ЖАҢЫ-ЖЕРДЕГИ ЖАҢЖАЛ УЛУТТАР АРАЛЫК ЧЫРБЫ ЖЕ МУШТАШПЫ?

№480 13-19-январь, 2012-жыл


Акыркы күндөрү улуттар аралык араздашуулар көбөйүп бараткандай сезилет. Жакында эле Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында кыргыздар менен даргин улутундагы адамдардын ортосунда жаңжал чыккан. Бул жаңжал эмнеден чыкканын иликтеп көрүүгө аракет кылдык.

“ЖӨН ЖЕРДЕН САБАП САЛЫШТЫ”
Окуянын башы Жаңы жыл түнү туугандарын жеткирип коюп келе жаткан 3 кыргыз баланын 20-хутор айылында машинасы бузулуп калып, аларды ошол жерден даргин улутундагы балдар сабап койгондон башталган.
Жаңы-Жер айылынын тургуну, азыр ооруканада жаткан Зарлык уулу Аралбай окуяны төмөнкүчө баяндап берди:
– Мен Эстек, Азамат аттуу досторум менен бирге Жаңы жылды тоскондон кийин туугандарымды үйүнө жеткирип коюп келе жаткам. 20-хутор айылынын жанына келгенде машинабыз бузулуп калды. Аны чукулап жатсак, 5-6 даргин бала келип Эстекти чакырып калышты. Сүйлөшүп турушкан, бир маалда бирөөсү Эстекти уруп жиберди. Карап турмак белек, чуркап барсак, алар бизди да сабап киришти. Машинаны да тепкилешкендиктен алдыңкы айнегинен жарака кетип, эшиги кыйшайып калыптыр. Менин мурдум сынып, көзүмдүн кан тамыры жарылып, мээм чайкалыптыр. “Нашаа таап бер” деп коркутуп, Эстектин телефонун, акчасын алып, анан машинанын дөңгөлөгүн жарып кетип калышты...

ЭКИ КҮНДӨН КИЙИН ОТ АЛЫП...
Кыргыз балдарды сабагандыгын угуп калган айылдаш балдар 2-январь күнү кечки саат сегиздерде спортзалга келген даргин улутундагы балдардын машинасынын дөңгөлөгүн жарып, ортодо “разборка” уланып кетет. Бул кабар даргиндерге тарап, жүздөн ашуун даргин чогула калат. Тирешип турган маалда айылдын участкалык инспектору келип калат да, кыргыз балдар качып кетишет. Ал эми даргиндер барган сайын көбөйө башташат. Элдин айтуусунда, 200дөн 400гө чейин даргин улутундагы адамдар топтолгон. Алардын колунда бычак, темир таяк сыяктуу ар кандай куралдар болгон. Жадакалса бирөөсү тапанча менен эки жолу атып жиберген. Бирин асманга, экинчисин бирөөнүн бут алдына аткан. Кийин окуя болгон жерден тапанча огунун гильзасы табылып, милиция кызматкерлерине берилген. Азырынча ал гильза газ тапанчасыныкы болушу мүмкүн экени айтылууда. Учурда баллистикалык экспертиза жүргүзүлүүдө.
Участкалык инспекторду да бычак менен коркутушканы тууралуу сөздөр бар, бирок ал муну четке кагууда. “Жаштар чыкса күчөп кетет” деп жаштарды чыгарбай, аксакалдар, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жана участкалык инспектор болуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тарапты таратууга жетишишет. Окуядан кийин Жаңы-Жер айылына кошумча Сокулук РИИБинин кызматкерлери да тартылган.

МИЛИЦИЯ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Чүй ОИИБинин Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Рустам Мамыров төмөнкүлөрдү билдирди:
– 2-январда эки айылдын жаштарынын ортосунда мушташ чыккан. Бул факт боюнча 8 жаран кармалып сурак берүүдө. 2 киши Сокулук райондук ооруканасына жаткырылды. Иликтөөдө улуттар аралык чыр эмес, жөн гана түшүнбөстүктөн келип чыккан жаштар арасындагы мушташ экендиги билинди.
Улуттар аралык чыр чыгып кетпеши үчүн айыл өкмөтүнүн аймагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда абал туруктуу жана көзөмөлдө. Бул факт боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

“ЖАМАН АДАМДАР БАР, БИРОК ЖАМАН ЭЛ ЖОК”
20-хутор айылынын старостасы Хидри мырза:
– Чыр болгонун угуп барсак, мектептин жанында колдоруна таяк кармаган бир топ жаштар топтолуп турушуптур. “Эмне турасыңар? Бул көйгөйдү аксакалдар чечет, силер кеткиле!” деп аларды таратып жибердик.
Эки-үч адамдын мушташканын эки улуттун мушташканы деп кабыл албоо керек. Биз мурунтан эле ынтымактуу жашап келгенбиз. Жаман улут болбойт, жаман адамдар бардык жерден табылат. Бул чырды иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүп, ага эки улуттун өкүлдөрү кирген. Азыр баарыбыз ошонун жыйынтыгын күтүп жатабыз. Эгер бирөөнү күнөөлүү деп таап жазаласа, ага эч ким тоскоол болбойт. Колу менен кылганын моюну менен тартсын да. “Бирөө тапанча менен атыптыр” деп да жатышат, аны ким атканын милиция кызматкерлери иликтешүүдө.
Биздин айылда эркек балдар жана кыздар үчүн эки медресе бар. Анда бардык аймактан балдар келип окушат. Аны мамлекет каржылабагандыктан, шарият мыйзамына ылайык, тапкан пайдабыздын он пайызын берип биз каржылайбыз. Алар исламды окуп, биз менен достук мамиледе.
Мен кыргыз тилин жакшы билбейм, ушуга абдан өкүнөм. “Канчалык көп тил билсең, ошончолук байсың” деп коюшат эмеспи...

ӨКМӨТТӨ ДА ТАЛКУУЛАНДЫ
Лейлектин Андарак айылында жана Жаңы-Жер айылында болгон чырдын себептерин иликтөө боюнча 10-январда премьер-министр Өмүрбек Бабанов күч органдарынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда ал: “Чыр жаштардын ортосундагы мушташтан улам келип чыккан. Жөнөкөй эле мушташка убагында чара көрбөгөндүгү үчүн укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары күнөөлүү деп эсептейм”,- деди. Ушул себептүү өкмөт башчысы укук коргоо органдары жергиликтүү бийлик менен бирге иштешүүнү күчөтүүнү жана бардык аймакта коопсуздукту камсыз кылууну чечүүдө ачык план болушун тапшырды.

СӨЗ СОҢУНДА...
Бирок “бийлик, укук коргоо органдары дагы деле улуттар арасындагы мамилеге олуттуу көңүл бөлбөй жатат. Эгер чатактарга көңүл кош карап “жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” дей берсек, кийин чоң чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн” дегендер да чыгууда. Чынында, акыркы убактарда өлкөбүздө аз сандуу улуттар менен болгон чыр-чатактар көбөйүүдө. Андарак айылындагы да, Жаңы-Жер айылындагы чыр да башка улуттагы балдардын кыргыз балдарын сабап койгонунан келип чыккан. Биринде топтолуп келип күнөөлүү деп кармалгандарды бошотуп кетишсе, экинчисинде кичинекей чырга курал көтөрүп келип топтоло калышкан. Мүмкүн, алар чогула калса эле күнөөлүү экенине карабай коё берип жүрүп милиция кызматкерлери жаман көндүрүп алышкан чыгар?

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

КЫРГЫЗ ТИЛИН БИЛЕСИЗБИ?

Селим Югазиев,
мугалим:
– Менин улутум – дунган. Кыргызстанда төрөлүп-өстүм. Бала кезимден эле кыргыз элинин каада-салтын билем, кыргыз тилинде эркин сүйлөйм. Өмүрлүк жубайым болсо кыргыз кызы. Кыргыз тилинин менин жашоомдогу орду абдан чоң.

Татьяна Алексеева,
студент:

– Улутум – орус. Кыргыз тилин билбейм. Түшүнөм, бирок жооп кайтара албайм. Чынында, Кыргызстандагы башка улут эмес, айрым кыргыздар өздөрүнүн тилин билишпейт. Сүйлөмөк турсун, кыргызча кепке түшүнбөгөндөрү да жок эмес.

Парда Сарадахи,
студент:

– Мен – индусмун. Эл аралык университетте окуп, төрт жылдан бери англис тилин жакшы өздөштүрдүм. Аны менен бирге орус тилин чала-була үйрөндүм. Ал эми кыргыз тилин үйрөнгөнгө аракет кылып, бирок жакшы өздөштүрө албай жатам.

Тамара Иванова,
пенсионер:

– Мен орус улутунанмын. Мурда кыргыз тилин билчүмүн. Себеби апам Орто Азия өлкөлөрүнө көп барып, көп тил билчү, мага да үйрөтчү. Азыр жакшы билбей калдым. Кыргызча көп нерсени түшүнөм, бирок жаш өткөн сайын кабыл алуу кыйындап калат экен.

Александр Трофимов,
китепканачы:
– Орусмун, кыргыз тилин билбейм. Мектепте чала-була окутушкан. Чынында, ал билим менен тилди үйрөнүүгө болбойт. Эң негизгиси, балдарга мектеп жашынан баштап тилди сүйүүнү үйрөтүш керек. Ошондо гана кандайдыр бир стимул пайда болуп, тил үйрөнүүгө аракет пайда болот.

Евгения Огай,
үй кожойкеси:
– Өзүм корей кызымын. Мектепте, ЖОЖдо окуп жүргөндө кыргызчаны үйрөнгөм. Түшүнөм, бирок эркин баарлаша албайм.

Володя Костенко,
жумушчу:
– Улутум – украин. Мектепте да, жогорку окуу жайында да, кыргыз тилин үйрөтүүгө басым жасалбай келет. Ошондуктан көптөр кыргыз тилин үйрөнүүгө аракеттенбейт.

Мальвина Уметбекова



Жаңы-Жердеги жаңжал улуттар аралык чырбы же мушташпы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(35)
SUPER.KG видео
13.01.2012. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gold_kg siz tuura emes aytip jatsiz, bul urush jon ele jashtar arasinda urushtai ele korunup turat anan albette, kyrgyzdar kyrgyz baldar menen dagenester, danetster menen chogu jurushot ta anan ichip jurushso albette urush chygat, anan kuturup, anan alardy kuup salish kerek degeniniz tuura emes menimche, andan koro yntymaka chakirish kerek, jana dagen turgunu aitip ketkendei ulut jaman emems ichinde kee bir adamdar jaman, oshon uchun sen uygur,tajik,dungan jana baska debey yntymaktuu bolus kerek
SUPER.KG видео
13.01.2012. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Da dostali vseh nado postroity!
SUPER.KG видео
14.01.2012. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aelina сиз наборот туура эмес айты жатасыз, чынын айтсам мен да бул айылда болгом менин досум ал жакта жашайт досумдун уйуно коноко барып ушундай абалга кабыл болгом. бул айылда мектеп окуучулары анан жашы отуп калган кишилер еле калган ошон учун дактар кыргыздрды тоготпойт.бул окуянын кандай болгонун билбей себеби мен азыр чет мамлекеттемин. бирок бары бир буларды бир экоосун чап коюш керек
SUPER.KG видео
14.01.2012. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок бары бир булардын бир экоосун чап коюш керек десен анан сразу эле экинчиси ага ЖОЛОК болуп чыга калышат даа...
SUPER.KG видео
14.01.2012. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да эми мен оз оюмду айтайын талашып аткан эки жактен тура силер достор бирок чынында мындай иште кыргыздарарасында ынтымак керекта жогу чара болуп алдына чыккандарын кичине сап коюш керек алганына сабак болот.мен жашаган жерде да мындай окуялар тезден кайталанып турат дунган.уйгур.озбектер.чырлашып турабыз жалпы чогулуп ызы чуу башталганда гана булардывн чалдары келет кечирим сурап анан эс алышат.и турктордо ушундай калк.эми менда кошулам жаман улут жок жаман адамдар болот ошошл кундо деле!
SUPER.KG видео
14.01.2012. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанда биринчи кыргыз анан башкалар сыйлашы керек каерде жашаганын билиш керек озундун жеринде эркин журо албасан коргозуп койуш керек сыйласын мышыгын пыш дебейт кыргызым кыжыр кайнап чыканда мусулман элбиз деп алдап калат
SUPER.KG видео
14.01.2012. 06:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыскасы коргозуп койуш керек каерде екенин агада болбосо кууш керек чекеден качанга чейин ар кимисинен кор болуп журе беребиз
SUPER.KG видео
14.01.2012. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aelina Сеникки туура!
16.01.2012. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорку жактагылар туура айтышат билим башаты мектептен башталат. Ал эми бизде кээ бир кыргыздар кыргызча суйлогонду западло корушот анан кантип кыргыз тили онуксун.
Озоктон куйгон орт жаман оздон чыккан жат жаман. Эн биринчи озубуздогу жамандар онолсо калгандары кайда барат эле!!!
16.01.2012. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул даргендер жаман кооп кетишкен!Бир куну кыргыздар жарылат анан корсотот озбектердей кылат!Кыргыздар оз мекенинде башка элден таяк жеп журот мунусу эн окунучтуу!
16.01.2012. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озубуздун олкодо жашап, озго улуттан тепки жеп, таяк жеп, келтек жеп... эххххх кыргызым койдой жоошпуз да...
16.01.2012. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
казктарда улутун ким болсо да казак тили мамлекеттик тилде суйлошун керек а бизде коп улуттар бар кыргызча билбейт.
16.01.2012. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eptygyt!!!!!gezittin murdagy sanynda sarttardan taiak jegen,bul sanynda kandaidyr bir lolulordon taiak jegen,emne kyrgyzdar biz jokpuzbu????e bliiin!!!!!jon ele kuiup kettim e!tuugandar bir 4ara korbosok bolboit...oto okunu4tuu
17.01.2012. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Knt, tuura aitasyn, 4ogulalyby? Kuroshto 10 jyl mashykkan dostor kop...
22.01.2012. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Knt, туура айтасын булаарды оордуна коюп коюш керек азыртан,даргин эмес балекет болсо дагы. дагы бирдеме болсо чогулуш керек 400 эмес 4000 мин болсода,тынч жашап аткандарына кудай дешпейби .
16.01.2012. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
обиднооо
16.01.2012. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айтканда эмне?жасашкерек!
17.01.2012. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар бизди оз жерибизде тепкилеп сабаганга укугу жок мындай болбойт алар бизди сыйлабайбы анда айрыш керек. Башка улутту жек кору эми башталат Кыргыздар дагы кырат козум жетип турат ана булар 2-3 жылдан кийин кысчу жерин кысып Кыгызча сайрап калат же туйу оту менен жоголот
18.01.2012. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yntymak, uff emne dep ele doldurop jatasyn? Emne kyrgyzdardy bashka jerde sabaganga ukugu barby? Birinchiden ozubuz dagy onolushubuz kerek!! Myncha natsistsin!!! Bir chet jerge chykpagan japayi neme okshoysun!!!
17.01.2012. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтканда, кыргыз милициясы акчага сатылып журот дайма эле. Мисалы, баягы Искра айлында кыргыз милициялар дунгандардын акчасына сатылып кеткен. Мына бул окуядада милиция даргиндерге сатылып кетишиптир. Ушул сатылуунун себеби, кыргыз бийлигинин оз элине кайдыгерлик мамилесинде, мекенчилдик саясаттын жана улучулдук тарбиянын жоктугунда. Кыргыз бийлиги папка талашып, оз бизнеси менен эле алек, мансапты эле ойлошот. Мисалы,Германияда ушул окуя боюнча, даргиндерди эбак камап, жазалап коюшмак.
17.01.2012. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жим эн туура айтты
17.01.2012. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myndaailaardy kyrgyzstanda jawoootpo kerek......
18.01.2012. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даргин деген улутту биринчи угушум.
18.01.2012. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мушташкандан эч ким пайда коргон эмес,акыл менен чечиш керек.
18.01.2012. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оойй, Кыргыз элим ушул улут аралык жанжал да, биздин кыргыз балдарын сабап кетуу да бул озубуздун боштугубузда... БИЗ биримдиктуу болсок булар аз да, 2 колдоп келип учурашып кетип турушмак... бирок Кыргыз толкуса... озунор билесинер, ошондуктан толкутпай эле койгулачы... )))
18.01.2012. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даргиндер кайсыл жактан келген улуттар?
04.05.2012. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oleg, даргины они представительи кавказского народа,их депортровали 1942году по приказу сталина в средную азию к нам и в казахстан ,опасаясь что они идут к немцам.в месте с ними были чеченцы аварцы ингушы и т д , настоящее время даргины живут в дагестане
18.01.2012. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын баарын сарттар уюштуруп, жаткан жокпу? Бири-биринде байланыш бардай....
18.01.2012. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ufff ushu ozubuzdo da bar da!!! Shamal jok choptun bashy kiymyldabayt da, bayagy ele bashkaga shyltamay adatybyzdy jogotushubuz kerek!!! Birtke kritichniyraak bolsonor elder, 3 dargige 8 kyrgyz chyga kalganynda ele kep turat da!!!
20.01.2012. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
привет
20.01.2012. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз жигиттери намысты бийик кармашыбыз керек, болбосо оз жерибизде туруп башка улуттан келтек жесек отто эле уят!. Кыргыздар кор эле болуп баратабыз акыркы жылдары!
20.01.2012. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zarina.S.1998 Коп улуттар кыргызча билбейт дейсин да башка улутту эмне кыласын озубуздун КИРГИЗдерибизди ким айтат. Кыйратып аткансып орусча суйлошот.Ал эми даргиндерге келсек КЫРГЫЗЫМ бир кун барып жарылабыз ошондо кором даргинби озбекпи тажикпи. Биз манастын тукумдарыбыз
20.01.2012. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ туугандар озубуздо биримдик болсо ким тийишмек.
Биздин мент сооройлорубузда сатылып кеткен тура.
Бул даргиндердин дарегтин чыгарбай камаш керек болчу,мындай болсо булар башыбызга чыгат.Кыргыздар ушу озубузду озубуз коро албай,бироону котормологондун ордуна ылдый тартабыз.Дээги ушул кургур сапатты таштайлычы.
21.01.2012. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жим булжерде башчылар озэлин жерин сатып кетишипатпайбы. антип жатканын коргондон кийн, МЕНТтеркайда барсын алар да ошолордон калышсынбы.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: