. Күн сайын 20-30 барак окубай калсам, ошол күндү текке кетти деп эсептейм.

Эльвира Караева
koom@super.kg



Маек - Адахан Мадумаров: "Отунбаеваны ичкен кудугуна түкүргөн кыз катары карайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(146)
12.08.2011. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туштук коп колдойт ,Туштук шайлаган дегенинерди токтоткула Элди аралап чыксанар пикиринер озгорот Баткенде даже бир уйбулодо ар башка кандидатты колдогон бир туугандар бар кайдагы трайболизм жонундо кеп журуп жатат анда силер биринчи озунорго жооп бергилежана Тундукто кимди колдойт ойлоп коргуло
12.08.2011. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Адахан Мадумаров
12.08.2011. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаев ошол Узонгу-Куушту сатып жатканда, парламентте бир канча депутаттар, жана УШУЛ АДАХАНЧИК да кол коюп беришкен, ыраазычылыгын билдирип, так что ойлонгула.
12.08.2011. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акай узонгу куушту сатканда Бекназаров менен Мадумаров каршы чыгышкан кол койгон эмес жаныласын Националист.
SUPER.KG видео
12.08.2011. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койчу ай адахан сен эми оозун менен орокту кошоматка урасында, сенин бакиеедин учурунда кошомат кылып камчы бергенинди кордук. тилинден чан чыгат да
SUPER.KG видео
12.08.2011. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул эмне кыла алаи айткылачы ай. ойлонсонор ай бул киргизген бир закон барбы, же бир кылган иши айткан созу менен туура келди беле. жок да кана еми. бул боло албайт болсо бир текебайев болсо болмок. бирок ал деле карышкыр.
SUPER.KG видео
12.08.2011. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мына еми озу еле айтып жатат ким екенин, просто бул аябай жакшы психолог, жакшы адам болушу мукун. бирок президентикке жакын жолобой еле койсо болот. бир суктанганым жашоодо ийгилике жеткендерди сыйлайм да
SUPER.KG видео
12.08.2011. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
создору озунчо еле бал а так брат адахан мне кажется ты уже спел свою песню за все эти годы. если ты будешь мне кажется будет только припев
13.08.2011. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адахандын Жаныш Бакиевдин тойунда суйлогонун уксан тимеле жолборстун алдындагы мышыктай, азыр эми тимеле эч нерсе болбогондой. Силерге караганда (бакиевдин командасын айтып атам) Роза Отунбаева бир топ мыкты экен. Э адаханчик ич куйсо туз жала кочкорго бар.
13.08.2011. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ким Президент болсо да элге куйгон адам келсин, жакшы тилек жарым ырыс дейт, Эл учун иштеген адам келишин тилек кылалы ТУШТУК-ТУНДУК деп болуно бербей. Адахан Президент болушуна каршы эмесмин татыктуу эле адам деп ойлойм
SUPER.KG видео
14.08.2011. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бору жесе да оозу кан,жебесе да оозу кан деген соз бар.Ким президент болсо да элди тойгузуп анан озу жесинчи
14.08.2011. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga en kyzygy: kyrgyz tilin suiom deptir, eger bul adam prezident bolup kalsa kyrgyz tilin bolgon jerde suiloit alat boldu beken? Antkeni, bizdin prezidentter chet mamleketterge baryshkanda orus tilin koldonushat emespi.Adaxan Myrza ushu sozuno tura alat boldu beken? Menin oiumcha Kyrgizmin degen ar bir insan oz tilin syilai bilish kerek!
15.08.2011. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунун атасы менен мамилеси жакшы эмес эле Куршапты ондойм шааз кылам май завод курам деген ким? ушул адахан! май эавод эмес беш килограмм кун карама да алып келген жок.Озунун атасына туулуп оскон айылына жакшылык кылбаган мекенге жакшылык кылмак беле? айылдын жытын сагыныптыр имиш барбаса сагынат да тоодой убадаларды берип коюп качып барбай койсо албетте айылдын жытын сагынат да кыскасы озунун уйундо кыйратпаган адам бийликте да кыйратпайт
SUPER.KG видео
19.08.2011. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал озу тили узун жана тапан жонокой журналист. Кыйкырып суйлогондон башка колунан эштеке келбейт. Бакиевдердин уй-булосуно кошомат кылып жургон арзан баадагы адам! Бул оз денгээлин жогору сезип журот окшойт, чындыгында денгээли катардагы эле журналист. Эл ойлойт бул тапанданып кыйкырса эле баарын кыйратат деп, билими тайкы адам. Мамлекеттик катчы болуп иштеп эмнени кыйратты?
SUPER.KG видео
09.09.2011. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азик бул жердешин өтө аратыр иш жүзүндө андай деле аткарбайт!
SUPER.KG видео
10.09.2011. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интернеттен Жаныш бакиевдин юбилейин коргуло мадумаров кандай суйлогон убагында баары эле ушинтип журушкон бакиевтердин ити болуп как мадумаров эми азыр суйлогонун карачы мунун уялбастан. баары эле эки жуздуу, кыргызстанда татыктуу президент жок кроме Ташиев
SUPER.KG видео
10.09.2011. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мнеге баары эле озун-озу мактап суйлойт э? убагында Акаевтин да бакиевтин да ити болуп жургон ишенбесенер Жаныш бакиевти юбилейин карап коргуло Мадумаров кандай суйлогон Ж бакиевти мактап. эки жуздуу десе!!! фуу!!!
SUPER.KG видео
12.09.2011. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
президент болчу киши ушул болсо, кыргызым дагы да коп шорун бар экен. Биздин атка минерлердин пикиринде бироону чон кызматка койсо, аны жакшы коргон учун же жакшы мамилеси болгон учун коет деген тушунук бар. Ал эми андай оору менен бул жигитибиз деле ооруйт турбайбы. Акаев анан Бакиев Отунбаеваны министр кылды эле эми ал оз кудугуна тукуруп атат деп тантып атат бул дагы. Ал болсо кыйынынан министр болгондур. уландысы бар
SUPER.KG видео
12.09.2011. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Же эмне мени убагында министр кылды эле деп баардык былык иштерге унчукпай отура бериш керекпи озундой болуп. Канча жылдан бери ар кайсы бийлик бутактарында журот, бир иши менен коруно алдыбы, жок!жалан гана кургак чечендиги. Муну силер Адахан айткандай коро албастык деп тушунбогуло. Бул адам чыны кайсы бир чойродо мыктылардын катарына кирет. Бирок кыргызстандын атынан суйлой турган президенттикке таптакыр жараксыз. Аман болунуз Адахан мырза!мен сизди оз ордунузду табат деп ишенем!
SUPER.KG видео
12.09.2011. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul kishinin, kylgan jumushun korbodukko, birok sozdu ordu, ordu mn suilot
21.09.2011. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бул кишини колдойм! Жакшы умутум бар бул инсандан! Ташиев Келдибеков Мадумаров буларды билет эл колдойт.
SUPER.KG видео
29.09.2011. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында иштеймин деп турган маалында аябай бут тосуулар коп болгон бирок ошого карабастан оз ордунан тайбай алдыга умтулуусу бар. Мына убагы келди мындан Адахан Мадумаровтон башка татыктуу инсан жок. колдоймун 100%.
SUPER.KG видео
05.10.2011. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен баарынарга кошулам! анткени бардыгынар оз оюнарды айтып жатасынарда! азаматсынар ушинтип жазып, жазып салсанар уялат деп жатасынарбы, бундай адамдар байыган сайын айга жетейин деген адамдарда. Кыргыз елимди жыгылып турган жеринен ак иштери менен чындык менен сактап калган адам болуш керек!!!биз Кыргызбыз биз менен АЛЛА!!!!
SUPER.KG видео
05.10.2011. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен баарынарга кошулам! анткени бардыгынар оз оюнарды айтып жатасынарда! азаматсынар ушинтип жазып, жазып салсанар уялат деп жатасынарбы, бундай адамдар байыган сайын айга жетейин деген адамдарда. Кыргыз елимди жыгылып турган жеринен ак иштери менен чындык менен сактап калган адам болуш керек!!!биз Кыргызбыз биз менен АЛЛА!!!!
SUPER.KG видео
16.10.2011. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адахан Мадумаров эл озунда элек жок, деген кыргыз элибизде жакшы соз бар эиеспи.ошол сынарындай ит уроберет да бул жерде эн туура соз суйлодунуз,мен толугу менен кошулам.сизге Жараткан кана ал куч кубаттуулук берсин.Ата энесин сыйлаган элин сыйлайт.мен сизди щайлайм,и калган дарына дагы ийгилик.мен тушуном ошондуктан!)))))сен озунду сыйлап алчы Комментарийлери жазыштан алдын.
SUPER.KG видео
18.10.2011. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кто его поддерживает,тот мудак!Лично он мне как человек-не нравится!У меня была возможность с ним поообщаться,так вот он ничего серьезного из себя не представляет!А то что он так четко говорит на кыргызском это еще ничего не значит!У него профессия такая-журналист!Он такой же жалкий тип как и все остальные,которые борятся за власть!!!И не говорите что я не прав!А если кто нбудь осмелится ответить на мой комент,то пускай подумает сто раз перед тем как что-то написать!!!Ясно???
SUPER.KG видео
18.10.2011. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А теперь о главном!!!То что мы делимся на север и на юг ни для кого не секрет...Все должны знать свое место.Ошане в Оше,Бишкекчане соответственно в Бишкеке!Почему МЫ-КЫРГЫЗЫ чуть не проиграли в прошлом году войну в Оше?Потому что все переселились в Бишкек!После того как избрали Бакиева!А Узбеки в свою очередь,заняли все благополучные места,так как им уже не так мешали кыргызы!Эта проблема еще больше обостриться если и в этот раз изберем ЮЖАНИНА!!!Спасибо всем за внимание,мир вам!!!
SUPER.KG видео
19.10.2011. 05:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Madymarovdun oiu,pikiri,suilogon sozdoru ayabaile tuura!birok adam ozgorushu mumkun,emi shailoodo kim otorun echkim bilbeit,kim otso da al adam jalan gana akyikatty,birimdikti-yntymaktykty,kelechekke tik karagan adam boluusun kaaalaim!!!!!!!!
SUPER.KG видео
23.10.2011. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адахандын созуна ишенбегиле анын кесиби журналист. озу айттыго ичибиз тар деп ал озунун партиясын айтыпатат.бул президент болсо тили менен сут эмизип алдап журо берет
02.07.2014. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен МАДУМАРОВДУ колдойм
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: