БАЛАНЫН ТӨРӨЛҮШҮ КАНЧА ТУРАТ?

№484 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.


Аялзатынын эң оор жана эң бактылуу күнү бул – жаңы өмүрдү жарыкка алып келүү. Он эки омурткаң сыздап толгоо тартып кыйналганыңды сөз менен жеткирүү кыйын. Ыңаалаган наристе үнүн укканда бардык кыйынчылык унутулуп, бакыттын кучагына бөлөнөсүң. Бүгүнкү күндө Бишкекте мындай бакытка ээ болуу канча каражатты чапчыйт? Ошондой эле бүгүн-эртең көз жарам деген эне кандай даярдык көрүшү керек?

МАМЛЕКЕТТИК ТӨРӨТ ҮЙЛӨРҮ

Катталуу
Кош бойлуу экениңизди билгениңизден кийин 2 ай ичинде каттоодон өтүүңүз керек. Башкача айтканда, жашаган жериңизге караштуу бейтапканага гана каттала аласыз. Эгер каттооңуз айылда же дагы бир башка жакта болсо, анда учурда жашап жаткан жериңизден аныктама алып келүүгө тийишсиз. Дарыгердин сизге атайын китепче ачуусу 100-200 сомдун тегерегинде.

Дарыгердин көзөмөлүндө болуу
Эгер ден соолугуңуз калыпта болсо, анда 2 ай сайын дарыгерге көрүнүп турасыз. Көзөмөлдөн өтүү акысыз. Кош бойлуу учурунда 2-3, кээде андан да көп жолу жалпы анализ тапшырып, УЗИ, доплерге түшүүңүзгө туура келет. Анализдерди ошол бейтапкананын лабораториясына 20-50 сом (ар бири) төлөө менен тапшыра аласыз. Кош бойлуулугуңуздун акыркы айында дарыгер ошол аймакка караштуу төрөтканага жолдомо берет.

Ай-күнүңүз жеткенде...
"Мамлекеттик төрөт үйлөрүндө көз жаруу бекер" деп айтылат. Бирок көз жарып чыккан энелер бир топ
акча төлөшөт. "Өзүң, кыйынчылыксыз төрөгөн күндө да дарыгерге 1000 сомдун тегерегинде акча карматсаң, ден соолугуңду улам сурап турат" дешет. Ал эми "операция жолу менен төрөө бекер" деп айтылганына карабай, 7000-15 000 сомду чапчыйт. Бизде “сүйүнчү” деген жакшы жышаан бар эмеспи. Андыктан аталар 500 же 1000 сомду чөнтөгүнө салып албаса, сүйүнчү айткан мээрман айымга, врачка уят болуп, жек көрүнөрү турган иш.

Жаткан палатаңыз
Бир палата 3-4 кишиге ылайыкталган. Мындан сырткары акча төлөп, жалгыз же жакының менен жатуучу бөлмөлөр да бар. Баасы бир күнгө – 800 сом. Бишкектеги ар бир төрөткананын шарты ар башка. Биринде ысык суу бар болсо, кээ биринде жок. Төрт маал ысык тамак берилет. Эгер сиздин жана балаңыздын дени сак болсо, анда 3 күндөн кийин үйүңүзгө чыгарышат. Чыгарда баланы ороп берген дарыгерге акча же белек берүү жөрөлгөсү да бар.

Үйгө келгениңизден кийин
Үйүңүзгө чыгып келген соң аймактык педиатрлардын бири балаңыз 1 айлык болгонго чейин жума сайын үйүңүзгө келип көзөмөлдөп кетет. Андан кийин өзүңүз балаңызды ай сайын дарыгердин көзөмөлүнөн өткөрүп турасыз. Балаңыз 18 жашка чыкканча ушул бейтапканадан акысыз тейлөөдөн өтүп турат.

МЕНЧИК ТӨРӨТ ҮЙЛӨРҮ

Катталуу
Жеке менчик төрөтканаларга катталууну ылайык көрсөңүз, мында сиздин паспортуңуз боюнча каякка катталганыңыз мааниге ээ эмес. Болгону, учурда жашап жаткан үйүңүздүн дареги керек. Катталуу үчүн 1000 сом төлөйсүз.

Дарыгердин көзөмөлүндө болуу
Менчик төрөтканалардагы ар бир кабыл алуу – 200 сом. Кабыл алууга ай сайын барып турасыз. Кош бойлуулук учурунда 2-3 жолу жалпы анализ тапшырасыз. Ар бир анализиңиз үчүн 50-1000 сомго чейин төлөйсүз. Анализдерди кабыл алуу ошол эле жайда жүргүзүлөт. Ай-күнүңүз келип, толгоо башталганда төрөт үйүнө келип жатасыз.

Ай-күнүңүз жеткенде...
Жеке менчик үйүндө сизди төрөтө турган дарыгерди өзүңүз тандап аласыз. Төрөт акысы 250 доллардан 700 долларга чейин. Катардагы дежур акушер төрөтсө, көрсөтүлгөн эң төмөнкү сумманы, андан тажрыйбалуусу төрөтсө, көбүрөөк төлөйсүз. Акча дарыгердин колуна берилбей, кассага төлөнөт. Менчик төрөтканаларда кадимки жол менен төрөйсүзбү, операция жолу менен төрөйсүзбү, мааниге ээ эмес. Башта айтылган акчаны эле бересиз.

Жаткан палатаңыз
Менчик төрөтканаларда кыз төрөсөңүз кызгылтым, уул төрөсөңүз көгүлтүр палатага жатасыз. Палаталарда телевизор, муздаткыч, даараткана, душ бар. Төрт маал ысык тамак берилет. Ушундай шарттарды түзүп бергендиги үчүн чыгып баратканда жаткан ар бир күнүңүз үчүн 1000 сомдон акча төлөйсүз.

Үйгө келгениңизден кийин
Менчик төрөтканалардан төрөлгөн балдар 18 жашка чыккыча ушул клиниканын көзөмөлүндө болот. Бала 3 жашка чыккыча ай сайын алып барып туруу зарыл. Ар бир кабыл алуу үчүн 200 сомдон төлөйсүз.







КОШ БОЙЛУУНУН ТҮЙҮНЧӨГҮ

Толгоо айтып келбейт. Андыктан 1 ай мурун эле төрөткө керектүү нерселерди камдап койгонуңуз оң.

Энеге керектүү нерселер:

  • Паспорт, анын көчүрмөсү жана кош бойлуунун каттоо китепчеси.
  • Шейшептер.
  • Төшү ачык түнкү көйнөк.
  • Байпак.
  • Халат.
  • 2 чакан сүлгү, тиш пастасы, щёткасы, балдар самыны, бет май, эмчектин үрпүнүн кесилишине каршы май, гигиеналык помада, тарак.
  • Бир нече ич кийим.
  • Таза чүпүрөк же даки (60х90, 10 даана).
  • Даарат кагазы.
  • Чыны, кашык, вилка, майлык.
  • Барак, калем сап.
  • Уюлдук телефон зарядкасы менен.
  • Термос.

Наристе үчүн:

  • 2 даана баш кийим.
  • Калыңыраак жана жука көйнөк (2 даанадан).
  • Памперс (20 даана).
  • Байпак.
  • Жалаяк.
  • Жеңил жууркан, одеяло.
  • Нымдуу салфетка.
  • Бөтөлкө упчусу менен.
  • Киндигин тазалоо үчүн: перекись водороду, зелёнка, тамчылаткыч.

ТӨРӨТТҮН ТҮРЛӨРҮ

СТАЦИОНАРДЫК (КАДИМКИ) ТӨРӨТ
Энелердин көбү көнүп бүткөн, кеңири тараган төрөттүн түрү. Дарыгерлер эне-баланын дени сак экенине ынангандан кийин гана бул төрөткө уруксат беришет.
Артыкчылыгы: Медициналык көзөмөл дайым жаныңызда, түйүлдүк кылдат көзөмөлдө болуп турат. Санитардык-гигиеналык норма сакталат.
Кемчилиги: Төрөттөн кийин ден соолук жайында болбосо, ар кандай дарыларды ичүүгө туура келет. Толгоо учурунда жанында адамдардын көптүгүнөн кысынуу пайда болот.

КАПТАЛЫНАН ЖАТЫП ТӨРӨӨ
Атайын даярдалган керебетке энени капталынан жаткырып төрөтүшөт.
Артыкчылыгы: Ыйынуу аз да болсо жеңилирээк. Төрөт учурунда ымыркай кандайдыр бир жараат алып же башы кысылып калат деген коркунуч азыраак.
Кемчилиги: Бул ыкмада төрөө үчүн атайын медициналык керебет керек.

СУУДАГЫ ТӨРӨТ
Бизде бул төрөттүн түрү кеңири тарай элек. Толгоо башталганда аял медиктердин көрсөтмөсү менен суу толтурулган жакузиге отуруп турушу керек. Суунун температурасы 36,5-37 градус жылуулукта болушу зарыл. Эне маал-маалы менен гана сууга түшөт, көз жара турган акыркы учурда креслого келип отурат.
Артыкчылыгы: Төрөт маалында ооруну жеңилдетет.
Кемчилиги: Төрөт учурунда кандайдыр бир оорчулуктар жаралса, көзөмөлгө алуу кыйынга турат. Анткени аял кыймылда болуп тургандыктан, дарыгер аны менен кошо сууга түшүп-чыга бербейт. Мындай төрөткө ар бир эле эненин ден соолугу туруштук бере албайт.

ӨНӨКТӨШ МЕНЕН ТӨРӨТ
Жаштардын көбү бул төрөттүн түрүн колдонушууда. Төрөткө күйөөсү же башка жакын адамы катыша алат.
Артыкчылыгы: Чынында, жаныңда жакын адамыңдын турганы жакшы дем-күч берет. Эгер жөндөмү болсо, массаж жасаганга да жардам берет. Аялынын төрөтүнө катышкан эркектер алда канча мээримдүү, камкор боло түшөт.
Кемчилиги: Мындайды көрбөгөн адам эмне кыларын билбей өзүнүн да, башкалардын да шаштысын кетирет. Айрым нерви жукалар, психикасы туруктуу эместер колдоо көрсөткөндүн ордуна эки эсе түйшүк жаратышат.

ОПЕРАЦИЯ ЖОЛУ МЕНЕН ТӨРӨТҮҮ
Кесарево – операция жолу менен төрөө. Бул ыкма эненин же ымыркайдын ден соолугуна коркунуч туудурган убакта жасалат.
Кемчиликтери: Операция жасоо үчүн наркоз берилет.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg



Баланын төрөлүшү канча турат?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(74)
SUPER.KG видео
16.02.2012. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин келинчегим биринчисин кыргыззстандан төрөгөн барганда эле врачка 1000 бергенбиз суйунчу деп каңкуулаганда ага миң сом бергем ар кайсыны алдырткан ага да тоолтура акча кеткен чыгарганда да баштыгы болуп колдоруна акча бергенбиз.Экинчисин Екатеринбургдан төрөлдү эч кандай документсиз эч кандай акчасыз тез жардам менен уйдөн алып кетишти аябай жакшы карап чыгарып беришти тез тезден уйгө келип баланын ден соолугун сурап турушат бир с
SUPER.KG видео
16.02.2012. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай создорду угуп бишкекте торобогонумо суйуном! кыргызстандан башка мамалекетерде эч кандай памперске акча сурабайт!
16.02.2012. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
я, до 8 месяця наблюдалась в Питере в часной клинике. На учет и на анализы вообщем, ушло 3000-4000 рублей. Потом за каждый прием 250р. чем больше срок, тем чаще приемы. И врачи ооочень внимательные, было такое, что один раз я на прием не стало ходить, так они мне позвонили и вызвали. А когда пришла мне обьяснили, что они несут ответственность за меня и за моего малыша и чтобы я больше так не делала!выписывали разные витамины. Но родила я в Киргизии.
16.02.2012. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
так, вот когда у меня схватки начались вызвали скорую и поехали. В роддоме сказали что как минимум я рожу через 2 дня а то и больше и отправили домой. Как только домой зашла, воды отошли и пришлось обратно вызвать скорую, и когда уже второй раз прехали в роддом врач говорит; "улам эле скорый чакырткан экиленген эме экенсинер". Я была в шоке. И спросила, для чего тогда ваша скорая помощь? Она промолчала. В итоге у меня давление поднялось и температура под 39.
16.02.2012. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хорошо что, смена другая пришла и там врач окозалась замечательной. Она и все заметила и температуру и давление. Потом после родов все это сказывалось на ребенка. У него появился физиологическая желтуха и температура. Ну слова богу все обошлось. Но не смотря на все это, содрали много денег. Мне не жалко. Главное чтобы мой малыш был здоровеньким!
SUPER.KG видео
16.02.2012. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анысы аз келгенсип 2 роддомдун реанимациясында иштеген медсестралар мен операцияга кирээрде телефонумду бергем кармап турунуз мен чыкканча деп, менин наркозум тарап палатага келгенден кийин телефонумду алып звонок кылсам деген единицамдын баардыгын суйлошуп салышыптыр, балансым 0го тушуп калган экен, ошентип куйоом озу чалганча кутуп жатып калгам, айтайын деп озум уялдым
16.02.2012. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйунчу, благодарность на все это ничего не жалко. Просто порой врвчи и акушеры не довольны тем, сколько ты даешь. Со мной родила одна девушка, кесарево сделели ей, ребенек не доношенный 7-ми месячный, сразу ваакум положили. У девушки кроме мужа никого из близких не был. В тяжелом состоянии их перевели в Кара-Балту с Беловодско. Так вот, в день когда их отправляли детский врач по пятам ходила и говорила "ыраазы кылып кетесинби". Бедная девушка не знала что делать. Денег у нее не было.
SUPER.KG видео
16.02.2012. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ага карабастан аман эсен коз жарып алганыма суйуном, азыр уулум 1 жаш 3 ай болуп калды
SUPER.KG видео
16.02.2012. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай кыргыстанга барып торобойм..мен дагы угуп калам аябай врачтар жаман мамиле жазашат деп,тороп чыгып кетип жатканда ачык эле айтышат экенго бирдеке тыштап кеткиле деп..ал арам окат эгер окуп калсанар врачтар уятынар жоок!!!
17.02.2012. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маалымат экен... Эртен женемди жаткызабыз 4роддомго.....
SUPER.KG видео
17.02.2012. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oto okunuchtu
17.02.2012. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россия,Россия дейбиз биздинн экономика аксап турса.кайда суйунчу,1ком уйлорду айтып жатасынар. Бизди пенсияны норм беришпейт.Россияда учет турсан жакшы карайт,барбай койсон скорый менен келип алат. Бирок ал жакта да,акча деген врачтар бар. ОМС боло эптеп карашат,акча берсен вип обслуживание болот....
17.02.2012. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейиш Энелердин таман астында деп бекер айтпайт Энелер ар дайым аман болунуздар,бар болунуздар ардайын Уйбулонуздор менен аман болунуздар жана Аллахым эки дуйнодо бактылуулукту насип этсин.
SUPER.KG видео
17.02.2012. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bilbeim men BISHKEKTE ele torogum kelet emne bolso dagy KYRGYZSTANDYN jarany bolup toroloda ,albette akcha berebiz ozubuzdun baldarybyz uchun jakshyraak torotsun dep den soolugu jakshy bala baarybyzga ele kerek,bashka jakta torogongo koshulbaim, azyr dokturlar menen suiloshup arzanyn dele tapsa bolup shartyndy tushundurup,2000-3000 somdu bashka dele nersege jogotobuz,10 -15 bala torop jurgon adam jokko ,bolso azyrky zamanda 3-4 .jeke menin oum.
SUPER.KG видео
17.02.2012. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен деле кызымды Москвада торогом.1жыл мурун.Эчтеке сураган эмес.Баары бекер мамилесине соз жок.Тез-тез келип кабар алып турушат.Чоон рахмат ошол врачтарга.Мен да угам Кыргызстанда мамилелери начар деп,бирок эчтеке деп айта албайм корбогондон кийин.Баарынан да ден соолук болсун!!!!!
SUPER.KG видео
18.02.2012. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии байкуштарым десе,кыргызстан го кыргызстан,анан бишкек,башка областарчы,айылдарычы вообще го анда ээ
SUPER.KG видео
18.02.2012. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торотканасы дейм да
19.02.2012. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alla talam, aman esen aiymdarybyz torop alywsyn oorybawsyn!!!
SUPER.KG видео
07.06.2012. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МЕН болсо Россияда тородум 2 кызымы,бироосу частныйда 2си государст баары бир акча акча экенда,пулун болсо-кулунмун бекер айтылбаптыр да!!!
SUPER.KG видео
18.06.2012. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыскасын айтканда кызарган жерин жулуп алам деп калган баары акчанын айынан.
SUPER.KG видео
18.06.2012. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо силерде башка алып баруучу жокпу ,бул кызды жаман деген ойдо эмесмин бирок кайсы видиону корсом ушул кыз .
15.10.2012. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге бекер торотпойт Алмазбек Атамбаев
19.08.2013. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
prezent, себеби Атамбаев акушер эмес да!
03.11.2012. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озундун баланан эмнени аямак элен, баарын бересин да
03.04.2013. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салам баарынарга мен азыр кош бойлуумун жолдошум москвада окуйт москвада торосомбу дегем бирок бул жакта врачтар кабыл алабы билбейм.жардам бергилечи москвада торо жашаган тааныштарынар жокпу,дегеним москвада кыргыз жараны торосо болобу
28.05.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
larin, москвада эмес баардык жерде торосо болот неге болбосун катоого туруш керек и анализдерди тапшырып туруш керек и все
18.06.2013. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Энелер аман болсун!
11.02.2014. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каякта торосон да кудайдан онунан берсин деп тилеш керек экен. Акча берсек берели, ден соолук болгону, баландын Аман болгону маанилуу экен
11.02.2014. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кесарево болуп торогом. Эч кызыкпагыла бул нерсеге айла жоктон жасалат экен да бул нерсе. Аябай кыйналгам. Эгер давления жок болсо башка себептер жок болсо озун торогонго не жетсин
11.02.2014. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кесареводо бир эле ичин эмес, матка кесилип атпайбы
24.06.2017. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жолдошум да врачтар акча алат деп жаман корчу, бирок мен торогондо менин кыйналганымды коруп, баласын колуна алганда суйунчуну чын дилидюнен эле бердиго.
24.06.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынар эле Россияны мактайсынар, эгер биздин врачтарда ошолордой айлык алганда суйунчуну талап кылышмак эмес. Врачтарда суйунчунун акчасына жашап жатпайбы, айлыктары 10 миндин эле тегерегинде, 10000 менен уй булоо багуу да кыйында.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: