Мелис Эшимканов. КОМЕТАДАЙ ЖАШОО. ЖАРК ЭТТИ ДА, ЖАЛП ӨЧТҮ!

№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл


Бүгүн бар да, эртең жок... Жашоонун чындыгы ушул бир эле сүйлөмгө батыптыр да, калыптыр. Кыргыздын көрүнүктүү уулу Мелис Эшимкановдун каза тапканын укканда ар кимибиз ар бурчта бозоро каттык да калдык.

Көрүнүктүү коомдук ишмер, атактуу журналист, ЖКнын экс-депутаты, КТРКнын экс-башчысы Мелис Асаналиевич Эшимканов үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында саат 15.00дө өмүрүнүн 48-күзүндө каза тапты. Маалыматтарга караганда, аны Бишкектеги жеке менчик ооруканалардын бирине ушул эле күнү саат 10дордо алып келишкен. Айтылуу ишмер жүрөгүнөн инсультка кабылып, эсине келбеген боюнча кете бериптир. Ал 1962-жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөн. Артында 4 баласы калды.
Мелис байкебизди мындан аз күн эле мурун, баш кошкон эки жаштын тоюнда кезиктирип, жылуу учурашып, баарлашкам. Акыркы күндөрү ал “бири-бирибиздин быкыйларыбызды чукуп, улам алдыга чыкканды буттан тарта бербей, ынтымакка келип, баарын башынан баштайлы” деген кепти көп айтып калган эле.
Замандашы, жердеши, “Замандаштын” негиздөөчүсү Мухтар Өмүракунов каза тапканда өзгөчө каңырыгы түтөп, “Кубага кетеринде үйгө келип кобурашып отуруп кеткен. Көңүлүндө кылдай кири жок, азамат иним болчу. Ажалга өз колум менен узаткандай абалда калдым” деп катуу кайгырган. Жыл айланбай өзү да инисин көздөй кайрылбас сапарга кете берди.
Көзү тирүү кезинде бул адамга чексиз берилип, колдоп, пир туткандар да болду. Тескерисинче, желмогуздардын желмогузу көрүп жек көргөндөр да болду. Темир Сариев ал тууралуу бир курдай: “Мелис коомчулукка гезит аркылуу таанылды. Бүгүнкү тарыхыбыздагы эң күчтүү журналист. Ал кишиге көп адамдар таарынат, ошол эле учурда көп адамдар аны макташат. Адамдарда сейрек кездешчү бир касиети бар. Ал – Мелистеги ишеним. Бир нерсеге ишенсе, ошол багытынан кайтпайт. Ал эч качан “мен бирөөлөргө жакпай калам же мени жаман көрүп калышат” деп чочулабайт. Дал ушул сапатынан улам оппозициянын алдыңкы катарында кандай жүрсө, кийин бийликте да дал ошондой нукта жүрдү. Мелис кичинекей, а бирок чоң жүрөгү бар”,- деп мүнөздөмө берген эле.
Айтылуу акын Шайлообек Дүйшеев агабыздын болсо: “Мелис – бар жагынан өтө сейрек кездеше турган таланттардын бири. Анын энергиясын билбей, түшүнбөй, туура пайдалана албай жүрүшөт”,- деп айтканы бар.

Мелис байкебиздин биздин гезит менен мамилеси да өзгөчө болчу. 2009-жылдагы президенттик шайлоо алдынан келиптир редакциябызга, “бир кенен маек курсак кантет?” деп. Анда Бакиевдин бийлиги күчүндө, кубаланып кетүү ой түштөрүнө кирбей турган кез. Ошол кезде эле ал “өткөн-кеткенди унутуп, Маскөөдө качып жүргөн ажону да чакырып, бир ынтымакка келели” дей баштаган. Жашырганда эмне, ал кезде Бакиевге “Акаевди алып келели” деп айтууга бири да батынчу эмес. Ошол маектен кыскача үзүндү берүүнү чечтик.

– Мелис мырза, гезитибизге мамлекеттик кызматкер,
УТРКнын жетекчиси катары эмес, “экс-кетсинист”, мурдагы оппозициячы, жөн гана саясатчы, журналист, кадимки шайлоочу катары маек куруп берүүгө макулсузбу?
– Эң арбын нускалуу “Супер-Инфого” чыгууну мурдатан каалап, бирок сааты чыкпай жүргөн. Соңку учурда УТРКдан бошобой, гезиттен кол үзүп калгам. Анын үстүнө оппозициядагы “досторум” 1,5 жылдан бери үзбөй асылып келе жаткандарынан теңелбейин дегем. Мүнөзүм темирден куралса да, акыры агынан жарылгың келет экен.
– Соңку жылдарда өткөн митингдердин баарында “ди-джей” болуп, оппозициянын ана башында жүрдүңүз эле. Мына бир жарым жылдан бери КТРди жетектеп, бийликтин идеологиясын жүргүзүп жатасыз. Позицияңызды кескин өзгөртүүгө эмне себеп болду?
– Убагында Курманбек Бакиев менен жылуу саламдан башка мамилебиз жок болчу. Азыр Алмаз Шаршенович “24-мартта элди мен алып чыктым” кыязында сүйлөп калат. Чынында, 24-мартта өзү келип, “Бишкекте 10 миң кишини кантип чогулттуң, аябай жакшы иштептирсиң” деп таң калган.
Анан депутаттарды өлтүрмөй, ар кандай баш аламан пикеттер башталып кетти. Ушунун баары объек­тивдүү, субъективдүү себеп болду да, бир чети эмоциянын, бир чети жандоочулардын таасири менен Бакиевди сындаган позицияга өтүп алгам. Кийинки жылы 19-апрель мен үчүн чоң силкинүү болду. Суу ичкен кудугума түкүргүм келбейт, бирок ноябрь, апрель митингдеринде көшөгө артындагы оюндар мени абдан иренжитип койду. Ошол жерден бизнес жасагандарды көрдүм, 50-100 миң доллар алып качып кеткендерди көрдүм. Биз саясатта кичине бала экенбиз да, далыга таптап, “Мелис, сен укмуш сүйлөйсүң, Кашпировскийсиң” десе эле кара жумушту аткарып жүрө бериптирбиз. Жаныбызда эле эл, ыйман, конституциялык реформа деп жүргөн кишилердин баскан-тургандарынан, мүнөздөрүнөн алешемдиктерди байкаганда ичте боштук пайда боло баштады.

Өзүнүн позициясын өзгөртүп, ошол кездеги бийликтин командасына кандайча кошулуп калганын узун сабак кеп кылып берген эле. Бүгүн ошол маекти барактап отуруп бир жери өзгөчө көзгө урунду.

“Азыркы оппозицияга кандай баа бересиз?” деген сурообузга төмөнкүчө жооп берген:
– Азыркы оппозиция лидерлерин мен пенсияга чыгыш керек деп эсептейм. А.Мадумаров бир кезде Акаевдин кадрларын ойноочу картага салыштырып, «беттери айрылып калса да, баягы эле “валет”, “дамалар” жүрөт» деген. Оппозиция деле ошондой болуп, аябай майдаланып кетти. Ошон үчүн азыр кан жаңыртышы керек. “Кетсин!” деп биз ооруган илдет менен оорубаган, ушактын кучагында жүрбөгөн, электорат менен иштей ала турган күчтүү оппозициянын жаралышына мезгил бизди өзү алып келе жатат.
Ушул эле маекте оппозицияда жүргөн кезинде эле президент Курманбек Бакиевге мындай сунуш киргизгенин баяндап берген:
– Президентке бир сунуш киргизгем. Шайлоо бүтсө, ошону дагы бир жолу кайталайын деп жатам. Бизде илгертен мындай бир жаман салт бар. Раззаков кызматтан алынгандан кийин көрүнгөн гезиттерге боктотуп, “эл душманы” кылган Турдакун Усубалиевдин бийлиги өкүм сүргөн. Усубалиев кетери менен мамлекеттик гезиттер аны тепкилеп жатып калышты. Масалиев кеткенде Акаев деле аны жакшы көргөн жок. Акаевди деле көрдүк, эң жаман тагдыр ошого туш болду (ал кезде Бакиевдин тагдыры андан да жаман болору экөөнүн тең оюна келбесе керек). Ошон үчүн «Көк-Жайыкка болобу, Манас атанын күмбөзүнө болобу, кадырман аксакалдарыбызды, мыкты илимпоз-академиктерибизди, Назарбаев сыяктуу боордош мамлекеттин жетекчилерин чогултуңуз да, мал союп, майрам жасап, Раззаковдун кызын, Масалиевдин баласын, Усубалиевдин көзү тирүү, аны, Акаевди чакыртыңыз. Ошол жерден журт атасы экениңизди, кечиримдүү экениңизди билдириңиз» дегем. Акаев келсе эмне экен, саясий оюндарды уюштуруп, президенттикке ат салышмак беле? Кеминине эки-үч күнгө келет да, ата-бабасына куран окуттуруп кайра кетет. Ушул нерсени жасаш керек. Себеби эртеби-кечпи, Курманбек Салиевичтин да кетер мезгили келет.
Бул маекте жубайы Аселди мактап: “Жакшы кыргыз аялын мактабайт, бирок Аселге жолукканым мен үчүн зор бакыт деп эсептейм. Өзүм көр оокатка жокмун, канчанчы өлчөмдөгү кийим киеримди да билбейм. Өтө эле энергиялуу, кометадай жашаган адаммын. Ошого унчукпай чыдап келатат”,- деп ыраазычылыгын билдирген эле.

Чын эле кометадай жашады, жарк этип горизонтто пайда болду да, эр ортону элүүгө да жетпей жалп өчүп кайрылбас жайга кете берди. Анын үй-бүлөсүнө, жакындарына, ушундай азаматынан айрылган жалпы кыргызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg



Коомдук ишмер, журналист Мелис Эшимканов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(70)
SUPER.KG видео
19.09.2011. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй-булосуно, жакын туугандарына терен кайгыруу менен конул айтам, арты кайрылуу болсун!
19.09.2011. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жериниз жайлуу болсун, Мелис ага!
19.09.2011. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.Жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам.
19.09.2011. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.
19.09.2011. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iyiman salamat bolsun!
19.09.2011. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!
19.09.2011. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне деп жазабыз, корунуктуу ишмердин козу отуп кеткени ото айанычтуу, Мэлис агабыздай патриот журналистер аз болчу.... Жаратканым бейиштен орун берип рахматына алысын...
19.09.2011. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис ага жаткан жериниз жайлуу болсун...
20.09.2011. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы адамдар кудайга да керек экен, жаткан жери жайлуу болсун!
20.09.2011. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иннаа лиллаахил ва иннаа илайхил рожжиуун. Ыйманы саламат болсун. Аллахым кабыр,кыямат,акырет азаптарынан озу сактасын. Амин.
20.09.2011. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун.калган омурун балдарына берсин.
20.09.2011. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун,топурагы торкоо болсун.
20.09.2011. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ырахмат кылсын!!Ооминь!
20.09.2011. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мунун өмүрүн Максим эле жеп койду бечара... Позициясынан жанбай эле мурунку достору менен кала бериш керек болчу.Ошондо коомчулук муну азыркыдан да катуу жакшы көрүп сыйлашмак...Эмнеси болсо жаткан жери жайлуу болсун!!!
20.09.2011. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркек болчу
20.09.2011. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Асаналиевичти каргаган КТР кызматкерлери онбосун!Мелис байкенин ошондогу жасаган жакшы иштеринин жемишин азыркы КТР жетекчилери жана кызматкерлери коруп жатат.же жалганбы?чын экенин бардыгыбыз танбашыбыз керек.
21.09.2011. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jatkan jeriniz jayluu bolsun. Janynyz jannatka konsun! Jakshy kishi ele birok jakshynyn omuru kyska dep koiot. Aila jok okunup turam!
SUPER.KG видео
21.09.2011. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай эмне коменты очуруп жатасынар ал кишиге Алланын каргышы болсун,тозоктон орун алсын
SUPER.KG видео
21.09.2011. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
22.09.2011. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери, жаннаттан болсун! Калган омурун , уул жана кызына берсин.
SUPER.KG видео
22.09.2011. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дуйно жалган дуйно баарыбис баратурган жерибис бир. Мелис байкенин ыйманы саламатта болсун!
22.09.2011. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай адам болгондо да бул кишиге тен келер азаматтар кыргызстанда ото эле саналуу!!! Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун! Арбагы бала-чакасын колдоп журсун!
23.09.2011. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жерин жайлуу болсун жер жамандап барбасын , кандай куну да бийлик,мансап издеген, элди будомук жолго ундогон адам эле. арты кайрылуу болсун
SUPER.KG видео
23.09.2011. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис байке жаткан жериниз жайлуу болсун.Жаныныз жаннаттан орун алсын.Жалпы туугандарынызга конул айтам.
24.09.2011. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты Кайрылуу Болсун!
24.09.2011. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйманы саламат болсун, Алла Таллабыз маркумдун билип билбей кылган куноолорун кечирип, тозок отунан сактап, бейишине киргизсин!
24.09.2011. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dostor!!!Altun sozgo bay bolgon agabuz bul duyno menen koshtoshtu!Jatkan jeriniz jayluu bolsun!Tuugan-uruguna teren kayguruu menen konul aytam!
25.09.2011. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeri jailuu bolsun,yimany salamat bolsun.

06.10.2011. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын кадыр-баркы козу откондон кийин коп билинет.
SUPER.KG видео
28.08.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жанымдай болгон папаком 4 сентябрда инсульт болуп,озуно келбей каза болду эле ал жаны гана 50 жашка чыккан.Окунуп,Бишкеке эптеп алып кетсен аман калат беле деп журогубуз 95 ке болунуп,ичибизден кан отуп жаткан кезде бийик адам Мелис байкени олду деп уктук.Ажалга айла жок экен,байкуштардын жаткан жери жайлуу болуп,билип билбей кылган куноосун кудай кечирсин!!!Тиги дуйного дагы жакшы адамдар керек экен да.Терен кайгыруу менен конул айтам!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: