«КЫРГЫЗЧА АЙТСАҢЫЗ, ОРУСЧА ТҮШҮНБӨЙМ»

№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл


Улук болсом тилим менен улукмун,
Улут болсом тилим менен улутмун. Эсенгул Ибраев.

“Мамлекеттик тил, кокуй! ” деп төбөлдөрүбүз төшүн какканы менен, иш жүзүндө андай эмес экенин жакшы билебиз. 23-Сентябрь – Мамлекеттик тил майрамы экенин эске алып, гезитибиздин бул санында эл көп кайрылган ишеним кызматтарына чалып, анда иштеген кызматкерлерден кыргыз тилинен “экзамен” алгыбыз келди.

109 – СУРАП-БИЛҮҮ КЫЗМАТЫ
“Чү” дегенде эле тиешелүү жерлердин телефон номерлерин алуу максатында 109 кызматына чалсам, орусча сүйлөгөн бир эже алды.

– Здравствуйте, сто девять.
– Алло, саламатсызбы, эже?
– Слушаю!- деди ал жактырбагандай.
– Мага Транспорт министрлигинин номерин бересизби,- дегиче болбой, ал трубканы коюп салды. Ошол замат кайра чалдым. Дагы эле трубканын ары жагынан жанагы мага тааныш үн угулду. Бул сапар да саламдашсам, ал орусчалап алик алды. Ага удаа эле мен суроо узаттым:
– Эже, Каржы министрлигинин номерин билип бере аласызбы?- десем, ал мындайды биринчи жолу уккандай:
– Ещё раз... Что?!- деп кайра өзүмө суроо узатканынан министрликтин атын орусча айтууга туура келди. Ошондо гана ал номерди орусчалап айта баштады. Мен ал айтып бүткөн соң:
– Канча?- деп түшүнбөгөн киши болдум.
– Записали?- деген ал тыңшап калды.
– Эже, кыргызча айтсаңыз, мен орусча түшүнбөйм.
– Минуту...- деп ал мени жаман көргөн кишидей үн катып, бир мүнөттөй жок болуп кетти. Аз өтпөй кыргызча сүйлөгөн башка кыз келип мен сураган номерлерди айтып берди.

102 – МИЛИЦИЯ КЫЗМАТЫ
Андан соң 102 номерин терип, милиция кызматына кайрылдым. Бир аздан соң орусча сүйлөгөн кыздын үнү угулду.

– Алло, саламатсызбы?
– Здравствуйте.
– Бул милициябы?
– Милиция, Бишкек, говорите!
Мени менен сүйлөшүп жаткан кыз орусча сүйлөбөгөнүмө ачууланып кетти көрүнөт, үнү катуу чыга баштады.
– Эже, кыргызча сүйлөбөйсүзбү, мен орусча түшүнбөйм.
– Что случилось?!
– Эже, кыргызча сүйлөсөңүз, мен түшүнбөй жатам.
– Сейчас, минуту...
Трубканы коюп койгон боюнча эжекебиз жооп бербеди. Мен сыяктуу орусча билбеген кимдир бирөө өтө шашылыш иш менен милицияга жардам сурап кайрылса шору катарын ойлоп, зээним кейий трубканы койдум.

101 – КУТКАРУУ КЫЗМАТЫ

– Алло.
– Да, слушаю!
– Саламатсызбы?
Менин үнүм ага угулбай койдубу же кыргызча сүйлөгөнүмдү жактырган жокпу, айтор, тиги кыз трубканы коюп салды. Мен кайра чалдым. Эч ким алган жок. Бир аздан кийин чалсам, орусча сүйлөгөн башка эже алды.
– Алло.
– Саламатсызбы, эже?
– Здравствуйте.
– Бул 101 кызматыбы?
– Куда вы звоните?
– Кыргызча сүйлөйсүзбү, эже? Мен орусча билбейт элем.
– Звоните куда говорю?!
– 101 кызматыбы бул?
– Да, да, сто один!
Орусча билбей турганыма көзү жетти окшойт, тиги кекете кыйкырып, ары жактан кыргызча билген кызды чакырганы угулду. Кудайга шүгүр, эне тилин билген бир пенде барына, ал менин суроомо кыргызча сылык-сыпаа жооп берди.

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИ

– Минздрав, приёмная.
– Саламатсызбы, эже?
– Будьте любезны, на русском...
– Орусча билбейм. Шашылыш түрдө жумуштар менен чалып жаттым эле.
– Я кыргызского не знаю!
– Кайда жашап жатасыз анан?
– В Кыргызстане, а что?!
Чыдамым кетип орусча сүйлөп жибердим. Бул жер Кыргызстан экендигин, мындай жооптуу кызматта иштеген соң кыргыз тилин билүүгө милдеттүү экендигин айтып жибергенге да үлгүрдүм. Ал эч нерсе болбогондой “ну и что?!” деп кекете суроо узатты да:
– Говорите пожалуйста, слушаю вас!- деп өкүм сүйлөдү.
Бул жолу да трубканы коюуга туура келди.

“ДОМИНО” ТАКСИ КЫЗМАТЫ
Азыр телефон аркылуу айткан дарекке келчү таксилерде иштеген кызматкерлердин дээрлик бардыгы орусча сүйлөшөт. Ал эми “Домино” такси кызматынын оператору менен болгон маекти толук жазууну туура көрдүм.

– Такси “Домино”, здравствуйте.
– Алло, саламатсызбы?
– Здравствуйте.
– Саламатсызбы?
– Здравствуйте!- деди ал үнүн бийик чыгара. Андан соң:
– Кыргызча сүйлөсөңүз болобу, эже?- десем, ал:
– Нет!- деп туруп трубканы коюп салды.

КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИ
Каржы министрлигине чалганымда да жаш кыз жооп берди.

– Алло.
– Да!
– Саламатсызбы?
Тиги жооп берген жок. Мен кайрадан:
– Алло,- десем, ал:
– Ну говорите!- деп ачууланып кетти.
– Бул Каржы министрлигиби?
– Да!
– Эже, бир маселе менен кайрылдым эле.
– Алло, сүйлөй бериңиз! Что вы хотели?!- деп ал тажаган кишидей үн катты. Кыргызча баштап баратып тиги эжекебиз көнгөн орус тилине кеткенине кыжырдандым.

МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ

– Алло, саламатсызбы?
– Алло, приёмная.
– Бул Маданият министрлигиби?
– Как?!
Кабылдамадагы кыз алгач түшүнбөй калды окшойт. Кайра суроомду кайталасам кыргызча жооп берди. 2-3 суроо берсем, ал кыргызча жооп бергенинен “өх” дей түштүм. Буга да ыраазы болуш керек, Маданият министрлиги да кыргызча билбесе катуу уят болмокпуз.

Окурман, таксиден тарта министрликке чейин сүйлөшүп көрдүк. Орусча билбесең милицияга да, куткаруу кызматына да тишиң өтпөй жолдо калат экенсиң. Биз минтип кылым баскан тилибизди кор кылып жүргөндө, башка эл тилин байытуу менен убара. Биздин тиешелүү жетекчилер бул “кыргызча” макаланы кокусунан окуп калышса, бири болбосо бири чара көрөр деп үмүт кыла туралы. Жок, алгач трибунадан орусча аралаштырбай нукура кыргызча сүйлөй алышса деле биздин жеңишибиз болмок.

Асхат Субанбеков
star@super.kg



Алло, кыргызча айтсаңыз, орусча түшүнбөйм.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(114)
SUPER.KG видео
26.09.2011. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чон рахмат,... жакшы ролик экен... тилибизди туболук сактообуз керек
26.09.2011. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишеним кызматтарына, ж.б. кызматтарга талап коюш керек биринчи жооп бергенде кыргызча жооп бергиле деп. Эгер кыргызча билбесе айла жок орусча жооп бересинер деп. Албетте, бул маселени жогору жакта, кокту карап отургандар козомолдоп, тезирек чечим чыгаруулары керек.
26.09.2011. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноо сенден кетти, менден кетти дебей, ар бирибиз биринчиден озубузду ондойлуу...!
26.09.2011. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бир досум бар, шаардык жигит. Мектепти 7-класска чейин орус мектепте окуган экен. Анан 8-класстан баштап кыргыз мектепте окуптур. Жалан орусча суйлойт, кыргызча деле билет, бирок, кыйналып ойун эки саатта аран айтып бутот. Ал айтат Казахстанда 2 жыл журдум, ал жактан казакча уйронуп келдим дейт. Анткени ал жакта баары казакча суйлошот экен да, башка улуттагылар дагы.
26.09.2011. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эмнени тушундурот, биз кыргыздар орус тилин модага айлантып алганбыз. Орусча суйлогон адамды "крутой" деп билебиз. Анан баарыбыз "крутой" болгубуз келет да!
26.09.2011. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ФУНДАМЕНТТИ кандай куйсак, баары ошондой болот демекчи, бул маселени мектеп бакчалардан, мектептерден баштап чечуу керек деп ойлойм!
SUPER.KG видео
27.09.2011. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eger keebir jerde kyrgyzcha suyloso, :"voot myrk " ili voot derevnya,ailskiy degen da stereotipter da kop kezdeshet je kop adamdardyn psihologiyasynda oshondoy bolup kalgan govc
SUPER.KG видео
03.10.2011. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
позор
08.10.2011. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маңкурттар....дагы бир жолу маңкурттар...
10.10.2011. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусча суйлогондордун оозундагы тиштерин кубуп салыш керек .
10.10.2011. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамчыдан дениз куралат дегендей. Жогору жак же чондор деп аларды карап;аларга шылтабастан ар бир адам биринчи озуноно баштаса. Мисалы мен деле кээде соода кылганда болобу, же башка коомдук жайларда болобу орус тилин колдоно коем. Маршруткага тушсон айдоочу кыргыз болсо деле "на остановке же за поворотом остановитесь?!"деп кайрылгандарды корбой журобузбу? ар бирибиз озубузго жооп берип, кыргыз тилин оркундотууго салымызды кошолу!!!!!!!!!!!
11.10.2011. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aaaiiii.... suilop jatkan jigit-opty degen jok go ya?
13.10.2011. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men da Germanijada Kyrgystandyn posolstvosuna chalyp kyrgyscha surasam shakshy kyrgyscha shoop berishet.Ajabai yraasy bolom.Osum oruschany takyr ele unutup baratam.KG barsam kaira shany ajyldan kelgen neme bolom go.
SUPER.KG видео
14.10.2011. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
olumush bolo berishet akmaktar.
23.10.2011. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орус озбек мектебтердин баарын жабыш керек. россяда бирда башка тилде окуткан мектеб жок. ошондой болуш керек кыргызча суйлоп кыргыздын салттарын сыйласын баары.Мен каршы эмесмин башка улуттар жашаса кыргызстанда бирок биздин тилде суйлошсун азыр бизди озубуздун жерде эч ким тоготбойт. анан кантиб башка жерде бизди сыйласын.
SUPER.KG видео
27.10.2011. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызмын дейсин мага орусча сайрап туруп...... барктабай "пошел"дейсин кыргыз даамын тузун татып туруп Биз озубуз куноолубуз ушуга кыргыз болуп кыргызча суйлогондон уялабыз.... Казак Озубек деген улуттар туура кылат баарын тилден сынак тапшыртып андан сон кызматка алуу керек болчу айылдан келген байкуш кыргыз кантип даарыланып, кантип оз ой пикирин билдирет жаштар да улуулар да куноолууу...
SUPER.KG видео
11.11.2011. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat jutnalist
16.11.2011. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят биздн эле кыргыз кыздар,кыргызча суйлосон орусча жооп берип жатканы!Макул тушуном жумушу ошондой экен бирок кыргызча суйлогондо кыргызча суйлош керек да!
18.11.2011. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка жургондон гана кыргыз тилинин баркын билет экенсин! Кыргызстандагы орустарды да кыргызча суйлотуш керек болчу.Алар болсо тим эле хандай болуп жашашат...
11.01.2012. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхххх менин аябай зееним кейип кетти,
SUPER.KG видео
14.01.2012. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz mamleketinde masele emes ishter masele bolup, ubakytty, omvrdv tekke ketirip jatkanybyz okvnvchtvv. Kyrgyz tili sozsvz tvrdo mamleket tili bolup bekitilvv kerek Kyrgyzstanda. bardyk ish-chara, kornok-jarnak, barak-kagaz (ish kagazdar) baary taza, tattuu, tak-taamai Kyrgyz tilinde boluu kerek, el tvshvnboit, elge sinbeit dep jvrsok zaman akyr bolgondo anan kabylbaibyzby, tezden kirishvv kere, ar bir kyrgyz atuulu ozvnon bashtoo kerek.
SUPER.KG видео
15.01.2012. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуга окшогон жарнамалар телерадиолордон коп-коп берсе
15.01.2012. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uyat ayyyabay uyat ee,borbordo kırgızcha suyloy alishbayt,bolgondo da zaril ishkanalarda.Anda kirgiz eli korkunuchta,jardin bashinda ekenbiz da.Ar bir ish jerinde kırgız tilin bilbegendi ishk e albash kerek jana ushunday zakon kirgizip koyush kerek.
15.01.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushul jerde kirgiz tiline kuyup suyup jazgan jashtar,kochodo da tak ushunday pikirde bolup,ushununardan jazbagila,baldarinarga da kirgiz elini kirgiz tilini suyuugo uyrotkulo
17.01.2012. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз ушундай басынтууларга чыдап жашай беребизби? Биз деле мамлекеттик салыктарды төлөп, кыргызстандын жараны катары өз тилибизде сүйлөсөк болбойбу? Ушушл боюнча бир чоң митинг нааразылык жүргүзөбүз!!!! УЮШТУРУШ керек муну! Бул жалпы улуттун кызыкчылыгы! Бул биздин укугубуз! же эмне кыргыздардын укугу кыргызстанда жашап жаткан башка элдердикинен төмөн турабы? алар төлөгөн салыкты биз деле төл
17.01.2012. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созсуз эле келе бакан куу союл деп митингге чыгыш керекпи.Акция уюштуралык.Иштеген ишибизде, бир саат, же Бир кун кыргызча суйлошмой,кыргызча жазышмай деп.Же жаштар кыргызча суйлой алышат деп.Баардыгын радикалдуу турдо эмес, акырындык менен чечкен жакшы.

18.01.2012. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм чынын да эле өкүнүчтүү
бирок мен тияк биякты күтбөй эле өз салымымды кошуудамын деп ойлойм, өзүм бала бакчадан тартып орус тилинде окуп келгем бирок балдарымды кайсыл тилдеги мектепке берем деген суроо да болгон эмес дароо эле кыргыз мектебине бергемин азыр 2- класста окушат(эгиздер), энеси да мага окшоп бүт окуу тепкичтерин орусча окуган кыздарыбыз менен кошо кыргызча үйрөнөбүз, эми кандай кыйынч
18.01.2012. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыйынчылыктарды тартып жатканыбызды айтпай эле койоюн (сапатсыз китептер, кыргыз класстарга болгон мамиле, айтоор эми аман эле болойлу)
баарыбыз өзүбүзгө көңүл буралы, кыйкырып өкүрүп талашпай (өзүбүзгө ашыкча көңүл тартпай) эле тымызын өз тилибизди өркүндөтө берели демекчимин
SUPER.KG видео
02.08.2013. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге орустун тили деле озбектин тили деле кереги жок Бизге КЫРГЫЗ ТИЛИ гана керек!!!!!Оз тилинди билбейсинби оз улутунду айтпагын Озундун улуттук тилинди билбесен анда сен кайсы улуттансын?!Миллиион жолу бай болсон деле сенин кул экениндин белгиси!!!!Тил бул УЛУТТУН жузу КЫРГЫЗСЫНБЫ эне тилиндесуйло сенин КЫРГЫЗ экенинди тастыктап тактап турат!!!
SUPER.KG видео
02.08.2013. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусча билбесең, өлүп же күйүп каласың...((
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: