БИЗДИ 2012-ЖЫЛЫ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

№479 6-12-январь, 2012-жыл


Жыл ичинде турак жай, имарат жана ага байланышкан юридикалык маселелер үстөмдүк кылмакчы. Жогорку максаттарга кыйынчылык менен жетүү күтүлөт. Илим өнүгүп, музыка жана искусство гүлдөйт. Мыйзамдуулукка умтулуу күчөп, жарандарда жоопкерчилик артат.

ДҮЙНӨДӨ

  • Астролог Павел Глобанын айтымына караганда, 2012-жылдын 6-октябрынан тартып дүйнөнү экономикалык кризистин экинчи толкуну каптайт. Мындан Беларусь өтө жабыркайт. Жакынкы Чыгыштагы согуш улана берет.
Орусияны 2012-жылы кандайдыр бир деңгээлде кыйроо, бузулуу күтөт. Кырдаал оордогон маал 28-сентябрь менен 8-октябрдын аралыгы болушу мүмкүн. Конфликт согушка байланыштуу болушу ыктымал.
  • Ванга 2012-жылга карата “бириккендер кайрадан бөлүктөргө ажырайт. Бул Орусиянын катарында (коңшусунда) жана океандын ары жагында болот” деген. Муну саясат таануучулар “Барак Обама бул – америкалык Горбачёв. Анын бийлиги тушунда АКШ 2012-жылы 6 өлкөгө ажырап кетиши мүмкүн. А Орусияга коңшу мамлекет – Украина. Ал кризистен абдан жабыркайт, мүмкүн, өлкөдө ызы-чуулар чыгат” деп чечмелешет.
  • Нострадамустун айтканына көңүл бурсак, ал "АКШ менен Европа тирешет. Дүйнөнү теракттардын коркунучу чулгайт.

Крымдын аймагында куралдуу чыр-чатак чыгышы мүмкүн.
Кытай бул жылы дүйнөгө үстөмдүк кылат, андыктан ал тараптан агрессия күтүлөт. Табигый кырсыктардан улам Рим шаары жана Британ аралдары жер жүзүнөн жоголушу ыктымал. 2012-жылы адамзат башка цивилизациядан сигнал алат" деп айткан экен.

Башка божомолдор:

  • Алжир, Кувейт, Марокко, Йеменде революция, же жарандык согуш же бийликтин алмашышы күтүлүүдө. Сауд Арабиясында да кырдаал оор болот.
  • АКШнын чыгыш жээктериндеги шаарларды цунами каптайт.
  • Айдын бетинде алгачкы оранжереялар пайда болушу мүмкүн. Учурда Аризонадагы (АКШ) “Paragon Space Development” корпорациясы Айдын бетине өсүмдүк өстүрүүгө карата герметикалык мини-оранжереянын долбоорун дайындап жатат. Сыноодон өткөрүү үчүн кычы гүлдүн (горчичник) бир түрү тандалып алынды.

АКЫР ЗАМАН БОЛОБУ?

Майялардын айтканы келеби?
Байыркы майя элинин байыркы календары боюнча, 2012-жылдын 21-декабры – адамзат цивилизациясынын аяктай турган күнү. Айтымга караганда, Жер өзүнөн чоң, цивилизациясы өнүккөн Нибуру (байыркылардын атоосунда, “Желмогуздун планетасы”) деген планета менен кагылышат.
Ушул эле учурда Майя цивилизациясын изилдөөчүлөр “Майя календарында 2012-жыл акыр заман деп белгиленбейт. Календарда, болгону, 5126 жылга туура келген бир циклдин аякташы айтылат. Андан ары космостун жаңы убакыт цикли башталат” дешет.

Ванга эмне деген?
Ванганын айтып кеткенине таянсак, анда 2012-жыл адамзат үчүн сыноо жыл болот. Адамзат кыйынчылыкты көтөрө алса гана жашап кете алат.

Башка көзү ачыктар эмне дешет?
2012-жылы космос циклдери алмашат. Түндүк жана Түштүк уюлдарда өзгөрүү болот. Планеталар парады күтүлөт. Булар түрдүү катаклизмдерди (кыйроо) алып келиши мүмкүн.

Нострадамусчу?
Анын айткандары боюнча, 2012-жыл планетанын жашоосунун бүткөн мезгили эмес, болгону, адамзаттын жаңы бутакта өнүгүшү.

Илимпоздорчу?
Окумуштуулар “2012-жылдын декабрында атмосфералык жана астрономиялык талкалоочу кубулуштардын айынан өлүм-житимдер көп болот. Абдан чоң аймактарды суу каптайт. Күндүн катуу жаркыроосунун айынан спутниктик байланыштар иштен чыгат” деп жүрөктү түшүрүшөт.

Кыргызстандык санжырачы Дастан Сарыгулов эмне дейт?
“2012-жыл – бурулуш жыл. Кыргыздын канындагы касиет козголуп, сыртка чыгат. Жаңы доор, жаңы цивилизациянын кадамын кыргыздар алып келет. Элдин аң-сезими өзгөрүлүп, өсөт. Рухий жан дүйнөсү тазаланат. Булардын баары элдин кыйынчылыкка туш болуп, андан чыгуу жолдорун издеп жатканына байланыштуу.
“Акыр заман болобу?” дегенге келсек, 2012-жылы Күн системасы галактиканын магниттик экваторун кесип өтөт. Мындай астрономиялык көрүнүш 28 000 жылда бир жолу болот. Бул кыйын кырдаалды жаратат. Кандай болуп кетерин эч ким билбейт.
Аба ырайын кошо кетсем, январь-февраль суук, кар калың болот. Бирок кыш эрте чыгат. Демек, жаз эрте келет. 20-апрелде жаз өз өкүмүн толук сүрүп калат. Бул жер нымдуулугун эрте жоготот дегендик. Андыктан жазгы айдап-себүү өтө ыкчам жүргүзүлүшү керек. Болбосо түшүм аз болуп калат. Жай айына келсек, кургакчыл болушу мүмкүн. Жай менен күздүн аба ырайын жылдыздардын жайгашуусуна карап, жакындаганда гана айта алам”.

КЫРГЫЗСТАНДА

“Алдыдагы жыл кандай болот?”деген суроо менен Бишкектеги көзү ачыктар менен төлгөчүлөргө кайрылган элек. Алардын божомолу төмөнкүчө болду.

Саясат, коом. Өкмөттөгү айрым жетекчилердин ишин так аткарбаганы, сөзгө турбаганы президенттин мартта, апрелде өтө чыңалып иштөөсүнө жеткирет. Жылдын экинчи жарымында айрым министрлер алмашат. Өлкөнүн коопсуздугуна, чек арага байланыштуу маселелер чыгуусу мүмкүн.
Март-апрель, июль-август, ноябрь-декабрь айларында жаштар бирикмелери, түрдүү уюмдардын лидерлери жаңы реформаны талап кылып, акцияларды, майда митингдерди уюштурушу мүмкүн. Кымбаттоого карата нааразычылык билдиргендер да митингге чыгуусу ыктымал. Октябрдан баштап саясатта, коомдо өзгөрүүлөр, окуялар көп чыгат. Жыл ичинде оппозиция лидеринин өмүрүнө коркунуч туулат.

  • Жазда жана күздө кандайдыр бир маселеден улам Өзбекстан, Казакстан, Кытай чек араларын убактылуу жаап, ал жактан келүүчү товарлардын кымбатташы ыктымал.
  • Октябрда өкмөттө да, элде да финансы маселеси оордойт.
  • Жыл ичинде ашказан-ичеги, боор, уйку бези, жыныстык мүчөлөрдүн оорулары көп катталат. Кызамык оорусунун эпидемиясы чыгышы мүмкүн.
  • Жыл ичинде кыздар көбүрөөк төрөлөт.
  • Кырсыктар. 20-23-февраль аралыгы кырсыктарга жакын убакыт. Майда теракт же жарылуулар болушу да мүмкүн. Өлкөбүздүн 7 облусунда тең 2012-жылы жер астындагы чыңалуулар күчөйт. Жазында айрым жерлерде (Кыргызстан менен Кытай, Тажикстан, Казакстан чектешкен аймактарда) 4-6 баллдык жер титирөөлөр болушу мүмкүн. Жазында сел жүрүшү күтүлөт (Ош, Жалал-Абад обл.). Бишкектин тегерегиндеги бир аскерий бөлүктө чаң-тополоң чыгышы мүмкүн (аскерлердин массалык качуусу да ыктымал).

ДАЛ КЕЛГЕН БОЖОМОЛДОР

2011-жылы эмнелер күтүлөрү тууралуу биз жазган божомолдордун көпчүлүгү туура келиптир. Баарын батыруу кыйын, андыктан мисалдар гана келтирели.

Божомол: Марттын ортосунан тартып апрелдин алгачкы 10 күндүгүндө жана август, октябрда дүйнөнүн ар жеринде теракттар, кырсыктар (ГЭС, АЭСтерде да), ошондой эле зилзалалар болушу мүмкүн. Бийлик менен оппозициянын тиреши күчөп, митингдер чыгат. Айрым ири саясий лидерлер отставкага кетишет.
Тактасак: Март: Японияда күчү 9 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын айынан катуу цунами жаралып, “Фукусима-1” АЭСинде кырсык болду. Ливия согуш өртүндө калды...
Апрель: Украинанын экс-премьер-министри Юлия Тимошенко камалды. Түркияда 7,2 баллдык жер титирөө болду.
Кыргызстанда “Замандаш” партиясынын төрагасы Мухтар Өмүракунов Кубада эс алып жүргөн кезинде каза тапты.

  • ...Митингдер чыгат. Буга Кыргызстанда 2011-жылы 1500 ар кандай митингдер жана нааразычылык акциялары болгону далил.
  • Жыл аягында (декабрда) чоң коомдук-саясий окуялар, кырсыктар күтүлөт.

Тактасак: Кыргызстанда президент алмашты. ЖКнын спикери Ахматбек Келдибеков спикерликтен кетти. 28-декабрда Ошто Ту-134 учагы конордо кырсыкка кабылды. 28-декабрда “Кайыңды-Ойл” нефтебазасында жарылуу болду. 30-декабрда Лейлек районунун Андарак айылында 2 улуттун (тажик, кыргыз) ортосунда чыр-чатак болуп өттү.

  • Жыл аягында өтүүчү президенттик шайлоо майда митинг менен коштолот.

Тактасак: Президенттикке талапкерлигин коюп өтпөй калган Ташиевди колдоочулар Ош, Жалал-Абад, Бишкекте майда митингдерди өткөрүштү.

  • 2011-жылдын январь, февралында жылдагыдан кар көбүрөөк жаап, күн суук болот. Жаз өз убагында келип, бир аз жаанчыл болору күтүлүүдө. Күз өтө узакка созулбайт.

Тактасак: Айтылгандардын баары дал келди. Күз да өтө узакка созулбады. Тактап айтсак, ноябрдын башында эле өлкөнүн кээ бир жерлеринде кар жаай баштап, 9-ноябрда республика боюнча кар жаап салды. Ага чейин 2-ноябрда Кара-Кулжа районунда калың кар жааганын айта кетели.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg



Бизди 2012-жылы эмнелер күтөт?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(61)
10.01.2012. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Allahtan başka eç kim bilbeyt emne bolorun
10.01.2012. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары алладан болот.бирок бул нерсени окугандан кийин маанайым бираз тушуп калды.кутулбой келген боодо кырсыктан сактасын

10.01.2012. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tuura aitasinar dostor Bir allahtan bashka ech kim bilbeit Al Lahmul Mahfuzda jazip koigon emne bolorun Allahtin gana aitakani bolot Paigambaribizdin hadisi bar Kim kozu achiktarga ishense al menin umottumdon emes dep aitkan oshon uchun ishenbeili andailarga
11.01.2012. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир гана Кудай билет не болуп кетерин
11.01.2012. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым сактасын мындай нерселерден...жакшылыкты тилеп жашай берсек-аман болобуз
11.01.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jani kinonun cenarii go
11.01.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир гана кудай билет. козу ачыктар айта берет кудай жазасын берсин козу ачыктарга
11.01.2012. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенбеймммммм
11.01.2012. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайм озубилет тооба кылгыла
11.01.2012. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир гана аала таалам билет бир коз ачыктын же болбосо олуянын, тарыхчынын созу туура деп ишенбейм
11.01.2012. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай деп жашай берели кыргыз элим менин
11.01.2012. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Segodnya nado jit' tak kak budto eto posledniy den'. Tak chto vyshe golovu i s ulybkoi. :)
11.01.2012. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым билет не болсо ошо болот Аллахтын дегени !!!
11.01.2012. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ураа акыр заман болбойт экен ушул суроо мени аябай кыйнап келет.Кудайым озу сактасын!!!жакшылыктын жылы болсун!!!
12.01.2012. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алган да,берген да Аллах. Кудайдан корккула?Жакшыга да жаманга да периштелер омиин кылат. Оозунарга карап суйлогуло? Шайтандардан Аллах озу сактасын.
SUPER.KG видео
12.01.2012. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЭЭ булар адамды ар онорго салышат буларды уксан олгун келгин келип жашагын келбей калат ,,, рахмат
12.01.2012. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул шайтандын кулдарынын азабы отту.. Баары Аллахтан болот. Бир Аллахка ишенгиле.. Алдыда эмне болоорун кудайдан башка эч ким билбейт. Дастан Сарыгулов деген неме карыганды алжыбай, кыргыздарды уят кылбай, озуно куноо издебей жон жатса болмок.
12.01.2012. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарыбыз алланын кулубуз, эмне боолорун пендеси эч качан айта алган эмес,козу ачыктарга экранда жол жокко деп эсептейм.
13.01.2012. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары АЛЛАХтан алам десе алат, тообо кылалы!
13.01.2012. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bir gana ALLAH bilet momun musulmandar!
SUPER.KG видео
14.01.2012. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар Кудайдан улук бекен Алланын айтканы болот.
SUPER.KG видео
14.01.2012. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааааииииии бул аке менен Россияда бир квартирада жашайт элек да аябай пиво коп ичет эле ошондо эле ар орусту тазаладым десе ишенбейт элек Ванга деп коёт элек! АААййй тоообоооо теспе кармап эч нерсе болбогондой!
14.01.2012. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым пендесинин бешенесине жакшы кундорду гана жазсын.
15.01.2012. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
могул Дастан Сарыгулов эмнени билет вообще??? 2012 болобу болбойбу Бир эле АЛЛАХ билет...Кудайдан коркуш керек!!!!!!
15.01.2012. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дастан Сарыгулов козу ачык эмес,ал жон эле табиятка кызыккан адам,жаратылыштын кубулуштарын изилдейт.Илгери ата бабалардан калган методту колдонот.
SUPER.KG видео
16.01.2012. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2011жылы,жаз марта эле келген
SUPER.KG видео
11.02.2012. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bular wirk dostor iwenbegile allahka iweneili
06.03.2012. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaksh ele jul bolsun
17.03.2012. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айткандарынар тескери чыгып ит эле болдунар окшойт....
16.04.2012. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эй момун бир туугандар! Акыр заман болсо эмне? Ар бир адамга "акыр заман" бар - ал олум! Олумдун даарысы жок! Ал жакка даярдануу гана керек ибадатыбызды,намазыбызды тургузалы! Как будто аркы дуйнодо бизди "сауна" же "биллиярд" кутуп жаткандай жашап жатабыз..Ойгонолу...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: