Өткөн аптада Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков Казакстандын президенти Нурсултан Абишевичти “Нобель” сыйлыгына көрсөтүү демилгесин көтөрдү. Кошоматка кой союу жагынан кыргыздан кыйын “касап” жок. Чын эй! “Шеф ушинтип демилге көтөрүп жатса биз кайда бармак элек?” дедиби, айтор, бул депутаттарың сунушту заматта колдоп жиберишти.
БАШКАНЫ КОЮП "МАНАСТЫ" АЙТ,
КЫРГЫЗДЫ КОЮП КАЗАКТЫ АЙТ
Казактын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевди атактуу "Нобель" тынчтык сыйлыгына көрсөтүү демилгеси мындан бир топ жыл мурун эле көтөрүлгөн. Ажосунун бул наамга татыктуу же татыксыз экенин талдоо казактардын жеке иши болчу. Буга биздин Жогорку Кеңештин кийлигишип, Назарбаевди наамга жеткирүүгө жан талашкандыгы кыргыз коомчулугуна өөн учурады. “Башкасын кыйратып койгонсуп, эми казактын намысы калды эле!” дегендер да аз эмес. Казак башчысын 2012-жылдын "Нобель" сыйлыгына көрсөтүү боюнча демилгени кыргыз парламентинин башчысы Ахматбек Келдибеков көтөрүп, аны Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыккан. Сыйлыкка көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууда:
"Мен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Ахматбек Келдибеков 2012-жылкы тынчтыкты коргоо боюнча "Нобель" сыйлыгына дүйнөдөгү өзөктүк куралсыздандыруу жана эл аралык коопсуздукту бекемдөө процессинин лидерлеринин бири, Казакстан Республикасынын Президенти Назарбаев Нурсултан Абишевичтин талапкерлигин көрсөтүүнү зор сыймык деп билдирем",- деп балп эттирсе болобу!
Ушундай маңызда уланган кайрылууда чындап эле кошоматчылыктын көлөкөсү байкалат. Көпчүлүк муну жактырбаса да, сунуш депутаттардын колдоосун таап, төраганын көңүлүн жайына түшүрдү. Ошол эле учурда каршы пикир айткандар да болду. Эл өкүлү Каныбек Иманалиев парламенттин мындай чечимдерди кабыл алууга укугу жок экенин айтып, кесиптештеринин бул аракетин кошоматчылык катары баалай турганын билдирди.
КОРДУККА МАРТТЫК МЕНЕН ЖООП БЕРЕБИЗБИ?
Казак менен кыргыздын тууган эл экенин эч ким танбайт. Көп жагынан окшоштук жагыбыз да бар. Бирок өзүмчүлдүгү жагынан баары бир казактарга жетпесибиз турган кеп. Жетпегени мындай турсун, алардын азабын тарткан учурлар чоңдорубуздун эсинен чыкса да, карапайым калктын дайыма көкүрөгүндө. Алардын айрымдарын гана белгилеп коёлу.
-
Алыска барбай Апрель окуясын эле алалы. 7-апрель күнү Талас менен Бишкек шаарында баш аламандык орун алганын моюнубузга алабыз. Ооба, кан да төгүлдү, бирок бүтүндөй Кыргызстан жапайы мамлекетке айланып кеткенсип, абдан зарыл маалда, коңшу өлкөлөрдүн колдоосу керек маалда казактар чек арасын бир нече айга жаап салды. Же Бишкек Алматыга жакын дедиби, же революциялык духтун "вирусу" өтүп кетеби, кыскасы, Казакстанды кошо басып ала тургансып коңшулар катуу кетишкен. Анын айынан миңдеген соодагерлердин иши токтоп, Орусияга чыгуучу бирден-бир стратегиялык жолубуз жабылган.
-
Ушул эле жылы Кыргызстан тарабынан издөөдө жүргөн түрк жараны Гүнеш Йылмаз Казакстандан кармалып, аны Кыргызстанга кайтарып бербей жолуна түшүргөн. Эске сала кетсек, ушул жылдын апрель айында Бишкектеги "Бета Сторес" супермаркетинин технологу, түрк улутундагы Гүнеш Йылмаз аталган соода борборунун кызматкери, кыргыз кызы Чолпон Орузбаеваны сабап салгандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн.
-
Мындан сырткары Орусияга поезд менен каттаган ар бир кыргыз жараны казактардын жолдогу рэкеттик иштерин айтып үшкүрүнөт. Кейиштүү мисал: 2010-жылдын 22-сентябрында Орусияга бараткан кыргыз кызын казак чек арасынын капитаны А.Байбусинов зордуктап салган. Окуя Казакстандагы "Жайсаң" деген станцияда болуп өткөн. Анан эмне болду? ТИМдин маалыматына ылайык, күнөөнү моюнуна коюп бере турган жабырлануучунун Москвада экенине шылтоолоп, "далилдер жетишсиз" деген тыянак менен ишти жаап салышкан.
-
Ошондой эле Казакстанда кулга айланган кыргыздардын маселеси бир кезде мамлекеттик деңгээлге чейин өсүп жетпеди беле. Азыр деле оңолуп кеткен жок. Жакында интернет сайттарда Казакстанда кулга айланган кыргыз уулдары тууралуу маалымат тараган. Анда агасы менен иштегени барган Мирзат Исманов казактардын колунда 4 жыл кул болуп жүргөндүгү айтылат. Акыры качып чыккан Мирзат Алматы шаарындагы кыргыз элчилигине кайрылып, жыйынтыгында, Кыргызстанга кетүүгө мыйзамдуу укук алат. Аны автобуска салып, мекенине жөнөтүшөт. Бирок ал Кыргызстанга жетпей, орто жолдо дайынсыз жоголот. Кыргызстандан күтүп алмакчы болгон адамдар автобустун айдоочусунан сураганда Мирзаттын чек арада кармалып калганы билинген. Ошол бойдон мекендешибиздин эмне болгону белгисиз.
Кыскасы, сөз көп. Назарбаевге колдоо көрсөтөрдөн мурда депутаттарыбыз кошуна өлкөнүн жогоркудай жоруктарын эске алып коюшса болмок. Баса, депутат Каныбек мырзанын кошоматчылык деген сөзүнө жооп кылып, төрага "кошоматчылык эмес, мындай демилге боордош элге карата жылуу мамиле" деди. Мына сага, "Манастагы" айкөлдүк! Миңдеген кыргыз казактардын колунан бошоно албай ыйлап жүргөнүн Ахматбек мырза "жылуу мамиле" деп атай алар бекен? Бүжүрөй бербей башчыларыбыздын бекем эле болгону жакшы да. "Кыргыздар колдобой коюп сыйлыксыз калдым" деп Назарбаев нааразы болсо көрө жатар элек го!..
БАСА, ДАГЫ БИР СӨЗ
Былтыр эле Кыргызстандагы бийик чокулардын бирине орус өкмөт башчысы Владимир Путиндин ысымы берилген. Аскар Акаевдин тушунда, адатта, каза болгон кишинин ысымы ыйгарылчу эле, анда көзү тирүү экендигине карабай Кыргыз-Орус Славян университетине Орусиянын президенти болгон Борис Ельциндин атын коюшкан. Ал эми Путиндин чокусу боюнча Москва району тарабынан көтөрүлгөн мындай "устуканды" ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаев колдоого алып, Жогорку Кеңеш а-бу дегиче болбой колдоп беришкен. Бул иш да коомчулукту бир дүрбөткөн жайы бар. Кыргызстандын шаар-кыштак, көчөлөрүнөн орус ысымдарын өзгөртө албай убара тартып турган чакта Путиндин "чокубузга чыгышы" өлгөндүн үстүнө көмгөн болбогондо не болгон?!
СОҢКУ КЕП
Албетте, коңшу өнөктөш өлкөлөрдөн жүз буруп кетүү керек дебейбиз. Коңшу мамлекет катары катташуучу күндөр алдыда турганы менен, эсептеше жүрүү да ашыкча болбойт. Меймандос десе эле дардалаңдап кетпей, саламына карап алик алганды, тең ата жүрүүнү кыргыз саясий элитасы да карманышы зарыл. Болбосо, алсыз өлкөнү ар кандай калчап, өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануу, улуу державалар үчүн даяр оокат гана болуп бермекчи.
-
"Нобель" дүйнөдөгү сыйлыктардын эң кадыр- барктуусу. Лауреаттарга 1,5 миллион доллардын тегерегинде акчалай сыйлык берилет.
-
Бул наамга кыргыздардан Чыңгыз Айтматов да бир нече ирет сунушталып, бирок жетпеген.
-
Кызыктуусу, "Нобель" математика тармагында эмгектенгендерге берилбейт.
-
Тынчтык үчүн "Нобель" сыйлыгын акыркылардан болуп АКШ президенти Барак Обама алган.
Автандил Добулбеков
koom@super.kg
кантип бийликте олтурат