КҮЗӨТТӨГҮ ӨМҮР САКЧЫЛАРЫ

№486 24-февраль - 1-март, 2012-ж.


Калаабызда кырсыктар көп болот. Өз убагында келген «Тез жардам» көп өмүрлөрдү сактап калган учурлар да арбын. Биз Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кабылдамасына барып, биринчи жардам көрсөткөндөрдүн ишине күбө болуп кайттык.

КАШЫК ЖУТКАН МЫРЗА, СУИЦИДГЕ БАРГАН 88 ЖАШТАГЫ АПА
Бул жерге шаардын гана эмес, Кыргызстандын бардык аймактарынан келишет. Оорукананын кабылдамасына күндүзгү саат 4төр чамасында баш бактык. Биз турган 15 мүнөттүн ичинде 3-4 адам сынык менен келип түштү. Ары-бери чуркаган дарыгерлер оорулууларды текшерип, рентгенге киргизип жатышты. Ызы-чуу, онтолоп жүргөндөрдү көрүп, элдин баары ооруканада жүргөндөй сезилет. Эң кызыгы бир сааттан кийин башталды. Эшиктин алдына милициянын кичиавтобусу токтоп калды. Ичинен конвой жана фельдшер коштогон, колуна кишен салынган, жашы 23-24төгү мырза кирип келди. Көзүмө дароо эле моюнундагы канталаган издер урунду. «Эмне болду?» деп дарыгер суроо узатканда «кашык жутуп алыптыр, билбейм, ушинтип айтып жатат» деди фельдшер мырза.
– Кашык?- деп таң калган дарыгердин жанына мен дагы барып калдым.
– Бир эмес, үч кашык жутуптур. Өзү жутмак беле, атайылап эле кылып жатышат,- деди кылмышкердин адвокаты жиндене.
– Укол сайганда оорубай калган, бирок бир аздан кийин кайра эле ооруп баштады. «Брат», колумду кичине бошотуп койчу,- деп кайтаруучуга кайрылды.
Баарыбыздын оозубузда турган «эмнеге үч кашык жуттуң?» деген суроого жигит «жашоо бербей жатышат, ошон үчүн кашык жуттум» деп жооп берди. Аны рентгенге алып чыгып кеткенден кийин дарыгерден «эми эмне болот?» деп сурасам, «кашыктар ашказан менен он эки эли ичегинин ортосунда турат. Күн өткөн сайын ал кашыктар өйкөй баштайт, анан чыдатпай оорутат» деди.
Эртеси күнү кашык жуткан жигиттин ашказанынан үч кашыкты алып чыгышканын, мурун оозу тигилип, жардамга муктаж болгондо да ушул жакта дарыланганын уктум.
Кабылдамада таң калычтуу окуялар көп болот экен. «Токсикологияга түндө бир кемпир түшкөн, уксус ичип алыптыр. 88 жашта экен, түндө туугандары алып келишкен. Кыйналып жатып таң эрте каза болуп калды». Мына сага, 88 жаштагы адамдын өзүн-өзү өлтүрүүсүнө эмне түрткү болду экен? Ойлонуп калганымды байкап, дарыгер «суицид деген балээ акыркы жылдары күч алды» деп койду.

“Жыгылабыз дешет го, жылгаяктан качышат” деген ыр саптарындай, муздан тайгаланып буту сынгандар улам-улам келип жатышты.

«ЖАЛГЫЗ ШЫМЫМ, КЕСПЕГИЛЕ...»
Оорукананын кабылдамасында кирип-чыккандардын аягы үзүлчүдөй эмес. Масы да, соосу да, «ооруп жатам, мурда травма алгам» деп
«Тез жардам» чакыртып, курулай убара кылгандар да бар экен. Кечке жуук «Тез жардам» менен мексикалык туристтер кирип келишти. Бланка аттуу айым муздан тайып кетип бутун сындырып алыптыр. Тил билбегендиктен, жаңсап көрсөтүп жатты. Дарыгер «каяктан болосуңар?» дегенде «Мехико» деп жооп берди. Дарыгер да тамашага чала «Антонио Бандерас, да?» десе, «уеs, yes» деп баарыбызга жылмаюу тартуулады.
Кабылдамага мындан соң жашы 35тердеги эже түштү. «Кырсык каш кабактын ортосунда» дегендей, мештин морун тазалайм деп чатырга чыккан экен, кар менен кошо ылдый сыйгаланып түшүп кетиптир. Дарыгерлер «жүлүн жабыркаган» деп диагноз коюп, эжени реанимацияга алып жөнөштү.
Көпчүлүк учурда мас абалында кырсыкка учурашат окшобойбу, адамдар. Жашы 50дөн ашып калган мырза жумушка шашып бара жатып, жолду кыскартам деп муз каптаган суунун үстүнөн өткөн экен. Тайгаланып кулап кетип, бутун сындырып алыптыр. Күлкүлүү жагдай, буттагы жараатты көрүү үчүн шымын кесели деп жатса, тиги киши караманча каршы чыгып жатпайбы. Врачтар «жок, чечиш керек же болбосо кесебиз» дегенинде «мындан башка шымым жок, акыркы шымым» деп бөлмөнү күлкүгө бөлөдү. Жалгыз шымды чын эле кантип кесип салышсын? Жагдайды түшүнгөн врачтар шымын чечип, бутун гипстеп беришти. Ушундан аз өтпөй көчөдө жашаган аялды алып келишти. Жагымсыз жыттан мурдубузду кармап араң турдук. Буту сынып, таман жагы өзүнчө бөлүнүп калыптыр, болгону, тери гана кармап турат. Сүрөткө тартып жатканыбызды байкаган аял «эмне тартып жатасыңар?!» деп биз менен уруша кетти. Бутун түздөшүп, гипс коюп, палатага алып кетишти.

Ошентип, 5-6 саат кабылдамада болуп, күлкүлүү, кайгылуу, жүрөк үшүткөн да окуяларга күбө болдук. Кырсыкка кабылгандардын саны аз болсун деп, дарыгерлерге ийгилик, аманчылык тилеп, редакцияга бет алдык.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg



Күзөттөгү өмүр сакчылары

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
SUPER.KG видео
25.02.2012. 06:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ar bir adam densoolukta bolso eken ech kimge ooruunu kaalabaim aman esen aiygyp ketishsin ...
SUPER.KG видео
25.02.2012. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллах озу сактасын. жанагынын буту жаман сыныптыр го а.
SUPER.KG видео
26.02.2012. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коргонумо кубанып калдым селсаяктаргада эл катары жардам корсотуп жатышканына,бут баарына чын ден соолук каалар элем!
SUPER.KG видео
27.02.2012. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунарга береке берсин Аллахым колдосун ар бир кылган ишинерди, Аллах ырааазы болсун силерден!!!!
27.02.2012. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалгыз шымы олсо кантсин анан байкуш
SUPER.KG видео
28.02.2012. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адал ишти БИСМИЛЛААХИР РОХМАНИР РОХИИМ деп, жакшы ниет менен баштоо керек.
АЛЛАХЫМ бөөдө кырсык, бөөдө кайгыдан ӨЗҮ сактаса экен!
28.02.2012. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кошмар
28.02.2012. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дарыгерлердин барына шугур. Алар болбосо сынып-сунуп эле журо бермекбиз да. Аман болгула кагылайын калайык журт.
28.02.2012. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оозундагы САГЫЗЫНДЫ алып анан интервью алсан болмок. Уят эмеспи!
01.03.2012. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буту сынгандарды көргөндө сагызы оюна келеби.
02.03.2012. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kameraga tartyp atkanda,baary churkap kalyshkango tim ele. Negizi olup baratsanda azyr koietur dep juro berishetko. Bolmolordun ichi ujasnyi eken, sanyk mynyk shkaftar, eki kichinekei butylka dary, andan bashka echnerse jok. Okunuchtuu ushunchalyk jakyr,nachar medinizabys karalbai kalganyna
SUPER.KG видео
09.03.2012. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчиден ден солук болсун е достор
SUPER.KG видео
10.03.2012. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adamdyn den soolugu 4yn bolso al adam baktykuu.. e4 ka4an oorubanyzdar
21.03.2012. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кырсык каш-кабактын ортосунда-сак болгула!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: