СНАЙПЕР – КӨЗГӨ АТАР КӨРҮНБӨС КАРААН

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.


Ушундай кесип бар, замандаш. Снайперлер тууралуу жазсам деп кызыгып жүргөнүмө көп болду. Андыктан чыгынып, Токмок шаарында жайгашкан “Скорпион” атайын багыттагы бригадасынын көзгө атарлары даярдык өтүп жаткан жерге жөнөдүк. Максатыбыз – бул кесипти жакындан билүү.

«ШАМАНДЫ» ӨЗДӨРҮ ДАЯРДАШАТ
Биз барганда чалгындоо отрядынын өздүк курамы полигондо ок атуу машыгуусунда жүрүптүр. Атуу, чалгындоо, тоо-талаага чыгуу, спортзалда жана атуучу жайда машыгуу – спецназ жоокеринин кадыресе күнүмдүк жашоосу. Чалгындоо отрядында чалгынчы, пулемётчу, сапёр, радиотелефончу, фельдшер жана гранатамёт аткыч сыяктуу адистери болот. Бир жагында пулемётчулары бутага атып машыгып жатышса, дагы бир жагында гранатамёт менен эски БТРди аткылап жатышты. Карап турган адамдын үрөйү уча тургандай.
Биз кыл мергендер (снайпер) тобуна бет алдык. Снайперлер оптикалык кароолу бар снайпердик мылтык менен куралданышат экен. Маскировка кылуу үчүн кышкысын кардын үстүндө ак халат жамынышса, башка убактарда “шаман” аталган жалбырак халаттарды кийишет. Аны эски-уску камуфляж кийимдерден снайперлер өздөрү даярдашат. Алар менен сүйлөшүп жатып, бул кесип тууралуу төмөнкүлөрдү билдик.
Снайпер үчүн маанилүү нерсе – ата турган жердин орду, абалы, милтени басуу, мээлегичти орнотуу, аба ырайынын факторлорун эсепке алуу. Ар бир снайпер өзү байкалбай тургандай ордун жана билинбей чегинүүнүн жолун таба билиши зарыл. Бул үчүн “Скорпиондун” жоокерлери жайкысын коңшу өлкөлөр менен чектешкен тоолорго барып, бир нече ай машыгып келишет. Айтымдарында, ал жердеги ашуулардын коён жатагына чейин билишет. Кыл мергендер тоодо, талаа-түздө атууну мыкты билүүсү кажет.

«БИЗДИН СНАЙПЕРЛЕР ЧЫДАМДУУ КЕЛИШЕТ»
Отряддын командиринин орун басары Нур Курманалиев аттуу жигитти бул арада сөзгө тарттым.

– Снайпер болуу үчүн кандай даярдыктар керек?
– Сөзсүз түрдө аскер кызматын өтөп келген, ден соолугу чың, психологиялык жактан мыкты даярдыкта болушу зарыл. Бир нече жоокер менен мушташтырып, күчүн сынап көрөбүз. Мүнөзүнө карап снайперликке тандап алабыз. Чыдамкай, эр жүрөк, оор басырыктуу болушу шарт. Аларды андан ары өзүбүздүн офицерлер тарбиялап алышат.

– Көзгө атарлардын кесиби оорбу?
– Тапанчаны кобурадан тез алып чыгуу оңой сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул да өзүнчө искусство. Снайпердик мылтыктан атуу да ошондой, ар бир кыймылды иштеп чыгыш керек. Курал менен бир бүтүнгө айлануу зарыл. Снайпер тажрыйбасына карабай дайым таамай атуу курстарынан өтүп туруусу талапка ылайык. Антпесе формасын жоготуп коёт. Бир эле учурда байкоочу жана чалгынчынын кызматын аткарат. Снайпер өзү билип керектүү бутаны таап, бир атуу менен жок кылышы керек. Күтпөгөн жерден пайда болуп, душманды дүрбөлөңгө түшүрүү да анын милдети.

– Апрель окуясында снайперлер элге карай ок атпады беле... Бул окуяда ошол жерде болгонсуңарбы?
– Жок, биз Ак үйдү кайтарган эмеспиз. Биздин бригаданын 50 жоокери Апрель окуясы учурунда борбордук аппаратты жана башкы штабды кайтарган. Негизи, бизди ички тирешүүгө колдонбош керек. Биздики сырттан келүүчү душмандарга каршы даярдала турган жоокерлер.

– Башка өлкөлөргө салыштырмалуу биз­дин снайперлердин даярдыгы, жабдуулары кандай?
– Өнүккөн өлкөлөрдүн жоокерлерине караганда биздин жоокерлердин жабдуулары төмөн болушу мүмкүн. Бирок даярдык, чыдамкайлык жагынан биздин жоокерлер алда канча өйдө. Анткени алар тоолук болгон үчүн кандай жер болбосун, талаа-түзбү, тообу, жашоо-шартына көнө берет.

«КЕСИП ЭМЕС, ЖАШОО ОБРАЗЫ»
Кыл мергендердин бири Элдос Сарыбаевге да бир нече суроо менен кайрылдык.

– Кесибиң сен үчүн?..
– Бала кезимден эле снайпер болууну эң­сечүмүн. Аскерден кийин ойлонбой туруп бул кызматка келдим. Эң башкысы, мекенге керек экениңди сезесиң. Каалоо күчтүү болсо, баарына үйрөнүп кетүүгө болот. Снайперлик – кесип деп айта албайм, мен үчүн жашоо образы.

– Көзгө атарга эмнелер керек?
+96
– Дайыма чеберчилигин өркүндөтүп, денесин жана духун машыктырып турушу шарт. Мен 2 жылдан бери кызмат өтөйм, ошентсе да күнүгө окуп, машыгып турам. Снайперге сабырдуулук, чыдамкайлык өтө керек. Мисалы, үстүңдү курт-кумурска каптап кетсе да кыймылдабай жатышың керек. Кесибимди жеңил деп айта албайм. Моралдык, психологиялык даярдык да сөзсүз керек.

– Кесибиңдин доору канча жыл?
– Снайпер пенсияга чыккандан кийин деле снайпер бойдон калат.

– Канча аралыктан бутага тийгизе аласың?
– Эң башкысы, аба ырайына карап мээлегичти жакшылап орнотушту билүү керек, ошондо бутага 1000 метрден тийгизсе болот.

– Адамдарга карата курал колдонгон учур болду беле? Же өзүң кимдир бирөөнүн бутасына айланып дегендей...
– Бизди сырттан душман келсе гана колдонушу керек. Андыктан согуш болбой эле койсо дейм. Мм... Мени мээлегендерби, билбейм, болсо болгондур, бирок түз аткан эмес. 2010-жылы Ош коогалаңында бизге өзбектер тараптан снайпер ок аткан. Ошондо Азамат Сурантаев аттуу кесиптешибиз жүрөгүнө ок тийип каза болгон.

– Куралга кандай мамиле кыласың?
– Оо, бул сүйүктүүбүз да. Мылтык – снайпердин ишенимдүү досу же аялы деп койсок болот. Дегеним, өзүңдүн куралыңды эч кимге карматпайсың, назик мамиле кыласың. Негизги куралыбыз – СВД (Драгуновдун снайпердик мылтыгы), бирок мындан башка да “Винторез” дегенибиз бар, ал кыска аралыктагы согушууда колдонулат. СВДны 800 метрден мээлеп тийгизүүгө болсо, аны 400 метрден мээлеп тийгизүүгө болот.

– Айлыгыңар канча, үй-бүлөнү бакканга жетеби?
– Кудайга шүгүр, жетип жатат, мындан сырткары ата-энеме да белек жөнөтүп турам.

Минтип биз көргөн бир күндүк атуу, чалгындоо, талаа жүрүштөрү сыяктуу күчөтүлгөн машыгуулар бул – спецназдын күнүмдүк жумушу. Алар дайым даярдыкта. Мекенибизди коргогон ишенимдүү жоокерлер бар экендигин биле жүрүү да адамга бейпилдик берет.

«Снайпер» — англис сөзү, «snipe shooter» – которгондо “бекас аткыч” дегенди түшүндүрөт. Бекас – кичинекей чымчык. Ал ойкуп-кайкып учкандыктан, аны бардык эле мергенчилер ата алган эмес. “Снайпер” деген түшүнүк 18-кылымда пайда болгон. Биринчи дүйнөлүк согушта аскерлердин расмий лексиконуна кирип, азыркыдай мааниге ээ болгон.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Снайпер – көзгө атар көрүнбөс караан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(26)
SUPER.KG видео
31.03.2012. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salam 96
SUPER.KG видео
01.04.2012. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шаардык айрым ак кол жигиттерди аскерге жонотуш керек!суттун бетиндеги каймагын эле жей бербей, анын кандай туйшук менен жараларын сезиш керек.


SUPER.KG видео
01.04.2012. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-инфо менден силерге коптон куткон эн зарыл бир суромо жооп алгым келет. Суром томондогучо "Канткенде мен "super kg" сайтындагы форумчулар менен бирге дайыма откорулуп туруучу бильярд мелдешине катыша аламын?
Сураныч суроомду жоопсуз калтырбагылачы.
Модератор MiranA түзөттү 02.04.2012 09:42
02.04.2012. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткен согушунда булар кайда эле?
02.04.2012. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошону айтсан???
02.04.2012. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вау!Мен суйгон кесип
SUPER.KG видео
02.04.2012. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо, сонун! :)
02.04.2012. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oiieeeeeeeeeeeee.............. kighinemde kyialdanchu eiem....men suigon, kyialymdagy kesip....
03.04.2012. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Скорпион" Баткенден кийин түзүлсө керек.
04.04.2012. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ow koogalanyna katywkam,bizdin snaiperlerdin kolunan e4 nerse kelgen emes,korynyktyy e4 bir jasawkan jok,baikuw bir snaiper4i koz jumdu jatkan jeri jailuu bolsun oz el,jeri y4yn jan berdi,koldorunan e4 nerse kelbegen snaiper4ilerdin bizge emne keregi bar
04.04.2012. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uli OSh, sen bulardi da tushun, bulardin ustunon komandirleri bar, osholor kunoluu bulardin kolunan ech nerse kelbegenine
04.04.2012. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Сурантаевдин жаткан жери жайлуу болсун.Менин курбумдун жигити болчу.uli.osh снайпер десе эле өзбектин баарын кырып салыш керек беле?аларга приказ берилет билсең.И так канчалаган бейкунөө адамдар каза тапты.канчалардын психикасы бузулду.Көзгө көрұнөө иш кылгандары ушул да.Сени,мени баарыбызды коргойм деп жұрұштұ.Мышык майга жетпей,сасык дептир...
04.04.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булардын бар экендиги жакшы, бирок суппер газетасы жайгашкан жерин жазбай эле койсонор жакшы болмок бизде КР секрет нерсе калабы же койнубузда жаткан душмандарды унутуп калдыкпы эки эле жыл болдуго.
SUPER.KG видео
04.04.2012. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козго атарлар корунбош керек эле негизи. Анан мына менмин деп бироосу чыгып алыптыр го :)))
04.04.2012. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
контрактниктердин жашаган адрестерин да жазып койгула
04.04.2012. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kushtar Germanijadan saga chon salam.Azamat,iygilik saga.Korup alip abdan kubandim.Maga jazip tur nazgulya85@mail.ru.
Bizdin silerge okshogon jookerleribiz bar ekeni menen siymiktanabiz.Nazgul.
05.04.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткен окуяларанды Скорпион бар болчу, алар Баткенде болушкан
06.04.2012. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нукура снайперлер ачыка чыгышпайт,булар СВД (снайперская винтовка драгунова)кармашса эле болдубу?менин жээнимде да бар андай мылтык...ошто коогалан болгондо каякта эле бул эржуроктор?оздору непрофессионалдарга мишень болушуп!
06.04.2012. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оххооо жашасын кыргыз армиясы.50деген санын бул мактанганыбы я.
07.04.2012. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kushtar Bakalchiev attu leitenatti taanigandar barbi?
08.04.2012. 06:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апрель окуясынан кийин жаман кором, ушул снайпер аткандарды((
08.04.2012. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар аман болгула, ошол снайперди душмандар учун гана мээлегиле, бийликтерилердин созу учун элге эмес, алга кыргыз!!!
09.04.2012. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар,аллах колдосун!50болсода ушундай мекен коргочулар бар болгонунуа суйунгулочу достор, скорпион ошто болгон а озунор кайда эленер "u4kunu4kun","uli.osh" и силердин колунардан эмне келди? же обязательно баары жанын бериш керек беле герой болобуз деп?
09.04.2012. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куштар Бакалчиев деген своровскийде окууп буткон баланы мен тааныйм бирок лейтенанпы билбейм. канчанчы жылкы и кайактык? может мен таныган баланы сурап жатасын Naza_Baisal
SUPER.KG видео
30.04.2012. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын, снайперчи *снб*дай жашыныш керек и озунун ким экенин элге корсотпошу керек!!! Аллахым озу сактасын согуштан, бирок душман эчкачан катардагы салдатты биринчи атпайт эн кыйын эн мыктысын биринчи прицелге алат!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: