ЧАК ТҮШТӨ «УУГА ЧЫККАН» ТОНООЧУЛАР

№488 9-март - 15-март, 2012-ж.


Бул окуя Голливуд тасмаларындагы курч эпизоддорду артка таштачудай. Сиздин, биздин эле замандаштар, болгондо да жапжаш, 20-22 жаштагы жигиттер каракчылыкка айыпталып кармалышты. Куралданган алар так эле тасмадагыдай “жерден өсүп чыга калышып”, а дегенге алын келтирбей ири суммадагы акчасын алып кетишкен. Андан да кызыгы, кармалган жигиттердин бири белгисиз себептер менен азыр боштондукка чыгып кетиптир.

ЖҮРҮП БАРАТКАН МАШИНАНЫ АСЫЛЫП ТОКТОТУШКАН
28-февралда кечке жуук борбор шаарыбыздын 5-кичирайонунда жайгашкан күркөдөн фирманын экспедитору Сергек Абдыкеримов товарын өткөрүп, акчаны алып чыгып келе жатканда кол салууга дуушар болгон. Иликтөөнүн версиясы боюнча, тапанча, таяк менен куралданган бет капчан үч адам Сергек автоунаасына отурар замат чуркап келишип, моюнуна илип алган сумкасын тартып алууга аракет жасашат. Сергек каршылык көрсөтүп, машинаны айдап, каракчылардан качып кетүүгө аракет кылат. Бирок автоунаа жүрүп баратса да эшигине ач кенедей жабышкан тоноочулар аны тапанча такап коркутушат.
Ошол маалда жардам берип жүргөн Сергектин аялы кыйкырып жиберип, каракчылар жакын жерде күтүп турган күмүш түстүү БМВ автоунаасына отуруп качып жөнөшөт (ким билет, аялы көрүп калбаганда дагы бир адам өмүрүнөн айрылат беле). Жөн кетпей сумкадагы ири суммадагы (73 миң сом) акчаны алып кеткенге үлгүрүшкөн. Сергек болгон окуя тууралуу ошол замат фирманын жетекчилигине, жетекчилик өз кезегинде милицияга билдирет.
“Уурунун арты кууш” дегендей, ошол убакта Октябрь РИИБинин оперкызматкерлери өз автоунаасында баратып жол чыракка токтоп калышат. Алдында турган БМВнын номери чүпүрөк менен жарым-жартылай жабылып калганы из кубарларга шектүү көрүнөт. Шектүү көрүнгөн автоунааны жөн гана текшерип коюуну чечишет. Мындан аркысы кинодогудай уланат: автоунаанын ичинде тапанча, таяктар менен куралданган бет капчан адамдар... Капканга так белинен чабылган жигиттер каршылык көрсөтүп, качып кетүүгө аракет жасашат. Из кубарлар табелдик курал менен асманга ок атып, экөөнү кармап калышат. Экөө качып кеткенге үлгүрүшөт. Экөөнүн колуна кишен салып бөлүмгө алып келишсе, каракчылык тууралуу маалымат жаңы гана түшкөн экен. Булардан кийин көп өтпөй шериктери да колго түшүрүлөт.
Кылмышка шектүүлөр Бишкек шаарынын Ак-өргөө жаңы конушунун тургундары 1991-жылы туулган Акназар Адилбеков, 1990-жылы туулган Алым уулу Асан, 1989-жылы туулган Адилет Эсенкулов жана 1991-жылы туулган Борончу уулу Дуулат болуп чыгат. Алар отуруп келе жаткан машинаны жана башка жерге токтотуп коюшкан Хонда Одиссей үлгүсүндөгү автоунааны тинткен учурда ичинен белгисиз үлгүдөгү 2 тапанча, бет каптар, 2 бычак, темир жана жыгач таяктар табылган.

БЕКЕРЧИЛИКТИН “ЖОРТУУЛУБУ”?
Окуя тууралуу угуп, Октябрь РИИБине барганыбызда кылмышка шектүү балдар менен жолугуп, суроолорубузга жооп алууга үлгүрдүк. Алардын айтымында, бардыгы биринчи жолу кылмышка барып жатышат. Кызыгы, алардын бири “акча керек болуп каракчылыкка бардым” десе, бири “жөн эле бекерчиликтен барганмын” дейт. Бирок маалыматтарга караганда, "акча керек болуп кылмышка бардым" деген Акназардын ата-энеси ири ишкерлер.
Андан соң окуянын чоо-жайын жабырлануучунун өз оозунан угалы деп, кылмыш болгон жерден болжоштук. Тилекке каршы, “жабырлануучу өзү айтып бермек, бирок коркуп калыптыр. Окуянын кандай болгону тууралуу мен эле айтып берейин” деген фирманын аты жашыруун калуусун каалаган кызматкери төмөнкүлөргө токтолду:
– Ушуну менен Сергекке экинчи жолу кол салуу болуп жатат. Мындан бир ай мурун да ушундай кол салуу болгон. Бирок Сергек каршылык көрсөтүп, жакын турган дүкөнгө кире качып, акчаны алып калган эле. Акчаны алып кетпегендиктен, милицияга арыз жазган эмеспиз. Ошондо кол салгандар да ушул эле балдар болсо керек деген ойдобуз. Себеби ошондо кол салгандар кара түстөгү Хонда Одиссей үлгүсүндөгү автоунаа менен жүрүшкөн. Бул сапар да кармалган балдардын экинчи автоунаасы кара түстөгү Хонда Одиссей болгон. Бирок кол салгандар мында да, ошол убакта да бет капчан болушкандыктан, ушулар деп так айта албайбыз.

“БУЛ ТОП БУГА ЧЕЙИН ДА КАРАКЧЫЛЫККА БАРЫП ЖҮРГӨН”
Ал эми Октябрь РИИБинин жетекчиси Рафик Мамбеталиев бул топтун биринчи эле кылмышы эмес деп эсептейт.
– Маалымат түшөр замат атайын опертоп жөнөп кеткен. Аларды таап, кармоо учурунда биздин оперкызматкерлерге каршылык көргөзүп, качып кетүүгө аракет кылышкан. Кармалган балдардын автоунаасын тинткен учурда ичинен белгисиз үлгүдөгү 2 тапанча, 4 уюлдук телефон, бет каптар, атайын жасалган жыгач, темир таяктар табылган.
Оперативдүү маалыматтар боюнча, бул кылмыш тобунда булардан башка да мүчөлөрү бар. Алар буга чейин да бир нече жолу каракчылык кылып жүрүшкөн. “Ким кайсы жакка акча ташып жатат?” деген сыяктуу маалыматтарды да жакшы билишкен. Орусча айтканда, булар “наглеть” этип кеткендиктен, бет кап тагынып алып күндүз эле тоноп жүрүшкөн. Учурда иликтөө амалдары жүрүп жатат, калган мүчөлөрүн кармагандан кийин башка да кылмыштарга тийиштиги бар экендигин тактайбыз. Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Эгер сүрөттөгү жигиттерден жапа чеккендер болсо, бизге төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюшса:
(0312) 54-41-16, 43-32-75

ШЕКТҮҮНҮН БИРИ БОШТОНДУКТА
Макала даярдалып жатканда биз кылмышка шектүү делген жигиттердин бири (оперкызматкерлердин айтымында, топтун уюштуруучусу) Акназар Адылбековду белгисиз себептер менен Октябрь райондук сотунун Камбаралиева аттуу судьясы эч жакка чыкпоо кепилдиги менен чыгарып жибергенин уктук. Кармалгандардын үчөөсү СИЗОдо. Таламандын так түшүндө тоноочулукка барганын айтып отурган жигитти неге бошотуп жибергени белгисиз. Балким, чындап эле “күнөөсү” башкалардыкынан азыраакпы же аты жакшы акча роль ойноп кеттиби, ким билет...



Чак түштө "ууга чыккан" тоноочулар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(22)
SUPER.KG видео
10.03.2012. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда ото кирминал болуп кеттиго,жаш еле балдар кылмыш кылып жатышат,от безделия деп койётжумуш деген толтураго иштесе болмок,камоо керек булга окшогон кылмышкерлерди!
SUPER.KG видео
10.03.2012. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жон эле аны кармап камабай еле. бир жолу ескертуу берип екинчисинде олтуруп коюш керек. бир ый менен бутуп калат. егерде тируу болсо канча азап тозокторду ата енесине жуктойт
SUPER.KG видео
10.03.2012. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ot bezdeliya-dep koyet uyalbay, bezdelnik bolboi anan ishtebeibi, ata-enesin uyat kilip, Kudai saktasin ushunday uyati jok baldardan, urdagan jokmun anan bilgen emesmin dep koyushat kantip ele bilishpesin,korkup jatishat ta tushton kiyin dagy shugur ech kimdi olturushpoptur,janagy ayal kiykirbaganda kim bilet emne bolmok.Japjash baldar, jandy keyitishet ta.
SUPER.KG видео
10.03.2012. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gamzat09 Эмне деп суйлогонуну озун билип жатасынбы? Закон есть, и для всех один, возраст у них достиг, надо жестко их сожать,байкуш адам оокат кылып журсо тоногону для тебя норма, анын ат энесин тебе не жалко! жестко буларды камаш керек
SUPER.KG видео
10.03.2012. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
катуу жазалаш керек, кыргызстан качангыга чейин ушинтип журо берет элек!!! булар эртен чынып кайта эле конуп калган ишин кылат да!
SUPER.KG видео
10.03.2012. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ех тынч жашоо жоке качан болсо талап тономой . ата енелери коруп жерге киргидей болуштуго.
SUPER.KG видео
11.03.2012. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атанесинин тарбиясы жетишпегендиктен барды да булар,жакшы адамдын балдары жакшынале окуп же иштеп атанесине каралашып журушот
SUPER.KG видео
11.03.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал ата энесинин тарбиясынан эмес балдардын озунон бала жаман болсо ошондой жаман ишке барат. эмне жетишпейт тушунбойм тынч эле жашап журо берсе болот да туурабы?
12.03.2012. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jigitterdin biroosun emnege 4ygaryp jiberet tuwunbodum? Bul jerde da ak4a rol oinogonda, ustudo jazyp turbaiby ata - enesi iri iwkerler eken dep. Demek ak4a menen 4ygaryp ketiwken. Ki4ine adilettuu bolsonor4u, uyalbaisynarby? uyat uyat. Ata - eneler baldarga ki4inesinen jakwy tarbiya bergenge araket kylaly, baardygy tarbiyadan kelip 4ygat.
12.03.2012. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jigitterdin biroosun emnege 4ygaryp jiberet tuwunbodum? Bul jerde da ak4a rol oinogonda, ustudo jazyp turbaiby ata - enesi iri iwkerler eken dep. Demek ak4a menen 4ygaryp ketiwken. Ki4ine adilettuu bolsonor4u, uyalbaisynarby? uyat uyat. Ata - eneler baldarga ki4inesinen jakwy tarbiya bergenge araket kylaly, baardygy tarbiyadan kelip 4ygat.
SUPER.KG видео
13.03.2012. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алардын жазасын бериш керек.Биз качан пара корлуктан кутулабыз туугандар?
SUPER.KG видео
13.03.2012. 06:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzstanga baryp omyr bou owol jakta jawagym kelet, birok yroidy u4urgan okuialardy internet bulaktarynan kop okup alyp bargym kelbei ketet. jada kalsa ki4inekei baldar da kriminal 4oirosyndo
SUPER.KG видео
13.03.2012. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул балдардын кээ бирин коруп журчумун, ата-энелери жакшы адамдар, я просто в шоке!
SUPER.KG видео
14.03.2012. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ata ene min kakwap aitkan kundo da balada akyl bolwu kerek. bajkuw ata enesinde ne kuno.Ar bir ele ata -ene balasyna tatyktuu tarbija beret, no ewike 4ykkan bala,kowulgan dostoru ailana 4oirosu na4ar bolso,bir zamatta ele buzulat,jakwy bolu asta asta jaman boluw bir pasta degen uwuda.No KGda ak4an bar bolso baaryn buturso bolot.Superinfo aitkandai 1 balanyn uigo ketiwine ne sebep boldu dep oiloisunar? ak4a ele bolso kerek, ge Taanywy Milizjada iwteit,ge da bir 4oon kyzmatta
14.03.2012. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aknazardın ata enesi iri işker bolso koneçnooo çıgarıp aldı da
SUPER.KG видео
14.03.2012. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
организатора этого разбойного нападения , отпустили продажные судьи. что толку милиция пашут как лошади а судьи отпускают за деньги! судья Камбаралиева кажется отпустила. вот так вот!
SUPER.KG видео
15.03.2012. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул досторум беймарал го жазасын алыштары керек жаман ишке барышыптыр менин да тагамды ушундай зоокурлор тоноп олтурушкон да
15.03.2012. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адашып жакшы баа берип коюпмун жаман берем деп жатып кечиресиздер
16.03.2012. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул иш боюнча тергоо бутту. Милициялардын фантазиясын сотто коробуз. Чистая воды фальцификация доказательств.
SUPER.KG видео
23.03.2012. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jabjash baldar turmodon daagy jindi bolup chigishat kiyin kishi oturguch bolushat baarina mamleket kunoluu ishtegen ishteri akchalari bolso ushuga barishpayt ele da
06.05.2012. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
конечно балдарды муунтуп токко тартырып айттырсса. куноонун баарын Асан м-н Акназарга жуктоп коюпсунар. как вам не стыдно. ушул окуя м-н кимдин делосун жаптынар болду екенсинер. пусть вас сам бог накажет .
06.05.2012. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
если Акназардын ата енеси ири ишкер болсо, силердин бир сомунардын дагы кереги жок болсо керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: