ЭРКЕКТИ ЗОРДУКТАГАНДАР ЖАЗАСЫН АЛЫШСЫН!

№470 4-10-ноябрь, 2011-жыл


Заман кайда баратат? Мурун “кыз зордуктады” дегенди угуп үрөйүбүз учса, эми эркекти эркек зордуктаган окуялар да кездешчү болду. Бул окуяны угуп, жакамды кармаганга аргасыз болдум. Чын эле олуялар айткан акыр заман жакындап келе жатабы?

“ӨЧӨШҮП ЖҮРГӨН”
Үстүбүздөгү жылдын 5-майында кечки саат 9-10дордо Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында шумдуктуу окуя болуп өткөн. Көчөдөн эле 4 бала өзү теңдүү жигитти зордуктап коюшкан. Зордук көргөн 31 жаштагы Марат (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) бул окуяны ийне-жибине чейин айтып берди.
– Кошунам Максат мурда эки жолу (уурулук жана киши өлтүрүү боюнча) түрмөгө отуруп чыккан. Акыркы күндөрү достору менен “сага кичине эле тийип койсо, “сасып” баштайсың” деп ачык эле коркутушчу. Мындан он жыл мурун Максат аскерден келгенде экөөбүздүн ортобузда чыр чыгып кеткен. Көчөдө отургучта отурсам, ал мас болуп келип “арак алып бер” деп опузалаган. Менде акча болбогондуктан, кийинчерээк алып береримди айткам. Ал менин байкоосуз турганымдан пайдаланып, көтөрүп чаап, төшүмө минип алганда “тур, эркекче сүйлөшөлү” деп тургузуп, аны үч бүктөп койгон элем. Экөөбүздүн урушуп жатканыбызды агам көрүп, ажыраткан. “Агасы экөөлөп сабап койду” деп догурунуп, ошондон бери мага өчөшүп жүргөн.
Акыркы күндөрү, чынын айтсам, аракка көбүрөөк берилип кеттим. Апам мени аракты таштасын деп тамакка бир дарыларды кошуп берип жүрүптүр, мен аны билген эмесмин. Дары күчтүү болуп, кустуруп, тамакка табит тартпай калат экен. Ошондуктан мен өтө алсырап кеткем.
Ошол каргашалуу күнү тамеки алып келүү үчүн көчөгө чыксам, Максат Ханатбаев, Гена Дегтяров, Артём Сухоруков жана дагы бир бала турушуптур. Алар мени курчап алышты да, тепкилеп сабап киришти. Бир маалда Максат “тоңкойткула” деп буйрук берди. Кыйкырып-жулкунуп жаттым, бирок төрт адамга кайдан күчүм жетсин. Менин кыйкырганыма кошуналардын бири да жардам бергени сыртка чыкканга жарабады. Себеби Максаттан коркушчу. Катуу сабагандыктан, эсимди жоготуп коюпмун. Бир маалда эсиме келип, араңдан зорго үйгө сүйрөлүп жеттим.

“ҮЙҮНӨ КИРИП АПАСЫН ДА ЗОРДУКТАЙБЫЗ”
– Бул тууралуу апама айтуу кыйынга турду. Эртеси короодогу жаңгактын түбүндө жатсам, көчөдө бараткан жигиттер “бул жерде гей жатат, биз да сынап көрбөйлүбү...” деп мыскылдап өтүштү. Ошол күнү Гена келип, “бирөөгө арыздансаң, өлөсүң!” деп коркутуп кетти. Ошондо гана чыдабай кетип апама айтып жибердим. Алар мени арыз жазат деп ойлошпосо керек, себеби түрмө мыйзамы боюнча, арыз жазылбайт экен. Биздин айыл, андагы адамдар түрмө мыйзамы менен жашап калганын билбептирмин. Ошол күндөн баштап мени киши ордуна санабай кордогондор көбөйдү.
9-май күнү Максат айылдагы балдарды чогултуп, алар үйдү курчап алышты. Көчөдө туруп алып, "азыр үйүнө кирип өзүн да, апасын да зордуктайбыз", "давай, 50 сомдон чогултуп, сатып алалы", "ую тууптур, эми өзү да тууйт" деп кыйкырып жатышты. Үйдөгү апам жана карындашым үчүн коркуп кетип, жанымды кыюуну чечтим. Кокус кирип келишсе, апамды, карындашымды да зордуктап, өлтүрүп салышпасын деп бычак менен колдорумдун, буттарымдын кан тамырларын кесип, жүрөккө бычак урдум. Жүрөккө урулган бычак кабыргага тийип, ары өтпөй калыптыр. Колдорумдун эле жетимиштей жерин кескилептирмин. Көзүмдү ачсам, ооруканада экенмин. Айылдан кетип калайын дейм, бирок ушунча болду, аягына чейин күрөшөйүн деп жатам. Сотто аягына чейин туруп, намысымды коргойм. Мен тааныган үчөөнү кармашты, күбө жок болгондуктан, төртүнчүсү ким экени белгисиз бойдон калды.
Артём кармалганда зордуктаганын мойнуна алыптыр, ал эми экөө мойнуна албай жатышат. Ал тургай Гена мени “жинди болчу” деп да айтыптыр. Ошонун айынан мени бир жума бою ооруканага жаткызып, текшеришип, үч консилиумда бардык дарыгерлер “дени таза, болгон окуя боюнча чындыкты айтып жатат” деген диагноз чыгарып беришти. Мени эмне кылышканын азыр бүт айыл билет, мени менен саламдашуудан да коркушат. Ким мени менен учурашып, сүйлөшүп турганын көрүп калса, Максаттын достору аларды да коркутуп жатышыптыр. Кээ бирлери алаңдап эки жакты карап, эч ким жок болсо, “ушунча болду, эми аягына чейин тур, алар да өз жазасын алышсын” деп шыбырап кетишүүдө. Максаттын достору мени көргөндө “кантип тирүү басып жүрөсүң, андан көрө өлүп албайт белең?!” деп опузалашат. Мага ушунчалык оор болуп кетти.

“КҮБӨ БОЛГОН ҮЧҮН ЖАЗА АЛДЫ”

Канымжан Туткабаева, апасы:

– Жолдошумдун каза болгонуна жети жыл болду. Мен эл катары эле жашап, бала-чаканы чоңойтуп жаткам. Эми ушул абалда бул жерден көчүп кеткенге аргасыз боломбу деп да ойлоп турам. Башыбыздан өткөн окуя жыйырма жыл мурун болгон окуяга байланыштуу. Анда уулум Марат 11-12 жаштарда болчу. Чоң уулум аскерге кетип жатканда, ал кезде узатуу деген нерсе бар эле, ошондой өткөзгөнбүз. Ошондо өздөрүнөн улуу Молдосадыков, Акмолаев деген балдар да келген. Алар нашаа чеккен, айылдын тынчын алган балдар болчу. Жаш балдар менен мушташып ызы-чуу кылбасын деп аларды кечинде кубалап жибергенмин. Алар бизден кеткенден кийин Таня деген аял бар эле, ошол аялды зордукташыптыр. Акырында башына таш менен койгулап өлтүрүп коёрдо Танянын кыйкырганын уккан Үмүт деген эже чоң прожекторун жандырып жиберип, зордуктагандар өлтүргөнгө жетишпей качып кетишкен. Үмүт эже да, Таня да аларды таанып калган да, алар кийин түрмөгө кесилип кетишкен.
Ошол ишке байланыштуу кокусунан биз да күбө болуп калган элек. Себеби койлор канчада кезүүгө чыгат экенин билип келсин деп Маратты таң эрте жөнөтүп жиберсем, ал мүрзө тараптан өтүп баратып шляпа таап алат. Ал убакта балдардын арасынан жалгыз Акмолаев гана шляпа кийчү. Анын жанында Танянын тепселенген ич кийимдери жатыптыр. Шляпаны жана Танянын ич кийимдерин биринчи көргөн адам уулум болгондуктан, жашы жете электигине байланыштуу анын ордуна мен күбө болуп бергенмин. Түрмөдөн экөө тең каза болуп калышкан эле. Ошондон бери алардын үй-бүлөсү мени жаман көрүшөт. Анын Азиз жана Рамис деген эки иниси калган, алар Максат Ханатбаевдин эң жакын достору болот. Балким, ошол үчүн ичтерине кек түйүп жүрүп ушул ишке барыштыбы деген ой кетет.

“ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН БЕРИШТИ”
– Уулум акыркы күндөрү ичкиликке жакындап баратты. Мас болгон сайын “апа, мага өлүм жазасын беришти” дей берчү. Орусияда иштеген кызым да телефон чалып, “апа, жаман түш көрдүм, Марат байкеме айтчы, көчөгө чыкпай эле койсун” деп айткан. Маратка айтсам, ал да “өзүм да жаман болуп жатам” деп жүргөн. Уулум арак ичип жаткандыктан, “Эспарал” деген дары берип запойдон чыгарганмын.
Окуя 5-май күнү болуптур, мен уулумдун кор болуп зордукталганын 8-май күнү билдим. Эки күн эч ким менен сүйлөшпөй койгон, мага да эч нерсе айткан эмес. Көрсө, катуу сабашыптыр. 8-май күнү түш чендерде гана мага катуу сабап кетишкенин айтты. Ошондо тамак берсем ичпей койгон, тамак ичмек тургай жашаганга да көңүлү жок экен. Күүгүм ченде мээрман айым болуп иштеген Айгүл деген аялды чакырдым, ал келип капельница сайса, кетпей койду. Үч күндөн бери эч нерсе иче электигин айтсам, өлүп калбасын деп глюкозаны стаканга куюп, ичирип жиберди. Аны ичкенден кийин бетине кызыл жүгүрүп, сүйлөгөнгө алы келип калды. Жарым сааттан кийин глюкозанын жарымын ичкенден соң гана “апа, мени катын кылып коюшту” деди. Өзүмдү жоготуп коюпмун, бакырып-өкүрүп башымды койгулап жатам, өзү да ыйлап жатат. Колу-бутунда алардын кармаган колдорунун изи дагы эле бар экен.
Максаттын үйүнө барып дарбазасын тыкылдатсам, Азиз Акмолаев чыгып “канга кан!” деп коюп кирип кетти. Агасы аял зордуктаганы үчүн түрмөдө кордук көрүп өлгөнүнө дагы эле кек сактап жүрүптүр. Милицияны чакырдым эле, балам аларга эч нерсе айтып бербей койду. Алар “анда сөзсүз түрдө эртең эрте барып милицияга арыз жазып, андан ары медэкспертизадан өткүлө” деп кетишти. Эртеси милицияга арыз жазып, медэкспертизадан өткөрттүм. Андан кийинки күнү келсем, врачтар “балаңыз аябай кор болуптур, абайлаңыз, өзүн-өзү өлтүрүп албасын” дешти.
Биздин айыл айыл эмес эле чакан түрмөгө айланганын ошондо билдим. Баары түрмө мыйзамы менен жашап калышыптыр. Көчөдө баратсам, уулум эле эмес, мени да “крыса”, “терпила” деп айыпташат. Ал эмне деген сөздөр экенин кийин билдим. Ал гана эмес, Надя аттуу аял мени менен учурашканы үчүн Рамзан деген жигит “сен эмне үчүн аны менен учурашып жатасың? Ал деген “терпила” да” деп сабаптыр. Уюбуз тууп, Марат музоосун жетелеп баратса, көчөдө балдар отуруп алып, “аа, катын төрөп койгон турбайбы...” деп мазакташыптыр.
Ошол күнү 9-май болчу. Кечинде үйдө Марат жана неберем бар эле, сыналгы көрүп отурганбыз. Марат “сыртта балдар жүрөт, сиз уктап эле калыңызчы” деп калды. Көрсө, биздин милицияга арыз жазганыбызды билип алып, күүгүм кирери менен Максаттын 20-30дай досу келип үйдү курчап баштаптыр. Сыртта отуруп алышып, ыплас сөздөр менен кыйкырып жатышкан. Бир убакта жаныбардын жаны чыгып жаткандай кырылдаган үн чыгып кетти. Жүрөгүм болк дей түшүп атып чыксам, балам канга чыланып жатыптыр, колу-буттарынын кан тамырларын кесип салыптыр. Үйгө көтөрүп кирип төшөккө жаткызып, милицияны, “Тез жардамды” чакырдык.
Мараттан улуу эки уулум бар, өч алабыз дешкенинен аларды араң токтоттум. Баарынан да күйдүргөнү, Максаттын туугандары аны чыгарып алыштын амалы үчүн бардык нерсени жасап жатышат. Жакында бизге Жылдыз Ногойбаева 500 доллар берип күйөөсүн жөнөтүп жибериптир, “Генаны чыгарып бергиле” деп. 500 доллар эмес, Москвадан үй алып берем десе да артка кайтпайбыз, айбандык кылганы үчүн алар да өз жазасын алышсын.

Ушундай, окурман, үрөйдү учурган мындай окуя кайталанбаса дейбиз. Кылмышка шектелгендердин иши кандай жүрүп жаткандыгын билүү үчүн Чүй ОИИБине байланышып, Максат Ханатбаев, Гена Дегтяров жана Артем Сухоруковдордун үстүнөн тергөө амалдары аяктаганын, азыркы тапта алар Аламүдүн райондук сотуна өткөрүлүп берилгенин билдик.
АЙЫПТУУЛАРГА ТИЕШЕЛҮҮ ЖАЗА БЕРИЛИШИН КООМЧУЛУКТУН АТЫНАН БИЗ ДА ТАЛАП КЫЛАБЫЗ!

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Тагдыр - Эркекти зордуктагандар жазасын алышсын!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(110)
10.11.2011. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай иттерди атып олтургон да "жалко" жакшысы майда таштар менен ташбаран кылып олтуруш керек !
10.11.2011. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атыш керек андайларды
10.11.2011. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо гезитинде коптогон кылмыштарга байланыштуу окуялар бурмаланбай ачык жазылып, бирок ошол окуялардын аягы кандай болгону, кунолуулор кандай жаза алганы берилбей келет.Мумкун болсо ушул окуя боюнча сот буларды кандай жазага тартуу чечимин чыгарганын гезитиниздер аркылуу билдирип койсонуздар.
11.11.2011. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олбой эле иштеп тигилерди олтур
SUPER.KG видео
11.11.2011. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushundai akmak adamdardyn bar ekenine dagy bir jolu tam berip atam, bul adamdardy jon ele itter dep koisok jarashat goo, menin bul jigitke berer kep keneshim! Aiyldan ketip kalgyla, jer almashtyryp jashash kerek, andan bashka jol jok goo deim
11.11.2011. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не нам судить конечно, но говорим как есть, те которые пошли на такой поступок они придурки, конченные люди которым нечего уже терять! не дай Бог, никто от этого не застрахован, не дай Бог попадать в такую ситуацию конечно ужасно. Кудай Сактасын!
11.11.2011. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мужчина должен быть мужчиной, а не такой тварью!!!
11.11.2011. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
астафиралла!эй к5ырыгздар биз кайда кетип атабыз озу?ойлонгула эй адамдар пока жоголуп кете элегибизде!
11.11.2011. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул айбандарды да турмодо ушундай абал кутуп тургандыр.
11.11.2011. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жети атасы ,жети поколениясыга чеин каргыш тийсин .Бутап коюш керек мындайларды .
11.11.2011. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
на кастрацию их!кыргыздын эр азаматтары,сот туура чечим чыгарбаса,самосуд кылып салгыла,жазасыз калбасын.
12.11.2011. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушуга окшогон иттерди атып салыш керек!!!
12.11.2011. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобо кылдым! Эмне деген жапайычылык, буларга оз жазасы берилсин, а, жабыр тарткандарга каргабастан "кудайга тапшырдым" дегиле, алар эртеби кечби оз убагында, оз жазасын алышат демекчимин. Бул иш ушул бойдон калып калбайт, кантсе да бул дуйно жалган! Бул да болсо силерге болгон сыноо! САБЫР БОЛГУЛА! Сабырдын тубу - сары алтын!
13.11.2011. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озу сактасын.Алдырарда жаздырар деген ушул бекен.Мумкун арак ичпей зынгырап жургондо мындай болмок эмес беле.Ал акмактар алсыздыгын колдонушкан окшойт.Олом дегени туура эмес.Бирден кармап бирден бычыш керек.Же болбосо озунукун озуно тыгыш керек.Акмактар десе балдарынын келечегин ойлогондун ордуна эмне кылып жатышат.Биз кыргыздар намысты бийик туткан элбиз.Эгер сот акыйкат болбосо кимдир буроонун колунан келсе жазасын бергиле.Суранам. Анткени ал биздин замандаш.
23.11.2011. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында бул Манас аттуу, бир аз неадекватный бала, жазганынан эле байкасаныздар керек, апасы озунон откон, нормалдуу аял деп айтууга кыйын.Бул аял совет убагында самагон жазап сатчу, законго каршы иштерди жазачу, окмот учун бир кун да иштеген эмес, дайым айылдын жашоочуларынын, кошуналарынын тынчын алган аял, самогондун айынан уксус ичип бирок аман калган, акылы ошого кемиреек болсо керек, баласынын арак ичип калганына озу куноолуу,азыркы убакта, айыл коп жашоочулары менен урушуп,мамилеси бузук.
23.11.2011. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкасаныздар керек, бул аял учун баары жаман,бир эле озу жакшы, суйлогон созу жаман, сооко тийгизип суйлойт,анан Манас сам напросился деп айтса болсо керек.Озунон корсун,озу жон журсо болмок эмес мунун баары,а Максат чынында куноолуу эмес болуп чыккан экспертизадан.Минтип элдерди жамандай берсе,аз кундо энеси да корот коргулукту.Айылды жамандаса куулуп чыгат айылдан.Ошону коргон турат бул аял.Баласы экоо тен не нормальный.Болбосо айылдан бироо жарым болушат эле да, баары тен против бул аялга.
27.11.2011. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чтоб не случилось ДЕРЖИСЬ! Вижу ты сильный.Аллах накажет всех!
02.12.2011. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо кылдым..Afrodita кишини жамандагыча озунду билип ал ким болсон дагы,самогон сатып бизди баккан,намысын,уятын саткан жок да!!!Коргулукту корот,айылдан куулат деп коркутпа,озун кудайдан корк!Экспертизадан Максат таза чыкса сизодо отурмак беле?Манас ичет дейсин анын туйшугун сен коруп жургонсуп жазгандан уялбайсынбы!
02.12.2011. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суд должен был состояться 17ноября но отменили из за неявки адвокатов задержанных,если есть кому небезразлична эта история пишите мне,отвечу на все вопросы.
SUPER.KG видео
25.12.2011. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андайлардыкын прямой кесиш керек!!!!И Тубунон!!!! Жана таш баранга алыш керек!!!
28.12.2011. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Afrodita, самогон жасап сатып тиричилик кылганы жаманбы? Сойкулук кылып акча тапсынбы? Мараттын ичкенин сен алперип аттынбы? Ичсе ичет, ал Мараттын эрки. Коп ичет, самогон жасап сатат деп эле корунгонду сабап зордкутай бериш керекпи?
SUPER.KG видео
02.01.2012. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АСТАГФИР АЛЛАХ, АСТАГФИР АЛЛАХ!!! я даже представить себе не могу как они это сделали, ё моё!!!!
SUPER.KG видео
22.01.2012. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
меньше пить надо
SUPER.KG видео
16.03.2012. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээх, эшектер кобойду го! сот маселесин ондобосо, жаза кодексине озгортуулорду киргизбесе мындай жамандыктарды саны арбыбайт го!!! мындай каракчыларды атып салуу керек!
SUPER.KG видео
26.03.2012. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчи арак ичпейсин да
SUPER.KG видео
01.06.2012. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эненди аябайсынбы, ташта аракты, озундун жанына бек болуп, иштеп, жашоонду ондо.Ал созду дагы далай угасын го, балким башка жака кочуп кеткенин жакшы го.Апанды сыйла, козу тируусундо кадырына жетип ал. Мне маму твою жалко, тебе 30лет, ты взрослый мужик, а мама до сих пор нянчится с тобой, это не хорошо, брось пить!
13.08.2012. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ujaaassss!!!
SUPER.KG видео
01.12.2012. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул эмне деген корунуш болду эми , уят деген жашайбы озу бизде , мындай иштер бизде болушу мумкун эмес эле , кудай озун ыйман бер , амал кылайлы жердештер , дуа кылайлы . ушуедай жаман нерселерден кудай озун сактай кооор!!!!
SUPER.KG видео
18.04.2014. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аларды бычып салыш керек эки колун балта менен чаап салыш керек болду сотту кутуп отурбай
08.06.2016. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото жаман
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: