Айсулуу Өмүралиева, «Супер сулуу-2011» сынагынын жеңүүчүсү: «ӨЗҮМӨ БИР ДА АТААНДАШ КЫЗ КӨРӨ АЛБАДЫМ»

№476 16-22-декабрь, 2011-жыл


Көпчүлүктү күттүргөн “Супер сулуу” сынагы да жыйынтыкталды. Алдын ала эскерткендей эле “ыссык” болду. Мына ошол сулуулар сынагынын жеңүүчүсү, “Супер сулуу-2011” наамынын ээси Айсулуу Өмүралиева бүгүн биздин маектешибиз.

Толук аты-жөнү – Өмүралиева Айсулуу Мирлановна
Лакап аты – Айс
Туулган жылы – 21-февраль, 1994-жыл
Бою – 175 см
Параметри – 86-60-90
Салмагы – 55 килограмм
Бутунун өлчөмү – 38
Өзүндөгү жактырбаган сапаты – Таарынчаак, бирок бат жазылат
Жактырган сапаты – Өзүнүн айтканынан кайтпаганы (жигити ушундан улам “бетонсуң” деп тамашалай берет)
Жактырган тамагы – Французча жасалган эт
Жактырган машинасы – Хаммер

– Айсулуу, сынактан кийин маанайың кандай?
– Өтө кубанычтамын. Чынын айтсам, азыркыга чейин эле толкунданып жүрөм. Тууган-туушкандарымдын, дос-курбуларымдын куттуктоолорунан телефонумдун жаны тына элек.
– Сынакта жеңүүчү болоруңду күттүң беле?
– Негизи, бул сынакка чейин деле бир топ сынактарга катышып, жеңүүчү болуп келгем. Ошол себептен бул сынакта да жеңүүчү болом деп өзүмө 100 пайыз ишенгем. Анан, албетте, ишеничимди акташ үчүн даярдандым.
– Ошентсе да биринен бири кем калышпаган “Супер сулуу-2011” сынагына катышкан 14 кыздын ичинен өзүңө тең атаандаш деп кимди ойлоп жаттың?
– Бардык кыздар өздөрүн көрсөтүүгө далалат кылышты. Бирок мен өзүмө күчтүү атаандаш болгон бир да кызды көрө алган жокмун.
– Эгер калыстардын катарында отурсаң, 14 кыздын ичинен кимге добушуңду берет элең?
– Сулуулар сынагында атаандаштыктын айынан саламдашып койгонго жарабаган кыздар да кезигет. Бирок көп кыздардын ичинен жан дүйнөсү, басып-турганы, адамдарга жасаган мамилеси, сулуулугу менен шайкеш келген Айтурган Исраиловага добушумду бермекмин. Айтурган мени атаандаш катары эмес, курбу катары колдоп турду.
– Жеңишке жетишпей калып, ыза болгон кыздар да болду. Аларга эмне дээр элең?
– Ооба, нааразы болгондор бар. Кээ бирлер “мен сынактарга катышып, жеңип жүргөм, мында да жеңишим керек болчу” дешти. Бирок эгерде сынактарда жеңип жүрсө, эмнеге ошондой деңгээлде өздөрүн көрсөтө алышкан жок? Жок дегенде алдыңкы үчтүккө чыгышат эле да. Бул жерде жөн гана көрө албастык басымдуулук кылып жатат деп эсептейм.
– Жеңишиңдин сыры эмнеде деп ойлойсуң?
– Албетте, сынактарга канча көп катышсаң, ошончо көп тажрыйба топтоп калат экенсиң. Мен 3-классыман эле ар кандай сынактарга катышып келем. Ал эми быйылкы жыл мен үчүн абдан ийгиликтүү жылдардан болду. Жайында Ысык-Көлдө өткөн "Фэшн Хаус Интернешнл" сынагында “Жаңы жүз-2011” деген наамды жеңип, Түркияга жолдомо алгам. Ал эми “Супер сулуу-2011ге” чыгарыма аз калганда Москвага барып "Фэшн Хаус Интернешнл" деген сынакта “Мыкты модель-2011” деген наамды жеңип, Нью-Йоркко жолдомо алып келдим. Эми "Супер сулуу" аталып, ага кошо таажы, экзотикалык өлкөгө саякаттап келүүгө жолдомо алдым. "Супер-Инфо" гезитинин сулуулар сынагына катышам деп кыялданып, өткөн жылы да келгем, бирок жашым жетпей калып катышпай калгам. Быйыл бул кыялым ишке ашып, атүгүл жеңүүчү да болуп, кубанычым тоодой болуп турган кез.
– Эл ичинде “адам же сулуу, же акылдуу болуш керек” деген сөздөр айтылат. Буга кошула аласыңбы?
– “Сулуунун акылы жана жүрөгү болбойт” деген сөздөргө кошулбайм. Сулуулар деле орду-жайы менен сүйлөп, чечим чыгара алышат. Мектепте “4-5ке” окудум. Кээде эле жалкоолонуп кеткенде сабакка барбай койчумун. Ии, бул тууралуу бир окуя эсиме келип калды, айтып берейин. Мектепке жөнөөрдө курбу кызым экөөбүз жолугуп, анан чогуу барчубуз. Бир жолу чыксам, курбу кызым бутун ооруксунтуп, аксап калыптыр. Ага шылтоолоп мектепке барбай эле сейил бакка жөнөп кеттик. Жаңы эле ал жакка жеткенде атам чалып “кайдасың?” десе, камырабай “мектепте” деп койдум. Атам “мен мектебиңде жүрөм” десе болобу. Эмне кыларымды билбей “курбу кызымдын буту ооруп, ооруканага баратабыз” десем, “азыр ошол жакка барып калам” деп телефонду коюп койду. Биз оорукананы көздөй жан талашып баратабыз. Анан атамды көрөрүбүз менен курбу кызым калп эле шалактап басалбай калды. Ошентип, бир күн кечке атам курбу кызымды көтөрүп алып улам бир врачка көрсөтүп жүргөн. Атам курбум экөөбүздүн бул кылмышыбызды биле элек болчу. Эми окуса жини келет болуш керек.
Тогузунчу классты бүткөндө модельер болсомбу деп ойлогом, бирок айнып кеттим. Анан Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын алдындагы колледжге тапшыргам. Учурда 3-курстамын. Окуумду бүтсөм, бажы тармагында иштесем деп кыялданып жүрөм. Мындан сырткары моделдик кесип менен стандарт боюнча 23 жашка чейин эле иштей алам да. Андан кийин өзүм дагы моделдик агенттик ачкым келет.
– Өзүң айтып калдың "сулуунун жүрөгү болбойт" деген сөзгө кошулбайм" деп. Сүйгөн адамың бар окшойт?..
– Ооба, жарым жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитим бар. Аты – Салават. Абдан адамгерчиликтүү жигит. Кандай кырдаал болбосун, мени колдоп турат.
– Баш кошуу тууралуу ой жарала элекпи?
– Буюрса, келерки жылы баш кошсокпу деп турабыз.
– Эрте эмеспи, 18ге жаңы чыгып жатсаң?
– Жок, эрте деле эмес. Турмуш куруунун эрте-кечи жок. Мен жигитиме ишенем. Ал мени сыйлаган, түшүнгөн түгөй болуп бере аларына. Чоң энемдин бир сөзүн дайыма кулагыма түйүп жүрөм. Ал “кызым, сүйгөн кесибиң менен үй-бүлөнү чогуу алып жүрүшүң керек” дейт.
– Сулуу, өзүнө ишенген кыз кимдин кызы болду экен деген суроо бербесем болбостур?..
– Атамдын аты – Мирлан, апамдын аты – Эльмира. Апам казак кызы. Учурда эң кичүү иним Нурсултан болуп Казакстанда турушат. Ал жакта жашашканына көп болду. Ишкердүүлүк менен алек. Ал эми сиңдим Алина экөөбүз чоң энемдин колунда, бул жакта жашайбыз. Негизи, мени кичине чагыман чоң энем тарбиялап-өстүрдү. Эсимде, 1-класстан баштап эле моделдик кесипке абдан кызыкчумун. Чүпүрөк көрсөм эле аларды ороп-чулгап, кээде кийим тигип алып чоң энеме мода көрсөтө берчүмүн. Анан 14 жашка чыкканда чоң энем моделдик агенттикке бергенде жаным тынды окшойт. Кандай сынакка катышпайын, чоң энем чуркап жардам берет. Кээ бир чоң энелер неберелерин купальникчен сынактарга чыгарбай, тыюу сала беришет го. Тескерисинче, менин чоң энем “современная”, баарын түшүнөт. Апам “модель болбой эле кой, ташта” дегенине карабай чоң энем дайыма мен жакта болуп коргоп турат.
– Чыныгы мүнөзүңдү айта аласыңбы? Кээ бир кыздар эл алдында назик, жароокер көрүнүшөт, чынында...
– Негизи, мени жакшы билбегендер сыртымдан бой көтөргөн кыз деген ойдо калышат. Мен жөнөкөй эле кызмын. Бирок баарын абалга жараша кылам, өзүмдү көрсөтчү жерде унчукпай калбайм.
– Учурда сулууну ого бетер сулуу кылган каражаттар көп. Сулуулук салондоруна бат-баттан каттап турасыңбы?
– Көп деле бара бербейм. Албетте, сынактарга катышуу алдында барууга туура келет. Табигый сулуулугум салондорго барууну көп талап кылбайт.
– Сендей сулууга колдоо көрсөтөм деген “байкелер” болду беле?
– Жок, демөөрчү издеген эмесмин. Атактуу футболчу Эмил Кенжесариев менин байкем болот. Бир туугандардын балдарыбыз. Ошол байкем чет жакка чыкканда, бул жактан сынактарга катышып калганда каражат менен камсыздап турат.
– Маегиңе рахмат. Сага ийгилик.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg



"Супер сулуу-2011" сынагынын жеңүүчүсү Айсулуу Өмүралиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(175)
SUPER.KG видео
23.12.2011. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билбеймин эмне дешти жасалма баарысы суйлогону басканы помадасы вообще жарашпаптыр
23.12.2011. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
17 jawynda uwundai 4on iygilikterge jetiwip jatyptyr azamatsyn!!! Orkundop oso ber!Baardyk adamdardyn kem4iligi bolot,ekranga kop 4ykpagan adam surdowu mumkun,senda az maz surdop ketken korunosun.
SUPER.KG видео
23.12.2011. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун эмнеси сулуу??? Айткылачы...
23.12.2011. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын суперчилер силерди сыйлап силердин гезитти калтырбай окуп журом. Жетекчилигинер деле адилет калыс кишилер. Бирок ушул сынактын женуучусун тандоодо туура эмес болгонун баса белгилеп кетем. Бул кыз же тактап кыргызча суйлогонду билбейт экен , же ону тусун бойонгонду билбейт. "Сестренкам", "биратишкам" деп тантыраганында куйосун да! Анан да жасалма кыймыл аракети жасалма суйлогону озунун денгээлин корсотуп койду. Адам коронгосу сокур, акылы кем, билими аз болсо гана жасалмаалуулука отот.
SUPER.KG видео
23.12.2011. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкаларга караганда озун эркин алып жургону эле ушул кыз болчу,мен дагы ушул кызга добушумду берген болчумун..бирок мынчалык жасалма суйлоорун билген эмесмин..Орусчаны деле кыйратып суйлобойт бул кыз,ошондой ой калтырганы менен..Суперчилер кыргыз тилин суйлогонуно дагы баа берсенер..
SUPER.KG видео
23.12.2011. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasalgalangan suluu jyldyzy jok eken
SUPER.KG видео
24.12.2011. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzcga suilogonuno+3, kebetesine+4,figurasyna+5
SUPER.KG видео
24.12.2011. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу татынакай кыз экен,бирок Кыргызча толук суйлобогону кыжырды кайнатты.
24.12.2011. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык көп комментарийлерди өчүрүп салыпсыңар...
25.12.2011. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле сулуу деле эмес экен.
SUPER.KG видео
25.12.2011. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
an4a dostoynaya kyz emes eken andan suluu kyzdar dele jurot elego kana osholor baidyn kyzy okshoit e taanyshy da kop bolso oshogo ele jenuuchusu bolgonda
SUPER.KG видео
25.12.2011. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да ребят, тилде соок жок))))))
SUPER.KG видео
26.12.2011. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ahahahah aman ele bolsun ))
SUPER.KG видео
27.12.2011. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisuluu mne trudno verit` 4to ty rabotaesh` v model`nom agenstve. Izvini 4to tak :) No tebe nado esh`e rabotat` nad vystupleniem. Ho4esh` tebe pomogu?
29.12.2011. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kutush я с тобой полностью согласна!!
29.12.2011. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kutush я с тобой полностью согласна!!
SUPER.KG видео
30.12.2011. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
щикастая экен!!!!
SUPER.KG видео
31.12.2011. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisuluu Zamira Moldowevanyn modeli. Mektepte okup jurgondo baskan turgany koburook baldarga okwow bolgonduktan 4on enesi model'nyi agentsvogo bergen.
04.01.2012. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emi suluu bolush uchun kelbet ele chechpeit da tsenada ozun kandai alyp jurgondugu biilegendigi suilogondugu ushuga okshosh kop nerseleri toltura opyty bar kyz eken kelbeti dele normalno balkim oshol siler aityp jatkan kuchtuu kyzdar katyshyshpady
08.01.2012. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi awa 4aap jibergenin ozuno dele bilingendir. Salavat ekoono bakyt taalai. Okup alyp kobko kuldum.
SUPER.KG видео
13.01.2012. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замира Молдошеванын модели болсо анда ошол учун женишке ээ болду да.Болбосо Айзадага окшогон сулуулар коп экен эле.
SUPER.KG видео
17.01.2012. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vaaaaaaeeeeee ne degen kyz yya))))) kelbeti da figurasy ne sootvetstvuet!!!!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
19.01.2012. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshi sestrenkasi jana brrrratishkasi bar eken
SUPER.KG видео
21.01.2012. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээээййййй, сулуу! Кыргызча суйлогонду уйрончууууу! Или же вообще говорить научись, пожалуйста!!!!!!!!!
28.01.2012. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакбады эй сулуу деле эмес экен!
30.01.2012. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарынарга кошулам
SUPER.KG видео
06.02.2012. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда кыргызчаны так суйлой албай турган болсо, жанына котормочуну котортуп койсо болмок, бирок менин жеке юом, Супердин Сулуучу долбоору кыздын бардык жагынан топ келишкен, жана кыргыз тилин так туура суйлогон кызды тандашса болмок...
SUPER.KG видео
03.03.2012. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozunun ene tilinde nukura, tak suyloy albagan kiz 2011 suluu degen naamga tatiktuu emes...
anan da jaslma eken, minday adamdar kijirdi kaynatat
SUPER.KG видео
22.03.2012. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура ле жазып жатасынар,татыктуу эмсеско,братишкам и сестренкам деп салдыго,даярданса болмок кичине да болсо.уят супер сулууга (((
12.09.2012. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сен наоми кемпбелсинби? Же женифер лопесинби клеопатрасынбы? сага атаандаша турган кыз жоктой ха ха уялсан боло эртен ошол кыздар менен жуз корушуп иштейсинго сулуу кыз экенсин талаш жок,бирок жылдызын,нурун жок экен онун серт жана суук .бизде стерва чалыш деп коюшабы
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: