|
«СУПЕРДИН СУЛУУСУНУН» ЖҮРӨГҮНӨ ҮЧ ТАЛАПКЕР№481 20-26-январь, 2012-жыл “Сүйүүнү да издеген киши табат” дегендей, бүгүн биз түгөй издеген жаштарга көпүрө курдук. Тагыраак айтканда, “Супер сулуу-2011” сынагындагы “Сымбаттуу сулуу” наамынын ээси Айтурган Исраилованын жүрөгүнүн ээси болуу үчүн “Non-Stop” дуэтинин солисти Максат, ырчы Амир Аскаров жана “Тамашоунун” “Ак кеме” командасынын оюнчусу Эркин Усенбаев ат салышышты.
2. Оюнубуздун кийинки бөлүгү суроо-жооп аркылуу жакындан таанышуу болду. Айтурган “эгерде мени сүйсөң, мен койгон бардык шартка көнөт белең?” деп бир нече өзүнүн талаптарын коюп кирсе, жигиттер акыл калчап жооп берип жатышты.
4. Эң кызыгы “Кокус келинчегиңер айылчылап кетип калса...” деген сынакта башталды. Айтурган сууга бышырылган картошка, жумуртка, сыр, туздалган бадыраң, майонезди жигиттердин алдына койду. Кыз жүрөгүнө талапкерлер 3 мүнөттүн ичинде ушул азыктардан бир салат жасашы шарт эле. Бул сынакта Эркин “Смайлик” деген салаты менен таң калтырса, Максат “Айтурган” деген салаты менен андан кем калышкан жок. Ал эми Амир буга чейин ашканага аралашып көргөн эмес окшойт, салатына картошканын кабыгын аарчыбай да кошуп жибериптир. Мунусун “бул ушундай “Чыгармачыл бардак” деген салат” деп кутулду.
6. Айтурган сыноодон өтүп жаткан жигиттердин ичинен жүрөгүнө жакынын тапты көрүнөт. Бизге белги берген соң сынактар токтотулду. Ошентип, жаш жүрөктөргө көпүрө болгон биз жапжаңы эле табышкан түгөйгө белектерди берип, анан да биринчи жолугушууларына шарт түзүп киного билет бердик. Албетте, бул – шоу. Эгер табышкандардын жылдызы келишип, чыныгы түгөйлөргө айланса, буга себепкер болдук деп кубанабыз. Бахияна Сатылганова, Гүлжамал Бөрүкулова "Супердин сулуусунун" жүрөгүнө үч талапкер"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Менимче балдар бир аз кызды сыйлабагандай мамиле жасагандай туюлду ( туфлисин качественный деп айта албайм, ж.б.у.с.)