Айжан Шайланбаева: «ЖҮЗҮМӨ ТАК САЛГАН АДАМ ЖАЗАСЫН АЛБАЙ ЖҮРӨТ»

№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл


Беш мүнөткө дүкөнгө чыгып, ойго келбеген жерден оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, майып болуп калууну эч ким каалабаса керек. Ден соолугунан айрылып, үч айдан бери дары менен жашап калган Айжан эже акыйкат таппай бизге кайрылды.

КЫРСЫКТЫН БАШЫ ПИЯЗБЫ?
Бул окуя 9-июль күнү Сокулук районундагы Черёмушка айылында, чак түштө болуп өткөн. Катуу ылдамдыкта келе жаткан Фольксваген Вента үлгүсүндөгү унаа жол боюнда бара жаткан Айжан эжени сүзүп, жабыркаган аялга жардам бербей окуя болгон жерден качып кеткен. Машинаны 22 жаштагы, немис улутундагы Шварц аттуу жигит мас абалында айдап бараткан экен. Оор жаракат алган эженин башына бир эмес, эки ирет оор операция жасалыптыр. Анын үстүнө мурунку жагымдуу жүзүнөн да айрылып калгандыктан, азыр жүзү пластикалык операцияга муктаж. Ал эми сүзүп кеткен жигит эч кандай жоопко тартыла элек. Иликтөө иштери болгону менен, эч кандай жыйынтык жок. Күнөөкөр адам Сокулуктагы заңгыраган хан сарайдай үйдө тынч уктап жатса, жабыркаган адам күнү-түнү онтоп, оору менен алышууда. Тиешелүү органдардын даремети жетпей жатабы же башка себептери барбы деп иликтөө жүргүзүүнү туура көрдүк.

Айжан Шайланбаева:
– Үй-бүлөмө эртең мененки чайын берип, кызымды окуусуна жөнөтүп, кичүү балам үйдө ойноп жаткан. Билинбей эле түш болуп калды. Манты жасайын десем пияз аз болгондугунан, жол боюндагы жашылча саткан дүкөнгө жөнөгөм. Пияз алып, жолдун бою менен үйдү көздөй келе жаттым эле. Бурулушка жетип калганда чоң ылдамдыктагы унаа учуп келип сүздү.
– Эсиңизге келгенде абалыңыз кандай эле?
– Алым жок, бутума турайын десем же денемди башкара албайм. Эч нерсени түшүнбөй делдирейм. Мени сатуучу апа жарым сааттан кийин гана көрдү, ага чейин үнүм да чыкпай алсырап жаттым. Мени көргөн апа кыйкырып, коңшумду чакырганы кетти. Коңшум экөө келип “Тез жардам” чакыртышты.
– Үйүңүздө кимдер бар эле, алар сизди издебептирби?
– Күйөөм тынчсызданып мага кечке чалып, эшикке улам чыгыптыр. Мени машина сүзгөндө телефонум колумдан учуп, чөптүн арасына түшүп калган экен. “Тез жардам” алып кеткенден кийин милиция келип, териштирип баштайт. Чачылып жаткан пиязды “кимдики?” деп сураганда сатуучу апа “меники” деп чогултуп кетиптир. Мени ооруканага алып кеткенден кийин гана баарын эстеп, анан “бир келин пияз алып кеткен” деп эки баланы чуркатып, үймө үй кыдыртып сураштырыптыр. Ошентип, ар бир үйдү такылдатып, “ким пияз алганга кетти эле, машина сүзүп кетти?!” деп айтышат. Ошентип, биздин үйгө бул кабар 3 саат өткөндөн кийин гана жетиптир.
– Башыңыздан катуу жаракат алган экенсиз...
– Баш сөөк сынып кеткен, бир эмес, эки операция жасалып, учурда башыма пластик салынган. Биринчи операциядан кийин башым былпылдак болуп калган. Колум менен кармаласам кирип кетчүдөй сезилчү. Бир нерсени ойлоп, кайгырганга да болбойт. 40 жашымда ушинтип калам деп ойлогон эмесмин. Ордуман жылбай эле жатам, тамак-ашка да аралаша албай калдым. Бетимден тамтык калбай, учурда тырык болуп калды.

Таалайбек Айманбетов, күйөөсү:
– Жубайымдын абалын өзүңүздөр көрдүңүздөр, дале оор. Сокулуктун РИИБинен иш такыр эле жылбай койду, анын үстүнө айдоочу Шварцты “сыртка чыкпайт” деген чечим менен ээн-эркин коё беришти. Иш оңунан чечилбестигин сезип, Чүй ИИБине арыз менен кайрылгам. Ал жактан “камакка алынсын” деген тыянак чыгарылган. Бирок камакка алынган жок. Шварцтын бизге болгон жардамы – Айжан жаңы операция болуп, абалы оор болуп жатканда мага эжеси Света “дарысына жумшаңыз” деп 100 доллар берген. Кийин “доктурга 10 миң сом бердик” деп чыкты. Бирок доктур “жок, эч кандай акча алган эмесмин” деди. Канча убакыттан бери “колго түшпөй жатат, качып жүрөт” деген шылтоолорду гана уга алдык. Бизге башында “арызыңарды кайтарып алгыла, 1000 доллар берели” деп сунушташкан. Мен буга макул болгон жокмун, анткени биринчи операцияда баш-аягы 130 миң сом каражат кетти, ал эми экинчи операцияга 35 миң сом короду. Бул каражаттын баарын тууган-урук, тааныш-билиштерден эптеп чогулттук. Жаңы жылдын алдында Айжандын бетине пластикалык операция жасатабыз, ага каражат кетет.

ЖЕЗДЕСИ “КРУТОЙ” ИМИШ...
Айдоочу жигит Владимир Шварц ошол эле айылда жашаарын угуп, ал жакты көздөй жөнөдүк. Үч кабаттуу тамдын короосундагы иттеринен коркуп, эшигине да бара албадык. Айлана-тегеректеги коңшуларынан сураштырдык. Алар “күйөөсү – араб, бандит деп жүрүшөт, аялы – немис, Света. Келинди сүзгөн бала – Владимир бир тууган иниси болот. Жигит дени сак, жакшынакай эле жүрөт” деген маалыматтарды айтып беришти. Бул иш боюнча Сокулук РИИБинин тергөөчүсү"Аймактан чыкпайт" деген чечим чыгарган. Кийин иш Чүй ОИИБине өткөрүлүп берилгендиктен, бул жакка да баш бактык.

Алмаз Кожомкулов, Чүй ОИИБинин тергөөчүсү:
– Чүй ОИИБине "Эч кандай натыйжа чыкпай жатат" деген арыз менен жабыркаган айымдын күйөөсү кайрылган болчу. Жигиттин мурун соттолбогону, туруктуу жашаган жайы бар болгондугу себеп болуп, Шварц “аймактан сыртка чыкпасын” деген чечим менен бошотулган экен. Биздин иликтөөбүз боюнча, Шварц мас абалында сүзүп, качып кеткен, муну көргөн күбөлөр да бар.
– Сиздер колго алгандан кийин кандай жылыш болуп жатат?
– Биз суракка чакырганда Владимир Шварц келбей койгон. Оперативдик топ баланын жашаган үйүнө барганда дубалдары 2 метр экен, эч ким чыгып жооп бербеди. Ошондо биз камакка алуу санкциясын бергенбиз. Ал ооруканага жатып калганын адвокаты айтты. Учурда Шварц расмий түрдө издөөдө жүрөт. Эгерде өзү келип же суракка катышпаса, күч менен болсо да жоопко тартууга аргасыз болобуз.

Бектур Жумагулов, Шварцтын адвокаты:
– Владимирдин эжеси жабыркаган айым ооруканага түшкөндө акча бергенин айткан. Андан кийин 1000 доллар сунушташкан, бирок жабыркоочулар ага макул болбоду. “Камакка алынсын” деген тыянак чыгарылган, бирок Владимир колун сындырып алып, ириңдеп кеткендиктен, ооруканага жатып чыкты. Владимир эч жакка качпай эле дарыланып жүрөт. Ал күнү эжесинин унаасын айдап баратып, анын үйүндө иштеп кеткен Марат аттуу мырзага жолдон жолугуп калат. Ал дагы машинага отурат. Тиги жигит мас абалда экен, Владимирден карызын доолап, экөө уруша кетет. Экөө машинадан мушташып, Марат Владимирди жакалап өзүнө тарта баштайт, ал учурда рулду эч ким башкарбай кырсык болгон. Владимир эч жакта иштебейт, ал нерсе да эске алынышы керек. Жабыркаган айымдын операция жана дарыланууга кеткен чыгымын акырындап төлөп берүүгө даяр.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg



Репортаж - Соо жанды жанчып салып жазасын албай жүрөт

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(47)
SUPER.KG видео
31.10.2011. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан АЛЛАХЫМ шыпа берип, тезирээк сакайып кетиниз!
31.10.2011. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже аллахым омурунузду берсин жакшы болуп кетин ал зоокурдун кудайым озу жазасын берсин.
SUPER.KG видео
01.11.2011. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баш жагын коро албай койдум-чыдабай кеттим...бутуна туруп, аман болуп, балдарынын багына бар болсун!!!! тиги акмактарды мас абалында экенин билип эмнеге камакка албай жатышат....
01.11.2011. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай иттерди камабай, атып эле салыш керек!!! кайактагы бир немис кыргыз келинди майып кылып атса биздин укук коргоочулар аман эсен эле болсун. Бир куну ушундай окуя оздоруно туш болгондо анан тушунот.
01.11.2011. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже, Жараткан Аллах, Жардам берсин алардан жардам кутпой эле койун, эгер жазасын Органдар сот бербесе Аллах бир куну аларга да берет, Омурунуз узун болсун, Балдарыныздын бактысына бар болун. Жашы болуп кетин, Аллах жардам берет.
01.11.2011. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шварц эмес гитлер болуп кетсе да отургузуп, жазасын тартып, бут кеткен чыгымдарын толотуп бериш керек. Сот, прокуратура эми сатылбай иштеп берсе эле болду. Эженин болсо сакайып кетишин кудайдан тилейм.
02.11.2011. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кырсык каш-кабактын ортосунда" деген ушул да.Макаланы окуп алып менде суроо пайда болду; 1.Окуя купкундузу болгонуна карабай шофер качканга улгургон,жардам бербей. 2.Коргоочусунун(адвокат)айтымында сопсоо имиш (аны ким доказать этет)куноокор колго тушо элек болсо.3Адвокаты айтыптыр иштебегенин эске алыш керек деп,андай болсо "крутой жездесине" ишенип эжесинин машинасын зуулдатып адамды сузуп малчалык корбогон мындай кутурган акмакты эмне кылыш керек??? жазасын бериш керек...
02.11.2011. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kalistik barbi?Kachankiga cheyin oz jeribizde ushintip botondorgo kor bolobuz.Shvars miyiginan kulup jurso kerek.Kalis sottor jardam berbese Kuday ozu kalis. Degi ele kuch organdari kachantan bashtap karapayim kalkka ishtey bashtayt?Bizde zakon chontoktuu adamdardin kizikchiligi uchun gana ishtep jatabi?
02.11.2011. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде ошондой да постоянно, адилеттуулук дегенди тушубуздо эле коро турган болдук го..........Кимдин акчасы болсо ошонуку туура, чындык ошол тарапта болуп калбадыбы?!! Супер эми силер эле сотторду турткулобосонор башка, арга жок калды окшойт. Баары жакшы бутооруно ишенип туралы.......Улам эмне болгонун, жазып тургула,сураныч.......
02.11.2011. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сизге ден-соолук берсин милициялар андай байладан коркот алар бээ бэчараларга гана кучу жетет башка улуттагыларды эмнеге камай алышпайт мен ушул акчаны жакшы коргон сотторо жиним келетда ал Швац камалыш керек анан кеткен чыгымды да толош керек
02.11.2011. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыретте сурак бар. Мындай кырдаалга албетте биздин бийликтин жана парламенттин кайсы бир денгеелде куноосу бар. Мыйзам кагазда эле калып калган. Эгер РФда ушундай болгондо коргулукту кормок ошол акмак.
02.11.2011. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
энендурайын мындайларды адвокатын кошуп секин билгизбей тынчытып салыш керек.
02.11.2011. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХым колдоп озу ден-соолук берсин эжекебизге балдарыныз бактысына аман болунуз
Шварцка окшогон акмактардан жана акчага тойбогон биздин укук коргоочуларыбызды да АЛЛАХым озу жазасын берсин
алган акчалары буйурбасын
СУПЕРге айта турган нерсе озунор эле иликтеп тим боло бербей арбир министрликтер же бийлик окулдору менен ушул сыяктуу кыргызымдын койгойлуу окуяларына кабылып арыз муну орундалбай келген жарандары байланышчу бир копуро тузуп туздон туз сайт аркылуу байланыш т
02.11.2011. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
немицти атып салыш керек турмого отургузбай эле кыргыздар бирине бири жардам беришпейби чочконун акчасын алып актабастан ошол учун да озбек казак уйгур дунган улутундагылар кыргыздарды тенсинбей атат да оздорунун калаганын кылып
03.11.2011. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aayyy ay emne dep suylop jatkanyndy birtke oylon!!! Menin apamdy kyrgyz ele suzup olturup ketken, ech kimisi jazasyn algan jok.!!! Bul jerde ulutka shek keltibegile suranych!!! KAnchalagan maga okshogon Studentter ushul nemisterdin jerinde bir jamandyk korboy okup jatyshat!!! Konechno al nemest bul jerde (Germaniyada) bolgondo jazaasyn oshol mament almak!!! Keptin baary bizdin militsiyalarda, chondordo bolup jatpayby!!!
02.11.2011. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
устубуздогу чон курсактардын айынан ушунун бары.тура чара колдонбой,акча алып.байкуш айалдын тагдыры эмне болот.кудай жазасын берсе экен немицтин
03.11.2011. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла Таала сиздин омурунузду берзин аны соттой турган убакыт да келеер жанагы немицти жактап мактап жаткан кыргыз адвокат кантип бети чыдап отурат ошол креслодо КЫРГЫЗ учун куйбогон биздин чондор азыркы кундо ошого окшогон адамдар кобойуп кетти
03.11.2011. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акча учун котун сатканга даярго тиги адвокат чочко Эх кыргызым качан онолобуз
03.11.2011. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жанагы адвокаттын созун уксан тим эле сойуп салгым келди КЫРГЫЗЫМ деп куйбогон эшек экен
03.11.2011. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пулун болсо кулунмун деген соз туура да.Немиц иштебесе адвакатка жездеси толоп аткан экенда.Немиц 4 ай болуптур жоштомдукта журот. Милитция кызматкерлери немицтин уйуно кире албай койушуптур ошондо милитция кызматкерлери да акча жеп алган болуп ататбы келип тыкылдадып кетип калыштыда
SUPER.KG видео
04.11.2011. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай корсотот ошондой акмактарга
04.11.2011. 07:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тиги фашисти адвокат-садвокатынан бери атып салыш керек. нурдай жузуно так салган айбан, чочко!!!!
04.11.2011. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушуга окшого саткын адвокаттар дуйнону олтуру жатат
05.11.2011. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кыргыздымдын сулуу кызынын жузуно так салган немец созсуз жазаланышы керек. Супер силерге рахмат. Жаз айларында да бир айбан сымал турк жараны кыргызымдын бир кызын ( Ч. Орузбаеваны) кордогондо, силер кайра кайра жазып чыгып,ашкерелеп отуруп коомчулукка жеткирдинер эле. Ал турк (жалган айтпасам аты Йылмаз болсо керек) акыры жазасын алмай болду. Эми ушул эжебиздин да унун жогору жактагыларга жеткирип, акчага сатылган биздин адвокат, милиция, сот соройлордун ишин элге ашкерелейсинер деген
05.11.2011. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Главный эженин ден-соолугу жакшы болуп кетсин, ал эми немицтин жазасын кудай озу берсин!
05.11.2011. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милициялар беттеринер качан жыртылып тушот болду экен?Мындай окуя бирнчи эмес канчанчысы?Бироонун кир акчасы учун кыргыздын оз жеринде кыргыз болуп туруп укугун тбелегенинер,кыргызды булгаганды качан токтосунар?Же дуйнодо акчадан балуу,ыйык нерсе жоккпу?Уят,уят,уят дагы,дагы да уят!!!
05.11.2011. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Бектур Жумагулов чынынызды айтынызчы канча алдыныз эле,ушул акмакты кантип коргоп жатасыз?
SUPER.KG видео
23.11.2011. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эжеге ден-соолук каалайм. тезиреек еле айылыгып керсин.
SUPER.KG видео
11.12.2011. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже озунузду жакшы караныз, кудайым сизге дабаасын берээрин унутпасын! Ар бирибиз кудай алдында жооп беребиз ошон учун убагында куноосун жууп койсо жакшы болмок, батыраак айыгып кетиниз, ...ушул коррупцияяяя деген балэээээ качан жоголот туп тамыры менен
SUPER.KG видео
07.01.2012. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже жакшы болуп айыгып кетиниз,,,! Тиги немцтин адвакаты тим эле былжырайт да,расхот болгон чектерди чогултуп келсин деп,! Адвакат акчасын алып анан былжырап жатат да ,немицти актап,!
26.01.2012. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таалайбек байке ментерге эскертин эгерде карабаса Шварсты атып же сойуп салын
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: