БИР ҮЙ-БҮЛӨНҮ ӨЛТҮРҮП КЕТИШКЕН. КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КОЖОЮНДУН ДОСУ ЭЛЕ...

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.


Бул окуянын түйүнүн чечүү үчүн өткөн жылдарга кайрылганыбыз оң. Тактап айтканда, 2010-жылдын 20-августунда Бишкектеги бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсүн өлтүрүп кеткен кылмыш иши катталган. Бул адамдардын өлүмүнө себепчи деп шектелген жаран эки жылдан кийин кармалып отурат.

КЕЙСТИН ИЧИНДЕ АКЧА БАР ДЕП...
Кандуу окуяны мурун гезитибизге жарыялаган элек. Милиция кызматкерлери "кылмышка шектүүлөр кармалды" деп айтышканы менен, соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында камакка алынган жаран жетиштүү далил жоктугунан жоопко тартылган эмес. Окуя каза болгон үй ээсинин кызынын жана тергөө материалдарына таянсак, төмөндөгүчө болгон.
2010-жылы 20-августта, саат 18дер чамасында телефон аркылуу милиция кызматкерлерине кылмыш тууралуу кабар келип түшкөн. Кабарды ошол үй-бүлөнүн Наргиза аттуу кызы маалымдаган. Окуя болгон күнү Наргиза жумуштан үйүнө келип, ашканада эт тууралып, картошка-пияз аарчылып, тамак даярдалып жатканын көрөт. Бейкапар 2-кабаттагы бөлмөсүнө кирип кийим которуп чыккандан кийин гана үй ичи чачылып жатканын байкап, жакындарын издей баштаган. Жер төлөгө түшүп, диванда канга боёлуп жаткан иниси Адилет менен сиңдиси Элизанын жансыз денелерин көрүп жүрөгү түшүп, тааныштарына, милицияга телефон чалып кабарлаган. Аздан кийин от жагуучу жерден апасынын буту чыгып турганын көрөт да, эмне болгонун түшүнөт. Шокко кабылган кыз сыртка чыгып башын мыкчып отуруп калат.
Милиция кызматкерлери келген учурда ал ошол калыпта отурган экен. Бир туугандарынын, апасынын жансыз денесинен кийин атасынын өлүгүн табышат. Баары өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ар кандай версиялар айтылып, анын ичинен “тоноо үчүн өлтүрүлгөн” дегенге көбүрөөк токтолушкан.

ӨЛТҮРҮҮГӨ СҮЙҮНЧҮЛӨП КИРИШКЕН
Жабыркаган үй-бүлө кимдер эле? Аларды ушундай мыкаачылык менен эмнеге өлтүрүшкөн? Анда суроолорго жооп издеп көрөлү.
47 жаштагы Жолдошбек Керимкулов бизнес менен алектенчү. 44 жаштагы жубайы Жийдебүбү Касыкеева экөөнүн Асел, Наргиза, Элиза аттуу кыздары жана 15 жаштагы Адилет деген уулу бар эле. Улуу кызы Асел турмушка чыгып өз алдынча, кичүүлөрү ата-энеси менен жашашчу. Ошол күндөрдүн алдында үчүнчү кызы Элизаны турмушка узатууга даярданып жатышкан. Үй-бүлө ошондо ири өлчөмдө насыя алмакчы болуп жаткан. Тергөө версиясы боюнча, кылмышкерлер Жолдошбектин артынан жарым күн аңдышкан. Көлөкөдөй ээрчип, банкка кирип, мүлк баалоочу кызматкерди үйүнө алып барып күрөөгө коюлуучу үй-мүлкүн көрсөткөнүн көрүшкөн. Банк кызматкери колуна документтер салынган кейс көтөрүп жүргөндүктөн, анда акча бар деп ойлошкон.
Банк кызматкери кеткенден кийин көп өтпөй экөө баштыкка мылтык салып алышып Жолдошбектин үйүнө сүйүнчү сураган адам болуп киришет (бири Жолдошбектин жакын досу болгон). Себеби кандуу окуянын алдында Бекболот (тергөө кызыкчылыгынан улам шектүүлөрдүн аты-жөндөрү өзгөртүлдү) уулдуу болгон экен. Үй ээси экөөнү үйгө киргизип, дасторкон жаят. Бекболот “үйдү жылытууну жакшы жасатыптыр деп уктум эле, бул балага көрсөтүңүзчү, ал да үй салып жатты эле” деп суранат. Үчөө жер төлөгө түшүп баратканда Бекболот байкатпай тепкичте жаткан союлду кармай кирет. Үй ээсин башка бир нече ирет чаап өлтүрүшөт да, анын аялын чакырышат. Жер төлөгө түшкөн кожойкени ошол замат атып салышат. Мылтыктын атылган үнүн угуп чуркап түшкөн балдарын мылтык такап коркутуп акча талап кылат. Бул убакта Мирбек (шектүүлөрдүн бири) сыртка чыгып дарбазаны ичинен бекитип, жер төлөнүн терезелерин да төшөнчүлөр менен жылчык чыгарбай жаап салат.
Балдардан Жолдошбектин насыя ала электигин билишкенден кийин тирүү күбөлөрдү эмне кылышмак? Элизанын “байке, бизге тийбей эле коюңуз, кааласаңыз айылга телефон чалып, болгон акчанын баарын алдырып берели” деп чырылдаганына да карабай Адилет экөөнү диванга отургузуп, мылтыкты баштарына такап туруп атып салышат. Мылтык жакын такалып атылгандыктан, балдардын каны артындагы дубалга атайылап боёк чачкансып чачыраган. Кийин төртөөнүн денесинен 55 бытыра ок алып чыгышкан. Андан соң экөө үйдү чачып баалуу буюмдарды издеп, үйдүн ичин үч көтөрүшөт. Жийдегүлдүн капчыгынан 100 доллар, баалуу алтын буюмдарды жана үй ээсинин травматикалык тапанчасын алып, дарбазаны сыртынан бекитип, ачкыч менен ала чыккан үйдөгү уюлдук телефондорду агын сууга ыргытып жиберип, из жашырышат. Алтын буюмдарды ЦУМдун жанындагы алтын алуучу жерге арзыбаган акчага өткөрүп жиберишет.
Кылмыш ишин иликтөө учурунда из кубарлар отуздай кишини кармашкан. Жетөөсү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болсо, он беши Орусия менен Казакстандан кармалган. Илинчектер уланып отуруп, акыры Бишкек ШИИБинин из кубарлары башкы күнөөкөргө чыгышкан. Ошентип, 31 жаштагы Мирбек аттуу жигит жакында укук коргоочулар тарабынан кармалды. Ал буга чейин Бишкек шаарында такси айдап иштеп келген. Тааныштарынын айтымында, Мирбек акыркы кездерде түнт болуп кеткен. Ал эми кылмышка шектелгендердин башкы каарманы Бекболот каза болуп калган. Ал кумар оюндарына жакын болгондуктан, казинолорго көп келчү экен. Ал мындан бир нече ай мурун Бишкектеги казинолордун биринде ойноп отурган жеринде инфарктка кабылган. “Тез жардам” чакырылып, ооруканага жеткирилгенден кийин каза болуп калган.

“ӨЛҮМ ТАРТЫЛГАН ВИДЕОНУ ТАРКАТЫП ЖИБЕРИПТИР”
Үй-бүлө мүчөлөрүнөн аман калган Аселди кепке тарттык.
– Кылмышка шектелип кармалган Мирбек кимдир бирөөлөрдөн коркуп, күнөөнүн баарын өзүнүн моюнуна алып жатат деп ойлойм. Өзү кылмышка катышкандыгын айтканы менен, бирок "мен өлтүргөн эмесмин, карап турганмын, бүт баарын Бекболот кылган" деп өлгөн адамга шылтап жатат. Тергөө уланып жатат, мүмкүн, дагы жаңы нерселер чыгып калышы ыктымал. Ал эми Бекболот ата-энемдер менен катташып эле жүрчү. Мени турмушка узатып жатышканда да чуркап жүргөн. Бирок адамдын ичинде эмне бар экенин билбейт экенсиң да. Буга чейин оорубай-этпей, жакшы эле жүргөн Бекболот кармалардын алдында казинодо ойноп отурган жеринен жүрөгүнөн инфаркт болуп көз жумду. Балким, ал көп нерсени айтып бермек, андыктан ал да киши колдуу болуп өлүшү мүмкүн деп эсептейм. Менимче, дагы ачыла элек сырлар бар.
Дагы ичти ачыштырганы, кылмыш ишин тергеп жаткан Жыпара Канатова аттуу тергөөчү өз ишин канааттандырарлык аткарган жок. Тамак ичкен столдогу идиштердеги колдордун издерин да албаптыр. Кийин гана өзүм чуркап жүрүп бүтүрттүм. Бир жолу “Дордой” базарындагы диск саткандар менин үй-бүлөм өлтүрүлгөндөн кийин тергөө үчүн тартылган видеону көрсөтүп жатышканын угуп калдым. Сураштырсам, чынында эле биздин жердештер ошол дискти көрүшүптүр. Көрсө, тергөөчү Жыпара Канатова тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн тартылган видеону “Дордойдо” иштеген эжесине берип коюптур. Ал болсо жердештерин чогултуп алып көрсөтүптүр. Тергөөчү Канатованын үстүнөн арыздансам, жетекчилиги аны жумуштан алганын айткан. Кийин уксам, Ленин РИИБинен алып, Чүй облусундагы башка РИИБге которуп коюшуптур.

Бул кылмыш иши боюнча ИИМдин маалымат кызматынын инспектору Эрнис Осмонбаев буларды билдирди:
– Бул кылмыш боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүү деп эч жерде иштебеген Бишкек шаарынын 31 жаштагы Д.М. аттуу тургуну кармалып, камакка алынды. Ал кылмышын моюнуна алган. Анын айтымында, Э.Б. аттуу Аламүдүн районунун тургуну экөө тоноо үчүн бул кылмышка барышкан экен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Бир үй-бүлөнү өлтүрүп кетишкен. Кылмышка шектүү кожоюндун досу эле...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
SUPER.KG видео
30.03.2012. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жерлери жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
31.03.2012. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх, заман. 2 жыл созулганы жаман болуптур биздин милиция тез иштебейт да, кызы менен жигитинин телефондогу суйлошуусунон эле кимдер экени аныкталган экен. Жаткан жерлери жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
31.03.2012. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dostorgo degi ishenip bolboit, koro albai ele olturup saldi emne tapti ozu dagi oldu, ushundai adamdarga tan kalam emne paida tabishat? Biroolordu jakshiligin koro alishpait, bayisan dagi abailash kerek ech kimge aitpash kerek bolup kaldi okshoit bul zamanda.
SUPER.KG видео
31.03.2012. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла жазасын бериптир го........
SUPER.KG видео
31.03.2012. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай озу сактасын.бир козун бир козуно душман деген чын окшойт.
SUPER.KG видео
31.03.2012. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай кайгыны эчкимге бербесин кудайым.Азыркы жашоодо акча болсо да азап,болбосо да азап.Бирок жанагы олтургондорго ойлонбой туруп эле олум жазасын бериш керек.Акча учун ушунча кишини олтуруш керек деген эмне,булар адам эмес эле айбандар.
SUPER.KG видео
31.03.2012. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олтургон адам озу да олуптур,бул дуйнодон болбосо аркы дуйнодон жазасын алат болуш керек.жанындагысын катуу эле жазалаш керек.куноосуз адамдарды,балдары менен. мыкаачылар кандай коркушпайт.эмне демекчимин жаткан жерлери жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
01.04.2012. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарын Бакытка тонкоптур Мирланда да куноо болсо керек каттуу жаза бериш керек. Ушундай чарчап кетесинда Биздин Милиция кызматкерлери Эшек такалап отурабы? ошол мезгилде эксперттер мн текшерип жазасын берсе! Эх кайран дунуйо баары калат биз кетебиз. Оо дуйного байлык жыйнайлы!!!
02.04.2012. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар кайда баратабыз ооо кудай.
02.04.2012. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sahalin, Ойлонуп жаз! Кыргыздар деп Кыргыздын баары эмес арасында ушундайлары бар.
02.04.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жерине тушунгон жокмун.Макалада тергоо кызыкчылыгы учун деп атын Бекболот деп озгортуп,анан медиапорталда озунун атын эле айтышыптырго Бакыт деп?
02.04.2012. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акча учун эмне болуп озгоруп кетет адам эээ алла пенденин напсиси кайда барат качан тыйылат озун таразала!
02.04.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jatkan jerleri jayluu bolsun.
02.04.2012. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliza jakwy kiz bol4u 4oguu okuganbyz,kuday jakwy korgon pendesin erte alyp ketet tyra
SUPER.KG видео
03.04.2012. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана кайгылуу окуя. Кудай сактасын, эч кимдин башына мындай окуяны салбасын. Пенделерге кудайым озу нысап берсин...
03.04.2012. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйлагын келет озунчо эле кино бир жакшына уйбуло жок болду жаткан жерлери жайлуу болсун
04.04.2012. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanday gana akmak adamdar!?emne tergoochugo bir uy buloonun olumu oyun korunuppu?ayal bawu menen... Jatkan jerleri jayluu bolsun!
04.04.2012. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kylmywkerlerdi karmap eldin kozyn4o tiryyloi orttow kerek,markumdardyn jatkan jeri jailuu bolsun
04.04.2012. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайгылуу окуя экен. 1-подтемада кейстин ичинде акча бар деп турат. Бирок текстте айтылбаптыр.
04.04.2012. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайгылуу окуя аябай .. жаткан жеринер жайлуу болсун бул дуйнодо ишке ашпаган ойлорунар, ал жакта кабыл болсун , ал жырткычтар жооп беришет баарына
05.04.2012. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
smertnaya kazn' bolso bizdin mamlekette,myndai okuyalar azyrak bolmok bele........(((
05.04.2012. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирөөлөрдун жансыз денесин көруу эмне анча кызык туюлду аларга. .Диск саткандар го аман болушсун.Напсинин кулу болбой,жеңе билсек мындай нерселер болбойт беле.Өкұнұчтұұ.,Жаткан жерлери жайлуу болсун!
05.04.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛА жазасын берсин. Астагфируллах.
SUPER.KG видео
05.04.2012. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
olum jazasy jok da Atambaev olum jazasyn chygarsa yrazy bolot elem
06.04.2012. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла жазасын берсин мыкаачылардын
30.05.2012. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун,убагында бул уй було да далай адамдын коз жашын агызган... Ашыкча копкон болбойт да дунуйо,акча деп...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: