КУРСАНТТЫН СЫРДУУ ӨЛҮМҮ. ЧЫНЫГЫ СЕБЕБИ АЧЫЛАБЫ?

№485 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.


Жакында Коргоо министрлигинин алдындагы Аскер институтунун курсанты Болотбек уулу Таалайбек каза болгон эле. Окуянын тегерегинде суроолор көп, бирок жооп табылбай келет. Аскер окуу жайындагылар «жигит өзү асынып өлгөн» деген версияны карманышса, Таалайбектин ата-энеси «уулубуз өз өмүрүнө кол салмак эмес» дешүүдө.

ҮТҮК МЕНЕН БАСКАНБЫ ЖЕ КҮЙҮП КАЛГАНБЫ?
30-январда Коргоо министрлигинин алдындагы Аскер институтунун окуу корпусунун 2-кабатындагы дааратканадан 1-курстун курсанты, 1994-жылы туулган Болотбек уулу Таалайбектин асылган денеси табылган. 4-курстун эки курсанты көрүп калып, Таалайбекти асылып турган жеринен алып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Бирок ал медпунктка барганда каза болгон.
Таалайдын сөөгүн туулган айылы – Кочкор районунун Шамшы айылына алып барып, денесин жууган учурда гана көптөгөн күйүктөр, көк ала тактар чыккан. Туугандары бул боюнча окуу жайдын жетекчилигине кайрылышкан. Алар «өлүкканада сөөктү жууп жатканда ысык суу төгүлүп кетип күйүп калган» деп жооп беришкен (эмне себептен өлүк жуулганы, болгондо да ысык суу менен, белгисиз). Ал эми бутундагы тактар өтүк өйкөгөндөн пайда болгонун билдиришкен. Туугандары «күйүк үтүк менен бирөө баскандан пайда болушу мүмкүн» деп күмөн санашып, кайрадан Кочкор райондук соттук-медициналык экспертизасынан текшерүү жүргүзүшкөн. Алар денесиндеги тактар токмоктолгондон калганы, ал эми буттарында кайнак суудан күйгөн күйүк бар экендиги тууралуу тыянак чыгарып беришкен. Бирок эксперттер прокуратуранын уруксатысыз экспертизанын жыйынтыгын бере албастыгын айтышкан.

«БАЛАҢАР «СТУКАЧ» БОЛУП КАЛАТ» Байкаганыңыздай, бул окуяда чаташкан маселе көп.
Андыктан маркумдун атасы Болотбек ага менен байланышып, өз оозунан төмөнкүлөрдү уктук:
– Уулум 24-январдан 29-январга чейин каникулга чыккан. 29-январда каникулдан келип, үстүнө камуфляж сатып алып, окуусуна кеткен. Бирок окуу жайдагы рота командири ошол күнү аялыма телефон чалып, «уулуңуз сабакка келген жок, саат бешке чейин келбесе, окуудан чыгарабыз» деп айтыптыр. Аялым муну мага телефон аркылуу билдирди. Мен рота командири, капитан Токоевге барып, «эртең саат тогузга чейин таап келем» деп жагдайды түшүндүрүп, түшүнүк кат жазып берип коюп Таалайды издей баштадым. Эртеси түш ченде агам экөөбүз аны «Кудайберген» базары жактагы аялдамада отурган жеринен таптык.
«Кайда жүрөсүң, сабакка барбай?» деп сурасак, окуу жайдын кире беришиндеги текшерип киргизүүчү жайдан жогорку курстун курсанттары анын 600 сом акчасын жана камуфляж-күрмөсүн алып коюп, «дагы 1000 сом таап келесиң» деп кетирип жиберишкенин айтты. Рота командири Токоевге телефон чалсак, кире бериштен тосуп алмай болду. Окуу жайдын кире беришинен ага жолугуп, мында «дедовщина» бар экенин, Таалайдын эмне үчүн окууга барбай калганын айттык. Муну штабга билдирип коёлу десек көнбөй койду. Ал «балаңар «стукач» болуп калат, кадыр-баркы кетет. Акырындап өзүм териштирип алам. Мен деле Казакстанда окуп жүргөндө 100-200 доллар берип жүрүп бүтүп келгенмин» деди. Анан кетип калганбыз. Арадан эки саат да өтпөй агам чалып, уулумдун каза болуп калганын кабарлады. «Өзүн-өзү асып алыптыр» деп санчастка жаткырып коюшуптур. Сураштырсак, 2-кабатка бир офицердин столун жеткиргени кеткен экен, ошондон кийин эле дааратканада асынып калган жеринен табышыптыр.
Таалайбек үй-бүлөдө төрт баланын улуусу эле, азыр эки иниси жана карындашы калды. Кичинесинен эле бизге жардам берип, менин оң колум болуп калган. Ал тургай 7-класста окуп жүргөндө менин экскаваторумду айдачу.

«РОТА КОМАНДИРИНЕ ДА БИРДИК ЖҮКТӨП ТУРГАНБЫЗ»
Таалайдын атасы менен чогуу келген аталаш эжеси Гүлкайыр буларды кошумчалады:
– Асынып калган жери аябай чаң баскан жер экен, жиптин изинен башка эч нерсе жок. Муунган адам кичине тыбырчылаш керек да, эч кандай издери көрүнбөдү. Дубалда да тактар жок. Анан дагы «асынып алды» деген жери аябай бийик, шаты менен эле чыкпаса, жалгыз-жарым жеткидей эмес. Ал жерден Болот тигишинен ажырап кеткен Таалайдын шевронун (аскердик формадагы белги) таап алды. Эгерде өзү асынса, шеврон түшүп калгандай күч келбейт эле да.
Таалайдын чогуу окуган балдарына жолугуп сураштырсак, баары жаттап алгансып, эч нерсе көрбөгөнүн, «дедовщина» жоктугун, ал тургай жогорку курстун балдары жардам берип турушарын айтышты. «Силер биздин көз жашты көрүп жатасыңар, эртең дагы бирөөңөрдүн ата-энеңердин көз жашы төгүлүшү мүмкүн. Ошондуктан жок дегенде азыр айтпасаңар да, жазып таштап кеткиле» деп сурандык. Курсанттар чыгып кеткенден кийин бир кагазды столдун үстүнөн, бир кагазды столдун астынан таптык. Ал кагаздарда «Авазбек уулу Ислам. Ар бирибизге 500 сомдон», «Бека взводдон 5000 сом деген» деп жазылыптыр. Таалай мага да бир ирет «чоң курстун курсанттарына жумасына 500 сомдон берип турабыз» деп айткан эле. Андан мурун жумасына 1000 сомдон төлөшчү экен, бир курсант чыдабай, окуудан кетип баратып жетекчилигине айтып салып, ошондон кийин 1000 сомдук «ставкасы» 500 сомго түшүптүр.
Мындан сырткары Таалайдын суранычы менен ар кайсы номерлерге кээде 50, кээде 100 бирдик жүктөп турчубуз. Ал номерлердин акыркылары бизде жазылуу, анын бири рота командири Токоевге тиешелүү экен. Себеби ал ошол номер менен Таалайдын апасына «уулуңар каза болуп калды» деп телефон чалган. Сөөктү өлүкканадан чыгарып кетүү да кыйынга турду. Бирде «прокуратурага», бирде «окуу жайга алып барабыз» деп жатышып, аягында гана окуу жайга алып келишти. Журналисттердин аралашуусуна да бут тосушту.

УБАДА БЕРИШТИ, БИРОК АТКАРЫЛАБЫ?
Чуулгандуу бул окуядан кийин, 14-февралда Коргоо министрлиги маалымат жыйын өткөрүп, Болотбек уулу Таалайдын каза болгон себеби иликтенип жатканын айтышты. Коргоо министринин орун басары Замир Суеркуловдун айтымында, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Аскер институтунун командири, жетекчинин орун басары, батальондун командири, анын тарбия иштери боюнча орун басары жана взвод командири жумуштан четтетилген. Жыйында биринчи жүргүзүлгөн экспертизада маркумдун атасы менен агасы экспертизага катышуудан баш тартып, «силерге ишенебиз» деп тил кат жазып беришкени айтылды.
Бул жерде дагы бир топ жагдай бар. Ошол түнү күрмөсү менен акчасын тарттырып жиберген Таалай кайда түнөдү? Эртеси аялдамада кайдан пайда болуп калды? Күрмөсү менен акчасын тартып алган курсанттар кимдер? Тергөөчүлөр Таалайдын саат 14:40та каза болгонун аныкташкан. Ал эми Таалай окуу жайга саат 14:00дө кайтып келген. Ортодогу 40 мүнөттө кандай окуялар болгон? Бул суроолорго жоопту экспертизанын жана тергөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин берерин билдиришти. Бишкек гарнизондук аскер прокурорунун орун басары Сагындык Мукашев бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 102-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголгонун, ал ар тараптуу, так иликтене тургандыгын маалымдады.

Коргоо министрлигинин алдындагы Коомдук көзөмөл кеңешинин төрагасы Токтогул Какчекеев адамдын денеси көп турганда көгөрүп, бузулуп кетерин айтат.
– Мен мындан бир нече жыл мурун Түндүк Осетияга барып келгенмин. Ал убакта согуш болуп жаткан эле. Бир жерге барсам, 150дөй өлүк бар экен. Бир-эки күн туруп калгандыктан, денелерде ар кандай тактар пайда боло баштаптыр. Болотбек уулу Таалайдын денесиндеги тактар да ошондой болушу мүмкүн. Бирок тактар эмнеден пайда болгондугун экспертиза гана аныктайт.

САМАНКАНАДАН ӨРТ ЧЫКТЫ ДЕСЕ, САМАРКАНДДЫ ЖОО АЛДЫ ДЕП...
Бул ишке аралаш эле «каза болгон Таалайбектин сүйлөшкөн кызы, Балыкчы шаарында жашаган мектеп окуучусу Жамийла да өзүн-өзү өлтүрүп салыптыр» деген кептер чыккан. Экөөнү Ромео жана Жульетта кылып жиберишкендер да болгон эле. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, Жамийла Таалайбек каза болгонун угуп, «сөөгүмдү Таалайбектин жанына койгула» деп кат жазып, асынып алган. Бирок Таалайбектин атасы Болотбек уулунун сүйлөшкөн кызы бар экендиги тууралуу маалыматты четке какты.
– Бул жөн гана бирөөнүн чыгарган ушагы. Балким, кимдир бирөөгө ушундай окуя керек болгондур. Таалай балыкчылык кыз менен кандайча таанышат эле? Андан да аскердик тартипте кыз менен сүйлөшүүгө убактысы кайдан болсун? Телефон аркылуу байланышкан деп ойлойлу десек, аларга телефон да көтөрүп жүрүүгө болбойт. Туугандарынын эч кимисине сүйлөшкөн кызы бар экендигин айткан эмес, болсо биз деле укмакпыз да,- деп билдирди.
Окуянын чын-төгүнүн билүү үчүн Турсунбек Акунга байланышка чыктык. Ал учурда Москва шаарында экенин айтып, акыйкатчынын аппаратынын кызматкери Улан Жолдошбековго байланышууну сунуштады. Биз байланышып, Улан мырзадан мындай жооп алдык:
– Таалайдын сүйлөшкөн кызынын да асынып өлгөнү тууралуу Кочкорго барганда айылдаштарынан укканбыз. Бирок бул маалыматты тактай алган жокпуз.

Учурда бул ишти Бишкек аскер гарнизондук прокуратурасы тергеп жатат. Кырчынында дүйнө салган жигиттин өлүмү кылдат, так иликтенет деп ишене туралы.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Курсанттын өлүмүнүн сыры ачылабы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(76)
21.02.2012. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayanychtuu jaman okuya boluptur. Super info silerden suranych ushul okuya kanday jyiyntyktaldy, emne degen chechim chygaryshty, bul okuyanyn arkasynan tushuunuzdordu suranabyz, jyiyntygyn da el menen bolushup koyosuzdar degen umuttomun. Bizdin kyrgyzstandyn 'bok kursaktary' kachan esterine kelishet, ozdorun olturush kerek ushunday kylyp!!!
22.02.2012. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ech oilonboi jogorku kurstun kursantarynan 2-3 kunolusun taap, komandirin koshup turup kamash kerek po jizneno, jazanardy kudai bersin
22.02.2012. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин да иним военный болом дечу эле бир аз окуп чыгып кеткен эмне болгонун айтпайт да уйго бирок тушунуктуу достору айтып калат чыдасан болмок деп бирок бизде кыргызстанда через чур дедовщина деген.а офицерлер болсо башка жактан бутушсо керек
22.02.2012. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kim kunoolu bolso da baikuh bala kaza tapty,almonchoktoi balasynan ajyragan atat-enesi birtuugandaryna kaigyruu m-n konul aitmakchybyz,jatkan jeri jailuu topuragy torkoluu bolsun.
22.02.2012. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ошол суворовскийге коп барып калдым.Ал жактын 1-2 курсунун балдары 5-10 сурап жалдырашчу,емнеге деп сурасан чон курстун балдары сурап жатат деп...ошолордун колунан еле келди го...емнеси болсо да "айбандардын" жазасын берсин.
23.02.2012. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.
23.02.2012. 05:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун эмнеге ушуларды карашпайт кыргызтанды коргой турган балдар олуп жатат акмактар
23.02.2012. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энесине!!!Аллах райымдуу зат,Сабыр кылыныздар.
23.02.2012. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун,.Аллахым озу жазаласын куноолуулорду...
23.02.2012. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Начальствонун шалакылыгы, жазалаш керек аларды! Байкуш ата -эненин эле шору, аттин.....
23.02.2012. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун.Эми куноолуну табыш кыйынго карга карганын козун чукубайт!Мен да торт жыл мурун баламдан айрылып эч нерсе кыла алган эмесмин.Биз адамдар озубуз таш боорбуз.кайрат кылыныздар.
SUPER.KG видео
24.02.2012. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Кордогонго аллах оз жазасын берсин.
24.02.2012. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат кылыныздар.топурагы торкун болсун алла таалам коруучулордон билуучулордон эч ким кылган куноосу учун жазасыз калбайт
24.02.2012. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
командир эле эмес , окуу жайдын ректору, проректору деген аталыштагы жегичтердин козомолунун, же болбосо ишинин канчалык даражада аткарып жаткандыгынын жыйынтыгы бул! ал окуу жайга кируу учун эле 3минден 5мин америка долларын сурашат экен , киргенден кийинки взносторунун кээ бирлери гана жазылыптыр бул жерде, .. эч бир сыр алдырбай асынып олду дегенге кайсы тили барды, ооба, карэраны сакташ керек да все таки, баарын билген бала олтурулду ата =энеси карапайым адамдар, карга карганын козун
24.02.2012. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карга карганын козун чукубайт, прокуратура мн керек болсо сот, кимиси мн болсо да жен ичинен сулошуусу анык!!! ким кимди камайт эми , башкарчу бийлик озу бийлик талашып, тытышып жатышса,баары акча мн чечилип жатса, карапайым эдин коз жашын ким карап ким чечет?!! ылайым Арбагы уктатпасын!!! камандирдин да баласы бардыр, кымындай куноосу болсо, ушул кунго тушсун, Таалайдын жайы жаннатта болсун , ата-энесине ,кайрат кылыныздар, Аллахым озу жазасын берет,
24.02.2012. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта
24.02.2012. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына сага, кыргыздын келечеги, мына тартиби, тазалыгы, тактыгы, ыйманы, жоопкерчилиги, бирок командирлер бул создор жегенге кошулабы же ичкенгеби дешсе керек, манкурттар алар акчаны гана таанышат, туурабы инфо?
24.02.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaman boluptur.jatkan jeri jailuu bolsun.
24.02.2012. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.Кыргызстан онолот деп коебуз онолмок турсун жоголот жакында бири бирин олтуруп атып,кан узатпасын олтургондорду да.Мындай нерселерди коп уккам озун озу олтургонго жеткирген мыкаачыларды,СИЛЕРГЕ ОЛУМ
24.02.2012. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскер институтунун ректорун иштен алыш керек ал урод куноолуу биринчи кезекте
25.02.2012. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.Ушундай окуяларды окуп журок сыздайт.анан ким эле армияга баргысы келсин
25.02.2012. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алам супер-инфо силердин жардамынар менен откондо турктун (бетасторестеги гунеш беле ) жазасын алууга чон салымынарды коштунар бул ишке дагы катуу киришишинерди суранабыз
жаткан жери жайлуу болсун!!!кайгылуу окуя динозаврлары онуктуро турган окуу жайды жаап салуу керек озу негизи армия деле мындан айрымасы жок болсо керек азыр
25.02.2012. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык мен да уктум ле да,Балыкчыда бизден 2жыл мурун бутуруп кеткен Жамиля аттуу кыз жигит учун асынып олгонун...бирок бала жаш кен(((жаткан жери жайлуу болсун...
26.02.2012. 06:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдан коркпокон акмактар !!!!!!!!соз жок...жаткан жери жайлуу болсун,топурагы торкулуу болсун.Айабай умутсуздук менен кутобуз ,кылмышкерлер жазасын алат деп!!!
26.02.2012. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Munun artynan tushup teksherish kerek, ortodo bir syr bar. Bolboso jon jai myndai nerseler bolbosh kerek ele
SUPER.KG видео
28.02.2012. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul dele achilbait korosunorgo
25.03.2012. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibektin jatkan jeri,jailuu bolsun
SUPER.KG видео
21.05.2012. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эй качан биз, кылымыш иши ачылып соттолуп,камалып турмодо оз жазасын алып жатат дегенди коробур?????? кайсы бир крим инфону корбо кылмыш иши козголду, иш журуп жатат тиги бул анан жок натыйжа ? жэ биздин милиция бир гана кылмыш ачып элэ койгонду билеби ? кылмыш ачып койууп элэ олтуруш учун олтурат экенда анда милиция болуп? ал ишти он жашар баланы алып келип олтургузуп койсон деле кылат кылмыш ачып койуп !!!
SUPER.KG видео
21.05.2012. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
адамдын козунон билинет ким экени ! тиги нин суйлогонун карасан созун унутуп калып жатат дудаланып коздору ойноктоп зоорго элэ чыдап олтурат ошол жэрде суйлоп а неегизи чындыкты айтып чын суйлоп жаткан адам башкача болот ! мен айтат элэм буну дедавшина олтургон, аны билген ошол жэрдин чондору асынып олду кылышкан мына чындык а болбосо тиги чондоруда турмого кететда туурабы чындыкты айтышса! оун озу олтуруу кыйыын!
31.03.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун !!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: