АПАСЫНДАЙ АЯЛДЫ ТОНОП, ЗОРДУКТАШЫПТЫР

№482 27-январь - 2-февраль, 2012-жыл


Жакында борбор шаарыбыздын милиция кызматкерлери 40 жаштагы аялды тоноп, зордуктап кеткен эргулдарды колго түшүрүштү. Кызыгың түшкүр, бул күнөөсү аз болгонсуп кайра аялды коркутуп, дагы акча талап кылышкан экен.

“АКЧАНЫ АЛЫП КЕЛСЕҢЕР, АПАҢАРДЫ ТИРҮҮ КӨРӨСҮҢӨР”
Окуя кечээ жакында эле, 11-январда болжол менен кечки саат 9дарда болгон. Бишкек шаарынын Гүлмира (аты-жөнү белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) аттуу 40 жаштагы тургуну жумуштан чыгып үйүнө келе жатып, көчөнүн караңгы жерине келгенде ага эки жигит кол салышкан. Кийин белгилүү болгондой, алар Арстан уулу Мунарбек жана Кубанычбек уулу Урмат болуп чыккан. Бул убакта топтун башчысы Маргуч Гавзалаев ары жакта машинада отуруп, баарын карап көзөмөлдөп турган экен. Экөө бычак менен коркутуп, алсыз аялды сабап башташат. Жанындагы 3000 сом акчасын, алтын сөйкөсүн жана уюлдук телефонун тартып алышкан. Аларга олжосу аз көрүнгөнбү, эки зөөкүр аялды зордуктап салышат. Аздан соң кылмышкерлердин фантазиясы андан ары да иштеп, жаңы кыйноону ойлоп табышат. Таптакыр коркууну унутушканбы, аялды шаардын чет жагына алып чыгышып дагы сабап, коркутуп-үркүтүп акча таап берүүсүн талап кылышат.
Гүлмиранын кызынын телефон номерине чалышып, “10 миң сом акча алып келип бергиле. Айткан акчаны алып келсеңер гана апаңарды тирүү көрөсүңөр” деп коркутушкан. Түнкү каракчылардын бири талап кылган акчаны алып келүү үчүн аялдын үйүнө жөнөйт. Ал эми экинчиси аялдын башына сумкасын кийгизип, шеригин күтүп калат. Аялдын кызы апасынын өмүрү үчүн коркуп, талап кылган акчаны даярдап, бере турган убакта тууганын ээрчите чыгат. Кыздын жанында турган эркекти көргөн түнкү каракчы жанына баруудан коркуп, кайра келет да, аялды көчөгө таштап кетип калышат. Бети-башы көк ала болуп жаткан аялды кокусунан көчөдө өтүп бараткан адамдар көрүп калышып, “Тез жардам” чакыртышат.

КЕЗИКЧҮ ЖЕРДИ ӨЗГӨРТСӨ БОЛОТ
Акчаны албай арманда калган каракчылар ошону менен эле токтоп калышпайт. Түнкү “операцияны” андан ары улантып, аялдын кызына кайрадан телефон чалып коркутушуп, “Апшерон” кафесинин жанына акчаны алып келүүсүн талап кылышат. Бул убакта окуя тууралуу кабардар болушкан милиция кызматкерлери жолуга турган жерге эртерээк барып, буктурмада отурушат. Ал эми каракчылар кокус кармалып калбайлы деп чочулап, жолуга турган жерди башка жерге болжошот. Бул сапар милиция кызматкерлерине шаардык 4-оорукананын жанына барууга туура келет. Байкап калышканбы, каракчылар жолугушуучу жерге келбей изин суутушат. Кармалып калабыз деп коркушкан эргулдар эртеси Гүлмиранын балдарына телефон чалып, “милицияга арыз жазбагыла, телефонуңарды, акчаңарды кайрып беребиз” деп айтышат. Себеби аялды жырткычтарча сабап, зордуктаганы үчүн абакта суроо башкача болорун билишет да.
Кылмышты иликтөөгө райондук оперлерден сырткары Бишкек шаардык жана ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери да тартылат. Из кубарлар кылмышкерлерди кармоого жардам бере тургандай бардык маалыматтарды чогултуп башташат. Ушуга окшогон кылмыштар менен мурда да соттолгондор текшерилет. Аңгыча жабырланган аялдын өчүп турган уюлдук телефону иштеп калат. Телефон саткан адамды кармашып, андан ары иликтеп отуруп кылмышкерлердин изине түшүшөт. Ошентип, өздөрү салган капканга өздөрү түшүп, эргулдар кармалган учуру.

“БУЛ ТОП КӨПТӨН БЕРИ КАРАКЧЫЛЫК КЫЛЫП КЕЛИШКЕН”

Ленин РИИБинин №3-шаардык бөлүмчөсүнүн башчысынын орун басары Урматбек Саматов төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Бизге 11-январда кечки саат ондордо тоноо, зордуктоо тууралуу маалымат түшкөн. Маалымат түшөр замат атайын топ түзүлүп, кылмышка шектүүлөрдү аныктоо, кармоо тууралуу иш-чараларды жүргүзүп баштадык.
40 жаштагы Курманова Гүлмира аттуу аялды борборубуздун Бах жана Валдайск көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз балдар зордуктап, тоноп кетишкен экен. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 129-(зордуктоо) жана 168-(каракчылык) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөөлөрдүн натыйжасында эки күндөн кийин 1990-жылы Ысык-Көл облусунда туулган Кубанычбек уулу Урмат жана 1992-жылы Ош облусунда туулган Арстан уулу Мунарбек колго түшүрүлдү. Алардын биринчи эле кылмышы эмес экендиги билинип, аларга удаа эле булардын шериктери, мурун 4 жолу соттолгон 1987-жылы Бурятияда туулган даргин улутундагы Маргуч Гавзалаев жана 1988-жылы Ош облусунда туулган улуту өзбек Измир Караибрагимов кармалды. Кармалгандар мындан сырткары да ушуга окшош кылмыштар боюнча шектелүүдө. Азырынча алардын ондой кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталды.
Мисалга, өткөн жылдын аягында Мурманск көчөсүндө жайгашкан ун сатуучу дүкөнгө кирип сатуучу аялды коркутуп, уюлдук телефонун жана соодадан түшкөн 90 миң сомду тоноп кетишкен. Кээ бир тоноо фактыларында тапанча менен да киришкен, ал тапанчаны кайда каткандарын иликтеп жатабыз. Кармалгандардын үчөөсү өткөн жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 20 жылдыгына карата амнистияга дуушар болуп, абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулган экен.
Учурда кылмышка шектелип кармалгандар СИЗОдо. Алардын башка кылмыштарга катыштыгы болушу мүмкүн. Ошондуктан жогорудагы сүрөттөрдөгү адамдардан жабыр тарткандар болсо Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө (0312) 35-27-41, 35-26-05 номерлери аркылуу кабарлоого болот.

Алар төмөнкү кылмыштарга да тиешеси бар деп шектелүүдө.

  • 19-декабрда Арча-Бешик жаңы конушунун тургунунун Мазда үлгүсүндөгү автоунаасын уурдай качышкан.
  • 21-декабрда Арча-Бешик жаңы конушунун тургунунун короодо токтоп турган Ауди үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап кетишкен. Кийинчерээк ал автоунаа Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен, Чоң Чүй каналынын жанынан табылган.
  • 7-январда болжол менен кечки саат сегиздерде 19 жаштагы кызды бычак менен коркутуп уюлдук телефонун жана сумкасын тартып алышкан.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Апасындай аялды тоноп, зордукташыптыр

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(20)
SUPER.KG видео
27.01.2012. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вай кудай сактасын мындай жамандыктан ооомииийн
SUPER.KG видео
27.01.2012. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10мин сом учун адам олтурсо бул эмне деген корунуш ай,зоокурлор козунорду ачкылачы кандай жолдорго барып жатышат
SUPER.KG видео
28.01.2012. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iyiman bersin ar biribiske Kudaiym!!!
SUPER.KG видео
28.01.2012. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
olup ele kalishsin oshondoi baldar, Kudai saktasin, bular kanday uy-buloodo chonoigon baldar? degi iyman degen kayaka ketken.
SUPER.KG видео
29.01.2012. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деген шумдук,Бишкеке жашагым келбей калды.Тоого эле жашаш керек болуп калды тынчыраак.
30.01.2012. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myna ushular anan jatyp alyp, oozdorun tikse okmot boolu oorup kalat, oozun tikmektugur kesip yrgytyp uiusin, alarga emne booru oorushat atyp salysh kerek tizip turup
30.01.2012. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Murda dagy oturup 4ygywkan bolso,bular abak degen nerseni togotpogondor okwoit??? emnege katuu 4ara koldonuwpait uwundai zookurlorgo??? Jany zakon kirgiziw kerek ozu,1 2jolu atyp salsa owondo ki4ine ozdoruno kelip ,uwundai kylwtar azaiyp kalmak.
30.01.2012. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энендурайын бул айбандарды соттош керек,ошо турмодо чирип калышын айбандар.Зордуктаган кандай болот экенин ошол жактан корушсун.А тиги Озбек маймылды сразу кыйнап олтуруш керек.
30.01.2012. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooo kudaiym saktai korsun,dele kyrgyz elim emne bolup bara jatywat,uwul iwke baraardyn aldynda ozdorunun eje-sindilerin,apasyn oilop koyuwsa bolot bele(((((
31.01.2012. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зоокурлор
31.01.2012. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарын муздап салыш керек
01.02.2012. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлүм жазасын киргизиш керек негизи. Анан ушуларга окшогон акмактарды өлүм жазасына тартыш керек! Буларга түрмөнүн ичинен да орун жок! Жаш эле немелер экен,булар картайып алдан тайганча далай кылмыш кылбайт деп ким кепилдик бере алат?! Атып кана салыш керек,мындай акмактарды!
02.02.2012. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kylmysh jana jaza kodeksine "Atuu" jazasyn kirgizbese bolboi kaldy, kyzy da balasy da mykachy bolup kaldy. Atysh kerek sobakalardy.
02.02.2012. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adam emes aibandar go!!!beli beshikten emi gana chukkan!!!kurguzdar sarttardun aldunda untumak bolgondon orduna koshulup alup apasunday ayaldu tonoshkonu byl voopshe akulu kem,akmaktun ishi!atup salush kerek bul aybandardu!
SUPER.KG видео
03.02.2012. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайларды сама суд кылдырса сонун болмок да.
06.02.2012. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атканы ок кетет . Андан коро, асып олтуруш керек.. Эл алдында .....!!!
SUPER.KG видео
16.03.2012. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой жон эле акчасын деле соткасын деле албай олтуруп кетип жатышпайбы!!! мындайларды турмого камап убара болбойло аттырып салыш керек!!!
SUPER.KG видео
23.03.2012. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай адамдарды онолот деп убара болбош керек андан коро олгону макул аркы дуйнодо жазасы катуу болот ошн учун бардык адамдарга инсап берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: