ТОНООНУН КУРМАНДЫКТАРЫ – ОКУУЧУЛАР

№474 2-8-декабрь, 2011-жыл


Кылт эткен жерден эле пайда тапкысы келгендердин саны барган сайын көбөйдү. Бул каарманыбыз чоң киши эмес, каршылык көрсөтө албаган жеткинчектерди алдап, коркутуп, баалуу буюмдарын илип кетчү экен. Кызыгы, ал өзү деле19 гана жашта.

“БООРУКЕР” ЭЖЕГЕ ИШЕНИШИП...
Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлерине “белгисиз адам 2-3-класстын кыздарынын алтын сөйкөлөрүн, уюлдук телефондорун тоноп алып жүрөт” деген арыздар көп түшө баштаган. Арыздарды караган оперкызматкерлер шектүү адам бир сценарий менен, балдарды мектептин жанынан же көчөдөн тоноп жатканын байкашат. Издөөдөгү адам балдарга дайыма алардын ата-энесин тааный турганын саймедиреп, жакшы адам болуп ээрчитип баратып, “жолдо жаман адамдар турушат, коркунучсуз болушу үчүн сен баалуу буюмдарыңды мага каттырып кой” деп алдай турган. Наристенин дүйнөсү баёо жана ишенчээк эмеспи. Ач кенедей жабышкан немеге уюлдук телефонун же алтын сөйкөлөрүн берип коюшуп, алдап кеткен “боорукер” эжесин "качан келет?" деп бир нече саат бою күтүшчү. Биздин каармандын курмандыктары көздөрү шишигенче ыйлап үйүнө кетүүгө аргасыз эле.
Ошентип, “дайыма эле арам жол менен оңой акча таап жүрө берем” деген оюн таш каап, Чүй ОИИБинин кызматкерлери тарабынан көптөн бери кичинекей балдарды тоноп жүргөн адам акыры кармалды. Ал эч жерде иштебеген, окубаган 19 жаштагы Айнура Жумабаева аттуу Токмок шаарынын тургуну болуп чыкты. Тергөөдө аныкталгандай, Айнура бир нече жолу мектептин кенже классынын окуучуларын алдап, жанындагы уюлдук телефондорун, алтын буюмдарын тоноп жүргөн экен. Сөйкөлөрүн, уюлдук телефондорун тоноткон кыздар Айнураны "ушул тоногон" деп көрсөтүп беришкен. Учурда Ысык-Ата РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан тоноо беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

ТОНОГОН ФАКТЫЛАР

  • Айнура 16-сентябрда Ысык-Ата районунун Люксембург айылынан 8 жашар кыздын алтын сөйкөсүн чечип алган.
  • 10-октябрда болжол менен саат 11лерде Кант шаарында 8 жашар окуучу кыздын алтын сөйкөсүн жана Нокиа 6300 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып койгон.
  • 13-октябрда Кант шаарындагы мектептин жанынан 8 жаштагы кызды коркутуу жолу менен Нокиа үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана алтын сөйкөсүн тартып алган. Мындай фактылардын дагы бир нечеси бар.

Айнура учурда убактылуу кармоочу жайда отурат. Камеранын алдында берилген суроолорго төмөнкүчө жооп берди:
– Аты-жөнүң?
– Жумабаева Айнура Токтобаевна.
– Кайсы жылы туулгансың?
– 1992-жылы.
– Кайсы жакта төрөлгөнсүң?
– Таласта.
– Милиция эмне үчүн кармады эле?
– 167-берене менен.
– Качан, эмне кылдың эле?
– Эч нерсе эсимде жок.
– Эмне менен алектенесиң?
– Эч жерде иштебейм, окубайм.
– Бүгүнкү күндө кайда, ким менен жашайсың?
– Токмокто. Күйөөм менен.
– Качан турмушка чыктың эле?
– Үч ай, ой, үч жума болду.

"Милиция кызматкерлери “алтын буюмдарды тоногон” деп айтып жатышат, кененирээк айтып берсең..." деген суроого жооп берүүдөн баш тартып койду.

“7 ФАКТЫГА ТИЙИШТИГИ БАР ЭКЕНДИГИ АНЫКТАЛДЫ”

Чүй ОИИБинин маалымат кызматынын башчысы Карима Аманкулова буларга токтолду:

– Атайын жүргү­зүлгөн иш-чаранын натыйжасында 16-ноябрда Чүй ОИИБинин жана Ысык-Ата РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан мектептин кенже классынын окуучуларын тоноп жүргөн Айнура Жумабаева аттуу Токмок шаарынын тургуну кармалды. Азыркы учурда анын тоноо жана алдамчылык боюнча 7 фактыга тийиштиги бар экендиги аныкталды. Ал 2-3-класстын окуучуларынын уюлдук телефондорун, алтын сөйкөлөрүн чечип алып турган. Бир жолу окуучуларды тоноо максатында мектепке жаңы мугалим катары киргендиги да маалым болду. Азыркы учурда ал Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.
Бул кыздан жабыркагандардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Жабыркагандар болсо, Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө төмөнкү телефондор боюнча кайрылыңыздар: (0312) 61-69-07, (03132) 5-21-47

БАЛАНЫ ДА САКТЫККА ҮЙРӨТҮҮ КЕРЕК
Сиздин балаңыз кылмышкерлердин курмандыгы болуп калбасын десеңиз, кээ бир эрежелерди кармануу зарыл.

  • Балаңызга үйдүн ачкычын калтырып жатып, ачкычты анын мойнуна же белине илип койбоңуз. Жакын жашаган туугандарыңыздыкына же коңшуңуздукуна таштаңыз.
  • Балага “сенин таанышың болом” деп айткан чоочун адамдарга ишенбөөнү, аларды үйгө киргизбөөнү үйрөтүү керек.
  • Балаңыздын бала бакчадан же мектептен тааныбаган адамдар менен кетпөөсүнүн алдын алыңыз.
  • Балага эгер аны бирөөлөр мектептен же көчөдөн күчтөп алып кетүүгө аракет кылышса, “булар менин ата-энем эмес! Мен буларды тааныбайм!” деп кыйкырып, элдин көңүлүн бурдуруу керектигин үйрөтүңүз.
  • Эгер балаңызды милиция бөлүмүнө алып барса, ал өзүнүн аты-жөнүн, дарегин, ата-энесинин телефон номурун айтып бериши керек. Муну жазып же жаттатып үйрөтүү зарыл.
  • Баланы ойнотууга алып чыгарда тоноого себеп боло турган кымбат жасалгаларды такпаңыз.
  • Баланы ойноп келүү үчүн коё берип жатып, ага короодогу кооптуу жерлерге (жер төлө, тамдын башы, токтоп турган автоунаа) барбоо керектигин эскертиңиз.
  • Балдарды көп учурда подъездден тоношот. Ошондуктан подъездге киргенде, лифтке түшөрдө үй-бүлө мүчөлөрүнөн сырткары кишилер менен кирбөөсүн түшүндүрүү кажет.
  • Балаңыз үйгө эч кимди киргизбеши үчүн ага “Үч торопой” деген жомокту окуп берүү жетишсиз. Эшикти тыкылдаткан адамдын ким экендигин билбей туруп ачпоо керектигин жакшылап түшүндүрүңүз.
  • Балаңыз өзүнүн коопсуздугу өзүнөн көз каранды экенин эстей жүрүшү керек. Ал үчүн эмне кылуу керектигин үйрөтүү – биз менен сиздин милдет.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Окуучуларды тоноп жүргөн кыз кармалды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(41)
SUPER.KG видео
02.12.2011. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
el ushunchalyk achka kaldy bele??? But duynogo uyat bolup buttuk ozu... Kalp ele "Manas" dep kokurok kakkanybyz menen kozgo korunchu ech nersebiz dele jok.. Al "Manas" degeni chynby jalganby bir Kudaydan bashka ech kim bilbeyt...Kolubuzdan ech nerse kelbeyt,kelgen dele emes..Kalp ele olbogondun kunun korup,ar eldin korduguna chydap jurobuz..."Namys" degen nerse jok... koro albastyk baardyk jerde...
SUPER.KG видео
02.12.2011. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жаш кызды турмо оной эле бузат. Ошондуктан муну условно кесип, учетко алып, козомол жургузуу керек. Антпесе турмодон жакшы адам болуп чыкпайт.
SUPER.KG видео
02.12.2011. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
садиктеги балдар кыздар калган гооо дейм тонолбогон(((
SUPER.KG видео
02.12.2011. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мына сага
SUPER.KG видео
02.12.2011. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
амеей бул кыздын атанеси тууган уругу барбы? 19га чыкмак турсун 99га чыкса да эл журт дегенден уялыш керек да
SUPER.KG видео
02.12.2011. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бет деген жок да ата энеден тарбия коргон адам еч качан мындай жолго барбаса керек
SUPER.KG видео
02.12.2011. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындан кылмыш кылып жургон жаштарга сабак болсун учун темир тор артында отуруш керек анткени чыгарып койсо ии жаш экен чыгарып койот деп кайталай беришет.эмне болсо да элибиз жерибиз онолуп калса экен деп тиленебиз.ата-энеде куноо жок алар уурулук кыл демек беле,эгер баласы укпаса эмне кылышсын ал байкуштар.
SUPER.KG видео
02.12.2011. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beti jok dese, kantip kichine baldardy tonoit, turmo munu esine keltirbeit, onoi akchanin kinin taap algan da, kolun kesip salsa oshondo gana esine kelmek.
SUPER.KG видео
03.12.2011. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bzkgn.Туура айтат!ошондой еле болуп калбадыбы..бул кызыбызда зеериккенинен мынтип журбосо керек..жокчулуктун айынан болуп жатбайбы!башка олколор онугуп,барк,даназа менен таанылып жатса,а биз болсо ынтымаксыз сапаттарыбызды таанытып жатабыз.
SUPER.KG видео
03.12.2011. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдык сапаттарыбызды, касиеттерибизди жоготпойлучу ....
SUPER.KG видео
03.12.2011. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
exxxxxxxx zaman zaman emne jetpeit bunqai aa

SUPER.KG видео
03.12.2011. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тез еле турмодо есине кирип калат.
SUPER.KG видео
03.12.2011. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироонун ырыскысын тартып жеп окат табуунун оной жолун тандабай бешене тери менен тиргилигин откозсо болмок.Алты саны аман,жаш туруп мындай жолго барышын эч нерсе актай адбайт.Буга турмуш эмес озу куноолуу.Турмо дале ондой албайт ко озу менен табиятынан кошо жаралган мунозун...
SUPER.KG видео
03.12.2011. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оохо
SUPER.KG видео
03.12.2011. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иии тообо бул эмне деген шумдук я
SUPER.KG видео
04.12.2011. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эй эй кудай тооба кылдым.......!!!!
SUPER.KG видео
04.12.2011. 06:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айлана чойродон бул кызда эч кандай куноо жок,мындай жумуш баарынын колунан келет,эгер жанындагылар жакшы болбосо
SUPER.KG видео
04.12.2011. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоосу бар турбайбы и булар ичет коздору шишип калыптыр !!!
SUPER.KG видео
04.12.2011. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыздын озунун жеткен акылы ушул болуп отурса эмне. Ата-энеси кызым ушнтип оокат кылсын деп тиленген эмес да. Ата-энесин ыйлатып уйнон чыгып кеткен, же болбосо алдап журот да.
SUPER.KG видео
05.12.2011. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өкүнүчтүү!түрмөдөн киши болуп чыкпайсынго.....өз колун менен тагдырынды талкалап,мунун баарын түшүнөсүн бирок баары кеч болуп калат.Турмуш де ай-ай уф уф уф
SUPER.KG видео
05.12.2011. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaman ele korunush tuugandar ... kop jamandai berbeili...andan koro kudaidan tileili Jaman joldo jurgondordu jakshyga janashtyr dep
05.12.2011. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура,орустар балдарын жогорку айтылгандай кылып уйротушот,менин кызым кичинекей бирок буюрса так ушундай эрежелерди уйротом.
SUPER.KG видео
05.12.2011. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salam infochular video rolikterinerdi koroyun desek ESHEK araba yldamdykta oshonu bir karap koisonor bolmok.
SUPER.KG видео
06.12.2011. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо шуркуя десе
07.12.2011. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кенештер!!!
SUPER.KG видео
08.12.2011. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы бир адамдын суйуктуу келинчеги болуп, бытыйган балдардын энеси болуу ар бир аял заты учун чоон бакыт деп ойлойум. Ушул кызга да ушундай жакшы чыныгы энелик бакыт каалап кетем.
08.12.2011. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр биз жашап жаткан Британияда мыйзам боюнча бала 12 жашка чейин кочодо, уйдо жалгыз калтырганга болбойт. Мектепке да колунан жетелбарып, жетелеп келебиз. Кызым Бишкекте озу эле мектепке барчу. Бул жакта 7 муноттук жол болсо да озум колунан жетелеп барам, жетелеп апкелем. Уйго да жалгыз калтырганга болбойт. Эгерде жалгыз экенинеп бироо билип калса полиция чакырат дароо. Ата-энелик укуктан да ажыратып коюшат. Мага абдан жакты ушул мыйзам.
SUPER.KG видео
11.12.2011. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жазганынарга караганда биринердеда кыргызгызга тиещелуу сапаттар жокко эсе болуп жатат...
бирибиз жокчулук десек, бирибиз дагы бир нерселерди шылтоолоп, сырттан карап кыргыз кыздарын шылдындап жаткандайбыз...
жок. Бул болуп жаткан ар кандай кылмыштардын кундон кунго кучоп баруусу мына сиз менен менин куноолорубуз эмес бекен..? Акыл уйротуп, сындап, жамандап, миндеген жылдар мурда жашап кеткен ата-бабалардын жаткан жеринен козгобой аракетти ушул секунддардан баштасак болобу достор.
SUPER.KG видео
14.01.2012. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ertenki kyrgyzdyn bir urpagynyn enesi myndai bolbosh kerek, ar kim emne ishtese da oz kylganynyn jazasyn tartat.
SUPER.KG видео
11.02.2012. 05:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздарга эми эмне жок, к
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: