ДИ-ДЖЕЙДИН ӨМҮРҮ КОРКУНУЧТА

№468 21-27-октябрь, 2011


2011-жылдын 16-октябрында “Тумар” радиосунда үн режиссёр болуп иштеген Жаныбек Айдаралиевди белгисиз бирөө сабап кеткен. Бул жигит ди-джей Алина Баженованын өмүрлүк жолдошу экенин да айта кетпесек болбостур. Учурда ал алган жарааттарынан улам Улуттук госпиталда эс-учун билбей жатат.

Бактылуу түгөйлөр мындан бир нече убакыт мурун эле ушул сүрөткө түшүшкөн экен.

АРАЧЫГА АЛТЫ ТАЯКПЫ?
Кырсык каш-кабактын ортосунда эмеспи. Мындай кырсык болорун ким билди дейсиз. Жаныбек ошол маалда Бишкек шаарындагы Токтогул жана Ж.Абдрахманов (мурунку Совет) көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Мото" соода борборунда жайгашкан түнкү клубдагы жумушунан чыгып, такси күтүп отуруп калган. Ошол убакта жанында турган таксистти кимдир бирөө сабап жатканын көрүп, ажыратууга аракет кылган.
Өз көзү менен көргөндөрдүн айтымында, сабаган адам Жаныбектен эки эсе олбурлуу, зор денелүү, 25-30 жаштардагы "мырза" экен. Ал мас абалында Жаныбектин башына бир нече жолу ургандыктан, эсин жоготуп койгон. Аны ошол абалында кесиптеши “Мотонун” 5-кабатында жайгашкан “ВС” клубуна көтөрүп кирген. Себеби Жаныбек ал түнкү клубда ди-джей болуп да иштечү.
Кесиптеши Жаныбекти эсине келтирүү үчүн суу алып келгени чыгып кеткенде, тиги адам артынан барга барып, эси ооп жаткан адамдын башына дагы бир нече жолу урган. Ушул убакта окуя болгон жерге “Тез жардам” бригадасы келип калган. Коркунучту таптакыр унуткан неме көрүнөт, сабаган адам келип калган медицина кызматкерлерине да кол салыптыр.

“ЭСИ ООП ЖАТКАН АДАМДЫ САБАПТЫР”

Иштин чоо-жайын билмекке ооруканага барып, Жаныбек Айдаралиевдин келинчеги Айжан Кулибаевага (ди-джей Алина Баженова катары таанымал) жолугуп маалымат алдык. Ал окуяны төмөнкүчө баяндап берди:

– Жаныбек бармен болуп иштеген Латиф экөө такси күтүп отургучта отуруп калышыптыр. Бир убакта өзүнөн эки эсе чоң жигит таксистке барып, шашкасын, рациясын сындырып, асыла баштаптыр. Анан Жаныбек жаңжалдашып жаткандарды ажыратууга аракет кылыптыр. Тиги “сен эмне кыйынсыңбы? Жүрү, четке чыгып сүйлөшөлү” деп сөгүп, сабап салыптыр. Жаныбектин жанында жүргөн Латиф такси кармоо үчүнбү же башка себептер мененби, бир жакка басып кеткен экен. Ал келип, эси ооп жаткан Жаныбекти клубга көтөрүп чыгып, "Тез жардам" чакырыптыр.
Ошол убакта соода борборуна кире бериштеги күзөт кызматчысы да, клубдун ичиндеги күзөт кызматчысы да өз ордунда болгон. Андан сырткары клубдун ичинде башка адамдар да бар экен. Латиф Жаныбекти клубдун ичиндеги диванга жаткырып, суу алып келгени чыгып кетет. Ошол убакта сабаган адам күзөт кызматкеринин жанынан эч тоскоолдуксуз 5-кабатка чыгып, клубдун күзөт кызматкеринин жанынан өтүп клубга кирип, эс-учун жоготуп жаткан Жаныбектин башына дагы муштаптыр. Мунун баары камерага тартылып калган экен, биз аны кийин барып көрдүк.
Ошол убакта “Тез жардам” келип калып, тиги кишинин “Тез жардамдын” кызматкерлерине да кол салганы камерага тартылып калыптыр. Андан кийин гана ал “Мото” борборунан тоскоолдуксуз чыгып кеткен. Аны коопсуздук кызматкерлери токтотууга да жараган эмес. Угушумда, ал адамды алар таанышат экен. Менин билишимче, анын аты – Максат.
Жаныбекти өзүнө келтириш үчүн үстүнө суу куюшкан. Ошондуктан үстү бүт суу болуп, үшүп калыптыр. Ооруканага келгенибизде врачтар рентгенге салып көрүшүп, сөөктүн эч нерсе болбогонун, толук текшерип көрүү үчүн томографияга алып баруу керектигин айтышты. Томографияга тартуу 2500 сом экен, жанымда анча акча жок болгондуктан, Жаныбекти үйгө алып келдик. Эртең менен гана томографиядан өткөрүп, сүрөтүн врачка алып келсем, “абалы кандай?” деп кайра менден сурайт. Врач болгондон кийин сүрөткө карап деле билсе болот эле. Абалы кыйындап жатканын айткандан кийин гана “бул жакка алып кел” деп жиберди. Үйгө келсем, Жаныбек эс-учун билбей жатыптыр. “Тез жардам” чакырсам, алар кайра бул ооруканага алып келишти. Ооруканада да шалаакылык кылышып, аты-жөнүн сурап, антип-минтип отуруп бир саатка жакын убакытты жөн эле өткөрүп жиберишти. Жазып берген бөлүмү да 2-кабатта экен, жардам берген эч ким жок, өзүм жалгыз көтөрүп чыктым. Тергөөчү келип, “бул жакта киши кыйналып, комада жатат, эмне үчүн карабайсыңар?” дегенден кийин гана врачтар кыймылдай башташты.
Биз алгач ооруканага келгенде эле тезинен жардам көрсөтүшсө, айыгып кетмектир. Кабыл алуучу жерине келип, “карап койгулачы?!”, томографияга келип, “тартып койгулачы?!” деп жалдыраш керек экен буларга. Ал эми милиция болсо кылмыш ишин бүгүн эле ачыптыр, күбөлөрдү сурап жатышат. Мага бир номерлерден белгисиз бирөөлөр телефон чалып, үйүбүздүн дарегин сурашты. Ал эми кечээ мен тааныбаган үч жигит Мерседес автоунаасы менен ооруканага келип, “биз Жаныбектин достору болобуз” деп реанимацияга киргенге аракет кылышты эле, дарыгерлер киргизбей коюшту. Үйдүн дарегин сурап чалган адамдардын телефон номери жана "досу болобуз" деп келген белгисиз адамдардын автоунаасынын номери да жазылуу. Андан кийинки түнү да “биз Улуттук коопсуздук кызматынанбыз, бул ишти өзүбүздүн көзөмөлгө алабыз” деп эки жигит келди. Алар да киргенге аракет кылышып, кире албай кетишти.
Ал эми Жаныбек болушкан таксистке акча берип коюшкан экен, милицияга жазган арызын кайра алып алыптыр. Ал бизге кандай оор болуп жатканын, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн аны токмоктон ажыратып, өзү токмок жеп калган Жаныбекти да түшүнбөй жатат. Ошол жерде карап турган адамдарга да таң калам, 102 телефонуна чалып милиция чакырып коюшпаптыр.
Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Ташыкулов Мэлсбек Амиракулович Жаныбек Айдаралиевдин абалы оор экендигин, андан башка маалымат бере албастыгын айтып кутулду.

“ЧЫГЫМДЫ ТӨЛӨП БЕРДИ ЭЛЕ, ЖАЗГАН АРЫЗЫМДЫ АЛДЫМ”

Ызы-чуунун башкы каарманы болгон таксист Талгат Жумабековго да жолуктук.

– 16-октябрда таңкы алтыларда “Мотонун” алдында турсам, бир мас жигит келип, "Кызыл-Аскерге жеткир" деди. Анын мас экенин көрүп, “кардарым бар, мен азыр кетем” дедим. Жинденип, сөгүнүп-сагынып баштады эле, мен автоунаадан сыртка чыктым. Ал рацияны көтөрө чыгып, антеннасын талкалап, алдыңкы терезени чабайын дегенде колунан кармап калдым. Рациянын антеннасын жулуп, “Такси” деген шашканы жерге чаап салды. Милицияга телефон чалайын деп карасам, телефонумдун батарейкасы отуруп калыптыр. Анан Абдрахманов көчөсү жакка чуркап кеттим. Келсем, ызы-чуу болуп калыптыр. Милицияга ал жигиттин үстүнөн менден башка эч ким арыз жазбаптыр. Мага ал баланын тааныштары келип материалдык чыгымды төлөп беришти, ошондуктан арызымды алдым. Мага көп эле адам жардам берип жаткан, токмок жеген кимиси экенин билбейм.

“Мото” соода борборуна барып күзөт кызматынын ошол түнү иштеген кызматкерлерин сураштырсак, алар эртең менен нөөмөттү өткөрүп берип, эс алганы кеткенин билдиришти. Ал эми күзөт кызматынын башчысы жумуш ордунда жок болуп чыкты.
Иш кандай жүрүп жатканын билүү үчүн Биринчи Май РИИБинин 7-шаардык бөлүмүнүн тергөө бөлүмчөсүнүн башчысы Тимур Мажиновдон сураганыбызда, ал кылмыш иши козголгонун, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эч кандай маалымат бере албай тургандыгын билдирди. Ал эми таксисттин арыз жазып, кайра алганын билбегендигин жана ал таксист күбө катары сөзсүз сураларын да кошумчалады.
Азыр Жаныбек Айдаралиев Улуттук госпиталдын нейротравматологиясынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Томографиялык анализ жабырлануучунун мээсине куюлган кандын уюп (гематома) калгандыгын көрсөткөн. 17-октябрда баш сөөгүнө трепанация (операция жасоо үчүн баш сөөктү тешүү) кылынган.
Жаныбек – Кыргызстандын радио тармагындагы эң мыкты үн режиссёрлордун бири. Мына ушундай таланттуу жаш жигит ашкере гумандуулугунун айынан өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканы өкүндүрөт. Кантсе да кылмышкер колго түшөт жана жазасын алат деп ишенебиз. Таланттуу режиссёр айыгып, шайыр жубайы Айжандын жанына кайтышын тилейбиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



"Тумар" радиосунун кызматкеринин өмүрү коркунучта

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(83)
SUPER.KG видео
26.10.2011. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menya besyat, eti nashi MYRKI! kak je VY menya besite! Pochemu, my kyrgyzy, ne mojem drug drugu pomoch, kogda prohodim i vidim chto kogo to izbevaiut, i dat po bashke etim idiotam! Janibeku, ya ne znaiu, no videla kogda byla v Barcode, hochu skazat jene, krepitsya, i chto vse budet horosho! A eti myrki pust gniuyut v ADU!
SUPER.KG видео
26.10.2011. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzy, nauchites drug drugu pomagat, zastupatsya! Kakoi pridurok, alkaw posmel do takoi stepeni izbit! DA GORET TEBE v ADU! KOLHOZ!
26.10.2011. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчан "здоровьян" болсо эле болдубу? Быканутый движение! Эркек жаткан адамга тийбейт!
26.10.2011. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсык каш кабактын ортосунда деген ушу да... Батыраак айыгып кетсин, жаш жубайларга узак омур, бактылуу турмуш берсин кудайым.
SUPER.KG видео
26.10.2011. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХАДИС:Бул дуйнодо ким бироого кандай мамиле жасаса, озу да ошол жасаган мамиленин эки эсесин кормойунчо бул дуйнодон отпойт.
26.10.2011. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ошол опкосу жок зоокурду бетин тилиш керек. Анан бизде тынчтык орнойт
26.10.2011. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх кыргыз ушунусу менен кыргызз даа кээде кулот кээде ыйлайт жакшылыкка жамандык дегендей таксис эгер арызын кайтарып албаса бишкекте журушун ойлогон гоо эмнеси болсо даа айыгыып кетсиин
27.10.2011. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин кыргыздар жизнь онолбойт.жакшы болуп кеттсин!!!
28.10.2011. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейкуноо гумандуу кишинин жабырланышы зээнди кейитет ,жинди суунун кесипетинен адам да макулукка айланып мындай акмакчылык , зоокурдукко барыптыр , бирок аны да мындан жаман жаза кутуп тургандыр . Бул жактагы кубо ,сот ж.б сатып алган менен Аллах Тааланы сатып ала албасын , качып кете алгыс жаза аларын билип койсун. Ди джей Алина Баженованын омурлошуно Аллахым шифаа, ден соолук , омур берсин ! Ааминь.
SUPER.KG видео
30.10.2011. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mdaaaaaaaaa Taxsist tuuura emes kylgan!!!
30.10.2011. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдыгерлик.Зоокурдун колу-буту кыйрап калсын. Алла-таалам озу жар болсун сага Жаныбек.
31.10.2011. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаныбек аябай жакши киши. Эчкимге эч кандай жамандык кылган эмес. мен аны бир тоб таанып калдым. жакши болуп кетсин деп кудайдан тилейм.
SUPER.KG видео
31.10.2011. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртерээк сакайып кетсин. Не дейбиз башка?!(((
02.11.2011. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак халатчандар вообще эле акчага путанный, жестокий адамдар болуп калышты!!! Аларга акча берсен артынан калбай карайт акчан жок болсо басып да келип койбойт. Дагы еще алардын акысын которуш керек деп коюшат
04.11.2011. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таксистин да башы жокпу же коркутуп койгонбу туура эмес кылыптыр.
SUPER.KG видео
11.11.2011. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jerin jailuu, topuragyn torko, bargan jerin beyish bolsun inim. Sen az da bolso oz mekendeshterine kolunan kelgen jardamyndy kyldyn,tilekke karshy saga al jerdegi ech kim kolunan kelgen jardamyn kylbady. Bashkasy uchun oz omurun tobokelge salgan adam baatyr. Taksist adam emes ele mal eken. Myndan kiyin bul itti olturup jatsa da karap otup ketet elder. jakshylykka jamandyk kylgan adam ekensin, seni korgoim dep oz omurun tobokelge salgan adamga ... :(((((( emi kudai bereer jazaasyn.
SUPER.KG видео
11.11.2011. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushuncha kun oozun jaap kyshyp jurgon "ukuk kordoo" (korgoo emes kordoo) organdary siler emne kylyp jurosunor je janynda pasportun jok dep aiyldan kelgen oz mekendeshteribizdi urup sogup akchasyn algandan (fakt bar) bashka kolunardan emne kelet. oozu kyishyk bolso da mastyn,pastyn oozu suilosun dep ele juro beresinerbi. Silerdin ailygynardy el bizdi korgosun dep tolop jatkandaryn unutup kaldynarby? Sottorgo bolso aitaarym kynyr ish kyrk jyldan kiyin dele bilinet. Elindi korgoboson kordolosun.
SUPER.KG видео
11.11.2011. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун адамдын оумуру кетти :( Жаныбек жаткан жерин жайлуу топурагын торко болсун. Калган омурунду Кудай жакындарына берсин! Жубайына жаман боорум ооруп жатам :(
SUPER.KG видео
12.11.2011. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жерин жайлуу болсун Жаныбек.Тилеке каршы Кыргызстаныбызда акыйкат жок.Милиция бизди коргомок тугул ушинтип кылмышкерлерди жаап жашырып качырып жатат.Ал эми жанагы зоокурдун табыларына,кылмыш жообуна тартылаарына ишенбейм.Крим чойродо байланышы бар деп угуп жатам.
SUPER.KG видео
12.11.2011. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун эххх!!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
12.11.2011. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bliin janyn kashayatta ushintip anan, adamdarga da kochodoon jardam bergin kelbei kalat. akcha dep jurup olot oshol taksist.
SUPER.KG видео
16.11.2011. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
таксист-эркек эмес!Алла-таала ушундай эркектерден сактасын!
SUPER.KG видео
16.11.2011. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмак таксист "Боорун ооруса боорго тепкен" ыйманы жок... (озун тируу калып кантип уялбай журор экенсин,аял киши болсон да мейли экен)Сени намыс олтуро албайт го бул кебетенде , сен кайра намысты олтурдун...!!!
25.11.2011. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oba azyrky ubakta Kyrgyzstanda karups9 menen krimnal a9bai önügüp ketken albizdin milits9 kyzmat kerlerinin shalaakylygy sebep Al emi Janybeke kudaiym özü jar bolsun batyraak sakaiyp ketsin .
28.12.2011. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерин жайлуу болсун Жаныбек!
Олтуруп койгон жигитти баары тааныйт экен, бир депутаттын жардамчысы экен, ошондуктан баары коркуп эч ким кубоо боло албай койду, ал жигит азыр кадимкидей эле жашап журот,коопсуздук кызматкерлери аны таба албай койдук деп ишти жаап коюшкан.Кыргызстандагы жашоо ушул экен, айла жок...
SUPER.KG видео
07.01.2012. 06:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таксист коен журок, коркок жан экен. Суйлошуно караганда мал корунот. Камерага тушуп калыптыр, куболору бар экен. Жазасын толук бериш керек.
SUPER.KG видео
07.01.2012. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таксистин ,бети жокко, Жанибек болбосо,озу олорчо токмок жемек да!! Эшеги суудан отуп кеткенден кийин кыйын болуп калганын,!!!
SUPER.KG видео
02.03.2012. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алина сабыр кыл, Айдардын жаткан жери жайлуу болсун, а жанагыдай (таксист) адамдар булар жакшылыкты билбеген ,адамгерчилиги жоктор.Айдарды урган бала кармалды эми акырына чейин тур,жазасын алсын,Кудай сага куч кубат берсин ,ыйлаба,куран окуп тур,кайрат кыл!!!!
21.03.2012. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздарда намыс жок!!! Акыйкат жок!!! Чындык жок!!! Жана адам деген затка тиешелуу конерселер жок!!! Аны биз канчалык мойнубузга алгыбыз келбеген учуда деле бул чындык ЧЫНДЫК АЧУУ БОЛОТ!!!
SUPER.KG видео
22.11.2012. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eshek ekensin eeeeee taksis aryzyny albasan airyp koiom dedibi saga atana naalat.Dagy aita ketchuu nerse kyrgyz baary jogoru jaka ishenet jogoru jagy Allahty unutkan kabyr azaby uktasa tushuno da kirbeitko ehhh myndaida kyrgyzstan onolboit parakorlor baary
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: