ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ӨМҮРБЕК БАБАНОВ АТАЙЫН КОРТЕЖДЕН БАШ ТАРТТЫ. БУЛ ЧЕЧИМ СИЗГЕ КАНДАЙ ТААСИР БЕРДИ?

№483 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов атайын кортежден баш тартты. Өкмөт башчы муну казынанын каражатын үнөмдөө максатында жана шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо үчүн жасаганын айтып, башкаларга да ушундай кадамга барууну сунуштады. Эми мындан ары премьер-министр өткөндө жолдор жабылып, тыгындар пайда болбойт.


Самат Канатбек уулу, биолог:

– Бул туура эмес. Анткени жогорку бийликтегилер жөнөкөй адамдардан айырмаланып олуттуу маселелерди чечип, биздин кызыкчылыгыбызды коргошот. Ошондон улам аларды коргоого мамлекет кортеж берет эмеспи. Жакшы ишти бүтүрө электе өлтүрүп кетсе эмне болот?


Гүлмира Жолдошева, филармониянын ырчысы:
– Өлкө экономикалык кризиске кабылып отурганда премьердин кортежден баш тартканы, кичине болсо да жардам. Айдоочу жана жанында жүргөн жан сакчылары бирден эле болгону жакшы. Эки-үчөө болсо канчалаган чыгаша болот?



Эрмухаммед Мыктыбек, студент:

– Туура кадам. Кортеждин айынан көп адам жумушка, окууга кеч калат. Роза Отунбаева президент болуп турганда эртең менен саат 9да Манас проспектиси он мүнөткө жабылып, унаалардын тыгыны пайда болчу. Ошондон мен дайым окууга кеч калчумун. Азыр жол тосулганча жетип калайын деп 8де эле үйдөн чыгам.



Эльмира Жекшенова, үй кожойкеси:

– Муну жакшы кадам деп эсептейм. Бул казынадагы каражатты үнөмдөөгө жардам берет. Анткени бардык эле аткаминерлердин баскан-турганын, айдоочу, машина жана турак жайын мамлекет каржылап жатпайбы. Баары эле казынанын акчасын сарамжалдуу пайдаланса жакшы болмок.


Жолчу Толубаев, мугалим:

– Жакшы жөрөлгө. Анткени бийлик башындагылардын өзгөрүшү, астындагылардын да өзгөрүшүнө түрткү берип, өрнөк болот. Кээ бирлер өлтүрүп кетет дешет, бирок ал таза адам болсо, туура иштесе, ким кол салмак эле?



Элиза Жеңишбек кызы, студент:

Мен көп жолу эртең менен кортеж өткөндө жол жабылганынан улам сабакка кеч калгам. Кечинде саат 6дан кийин бир саатка дейре жолду торогонуна да кезиккем.Аткаминерлер да эл катары жолдорду жаппай эле жүрүшсө жакшы болмок.


Азимбек Сайназаров, машыктыруучу:
– Премьер-министр тартипти өзүнөн баштайын деп жатат, ошонун негизинде ушундай программаны кабыл алды.
Өнүккөн чет мамлекеттерде президент деле жөө же болбосо коомдук транспорттордо жүрөт. Мыйзамда өзү ошондой болуш керек.


Атыр Чүрөкова, мугалим:

– Жаштар министри мамлекет берген үйдөн жана автоунаадан баш тартты го. Ал "үйүм, машинам туруп ал машинаны, үйдү эмне кылам?" деди. Адам бир убакта беш унааны айдай албайт да. Бабановдун бардык шарты бар болуп турса, ага кортеждин эмне кереги бар?



Улукбек Карыбек уулу, студент:
– Мамлекет үчүн иштегендердин баары кортежден баш тартышы керек. Анткени алар бай. Буга чейин эмне деген акчаларды жеп, эл менен эсептешкенин көргөнбүз. Өз напсилерин тартып, элди ойлоп Бабановдой кадамга баары барышы керек.





Турдугүл Каримова



Өмүрбек Бабанов атайын кортежден баш тартты. Бул чечим сизге кандай таасир берди?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
04.02.2012. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdan jakshy, azamat Omurbek Babanov, ilayim ele kortejder jok bolsun, erten menen jumushka kechikmei osholor uchun. Anan alarga kete turgan akchany elge, el uchun korotushsa andan jakshy.
SUPER.KG видео
05.02.2012. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо карап койунуздарчы,баардык эле видеолор загрузка болуп жатат.Рахмат!
SUPER.KG видео
05.02.2012. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuurago dep oiloim, debei tuura dep ishenimduu joop berishse bolo elder. Ushundan bilse bolot elderdin biyiliktegilerge kichinekei da ishenim jok ekenin. Antkeni alar jon gana soz aitymysh etip,kylgandary bashka jana bergen ubadalaryn atkarbagandykdan,karapaiym eldin isheniminen chygyp kalyshkan.........
06.02.2012. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабанов жакшы жоролго баштады. Балык башынан деп койот, баштагылар онолсо заман онолот. Демек умут бар экен кыргызым!!!
06.02.2012. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура картеждин кереги жок.просто затрата
06.02.2012. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирааз картежден уномдомуш болушуп, башкасынан гилтейтип жешет алар, бул жаш баланы алдагандай эле нерсе. Андан коро, жолгирени арзандатсын, ошондо точно элдин акчасы уномдолот.Окмотун акчасы уномдолуп жатканын ким билсин.......
06.02.2012. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuura aitasyn IRA кортеж,жол киреге салыштырмалуу ото чон айырма.Сиз айткандай жол кирени арзан кылса кортежго караганда эл учун чон чон пайда.кортежду жок кылса элге пайда келиши мумкун, жол тыгындарынан бир аз арылып, бирок каржы жагынан элге баары бир .
SUPER.KG видео
06.02.2012. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Браво браво!!! мен кубанычтамын ))
06.02.2012. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабановго 5
07.02.2012. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чиновниктер эл менен аралашса кичине болсо да элдин жашоосун корушот эле!
07.02.2012. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим эле глобалный проблеманы чечип атышкансып
07.02.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Студенттерге проездной берсе болмок 250сомго, турабы?
SUPER.KG видео
07.02.2012. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oooo kudaidyn kulagy süyünsün biylik bawyndagylar kaisy kyiratkan iwine kartej menen jürüwöt,bularga bir da mawina berbew kwrek kerek bolso.El ü4ün iwteim degenderi 4yn bolso jöö bolso da jürüwü kerek
09.02.2012. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таза иштесе эч ким эч кимге тийбейт туура эле кылды
10.02.2012. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура менда колдоймю
10.02.2012. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Это просто дешевый пиар. А вы все ведетес на него. По сравнению с его схемами это копейки...
10.02.2012. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен бирок премьер министр без охрана журушу опасно Бабанов жаш кадр ага асыла бербей аны колдош керек.
SUPER.KG видео
28.04.2012. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
i chto on etim xochet dokozaty?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: