ЖУРТ АТАСЫ КИМ БОЛОТ?

№462 9-15-сентябрь, 2011-жыл


Азыр эки кишинин башы кошулган жерден эле "бизге келе турган президент жаш, билимдүү жана да аймактык, уруулук өзгөчөлүктөргө баа бербеген, аялы жана бала-чакасы жок, тууган-уругу аз болсо..." деген кепти угасың. Бул да болсо "күйгөндөн айтам бир сабак" дегенден чыкса керек. Анын сыңарындай, кыргызга ажо болуп ким келет? Көзү ачыктар эмне дейт? Келгиле, аларды угуп көрөлү.

РАПАХАН АЙДАРКУЛОВА,
парапсихолог, элдик дарыгер:
– Кыргыздын түпкү жылдыз таануу илимине таянып айтсам, Кыргызстан 2010-жылдын 21-мартынан тартып 2017-жылдын 21-мартына чейин Манас атанын Болпон жылдызынын таасири астында болот. Ушул 7 жыл – оор кырдаалдар өкүм сүрүүчү жыл. Андыктан оош-кыйыштар көп болот. Буга 2010-жылдын 21-мартынан берки окуялар далил.
Ушул 7 жыл ичинде өлкөнүн бөлүнүп-жарылып кетишине бийликтегилер, карапайым эл да жол бербей, бүтүндүгүн сактап калуу кажет. Шайлоодо түндүк-түштүк деп бөлүнбөй татыктуу бирөөнү гана көрсөтүп, аны шайлап алууну түпкү аталар талап кылат.
Эми "ким ажо болот?" дегенге келсек, журт башына өз курагынан жаш көрүнгөн, арыкчырай, ак жуумал, оң жаагында калы бар адам келери күтүлүүдө.

МЕДИНА БАКАЙ кызы,
экстрасенс, телепат:
"Мүмкүнчүлүгүм көп, ажо болсом" деп тургандар боюнча төмөнкүлөрдү айта алам:
Өмүрбек Текебаевдин чөйрөсүн 2-турда ызы-чуу курчайт. Бул бирөөлөрдүн атайын уюштурганынан чыгат. Ортого криминал аралашышы мүмкүн. Ошол кезде окуяга өтө таасирдүү адамдар аралашат. Колдоо сырттан да келиши мүмкүн. Шайлоо жыйынтыгында алган добушунун саны Ташиевге тең чамал чыгышы ыктымал. Президент эмес, министр болсо керек. Бирок 1 же 1,5 жыл аралыгында күтүлбөгөн жерден бийликке келет.
Алмазбек Атамбаев мырзанын кел-кели келип турат. 90 пайыз президент болуусуна кепилдик бар. Бирок кийинчерээк кандайдыр бир кырдаал же окуяга байланыштуу тактысын өткөрүп берет.
Акылбек Жапаров президенттикке жетпейт. Шайлоо учурунда өзүнүн же жакындарынын биринин үйүнө жарылуучу зат ыргытып кетүүлөрү мүмкүн. Сак болушсун. Ажо болбосо да, таасирдүү 3 министрдин бири болору көрүнүүдө.
Камчыбек Ташиевге ичтен да, сырттан да жардам бергендер көп чыкканы менен, ажолукка илинбейт. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыр чыгарат. Бирок элчи болуп 5-6 ай иштеп, анан бийликтен кызмат алышы мүмкүн.
Кубатбек Байболовдун жүрөгүндө кооптонуулар көп. Прокурорлук кызматындагы маселелерге кабылып, керектүү органдарга бир сыйра сурак берет. Кийин мамлекеттик кызматтардын бирине келиши мүмкүн.
Нариман Түлеев ажолукка жетпейт. Бирок чет элдиктер (мүмкүн, кытайлыктар) менен келишим түзүп, Бишкекте бизнесин өнүктүрөрүн төлгө таштар көрсөтүшүүдө.
Жантөрө Сатыбалдиев да ажолукка жетпейт. Бирок талапкер болгонунун пайдасы тийип, ири бизнес-долбоор башташы мүмкүн.

ДИЛДАРА БУЛАРКИЕВА,
айтымчы, элдик табып:
– Жогорку күчтөр тарабынан берилгендер боюнча кыскача айтайын.
Шайлоо 2 тур менен өтөт. 2-турда майда чыр-чатак, митингдер болот. Бир аймакта кырдаал оорлойт. Мамлекет көзөмөлдү катуу колго алса гана чыр-чатакты болтурбай коюуга мүмкүн.
Ал эми учурда президенттикке талапкерлердин арасында таасирдүү, рейтинги жогорку делген айрым адамдар тууралуу мындай деп берилди:
Адахан Мадумаров тирешүүлөр менен бут тосууларга көп кездешет. Ажо болууга мүмкүнчүлүгү аз. Кийинки шайлоодо депутат болушу күтүлүүдө.
Алмазбек Атамбаевдин ажо болууга мүмкүнчүлүгү чоң. Бирок шайлоонун жыйынтыгында кырдаал өзгөрүп, чоң тоскоолдук чыгат. Ишенген кээ бир адамдары сатып кетет. Эгер кырдаалдан чыгуучу жолду туура чечсе, ажолукка жолу ачылат.
Өмүрбек Текебаевдин да аракети көп, бирок тоскоолдуктары да бар. 2-турда өмүрүнө коркунуч туулат. Чынында, азырынча орду президенттик тактыдан эмес, ЖКдан көрүнүүдө. Кийинчерээк бийликке келет.
Камчыбек Ташиев 2-турда кырды бычак кырдаалга кез келет. Туура үгүт жүргүзүп, көп колдоо тапса гана максатына жетүүгө жол ачылат.
Акылбек Жапаровдун орду президенттиктен эмес, бирок бийлик бутагынан көрүнүүдө. Сыягы, келе турган президент кызматка коёт.

АЙНА МУРЗАЛИЕВА,
парапсихолог, гипнолог:
– Таро карталары кимдин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп көрсөтсө, ошолор боюнча гана айтайын.
Алмазбек Атамбаевдин бир орундан экинчи орунга жылары көрсөтүлүүдө. Таасирдүү адамдын тоскоолдугунан өтсө, президенттикке жете алат. Колдоочулар да, тирешүүлөр да көп болот.
Өмүрбек Текебаев көп тоскоолдуктарга туш болот. Буга чейинки кээ бир иштерине өкүнөт. Эрктүү болуп кырдаалдан чыгуу жолун туура тапса, ийгиликке жакындайт. 1,5-2 жылдын тегерегинде чоң бийликке келиши ыктымал.
Камчыбек Ташиев шайлоонун 2-турунда кыйын кырдаалды башынан өткөрөт. Катачылыктарды кетириши мүмкүн. Чечкиндүү чечим кабыл алып, тегерегиндегилердин башын бириктире алса гана максатына жетиши ыктымал.
Адахан Мадумаров пландарын, ички оюн ачыкка чыгарбай турушу керек. Болбосо душман арттырат. Шайлоонун жүрүшүндө 1 адамдан омоктуу сунуш түшөт. Сунушту кабыл алса, пайда табат. Ырыскы сүйкөнүп турат. Мүмкүнчүлүктү колдонуп калуу өзүнөн.
Талапкерлигин койгон таасир­лүүлөрдөн Суваналиев, Сатыбалдиев, Түлеев, Жапаровдордун да аракеттери күч болгону менен, ажолук такка жетүүлөрү күмөн.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg



Кимдин президент болушун каалабайсыз?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(96)
SUPER.KG видео
14.09.2011. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев Отунбаева Ош Жалалабат окуясына туздон туз куноолу эл аны унута элек
14.09.2011. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаров же Ташиев эконун бири отот! Атамбаев болуп калса Кыргызстан тлемчи болот калат, эч озгорулор болбойт. Сариев, бекназаровтордун куну туулат! Так что ОЙЛОН КЫРГЫЗ!
14.09.2011. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким болсо болсун Кыргызстандын келечеги онолуп, онугуп,ачык асман жашоосунда тынч жашасак дейм, АЛЛА ТАЛЛА кыргыз элиме татыктуусун буйрусунчу ажолукка!?
15.09.2011. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мадумаров болсо кыргызды торт тарапка сатып баса берет, анын бул тармакта тажырыйбасы кучтуу. ташиев болсо бакиевден кем калбайт.
SUPER.KG видео
15.09.2011. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиев да Мадумаров да кечээ эле бакиевдин байпагын жууп жургон. Ташиев сасыткы, Мадумаров куйту. Ойлонуп иш кылгылачы!!!
SUPER.KG видео
15.09.2011. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
umgnur, srt. Тундукто Мадумаровду итим да колдобойт билсен ал киши бугун бирди эртен башканы суйлогон эки жуздуу митаам. Ашып кетсе туугандарынын добушуна ээ болот башка таш балээ да жок.
15.09.2011. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн эле татыктуу МАДУМАРОВ го
15.09.2011. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мадумаровду:
Бүтүн Кыргызстан колдойт.
Ташиевди:
Ата-Журт колдойт.
Атамбаевди:
Коррупция колдойт.
Текебаевди:
Оппозиция колдойт.
Көзү ачыктарды:
Шайттан колдойт.
SUPER.KG видео
15.09.2011. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dollar... senin ishin bolbosun men kimdi shaylaym ozum bilem saga okshogon eshek meeler oshol atambaevti shaylap osholor menen koshulup arak ichip jata bergile...
SUPER.KG видео
15.09.2011. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tunduktun bizge keregi jok ozubuzdun dobushubuz dagi jetet prezidenttikke.. antip ozunor tunduk tushtuk bolo berbegile ozunorcho kerek bolso tushtuk kyrgyzstandin 60 payizin tuzot oshol 60 dele jetet bizge...
SUPER.KG видео
15.09.2011. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozunor oshol tushtuktogu okuyani bashtap berip biz jardamge keldik kokurogunordu kagasinarda... kim jasadi oshol ishti kim kunooluu oshol ele 7- aprelden kiyin biylikke kelgender eger bashka adam bolgondo kachan ele kuuguntuk jep turmogo kirgizmek.. kunooluu ozdoru bolgon uchun un chigarbay olturushat....
15.09.2011. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай десе окшошот. Атамбаевди кыргыздын келечегин ойлогон акылы барлар колдойт. Мадумаровду эч нерсени ойлобогон ушака кооз суйлогонго ишенген адамдар колдойт. Ташиевди бакиев жана анын куйруктары колдойт. Текебаевди оп-я колдойт мунуна кошулам.
16.09.2011. 07:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коз боочуларга эле бара калышпайбы жанагы ажо болом дегендер баары чогулуп.Кимисин болосунар десе ошонусу болуп калганы орун бошотуп берсин да.Андайда аларга ишенбей калат. Аларын да буларын да жалганчы.
16.09.2011. 07:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мадумаров президент болсо кыргызтан даана жок болду дей бер.
16.09.2011. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЛИМОН сага кошулам 100%
мотуев ге салам...)))))))))))))бир жолу салып коеюнчу))))
16.09.2011. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким болот ким болбойт бир алланын колунда. Козу ачыктар былжырабагыла.
16.09.2011. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Еей тундук туштук деп шайлаба шайласан Кыргыз деп шайла . Елим деген адам келсин бийлике .
16.09.2011. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да элин сатып,талап-тоноп качпаган президент шайлайлы!!!
17.09.2011. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын келечегин ойлогон,экономикасын жогорулаткан,кыргыз жигити такка олтурушун каалайм.Кыргызстандын келечегин ойлогон,экономикасын жогорулаткан,кыргыз жигити такка олтурушун каалайм.
17.09.2011. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлон кыргыз! Адахандан башка эч ким жок1
18.09.2011. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оштук, Бул жерде саясат эмес детский сад болуп кетиптирго,бул жакшы ал жаман дейбербей жакшыраак ойлонгула кыргыздар жакшы деген адамында жашырган жаман жактары болот. Эски саясатчылардан президент болсо Кыргызстандын акыбалы ошол бойдон калат. Талап жеп конуп калышкан 5 жылдын ичинде КРди ондойун дегендин ордуна байлык камдап жетишип калайын дешет.Бизге журогу таза кыйынчылык коруп чонойгон жаш,мээси таза жигит керек.
SUPER.KG видео
18.09.2011. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биримдикте эмеспиз ошон учун жанатан бери иттерге окшоп талашасынар ойунарды тетиги ичинерге каткыла да коомго жазбагыла бирин бири жамандап эртен нан суу жегенде ойлонуп келечегинди ойлосонор болот бааары четтен чыгат коробуз киминер кучтуу болор экенсинер акылды иштеткилечи сураныч.
18.09.2011. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр реальность жок и болбойт дагы, пока Кыргызстан онолгончо элибиз тарап кетет!!!!!!!!!!!!!!!!!
18.09.2011. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул психологдор Атамбаев ырым жырымга ишенгиндиги учун Атамбаев учун агитация кылып жатышат.
18.09.2011. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кимдин президент болушун каалабайсыз"? Дейсинерби? Атамбай, Таши, ким дагы Мадумар Кадырбай без разницы ким болсо да баары жегичтер негыласынар баш оорутуп козу ачык оозу ачык бакшы макшылардан сурап !
SUPER.KG видео
19.09.2011. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tashievke dobuwumdu berem!!!
SUPER.KG видео
20.09.2011. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол тизмеде 32 талапкер бар экен,алардын ичинен бироосу дагы толук татыктуу эмес президент болууга,тизменин ичинде бир гана адам журот мен аны тааныбайт экенмин Марат Иманкулов деген ал ким,кандай адам, эмне иш кылат...
Мен ойлойм бул шайлоо деле мурунку шайлоолордой эле отот алдын ала чечилип дегендей,Ташиев отпой калса митинг болот,Атамбаев да отпой калса митинг, ошол эле Мадумаров отпой калса дагы митинг болот.Эмнеге дегенде азыр эле тизмеден алынып салынгандар кандай тополон кылышууд
23.09.2011. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизге путиндей же назарбаевдей адам шайланышы керек туугандар бирок биздин мандайыбызга андай инсан жок экен окунучтуу бизге жалан эле озун ойлогондор шайланып жатат борбор шаарыбызды корктондуройун ондойун курайын тазалайын деп ойлобойт авиабазанын арендасынын бир канча болугун ушул маселеге жумшаса жакшы болот эле жыл сайын анан биздин чиновниктер мактап калат чет олкону ал жака барышса укмуш сонун мамлекет экен деп. ауу сен кайдасын мамлекет учун жаны куйгон патриот инсан.
SUPER.KG видео
15.10.2011. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
э койгула,каяктагы тундук*туштук деп,ансыз деле проблемаларыбыз толтура. Эгер мекенибиз болунсо,анда Кыргызстан жок болот го дейм,мекенибиз каяктагы автономия деген атка конуп,ээ койгулачы болунсок эле жыргап кетет белек!!! Тереениреек ойлонуп суйлогулочу достор.
SUPER.KG видео
26.10.2011. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм дааа
SUPER.KG видео
08.07.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атамбаевтын билими жок адамда ал бизнесмен бизнецмен кайсы мамлекетте презднт болгон эле ташиев татыктуу болсо керек
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: