Абдыгул Чотбаев: «ИЧПЕЙМ, БИРОК ИЧКИЛИК ЧОГУЛТАМ»

№485 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.


Кандайдыр бир буюмду чогултуп-коллекциялоо деле өзүнчө бир кызыктуу иш эмеспи. Коллекция үчүн акыркы акчасына чейин коротуп, дүйнө кезип атайлап издеп чогулткандар да жок эмес. Генерал Абдыгул Чотбаев коллекциясы үчүн уурулукка барганын айтып жылмайып, чогулткан буюмдары тууралуу кеп салат.

– Убагында дүйнө жүзүнүн бир топ эле булуң-бурчун кыдырдым. Көпчүлүк чет өлкөлөрдүн мейманканаларында муздаткычка арак-шараптарды салып коюшат. Өзүм ичкилик ичпегенден кийин ичпесем да үйгө ала келчүмүн. Ошондон улам ичимдикти коллекциялоого кызыгып кеттим. Учурда коллекциямда ичимдиктин 400дөн ашуун түрү бар.

– Мен бир гана ичимдиктин түрүн чогултпастан, ар кайсы өлкөнүн акча бирдиктерин, байыркы кылымдарга таандык тыйындарды чогултам. Тыйын чогултканымдын да кичинекей тарыхы бар. Баягы СССР жоюлуп, анан акча алмашканда аялыма көрсөтпөй катып жүргөн “заначкаларымдын” баары күйүп кетпедиби. Аларды эмне кылмак элем, коллекциямдын уюткусу кылып койдум. Анан чет жерлерге чыкканда сөзсүз түрдө тыйын алып келип чогулта баштадым. Таанышым жер казып жатып бир карапа тыйын таап алып мага көтөрүп келиптир. Ал карапада 1912-1916-жылдарга чейинки тыйындар бар экен.


– Коллекциямдагы эң жакшы көргөн бөтөлкө десем болот. Муну мен 1993-жылы генералдык чинди алганда кесиптештерим белек кылышкан.

– Сыранын кружкаларын да чогултууга кызыгам. Эсимде, бир жолу чет жактан келген бир мейманды коноктогом. Аны кафелердин бирине киргизсем, сыра алды. Мейманым сыраны ичпестен эле идишин кармалап кызыкканынан ага ал кружканы сурап бердим. Анан өзүм да кызыгып кетип бир кружка уурдап алгам.

– Бул алтындын буусуна карматылган жолборсту кытай генералы белек кылган. Бир топ эле баалуу.

– Негизи, үйүмдүн көп бөлүгүн эле менин коллекцияларым ээлейт. Белгилүү адамдардын айкелдерин да чогултам. Андан сырткары ар кандай статуэткалардын жанынан кыя өтпөйм.

– Үй-бүлөбүз менен жумшак оюнчук чогултчубуз. Үйгө батпай баратканынан Балдар үйлөрүнө тапшырдык. Коллекцияларыма кызыккандардын арасында "сатчы" дегендер көп. Бир жолу таанышымдан алган байыркы кылымдарга таандык колго жасалган орус падышаларынын алтын тыйынын арзан сатып жиберип аябай өкүнгөм. Булар коллекциямдын жарымы гана. Бул үйгө жакында гана көчүп келгендиктен, жарымы кутулардан чыгарыла элек.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg



Абдыгул Чотбаев: "Ичпейм, бирок ичкилик чогултам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(15)
SUPER.KG видео
18.02.2012. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чотбаев 2005 жылы ак уйдон жан сакчылары алып чыгып кетип жатканда элден токмок жегенин унутуп ичимдик чогултканы эмнеси.
SUPER.KG видео
18.02.2012. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne elden tayak jedim dep ele jogolup ketishi kerek pi, arakty koleksiya kilip chogultkany jakty maga, jakshynakai botolkolor bar eken ar kaisy jerden kelgen anan ushul araktardy uulunun uylonuu toyunda acham degeni dagy jakshy eken, negizi ele bir nerse jaksa oshonu kolleksia kilip chogultkan bul ozuncho ele uskustvo.
20.02.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тадантынызга таазим!
21.02.2012. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adelima, Кайсы талантына?
SUPER.KG видео
20.02.2012. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ха-ха -ха туур айтасыз элден токмок жедим деп баардык жашоосун таштап койсунбу?...
20.02.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коллекцияныз жакшы экен аракты качантан бери ичпей калдыныз?
SUPER.KG видео
21.02.2012. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да Уулунуздун тойунда,ичимдигине економ болоткен.
21.02.2012. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен коллекциялары
22.02.2012. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага аябай жакты Абдыгул тайкемдин турдуу коллекцияларды топтогону.аябай бир нерсеге кызыккан кыйын адам экен.урматтуу супердин редакциясы мени Абдыгул Чотбаев менен байланыштырып коюнуздарчы,номерин алып бериниздерчи?!20 дан ашык топтогон ботолколорум бар ошолорду белек катары берип коеюн Абдыгул тайкеме.
22.02.2012. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супердин редакциясы мага да номерин алып бериниздерчи?!атам ичип бошотуп койгон 200 го жакын арактын 100 го жакын пивонун ботолколору бар мен да белек катары берип коеюн,а то бекер эле уйдо чан басып топтолуп жатат,ыргытып жибергенден коро мындай коллеционерлерге саткан жакшы...думаю кымбат баада эле сатсам керек.
22.02.2012. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adelima,козуно талантуу адам корунуп турабы?!.же сахнада журуптурбу?!..
adelima,бул киши ырдабайт экен просто тыйын менен ботолко чогултат экен..
Редакция мага да номерин алып бергилечи?менин да уйумдо синдимен калган жумшак оюнчуктар бар ошолорду мен да белек катары берип коеюн..анан да сурап корунуздорчу пустой банкаларды да ала берет бекен?..югославиянын 20 000 миндик динар купюрасы да бар аны да белеке берейин деп жатам
22.02.2012. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ay adamdar emnege sahnaga 4ykpasa talanttu emes beken tobooo..... talant degen emne ekenin biraz oylonup ananjazsanae bolo.....anan dagyn usul baykedey bolup siler da bir nerse kizigaar boldunar beken..... jok siler biroonun kilgan isin je bolboso kilgan joeuguna suktanup je koz artip olturustan baka isiner jok bolso kerek....
22.02.2012. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
i anan bul jerde timele ozunordu korgozup jazipsinar bul jazganinar maga wildindaganday keldi a4ygyn aytsam..... biraz da bolso biroonun jasagan emgegine siy mamile kilgila.... a basa emgek degende dagyn jazip wikpagila kyrgyzdarga emne emgek jasap kiyratip iydi dep.... emgek degenim al kisinin emgegi elgebi ozunun kizik4ilaginaby..... jalpisinan karaganda bul da bir baykenin emgeginen kelip 4ygyp jatat....
SUPER.KG видео
24.02.2012. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы. Ачык адам экен. Кружка уурдаганынан ойдо айтып...
26.02.2012. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай-ай,кандай гана адамдар барбыз,эми ушундай айтып эмне кыласынар ал агай бошогон бутылкаларды эмес анын ичиндегиси м-н чогултуп улуу балам уйлонгондо ачып берем деп жатпайбы.ал да болсо озунун тилеги да анан калган колекциялары жакшы эле анысы озуно жагып жатат биз сындап эмне кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: