КЫЗ УЗАТУУ САЛТЫ 7 ДУБАНДА

№460 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл


Илгертен эле кыргыз эли кыз узатуу салтына чоң көңүл бөлүп, ал тургай бул азем 40 күнгө чейин уланган экен. Ал салттардын бир нечеси өзгөрүп, жок болуп же кошулуп отуруп биздин күнгө чейин келип жетти.

ЧҮЙ
Чүйдө көпчүлүк салттар жоюлуп, азы гана сакталган. Кызды алып кетер күнү "сөйкө салуу", "күйөө баланы жүгүнтүү", "эки тарап бири-биринен кызы же баласы үчүн көрүндүк алуу", "келгендердин бирин катып коюп, аны аукцион аркылуу кайра туугандарына сатуу" деген бар. Андан тышкары күйөө бала тарап “кешиги” деп бир койдун этин бышырып, таттууларын, арак-шарабын көтөрө келишсе, кетерде кыз тарап да ушундай эле кешикти болочок кудаларына салып беришет. Ошондой эле Чүйдө “дасторкон жыяр” деп кыздын кызмат кылып жүргөн жеңелерине кудалары акча ташташат.

ТАЛАС
Алгач кыздын ата-энесине калыңдыкка берилчү малын жеткирип эки-үч адам келет. Сый иретинде мал байлап келген нокто менен кошо “нокто боо” деп үй ээлери акча карматышат. Андан кийин гана кызды алып кетүү үчүн болочок күйөө бала туугандары, достору менен келип түшөт. Күйөө баласы кыздын туугандарына 3 ирет жүгүнүп кирмейи бар. Ага кыздын жеңелери көрүндүк беришет. Дасторкон четинде күйөө бала тарап кыздын ата-энесине алгач "ачуу басары" деп акча беришет. Таласта да "жезденин чөнтөгүн аңтармай" ырымы бар. Мында эки балдызы, бири жездесинин, бири анын жолдош баласынын чөнтөгүнөн акча жана белектерди алышат. Кызды алып кетерде кайындарына көрсөтүп, жүгүнтүп, жеңеси көрүндүк жыйнайт. Көп учурда кызды өзүнүн агасы көтөрүп барып машинага салып берет. Кээ бир аймактарда алигиче кыздын чоң энеси кошок айтуу менен узатуу салты сакталган.

НАРЫН
Нарындан келин алган Ильяз Абдыразаковдун апасы Уулкан эжени кепке тарттык.
– Биз алгач кызды алып кетүү үчүн кудаларыбыздын үйүнө барганыбызда, салт деп Ильязды киргизбей, өкүл атасы менен өкүл апасы сыртта ката туруусу керек экендигин уктук. Анан бир топтон кийин гана алып келип, кыз тараптагылардан көрүндүк алышты. Кызды да бизге көрсөтпөй катып, акырында жеңелери апкелип көрүндүгүн алышты. Мен ошол жерден ага жоолук салдым. А бизде, Ошто келинди кыздын үйүнөн көрсөтчү эмес. Сыртка чыкканда да көшөгө менен курчап чыгышат. Кийит кийгизишти эле, биз ага ырымы деп акча карматтык. Кетерде күйөө баланы катып, биз балабызды сатып алдык. Айтор, бир топ өзгөчө салттары бар экен. Мен бир канча жылдан бери шаарда жашап, салт дегенди унутуп бараткан экенмин.

ЖАЛАЛ-АБАД
Жалал-Абаддагы кыз узатуунун салттары туурасында Исакова Мөөркан, Бакыбаева Таалайкан апалар төмөнкүлөрдү айтып беришти.
– Бизде кыз узатууда күйөө бала тарап кыздын үйүнө тойлугун алып келишет. Буга отун-суусунан баштап союшу, күрүч, сабиз, май, таттуулары жана жер жемиштерине чейин кирет. Андан тышкары “күйөө куржун” деген бар, кээ бир жерлеринде муну “жан баштык” деп аташат. Бул куржунду жигиттин жеңеси даярдап келип, ичине айымдарга арналган буюмдар салынат. Баса, "балдыздары жездесинин чөнтөгүн аңтармай" салты да бар. Эң кызыктуусу, бул дубандын көпчүлүк жеринде кыздын үйүндө жаштарга нике кыйылып, жоолук салышып, кайындарынын алдында биринчи ирет келин жүгүнөт (кээ бир аймактарында “кыз өз үйүндө жүгүнбөйт” деп жүгүнтүшпөйт). Тогуз-Торо районунда кийиттин ордуна белек катары кудагыйларына алтын тагышат. Кудаларды тай союп тосууга аракет кылышат. Кызды жер бастырбай, агасы көтөрүп машинага салат. Үйдөн чыгар маалда күйөө баланын жана анын жолдошторунун бут кийимдерин кыздын жеңелери катып, алардан акча өндүрүп калышмайы да бар. Кыздын артынан жеңелери менен кошо өз апасы да барат.

БАТКЕН
– Баткенде көпчүлүк учурда кыздын калыңын төлөп, себи менен кошо алып кетишет. Күйөө бала тарап тууган-уругу, достору менен келип, кыздын үйүндө конокто болушат. Болочок күйөө бала менен анын досторуна атайын дасторкон даярдалат. Ал тасмалга коюлган түрдүү даам-татымдар “Тогуз табак” деп аталып, аны жолдош балдар (адатта, 30-40 жигитке чейин бара беришет) кыздын жеңелеринен акчага сатып алышат да, же жеп түгөтөт, же толугу менен үйлөрүнө салып кетишет. Дагы бир өзгөчөлүгү, уул тарап кыздын кийимин өздөрү алып келип кийиндирет. Бирок кызды үйүнөн болочок кайындары көрө алышпайт. Алдын ала сүйлөшүүлөргө карата кийиттери болот. Баткенде муну “сарпай кийгизүү” деп коюшат. Кызды үйдөн алып чыгар алдында жеңелери жашырышат. Шарт боюнча, баланын жолдоштору аны кайра сатып алышы керек. Адатта, бул 500 сомдон 1000 сомго чейинки суммага бааланат,- дейт баткендик Анара Курманбекова эже.

ОШ
Оштун ар районунун салты ар башка. Замандын талабы менен атаандашуу күчөп отуруп, каада-салт да татаалдаша баштады. Мисал катары Өзгөн районунун тургуну Осмонова Шарапат апа буларды айтып берди:
– Алгач күйөө баланы көрсөтпөй бир убара кылышат жеңелери, көрүндүк сурап. Күйөө баланы кыздын жеңелери жүгүнтүп, алдына килемден баяндоос төшөп, анан үйгө киргизишет. Үйгө киргенде күйөө балага деп атайылап жасалган төшөк салынат. Балдызы келип кулагын чоюп, акча өндүрөт. Бир убакта жеңелери келишет, ысырык салып. Аластаганга да акча беришет куда, күйөө балдар.
Кызыгы, күйөө балдар кыздын жеңелерин “чайыңыз чыкпайт го” деп чайнектин оозуна нан салып коюп сынап, шарап-таттууларды өндүрүшөт. Садага чабуу деген бар. Күйөө балдарга атап улак союлуп, анын өпкөсүн кыз менен жигиттин жеңелери алып келип кыз-күйөөгө чабыш (тийгизиш) керек (сыртынан белдемчи ороп, жоолук жабышат). Акырында кыздын үйүнө келген күйөө баланын бут кийимин катып, кыстырмайлардан алышат.

ЫСЫК-КӨЛ
Көлдө күйөө бала үч жолу жүгүнүп кирип келери менен “чай узатмай” деген ырымын кылат. Мында кыздын жеңеси куюп берген чайды күйөө бала конокторго сунуп отурат. Бул “кызмат кылып жатат” дегенди билдирет. Андан соң балдыздары жездесинин кулагын чоюшат. Кулагын чойгон сайын жездеси чөнтөгүнө камдап келген белек-бечкектерин берет.
Кезек кызга жетип, кайындарына көрсөтүп, жеңеси көрүндүк чогултат. Кыз узаар маалда жеңелери коноктордун бир-экөөнү алдап жетелеп барып, туугандарынан катып коюшат. Калгандары аларды кайра акчага сатып алышат. Мындан тышкары “жан баштык” деген салт көлдүк туугандарда да бар. Бирок алар кыз тарапка апкелип эле бере салбастан, кадимкидей соодалашып сатышат. Акырында кызды салып кетип баратканда анын апасынын этегине таш бастырып, үйгө отургузуп коюшат. Бул «кеткен кыз барган жеринен козголбой, бакыт тапсын» деген маанини билдирет.

Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg



Сурамжылоо - Үй-бүлө курарда түгөйүңүздүн жердигине маани бересизби?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(50)
29.08.2011. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу ГОС стандарт кылып калын,сеп,мал-мулк,майда-чуйдо нерселерди жок кылып туруп эле норматив киргизиш керек закондуу турдо!
30.08.2011. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shekerbek, да кошулам...
29.08.2011. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын дээринде болот бардыгы. Ошол эле аймактарда бири-биринен айырмалангандай корунгону менен тамыры бипбирдей болуп турбайбы? - Эптеп бирдемке кылып акча ондурмой, майрамдап жыргап алмай...
30.08.2011. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
critic, tok eteer jerin ayttin.:)))))
29.08.2011. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага "жезденин кулагын чоймой" деген салты жагат. :))
29.08.2011. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча: эн жакын адамдарын чакырып, аларды коноктоп ресторанда же уйдо, белегин алып кетир. Все, поменьше расходов и нервотрепок! Акча чачмай, опко чапмай, кулак чоймой, таш бастырмай ды ЖОК кылыш керек.Эшикте 21 кылым!
29.08.2011. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдар кызык эй эч кандай оштун салты оор эмес наоборот современный элдери тушунуктуу оор басырыктуу болушат чем башка областарда ичип озун билбей калышат экенго
04.09.2011. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mamamia, менда сенин оюна кошулам ошто сый деген бар в отличии других областей и тойлор да эн жакшы денгээлде отот!!!
29.08.2011. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксы районунда да кызды агасы которуп салат экен дагы ,опко чабар деп ак койнокчон кызга и балага жаны улак же козу сойуп кызарган кан ыссык опкону алып келип кыз менен баланын далысына чабат экен . (кыз менен баланын койногунун устуно кан болбош учун бир халатбы же матерялбы жабат экен )
29.08.2011. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shekerbek, туура айтасын, ушундай тойго болгон ашыкча чыгымдарга богот коюу к.к законго киргзип. Жакырчылыктын да бир белгиси ушул.
29.08.2011. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин салтка эле окшош экен баары,биз жакта кайненесинин артынан урмай,опкону куйоо балага подарить этмей,кызды машинага кошунанын баласы салып бермей,кайнатасынын козунчо жугору жемей кооп эле жактары окшош экен...
01.09.2011. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baibolot71, сиздин салт кайсыл жактыкы жогоруда жазылгандардан таптакыр башкачаго :)
29.08.2011. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
И зачем все это нужно калын,сеп ачуу базар,кулак чоймой иии ушундай жакпайтта эки жактын туугандарын чогултуп той берип койсо эле достаточна же ведь
SUPER.KG видео
30.08.2011. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыркы бала менеджер дейби? оюнан эле чыгарды го зорго эле суйлойт го) а так туштуктуктор карайт баары эле биринчи каяктан экен деп сурайт го))
30.08.2011. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзгөндүктөдүн салтын билип алыш керек.......Мага жакында керек болот :-)
30.08.2011. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыз тою ошонусу менен кызык да! деген адам деле жокко
30.08.2011. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Luckyman, ayavai tuura aitynar,bizdin toilor owonusu menen kyzyk.al gundu giyin omur boyu esteisin
30.08.2011. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омурундо бир эле жолу уйлоносун да ошого жараша салт санаасы менен эле алган жакшыго.
30.08.2011. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baibolot71созунуз тамаша деп ишенем, абдан боорду эздиниз коптон бери мындай кулбодум эле,а тема жон.о айтсам ойунзоок жок б.п калса да болбойт менин ойумча акча бермейин эле жок к.к.baibolot71созунуз тамаша деп ишенем, абдан боорду эздиниз коптон бери мындай кулбодум эле,а тема жон.о айтсам ойунзоок жок б.п калса да болбойт менин ойумча акча бермейин эле жок к.к.
30.08.2011. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
той коп болсо, каада коп...
31.08.2011. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассаляму алейкум!кызыктуу экен,ашыкча салт санааны кыскартуу аркылуу кыргыз эли качан эле экономикасы которулуп кетмек,башкалардан карыз албай эле.Жеп,ичиш керек Жараткан берген ырыскыдан ,бирок ысырап кылуу шайтандан.Акылман кыргыз эли айткандай кор замандын башаты-ысырапкерчиликтен.Ошондуктан заманга жараша кээ бир салт-санааны жойууга ракет кылуу абзел.
18.11.2011. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur Abdulaziz, экономикасы алдынкы олколордо той болбойбу? кызык, алардын тойлору кыргызстандагы тойлордун чыгымдарын чогултканда да жетпей калышы мумкун. колунан келгендей кылып той кылып берип жатышат. Туугандар да колдоп кол кабыш кылып уйлондуруп жатышат.
31.08.2011. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошонусу менен кызык да озубуздун салтыбызды колдонбосок кимди туурайбыз анда. Учурунда 5000 сом жок уйлонуу тоюбуз белгиленбей калган азыр окуном карыз толонот катын жанга калат дегендей карыз алып болсо да откорбогонубузгоОшонусу менен кызык да озубуздун салтыбызды колдонбосок кимди туурайбыз анда. Учурунда 5000 сом жок уйлонуу тоюбуз белгиленбей калган азыр окуном карыз толонот катын жанга калат дегендей карыз алып болсо да откорбогонубузго
31.08.2011. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таластын салтын билип алыш керек,мага да абдан керек болуп жатат.Таласта келиндер кундого эрте менен турганда кайын журтуна жугунот экен го э? Билгендер болсо дагы келин эмнелерди кылыш керек жазып койгулачы сураныч!
01.09.2011. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rostov-on-Don, ооба жугунуп турушат, качан жугунбой эле кой деп айтмайын.
31.08.2011. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talastyktar menen jalalabadyn salty okshoshup ketet eken.)
Rostov-on-Don kainene menen kainataga ele erten menen jugunosun,bashynda,anan izdoru aityshat jugunboi ele koi dep.a negizi kol berip,betten obushup uchurashkanga karaganda,kaiyn jurt menen,jugunup uchurashyp koison,alar da suiunup kalyshat,jana syi.ozuno ele plus.
01.09.2011. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guliza, рахмат.
01.09.2011. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birok dostor!!! kancha kaada salt, opko sopkolor chabylbasyn, baary eki jashtan jana uibuloosunon zaviset. ajyrashkandar kop bolup jatpaiby, eki jashtyn turmushuna kirishkenden, je eki jashty tushunbostugunon, antkeni tuugandar jashoosuno kirishpei, sovetchikter az bolso jashoosu bir bolot jubailardyn! anan kancha akcha chachyp, kancha konok chakyrsanda akyry jaman soz baaribir aitylat. biz el ichinde koroalbagyndyk joyulbaitko!
01.09.2011. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Той кимге жакпасын, салттарды деле омурдо бир жолу болуп жатса жазап койсо болот. Бирок копчулук учурда ушундай ырым жырым, салт деп олтуруп кудалар келишпей да калат экен. Мисалы ак чапан алып барсам кок чапан кийгизди же аз калын алып келди ж.б.у.с. ошондуктан баарын эки жаш учун деп эн ынгайлуу, жакшырактарын келишип баардык Кыргызстан учун бирдей кылып койсо жакшы болмок.
7 областын тен тойлорунда болгом баарынан Баткендиктердин (Лейлек) ызы чуу салттары коп экен, бирок жакты, эсимде
02.09.2011. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ызы-чуусу жок эле, женил жагына отсок жакшы болмок, кийит, андай мындайы жок эле. 1.Куйо бала жак калын, 2. Кыз жак сеп берсе эле жетишетго.
02.09.2011. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ROZI, кошулам
02.09.2011. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rozi туура айтасын!
03.09.2011. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каада салты жок бул жапайычылык аны аткаруу керек .БИРОК ЧЕГИ МЕНЕН.Чектен чыксак ысырапкерчилике жол коёбуз.ыЫСЫРАПКЕРЧИЛИК-бул жакшылыкка алып келбейт.
SUPER.KG видео
14.09.2011. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы жерден болсо дагы,эң башкысы адам катары жакшы болуш керек.А жаман адамга туш болсоң,кошунаңа баш кошсоң деле турмушуң жакшы болбойт.Салтты дагы түшүнүшүп эле,бактылуу жашап жаткандар толтура.


SUPER.KG видео
26.09.2011. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адам кайсыл жерден болбосун эн башкысы ыймандуу болсо баары болот деп ойлоймун
01.10.2011. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага кыргыздырдын тойлору такыр жакпайт.чыгым,опур-топур.тоюнда ата-энелер,анан жакын досторун болсо.жакшылап белгилеп.калган акчаны лучше свадебное путешествие кетирсе сонун болмок.бирок бизде тууган коп да.....
03.10.2011. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga ech jakpayt ushunday kalyn anan salt dep az berdi kop berdi dep men turmushuman ajıragam usunun juzunon kalın berbey koydu dep akırı ajırashıp tındım
21.11.2011. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
, азыр мен баарына кошула албайм ,себеби мынча берди анча берди ,деп кыргызда бир том кылып айтылат да,ошонун айынан бири бирин жактырып жургондор да ата энесинин созунон чыгалбай келет,алар да эртенкисин ойлошсо балдарынын ,мисалы каллынды ушунчалык берди бала тарап эртеси каненеси айтышы мумкун сени сатып алдык деп анда кандай болот ,андан коро ошол кеткен чыгымды кыз менен балага берсе алар оздору билгендей кылса жакшы болмок,деп ойлойум ,бирок каму как?
13.12.2011. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салт санаа менен турмушка чыгуу бул эн жакшы корунуш эмеспи!!!негизи салттарды билуу шарт!!!кыргызда кандай каада салт бар экенин баарыбыз уйронуп билсек жакшы болмок...
29.04.2012. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да уж чынында эле расход слишком коп кетиребиз.менин да болочок эрим тойго даярданып тытынып иштеп жургон кези...оштун менмин деген ресторанында откнром.мага паланчага платье аперем деп.озу негизи жакын адамдарды чакырып чакан той кылып.жаш жубайларга уй алып бериш коюшса жакшы эле.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: