НАРИСТЕЛЕР КУЧАКТАШКАН БОЙДОН ӨРТТӨНҮП КЕТИШКЕН

№466 7-13-октябрь, 2011


Шаар четинде жайгашкан Су аттуу жерде төрт үй-бүлө чоң кырсыкка учураган. Үч үй-бүлө баш калкалаган жайынан ажыраса, бир бүлө эки чүрпөсүнөн айрылып, учурда дартына даба таппай жаткан кездери.

Үстүбүздөгү жылдын 5-августу Гүлнара эженин үй-бүлөсү үчүн өмүрүндө эстеринен кетпес, орду толгус жоготуу алып келген күнгө айланды. Ал күнү үч жашар Каныкей менен 1 жаш 9 айлык Канышай өмүрү менен кош айтышты. Канышай 9-сентябрь күнү 2ге толмок. Кызын кучактап куттуктоонун ордуна ага куран түшүрүп, ыйлап отурушары эч кимдин түшүнө кирбесе керек. Тилсиз жоонун айынан эки чүрпө көз жумду. Кырсыкты угуп, биз ошол айылга сапар алдык. Жолдун боюнда жайгашкан көчөсү тар айылды таап барып, кыздын таенеси менен жолугуп, окуя тууралуу уктук.

Гүлнара Абдылдаева, кыздардын таенеси:
– Ал күнү мен жумушка чыккан элем. Жумуш менен сыртта жүрүп, чечинүүчү бөлмөгө келсем, саат бирден баштап телефонума тынымсыз чала беришиптир. Ошол замат бөлөм чалып “эже, үйүңүздөр өрттөнүп жатат...” деди. Аны укканда чуркаган бойдон “Манас” аэропортунун өрт өчүрүүчү бөлүмүнө чалдым. Алар “2 машина жаңы эле чыгып кетти” дешти. Ал машиналардын артынан такси менен үйгө жетип бардым. Алыстан эле кара түтүн көрүнүп, жүрөгүм жамандыкты сезди. Үйгө жеткенимде өрт төрт үйдө тең жалбырттап жатыптыр. Кызымдын эси ооп жатыптыр, аны көрүп эле эки неберемди издеп калдым. Көрсө... Эки неберем үйдүн ичинде калып кетиптир. Кыйкырып-чаңырып ыйлап, үйдү көздөй жулунуп калдым. Үйгө жакын жолотпой коюшту. Ошентип, жалбырттап күйүп жаткан отто эки неберемдин өрттөнүп жатканын боздоп карап турдум.
– Кызыңыз өзү кайда жүргөн экен ал учурда?..
– Өзүм жалгыз боймун, бул үйдө кызым, күйөө балам, эки неберем менен турчубуз... Үйдө майда-чүйдө оңдоо иштерин жасатып жаттык эле. Мурунку жыгач пол кыйчылдай бергенинен полун сыйрытып, эшиктерин алдыртып салганбыз. Ички бөлмөнүн эшиги жок болгондуктан, үйдүн ичине чымын толо берчү. Кызым неберелеримди уктатып, беттерине чымын коно бергендиктен, көчөнүн башындагы коңшунукуна чымынга каршы дары тапканга балдар уктагыча барып келейин деп чыгат. Улуу неберем эшиктеги дааратканага кызыгып, ичине кирип кете берчү. Аны көргөн мен кызыма “жакшылап кара, түшүп кетпесин” дедим эле. Эшикке чыгып баратып, “кызым ойгонуп, дааратканага кирип кетпесин” деген ой менен эшикти сыртынан илип кетиптир.
– Өрт башталган учурда күйөө балаңыз кайда эле, жаныңыздагы коңшуларыңыз кантип эки кичинекей кызды көрбөй калышыптыр?
– Күйөө балам көр оокаттын айынан Орусияга кеткен болчу. Бул каргашалуу окуяны уккан соң барчу жерине жетпей, кайра кайтып келди. Ал эми коңшуларым, “үйүңөрдө кулпу салынып турган болчу, өрт да аябай катуу болду. Кыздарыңар ичинде экенин билген эмеспиз” дешти. Кызыма “үйүңүз өрттөнүп жатат” дешкенде тамашалап жатышат деп ойлоптур. Чуркап келгенинде үйдүн ичи жалбырттап жаткан экен. Эшигин ачканда өрт ого бетер күч алыптыр. Ичине жулунуп кадам шилтеген кызымдын эси ооп калыптыр. Мен саат 3кө жакын келдим.
– Өрттү канча саатта өчүрүштү?
– Саат 6га жакын эки неберемдин сөөгүн алып чыгышты (ыйлап). Кыздарым уктап жаткан дивандын үстүнө шып түшүптүр. Экөө кучакташкан бойдон кетиптир... Бир эмес, үч өрт өчүрүүчү машина келди. Шлангалары жетпей, бири-бирине улаштырышып, суулары төгүлүп, акыры суулары да түгөнүп, жетпей калды. Кайра суу алганы артка кайтышты. Мен таң калган нерсе, алардын атайы формалары бар да өрткө туруштук берүүчү, анан эмне үчүн алар үйгө кирип, балдарды чыгарбаган?! Бизди го жакындатпай коюшту. Бирок өздөрү да киришпеди. Мен неберелеримди тирүү алып калмак дебейм, бирок ошончо өрттөнгүчө кирбей тургандарына жүрөгүм зыркырайт.
– Өрт эмненин кесепетинен чыкты деген натыйжа чыгарышты?
– Биздин айылда майда-чүйдө өрттөнүүлөр көп эле болот. Мурун да үйдүн ичинен өрт чыккан, ошондо эле баары өрттөнүп кетсе болмок экен. Неберелерим аман калмак... “Өрт үйдүн ичинен чыкты” деген чечимди ӨКМнын атайы комиссиясы чыгарды.
– Жаныңыздагы коңшуларыңыз кантип жатат?
– Чынын айтсам, ортодо түшүнбөстүктөр чыгып, урушканга чейин барып жатабыз. Анткени барак тибинде салынган үйдө турчубуз. Биздин үйдөн чыккан өрт тигилердикин да каптап кетип жатпайбы. Бир коңшум “мен төрт балам менен эшикте калдым. Балдарымды багыш” деп догурунуп жатат. Жиним келип “сенин балдарың аман, меники такыр эле өрттөнүп кетти” деп айттым. Туугандарыбыз көз көрсөтүп келгенде сүйлөшүп отуруп “бул жерге эми жашай деле албайсыңар, балдарды эстеп, мечитке берип салгыла. Күнүгө куран түшүп турат” дешкенин кимдир-бирөөлөр укса керек. Мечитке беришиме каршы чыгып, коңшум “сен үйдү сатканы жатасың” деп айламды кетирип жатат. Документ, кийим-кечелеримдин баары өрттөнүп кетти.
– Учурда кайсы жакта туруп жатасыздар?
– Кызым психикалык жактан катуу жабыркап, азыр дарыланып жатат. Күйөө балам да өз туугандарынын үйүндө, мен шаардагы инимдин үйүндө жашап жатам. Кыскасы, башыбыздан оор күндөр өтүүдө. Мындан ары эмне кылышты да билбей калдык...
Айылга кирип абалын көргөн соң бир топ суроолор пайда болду. Өрт эмнеден чыккан? А балким, ӨКМ далилдегендей, өрт үйдүн ичинде электр тогунун туура эмес кошулганынан эмес, сырттагы электр карагайларынын керектен чыкканынан болуп жүрбөсүн? Анткени кыйшайып, чирип калган зым карагайлар короолордун ичинде жайгашып, катуу шамал болсо кулап кетчүдөй сезилет. Капыстан куласа бир эмес, беш-алты үй жалбырттап күйүшү толук мүмкүн. Ушуну байкап, электр карагайлары тууралуу изилдеп көрүүнү чечтик. Ток кетүүчү зымдар жылаңач турганы да күмөн санатты.
Болгон суроолорубузга жооп алуу үчүн айылдын башчысы жана Сокулук айылынын акимине сапар алдык. Алардын жообу бизди ого бетер таң калтырды. Көрсө, бул айыл таптакыр картада жок болуп чыкты.

Су жергесинин башчысы, Адамкул Мамбеталиев:
– Биз турган жер аэропорт салынган учурда анда иштеген куруучулар үчүн салынган айыл болгон. Үйлөрдүн дээрлик баары жыгачтан салынган. Мыйзам боюнча, 16 жылдан кийин бул айыл сүрүлүшү керек болчу. Жер эч бир айыл өкмөтүнө бекилген эмес, картада да жок. Аэропорт салынып бүткөн соң сүрүлгөн эмес. Ошонун кесепетинен да кырсыктар болуп жатат. Айылда орнотулган зым карагайлар 40 жылдан бери алмашыла элек. Тирөөчү, эч нерселери да жок. Жылдан-жылга кыйшайып эле баратат. Мына, төрт үй өрттөнүп, эки наристеден айрылып калышты. ӨКМга кайрылып, “жок дегенде көчөдө калган төрт үй-бүлөгө чатыр бергиле” десек, бербей коюшту. Таман тешилди...

Сокулук райондук администрациясынын
башчысынын милдетин аткаруучу, Элкинбек Ашырбаев:
– Биздин акимиат тарабынан атайы комиссия түзүлүп, окуя болгон жерге барып келишкен. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча, өзгөчө кырдаал дей турган эч бир нерсе табылган эмес. Ачык айтканда, “өздөрүнүн шалаакылыгынан улам өрт чыккан” деген чечим кабыл алынып, бул окуя боюнча иштер токтотулган. Бирок биз жардам берели деген ниет менен учурда ӨКМга кайрылып, убактылуу бир жыл мөөнөтү менен темир контейнер алып берели деп жатабыз. Бир аз болсо да Новопавловка айыл өкмөтү эки үй-бүлөгө 3 миңден, ал эми Ат-Башы айыл өкмөтү эки үй-бүлөгө 2 миңден акча бөлүп беришти.
Ал эми мөөнөтүнө жеткен электр жабдыктары, зым карагайлар бир күндө чечилчү маселелерден эмес. Жалпы жонунан 7 миңге жакын зым карагайды алмаштыруу керек. Былтыр 180 гана зым карагай алмаштырылган, ал эми бул жылдын эсебинен 200гө жетпеген зым карагай алмаштырылат. Ал эми таза суу маселеси аталган дача айыл өкмөт катары кабыл алынмайынча чечилбейт. Себеби алардын учурда экономикалык-социалдык өнүктүрүү боюнча эч бир келишим же башка иштер жүргүзүлө элек.

Су айылына барганыбызда аталган жердин тургундарынын көпчүлүгү келип, арманын айтып жатышты. Аларды угуп отуруп, бизге ишенич арткандар көп экендигин байкадык. Бир айылды оңдоп-түзөтүү колубуздан келбестир, бирок ошол маселени жазып чыгууга дараметибиз жетет. Чындыгында эле бул жер көп нерсеге муктаж экен. Шайлоо алдында акчасын чачып жаткан саясатчы же бизнесмендердин бири жүздөгөн адамдын сообуна калса деген ой менен сапарыбызды аяктадык.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg



Репортаж - Наристелер өрттөнүп кетишти

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(52)
SUPER.KG видео
11.10.2011. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eh tashboor jashooo
SUPER.KG видео
11.10.2011. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сабыр бэрсин ата-энесиге
11.10.2011. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 мин, 2 мин деген -акчабы, азыркы заманда?! Жоготуунун орду толбойт, бирок Отунбаева эжекебиз материалдык жардам берип койсо болмок ушул 4 уй-булого.
11.10.2011. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылыныздар...
11.10.2011. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш периштелер журогум эзилип ыйлагыдай болуп кеттим
11.10.2011. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуштарга жаман болуптур,он гулунун бири ачыла элегинде,,,
SUPER.KG видео
11.10.2011. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу сактасын!!! Сабыр кылыныздар!
11.10.2011. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jurogum oorup ketti.Sabyr kylynyzdar .
11.10.2011. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир кундо эки татынакай кыздарынан ажырагандан да жаман эч нерсе болбосо керек, сабырдуу болгула! кудайым сиздерге коп бала берсин!
SUPER.KG видео
12.10.2011. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tainesi jana kyz kuioosuno kudai taalam den soluk bersin, myndan aary kyrsyktardan tyshkary bolsun, biiliktegiler argasy jaka baryp akchany korotkoncho ushul 4 uibulogo jardam berse jakshy bolot ele,KAIRAT KYLYNYZ EJEKE ...
SUPER.KG видео
12.10.2011. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогортто айтылгандарга мамлекет компенсация толоп берип койсо эчтемке болбойт. Озу кичинекей мамлекет болсок, мындай кайгылуу окуялар мамлекеттин денгээлиде чечилсе жакшы болмок!
12.10.2011. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылыныздар. Эки кызды коруп абдан журогум ооруп кетти.
12.10.2011. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энелердин эч качан коз жашы акбасын, эч качан наристелердин кулкусу очбосун,Жараткан жакшылыгын аябасын ушул адамдардан!
SUPER.KG видео
12.10.2011. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч убакта жаш балдарды жалгыз калтырбаш керек,эмне чымын даарыга балдарын ээрчитип барса болбойбу,жаш балдарга аябай ичим ачышты....апасы куноолуу ,таштап кеткени учун
12.10.2011. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуштарым аай,журогум аябай сынып кетти.Кичинекей бобоктор эми жок.
12.10.2011. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kayrat kylgyla! bul da bolso allanyn synagy.gulnara eje bankta esebiniz bolso jazyp jiberiniz koluman gelgen jardamymdy kylayin.
SUPER.KG видео
12.10.2011. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай ушундай боодо кырсыктан сактасын! Орто калган эки кичинекей наристеге жаман болду,! Эже эми кудай береерин унутпасын!!
13.10.2011. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Миллиондогон акчаларды кагаз-реклама иштерин жумшап жаткан президенттикке талапкерлер жардам берсе аябай сонун эле болмок... Ал кагаздары бир кун илинет, эртеси айрып ташташат, андан коро ушуларга уй курууга жардам бериш керек...
13.10.2011. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журогум чыдабай кетти
13.10.2011. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул окуянын болгонуна 2 айдан ашты!
мда...
14.10.2011. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайрат кылыныздар. наристелер байкуштарым ай. жаман журогум ооруп атат.
14.10.2011. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми болор иш болду боёгу канды дегендей,эмнеден чыканы белгилуу болсо керек барына,Бизде Кыргызда электр кандай колдонору белгилуу. Куйуп кеткен жаш балдарга эле боорун ооруйт экен,а жанакы уйсуз калган элге окмот уй бербей эмне кылып журушот, алар озбектерге берет уй если озбектин уйу ортонсо сразу бермек.
15.10.2011. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ganulai, туптуура оозунузга май! озубуздун бир тууган кыргыздарыбызга калп эле корбомуш болуп коз жумуп койгондорго менин жаным чыгат!
SUPER.KG видео
14.10.2011. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсык каш кабактын ортосунда деген ушу экен да. Кудай боодо кырсыктан сактасын.Кыздардын ата энесине Кудай сабыр берсин эми.
14.10.2011. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок бар жагынан апасы да кунолуу,эмнеге уйун жабып кетет?неге уйу куйуп атат десе ишенбейт?ушунчалык уйу орттонкучо кошунасыкында журдубу?
15.10.2011. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иншааллах сабыр этиниздер! Аллахым дагы коп бала берерин унутпасын!
15.10.2011. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо кудай кандай гана шумдук окуя.эки кызды коруп журогум чыдабады.Кудай бар экенине ишенбей да кетем.эки кичинекейде эмне куноо
16.10.2011. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин правительство озбектерге уй берет дегени жанды кейитти го, озубуздун кыргыздардын уйу орттонуп атса....
17.10.2011. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yi baikush 2 nariste, kulptabai ele koiso bolmok eshikti balkim ozdoru churkap chygyshmak :(
22.10.2011. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аянычтуу арттары кайрылуу болсун
SUPER.KG видео
23.12.2011. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АЛЛАХЫМ боодо кырсыктан сактасын.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: