ӨЛҮМ МЕНЕН АЯКТАГАН ТАКСИСТТИН САПАРЫ

№486 24-февраль - 1-март, 2012-ж.


Акыркы учурларда оңой оокат табуунун жолу таксисттерди тоноо болуп калды окшойт. Биз сөз кыла турган окуя да айдоочунун өлүмү менен бүтүптүр.

ДЕНЕСИНДЕ ТАМТЫК ЖОК
13-январь күнү кечки саат сегиздерде Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын четиндеги талаадан киши колдуу болуп өлгөн азиат түспөлүндөгү адамдын сөөгү табылган. Денесинде тамтык жок эле. Колдору моюн орогуч, чүпүрөк менен таңылып, оозуна чүпүрөк тыгылган. Көп өтпөй эле каза болгон кишинин өздүгү аныкталат. Ал курулуш тармагында иштеп, эл ташып кошумча каражат тапкан 1971-жылы туулган Таалайбек Ходжалиев болуп чыкты.
2-январда Таалайбектин жубайы Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине күйөөсү 1-январда Фольксваген Гольф автоунаасы менен үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегенин маалымдаган. Андан бир нече күндөн кийин сөөк табылып, кылмыш иши козголгон. Ал эми Таалайбек Ходжалиевге таандык автоунааны Ысык-Көл облусунан табышкан. Бул оор кылмышка шектүү делинген эки жаран кармалды.

ИЗ ЖАШЫРЫП, ӨЗ КОРООСУНАН АЛЫС ТАШТАП...
Иликтөөлөрдөгү маалыматтарга таянсак, окуя төмөндөгүдөй болгон. Кылмышка шектүүлөр Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаңы конушунан такси кармашат. Таксисттин тагдыры ошол жерден эле чечилген, анткени алар аны тоноп, машинасын алып кетүүнүн планын алдын ала түзүп коюшкан эле.
Ошентип, экөө айдоочудан Новопавловка айылына чейин жеткирүүнү суранышат. Айылдан чыгып, ээн, адам өтпөгөн жерге келгенде таксистке машинаны токтотууну айтышат. Таксист машинанын ылдамдыгын азайтып, токтотордо экөөлөп кол салышат. Аны мыкаачылык менен уруп-сабап, колу-бутун таңып, моюн орогуч менен муунтуп өлтүрүшөт. Маркумду машинанын багажына салып, чөнтөгүн да аңтарганга жетишишет. Жанында болгон бир аз акчасын жана уюлдук телефонун алып, жансыз денеден кутулуунун жолун издешет.
Экөө тең Новопавловка айылына жакын жердеги Алтын-Ордо жаңы конушунда жашагандыктан, билинип калбайлы деп алысыраак жакка алып барууну чечишет. Ошондуктан алар сөөктү Военно-Антоновка айылынын жогору жагындагы талаага алпарып ташташат. Кылмышты кылгандан кийин окуя тынчыгыча деп автоунааны Ысык-Көл облусуна айдап кетишет.

“МАШИНАНЫН ТЕТИКТЕРИН САТЫП БАЙЫШМАК ЭКЕН”
Кылмыштын бетин ачкандардын бири, Сокулук РИИБинин из кубары Данияр Сапарбаев иликтөөнүн сыры менен бөлүштү:
– Кылмышты изилдеп баштаганда эки версияга токтолдук: бири – акча маселеси боюнча болушу мүмкүн болсо, экинчиси – унаасын алуу үчүн таксистти өлтүрүшү ыктымал деген. Мунун экинчиси туура болуп чыкты. Ходжалиевдин машинасы боюнча Кыргызстандын бүт аймагына маалымат жиберилип, ал автоунааны Ысык-Көл облусунан көргөндөр бар болуп чыкты. Аталган автоунаадагы эки киши Барскоон айылындагы май куюучу жерден карызга бензин куюп кетишиптир. Күрөөгө Ходжалиевге таандык уюлдук телефонду жана курулушка керектүү аспаптарды ташташкан. Ал жерде кылмышка шектелгендердин биринин досу бар экен, ага да жолугушкан.
Кийинчерээк бул автоунаа Ак-Суу районундагы айып аянтчасына токтотулган. Көрсө, автоунааны белгисиз адамдар мас болуп алып айдап жүргөндө МАИ кызматкерлерине кармалышыптыр. Аларда машинага тийиштүү документтер да, өздөрүнүн документтери да болбогондуктан, автоунаа айып аянтчасына токтотулган экен, бирок өздөрү кармалган эмес. Ошол илинчектен улам бул кылмышка Асылбек жана Нурлан деген балдардын тийиштиги бар экендигин билдик. Аларды Бишкек шаарынан колго түшүрдүк. Бири – 1992-жылы Жалал-Абад облусунда туулган Адылбек уулу Асылбек, экинчиси – 1982-жылы Нарын облусунда туулган Нурлан Байжигитов.
Булар кармалганда эле кылмышын моюнуна алышты. Азыркы убакта тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат. Сурак учурунда алар “машинаны сатып жибермекпиз” дешкен. Бирок документи жок автоунааны ким алмак эле? Биздин оюбузча, алар автоунааны тетиктерге бөлүп сатып жиберишмек. Бизде Гольф үлгүсүндөгү автоунаа аябай көп. Ошондуктан анын тетиктерин сатып жиберүү оңой. Нурлан Байжигитов машина оңдоочу жайда иштеген экен, ага тетиктерди сатуу оңой болмок. Учурда экөөнүн үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.



Өлүм менен аяктаган таксисттин сапары

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
SUPER.KG видео
25.02.2012. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oooo Kudai sakta adam olturuuu chymyn olturuudoi ele bolup bara jatat ko, bul japjash baldar ishtebei ele adam olturup, omurun turmodo otkozguloru kelebi.
SUPER.KG видео
25.02.2012. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aar degen jok akmaktar advkat silerdi saktap kalchidaisinarda oz jazasi menen ketkeni jakshi bolysh kerek
SUPER.KG видео
25.02.2012. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sledovatelu sokulukskogo roovd mojno bylo podgotovits9 hot9by birtke u9t ele
SUPER.KG видео
26.02.2012. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы Таксист болуп иштейм коркуп калдым
SUPER.KG видео
27.02.2012. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тергоочу кыргызча суйлогонду унутуп калган го
SUPER.KG видео
27.02.2012. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды атыш керек. ал да токоч табайын деп чыккан ыйманы саламат болсун атыш керек антип песе бул улана берет
Модератор MiranA түзөттү 28.02.2012 09:19
28.02.2012. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы кундору таксисттерге кол салгандар кобойду
29.02.2012. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тетиктер канча акча болмок эле ошол учун рисковать этпей эле койбойбу? ужас бир адам бир машина учун жок болуп кетти
29.02.2012. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
камаш керек акмактарды
01.03.2012. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай акмактар акыркы кундору жаман кобойуп баратат,жок кылып салыш керек
04.03.2012. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тобо, кантип бироонун тагдырын талкалап олтурууго колу барды. Алар да адамго акыры. Алар учун бир адамдын омурунон машина бийик турат экен да. Кудай озу жазасын берсин.
07.03.2012. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге олум жазасын киригизиш керек!!! Качанга чейин бейкуноо адамдар оло беришет да, куноолу адмадар тируу журо беришет! Мындай айбандарга "только" олум!!! Ушул макаланы окуп жаткандар, силер озунорду олгон адамдын ордуна коюп коргулочу, уй-було багам деп иштеп журсонор эле эки бейтааныш адам эч бир себепсиз сени бууп, бычак сайгылап олтурушко аракет кылып жатса эмне болот эле?!!! Олгон адамдын "Ата" деген чырактай жаш кызы, жаш баласы, "Ага" деген иниси, "балам" деп эркелеткен апасы
07.03.2012. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атасы калып жатат!!! Турмого кылмышкерлер батпай баратат! Кылмышкерлерди багабыз, кайтарыбыз деп мамлекет турат! Жогоркудай айбандарга бир 10 граммдык ок жумшап коюп, бул айбандарга кеткен чыгымдарды, песияга, пособияларга, айлыктарга жумшаш керек!!!! Кандай гана адилетсиз, мыйзамсыз мамлекет - Кыргызстан!!! Кыргызстан мамалекетинин башкаруучуларына 1000 нааалат!!!!!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
16.03.2012. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олум жазасын кайрадан иштеп чыгышса болоор эле! мындай малдарды атып жок кылыш, уй булосун багайын деп эптеп жан сактап жургонду олтуруп кайдагы акча учун!!! каракчылар, мындайларды жер жузунон жок кылыш керек, туптуз эле тозокко тушосунор да малдар!!!
16.03.2012. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекташ, мен сизге кошулам !!! Акмактарды только атыш керек !!!
SUPER.KG видео
19.03.2012. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капырай тергоочу кыйналып аран суйлогонун кыргызча))
30.04.2012. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жоок,ага окшогон акмактарга ок коротуп олтурбай баарын бир жерге тыгып туруп колдоруна бычак берип бири бирин олтургуло тируу калган азаттыка чыгат деп айтыш керек ,анан кучтуусу тируу калат вот аны бир ок менен тынчытса,байкуш мамлекетибизге да кичине пайдасы тиймек)))
SUPER.KG видео
14.05.2012. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо кыйын азыр кимге ишенээринди да билбейсин чын эле ошолор олтурдубу же тергоочулор коркуттубу? Колго барганча МАИ кызматкерлери тоскон жокпу? Маркумдун арты кайрылуу болсун!!
SUPER.KG видео
01.06.2012. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээк! кишинин итиркейин келирип суйлогонун, кыргызча суйлогонду уйронгулочу ай, ушу кантип болсун эне тилин билбеген.
Тиги айбандар жазасын алса экен. ЭЧКИМ ЭЧКИМДИН ОМУРУН КЫЙГАНГА АКЫСЫ ЖОК!!!!!!! Таксисттин аялы жесир, балдары жетим калды да сыздап. Жараткан элибизге ыйман бере кор.
SUPER.KG видео
06.10.2012. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билин бул кыргыстанда жашап жаткандар озун унутуп койгонго кыргызча суйлосо болбой бекен уйат кыргыз мындеп айт пай эле кой же эмне россияда орустар кыргызча суйлой бекен ойлончу кыргызым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: