КЫЗГАНЫЧТАН КЫЛМЫШКА БИР КАДАМ ЖЕ ЗАМАНБАП ОТЕЛЛОНУН ЖОРУГУ

№483 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.


“Кызганычтын чеги менен болгону – сүйүү, чегинен ашып кеткени – оору” дешет. Өткөн жылдын акыркы күндөрүндө Бишкек шаарында муунтулуп өлтүрүлгөн келиндин сөөгү табылган. Кылмышка анын мурунку күйөөсү шектелип, кызганычтан улам муунтуп өлтүргөн деген шек менен тергөөдө сурак берип жатат.

ШАРФЫ МЕНЕН МУУНТУП...
Тергөө учурунда маалым болгондой, окуя төмөнкүчө болгон:
Руслан менен Нурзат (каза болгон келиндин аты-жөнү өзгөртүлдү) мындан 4-5 жыл мурун сүйүшүп-күйүшүп жүрүп ата-энелерине айтпай эле
үйлөнүп алышат. Алгач жакшы эле жашап, кийинчерээк экөөнүн оту күйүшпөй калат. Ал ортодо кыздуу да болушат. Элдин айтымында, экөө
ажырашып, кайра жарашып жүрүшкөн. Бирок учурда экөө эки башка жашашчу экен.
Кылмыш болгон күнү Руслан Нурзатка телефон чалып, “кызыма белек алып койдум, айылга ала барып бер” деп сүйлөшкөн экен. Ошентип, Нурзат жумуштан чыккандан кийин экөө Нурзаттын батирине жакын жерден жолугушат. Үйгө бара жатып дүкөнгө чогуу киришет да, тооктун сан этин, өзүнө бир бөтөлкө арак, Нурзатка деп сыра алышат. Үйгө кирип тамак жасап ичишип, Руслан аракты ичип түгөтөт. Кантсе да мурун экөө чогуу жашашкан да, тамактанган соң төшөк салып жатып калышат. Түн бир оокумда үй ичи түтөгөнүнөн улам экөө тең ойгонушат, көрсө, тамекинин чогу түшүп, төшөк күйүп түтөгөн экен. Суу чачып өчүрүшүп, кайра жаткандан кийин Нурзатка бейтааныш бир эркек телефон чалып калат. Нурзат “мен азыр сүйлөшө албайм” деп телефонун коюп салат. Эркектин сүйлөгөнүн угуп калган Руслан “сен эмне үчүн башка эркектер менен сүйлөшөсүң?” деп чыр салат. Экөө айтыша кетишет. Ошол убакта Нурзат Русландын колуна башын коюп жаткан экен. Руслан жаткан жеринде эле Нурзатты муунтуп, мойнун сындырганга аракет жасайт. Мойну сынбаганы менен, Нурзат эсин жоготот. Руслан ордунан туруп, эки жакты карап көзүнө шарф урунат, аны алып кырылдап кыйналып жаткан Нурзаттын мойнуна салып муунтуп баштайт. Дем албай калганда гана коё берет. Кийинип, Нурзаттын телефонун алат да, үйдү сыртынан кулпу менен жаап чыгып кетет. Сокулук айылындагы байкесинин үйүнө барып, эч нерсе болбогондой жатып алат. Эртеси Нурзаттын телефонун мешке салып өрттөп жиберет.

“СӨӨК КӨГӨРҮП, ЖЫТТАНА БАШТАПТЫР”

Кылмыштын бетин ачкандардын бири Бишкек шаардык Свердлов РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Эркин Орозбеков окуяны төмөнкүчө баяндап берди:
– Белгисиз аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшөр замат окуя болгон жерге кесиптешим экөөбүз жетип бардык. Батирге берилүүчү төрт бөлмөлүү үй экен. Анын биринде 25-30 жаштардагы азиат түспөлүндөгү келиндин сөөгү жаткан экен. Мойнуна өзүнүн эле шарфы салынып муунтулуптур, тили сыртка кичине чыгып калыптыр. Сөөк эки-үч күн жатып, көгөрүп, жыттана баштаптыр. Анан ошол жерде жашаган коңшуларынан сураштырып, кылмышка илинчек болуучу жоопторду ала албадык. Эшиги сыртынан кулпу менен жабылгандыктан, үйдө бирөө бар экендигин эч ким билбептир. Алардын айтымында, келин тигүү цехинде иштеп, үйгө дайыма убагында келип-кетип, курбулары гана келгени болбосо, башка эч ким деле келчү эмес экен. Жаткан төшөгүнүн кичине жери күйүп, суу сээп өчүрүлүптүр.
Каза болгон келиндин өздүгү аныкталып, ал 1983-жылы Талас облусунда туулган М.Н. болуп чыкты. Туугандарынан, тигүү цехинде чогуу иштеген курбу кыздарынан сураштырып, алгачкы шек мурунку күйөөсү Русланбек Арзымбеков деген жигитке түштү. Себеби ал каза болгон күнү Нурзатка телефон чалып “кызыма Жаңы жылга карата белек алып койдум, сага берип кетейин” деп сүйлөшкөнүн курбусу уккан экен.
Аны үч күндөн кийин кармадык, алгач “мен ал күнү башка жакта болгонмун. Жолукпаганыма, телефон аркылуу сүйлөшпөгөнүмө да көп болду” деп жаткан. Анан ага ошол күнү ким менен, качан, кайсы жерде туруп телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүн көрсөттүк, телефонундагы чалуулар боюнча. Ал күнү ага “сен аялыңды өлтүрдүң беле?” деген суроо да берген жокпуз, “эртең да келип көрсөтмө бер” деп коё бердик. Эртеси күнү өзү келип, “болгонун айтып берейин, баары бир кан коё бербейт” деп кылмышын мойнуна алды.

“ДАЙЫМА САБАЧУ ЭКЕН”

Каза болгон Нурзаттын агасы Акылбек:
– Нурзат үй-бүлөбүздөгү алты эркектин арасында жалгыз кыз. Мектепти бүткөндөн кийин Бишкек шаарындагы 18-лицейде окуган. Аны аяктаган соң тигүү цехинде иштеп жүрдү. Негедир турмушка чыкканын жашырып, бизге көпкө айтпай жүрүп, анан күйөөсүн тааныштырды. Башында жакшы эле жашап жүрүшкөн, анан уруша башташыптыр. Бир жолу “Руслан жумушума келип ызы-чуу кылып жатат” деп мага телефон чалып калды. Иштеген жерине кирип, Русландын карындашыма кол көтөргөнүн көрүп калдым. Сабап жатканын көрүп, чыдабай уруп жибергем. Ошол окуядан кийин гана карындашым күйөөсүнүн зөөкүрлүк кылып жүргөнүн айтып берди. Көрсө, дайыма сабачу экен. Ошондон кийин экөө жашабай калышкан. Бирок Руслан “жашайм” деп кайра келип жүрчү экен.
Акыркы жолу 24-декабрда телефон аркылуу сүйлөшкөм, “айдын аягында айылга барып келем” деген. Үч жаштагы кызы апамдын колунда эле. Ошол күндүн эртеси телефону өчтү, эки күн байланыша албай койдук. Анан "эмне болду экен?" деп жеңем үйүнө барып, каза болгонун билип жатабыз. Мага да агамдын телефону менен бир жигиттер чалып, “карындашыңдын батирине келип кал” дешти. Барып дендароо болуп туруп калдым, карындашымды муунтуп өлтүрүп койгон экен.


Свердлов риибинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Замир Бектенов:
– Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында муунтулуп өлтүрүлгөнү билинди. Оперативдүү иликтөөлөрдүн натыйжасында бул кылмышка шектүү делинип Н.Мнын күйөөсү, 1988-жылы Тогуз-Торо районунда туулган Русланбек Арзымбеков аттуу жаран кармалып, кылмышын мойнуна алган. Учурда Руслан Арзымбеков СИЗОдо, тергөө иштери уланып жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Кызганычтан жубайын муунтуп салган

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(27)
06.02.2012. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыны жок кызгангандын кесепети! Келинчеги өлүп,өзү СИЗОдо. Бечара кызы эмне болот эми?
06.02.2012. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zamira, туура айтат кызы эмне болду экен
06.02.2012. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Русланды тааныйм. Ал мен жакта жашачы. Жакшы эле бала болчу, дайыма саламдашып жүрчүбүз. Бул жигитти кайсы шайтан азгырды болду экен. Өзү Казармандан болот.
07.02.2012. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1988 жылкы дейби же адашып жазып алышканбы?
SUPER.KG видео
07.02.2012. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах таалам озу инсап берсин!
SUPER.KG видео
07.02.2012. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунун кылган кыймылына жооп бербеген айбан
07.02.2012. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмуш
07.02.2012. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meesi jok akmak dese baikuwtu nege olturdu :( Kudai jazasyn bersin !
SUPER.KG видео
07.02.2012. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudaaai sakta :(
SUPER.KG видео
08.02.2012. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айбан гоо
SUPER.KG видео
08.02.2012. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eh ushul da kizganychby oshoncholuk syiso emnege ajyrashat ? ozynyn ayalyn kantip muuntat kudai saktasyn bunun baaru ichkilikten chykkan nerse ekeni anyk.
08.02.2012. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта, кызга тун жарымда эркек чалса анан ал азыр суйлошо албайм мен деп очуруп койсо,Экоо толук ажыраша элек экен кызганганго кантсе да озун кармаса болмок.
SUPER.KG видео
08.02.2012. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман болуптур, ажырашса кайра ал менен эмнеге жатты? Уйуно киргизбеш керек болчу.
SUPER.KG видео
08.02.2012. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанагы жетим калган кыздын тагдыры эмне болот?Атасы го оз жазасын алат деп ишенем.Негизи буга коп моонот бериш керек!!!Биздикилер кызы бар деп бошотуп ийишпесе эле.
SUPER.KG видео
08.02.2012. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
угуп аябай журогум ооруду! жаман болуптур.
SUPER.KG видео
08.02.2012. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЭЭ аты очкур арактын айынан.... Алаах таала баардык оз жолунан адашып жургон момун мусулмандарга, Ыйман-берсин
SUPER.KG видео
09.02.2012. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
korup kortum kudai saktsin
SUPER.KG видео
09.02.2012. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызына эле кыйын болуптур.Жалалабад обл,Достук айыл өкмотүндө да ошондой окуя болду.Күйөөсү аялын төркүнүндө жүргөн жеринен атып салган да, эки уулун машинесине салып алып келе берген.Артынан милиция келгенде,өзүн атып салган.Эмнеге андай кылганын эч ким билбейт.Атасын да атам деп издеп,таппай калыптыр дешти.
SUPER.KG видео
10.02.2012. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла таалам жаман иштерден озу сакасын!
SUPER.KG видео
10.02.2012. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ииии жаман кайгырып жатам менин жездемдин карындашы экен жанагы киши олтургон мыкаачыны кудай озу жазаласын кызына болсо бакыт каалайм кудай ошону кор кыла корбо демекчимин
SUPER.KG видео
10.02.2012. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсык каш кабактын ортосу.Эртен эмне болуп кетерин бир кудай билет.Ажал кантип келерин да бир кудай билет.Жараткан жашоону озу берет,кандай жол менен алам десе да озу билет.Шайтан аралап ажалы ошодон болсо керек.Арак шайтандын тамагы.Ошодон насиптенген тура.
SUPER.KG видео
10.02.2012. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кагылайын кудай.Билип кылган,билбей кылган куноолорубуз учун кечире кор.Жаткан жери жайлуу,топурагы торкоо болсун.Кутулбой келген кырсыктан сак бололу.
10.02.2012. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аты озгортулду деп туруп кайра Нурида деп айтып салыптыр го. Демек оз аты Нурзат эмес Нурида экен да...
SUPER.KG видео
10.02.2012. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах таала бейишинен берсин!Кызын бактылуу кыла кор!
SUPER.KG видео
10.02.2012. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай адамдарды дароо олтуруп салса
SUPER.KG видео
14.02.2012. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай адамды жок кылып салыш керек.Тооба кылдым айтканыма,Аллаа озу сактасын кырсыктардан.
18.02.2012. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1988 emes 1983 dep jazylyp turat eken
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: