КАН КОЁ БЕРБЕЙТ, КЫЛМЫШКЕР 9 ЖЫЛДАН СОҢ КАРМАЛДЫ

№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.


Окуя мындан 9 жыл мурун Кемин районунун Орловка айылында болгон. 3 жашар наристени өлтүрүп, дагы бир нече кишини бычактаган кылмышкер изин суутуп кеткен. Ал эми гана кармалып отурат. Бул окуядан улам “кан коё бербейт” деген кептин чындыгына ишенесиң.

ЧЕТИНЕН БЫЧАКТАП КИРГЕН
Тергөөнүн версиясы боюнча жана жабырлануучулардын айтымында, окуя төмөнкүдөй болгон. 2003-жылдын 2-сентябрында түн жамынып көп кабаттуу үйдүн 2-кабатында жайгашкан батирдин балконуна жакын жердеги бак аркылуу эркек адам чыгат. Ал терезеден кирип, уктап жаткандарды четинен бычактап баштаган. Ал үйдүн кожойкеси Жийдегүлдүн татар улутундагы Ринат Закиров аттуу таанышы экен. Ал түнү Жийдегүлдүн үйүндө кызыл камчы күйөөсүнөн качып, бул үйгө конуп калган кошунасы Элмира да бар эле.
Ринат караңгыда жакшы тааный албай, алгач Элмираны бычактаган. Элмира “мен Жийдегүл эмесмин” деп качканга аракет кылат. Жийдегүл да ойгонуп кетип өз бөлмөсүнөн чыга келет да, жалаңдаган бычактын мизине туш болот. Жан таттуу эмеспи, Жийдегүл уктап жаткан кыздарын таштап качып чыгат. "Наристелерге тийбейт" деп ойлогондур, элди жардамга чакырып келишсе, Ринат күнөөсүз наристелерди бычактап, качып кеткенге үлгүрөт. Улуу кызы Алина бычак жеп, бирок аман калат. Ал эми 3 жаштагы Алия жүрөгүнө сайылган бычактан мерт болот.
Мындай канкорлук кылган Ринат Закировго издөө жарыяланат. Изин суутуп кеткен Ринат 9 жылдан кийин гана кармалып, жакында Казакстандан алынып келинди. Ринат ал жакта да бирөөнү өлтүргөндүгү үчүн камалган экен. Абактагы мөөнөтүн өтөгөндөн кийин Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

“КОРКУНУЧТУУ ТҮШТӨЙ ЭСИМДЕ” 

Канкордун колунан бычак жеп, бактыга жараша, аман калган ошол кездеги 5 жашар Алинанын бетинде бычактын изи калган. Бул иш боюнча изилдеп, аны тапканыбызда жүзүндө эле эмес, жүрөгүндө да өчпөс так калганын байкадык.
– Ошол күнү үйдө сиңдим экөөбүз эле болчубуз. Бир киши келип “апаңар каякта?” деп сурап, жок экенин айтсак, кетип калган. Кийин апам келди. Жатып алганыбызда Элмира эже “күйөөм мас, силердикине жатып алайынчы...” деп келип калды. Ага залга төшөк салып бергенбиз. Бир маалда балкондун терезесинин сынганы, ага удаа эле Элмира эженин кыйкырганы угулду. Апамды ойготсом, ал туруп, чыгып кеткен. Ал жакта эмне болгонун билбейм, бир убакта Ринат байке бөлмөгө кирип келип бычак шилтегенде бир манжамдын тырмагы шылынып түштү. Аркама бычак сайып, бетимди тилип салды. Анан Алияны сайып, үстүнө төшөк жаап коюп чыгып кетти. Андан кийин бизди “Тез жардам” менен алып кетишти. Ринат байкени мурун бир-эки жолу көргөнмүн, ага апам таежемден карызга акча алып берген экен. Бул окуя азыркыга чейин коркунучтуу түш сыяктуу эсимде.

“ОКУЯДАН КИЙИН НЕРВ ООРУГА КАБЫЛДЫ”

  Жийдегүл кызын өлтүргөн адам кармалганын, тилекке каршы, билбей калды. Анын дүйнөдөн өтүп кеткенине бир жылдай болуптур. Жийдегүлдүн бир тууган агасы Сабатбек үй-бүлөдөгү трагедияны айтып отурду.
– Мага 3-сентябрда карындашым Жийдегүлдүн оор абалда ооруканада жатканы тууралуу кабар беришти. Ошол замат келинчегим экөөбүз Кемин райондук ооруканасына барсак, реанимацияда жатыптыр. Дарыгерлерге карындашыма кан куйганга жана дарыга деп акча таштап, Орловкадагы ооруканада жаткан жээниме бардык. Алинанын жанында атасы бар экен. Ал эми Алияны туугандары ошол эле күнү жерге беришиптир. Андан бери 9 жыл өтүп калды. Милиция кызматкерлери кылмышкерди дале таппай жатышканын айтып келишкен. Эми кармалып, Казакстандан алынып келиниптир.
Ринат Закиров дегенди мен көргөн да эмесмин. Карындашымдын айтуусуна караганда, ага туугандарыбыздан карызга акча алып бериптир. Ринат “мен акча алган эмесмин, бербейм” деп танып чыкканда Жийдегүл милицияга берип коюптур. Анын кантип милициядан чыкканын билбейм, ошол замат арак ичип алып Бишкектен Орловкага барыптыр. Анан жанагы окуя болуп жатпайбы. Жийдегүл ушундан кийин оорулуу болуп калды. Кийин рак менен ооруп жүрүп, туура бир жыл мурун каза болду. Артында кызы, уулу калды. Балдардын атасы да каза болуп калгандыктан, аларды мен багып алгам. Улуусу Алина 8-класста окуп жатат, кичүүсү 4кө чыгып, быйыл бала бакчага барды.

“КАЗАКСТАНДА ДА КИШИ ӨЛТҮРГӨН”

Аталган кылмыш ишин тергеп жаткан Кемин РИИБинин тергөөчүсү Асел Сагыналиева төмөнкүлөрдү билдирди:
– Кылмыш болгондон кийин 1967-жылы туулган Закиров Ринат Фаридович качып кеткендиктен, ага издөө жарыяланган. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-берене (киши өлтүрүү) жана 28-97-беренелери (киши өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Бул жаран 2006-жылы Казакстандын Алматы шаарынан кармалган. Алматыда да ал киши өлтүрүү боюнча камалып, мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин Минск конвенциясынын негизинде бизге өткөрүлүп берилди. Кылган кылмышын моюнуна алды, учурда тергөө жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү Ринат Закиров:
– Мен ошол түнү Жийдегүлдүн үйүнө киргенмин. Анын керебетинде бирөө жатканынан ойношу деп ойлопмун. Ачуум менен бир нече жолу бычак сайдым. Анан баланын үнүнөн бала экенин билип, кетип калдым. Андан кийин качып кетип, Казакстанда курулушта иштеп жүрдүм. Ал жакта кошунам өлүп калып, мени күнөөлүү деп камап коюшту.



Кан коё бербейт, кылмышкер 9 жылдан соң кармалды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
07.04.2012. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
аай шумдугун кургур шумдугун кургур не деп айтышты да билбейсин го кебетесинен кан жеп жургон вампирлердей корунот наристени бычактаганга кантип колу барды болду экен акмаак ото аянычтуу мындан башкасынын канчасын шорун кайнатты бул адам сымал адамдан откон айбан жок экен озу
SUPER.KG видео
07.04.2012. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
М
Мындайларды озулорун муздап салышкерек.
SUPER.KG видео
07.04.2012. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу Олко Башчылары, ушундай зоокурлорду жана педофилдерди- олум жазасына же -омур бою турмого отургузганга-Закон чыгаргылачы, суранабыз, Биздин келечегибизди, балдарыбызды ушинтип кыйнап-шок кылып, омрун бузгандар-булар жырткычтар!!!
SUPER.KG видео
07.04.2012. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adam emes aiban turbaiby adam keipin kyigen kudaiym bersin jazandy
SUPER.KG видео
08.04.2012. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
almatyda karmalbasa bizdin kyrgyz militsyasi bok any tabishmak
SUPER.KG видео
08.04.2012. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындай мыкаачы айбандардын орду турмодо.жазасын катуу бериш керек аябай эле.колу менен кылганын мойну менен тартсын.куноосуз наристени олтуруп,апасын,эжесин бычактап,айбан.ошол бычак менен озун союш керек.
10.04.2012. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адам эмес, айбан экен!
SUPER.KG видео
10.04.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Глаза как у шакала....да таких примиком казнить надо....!!!А наша провительство именно с такими сюсюкаются,я ваще удевляюсь куда смотрят нашы провохранительные органы...?нашы жизни,жизни нашых детей каждый день подвергаются опасностям из за таких как он....!!!
10.04.2012. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай айбанды атып салыш керек
10.04.2012. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zakir, ошону ким атат? (андай кылыш керек, мындай кылыш керек деп депутат окшойсун)
SUPER.KG видео
12.04.2012. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла жазасын берет, жабыркаган уйбулого конул айтабыз кайгыруубуз менен.
SUPER.KG видео
13.04.2012. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калган балдарына ден соолук берсин !!!!!
13.04.2012. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анын да денелерин бычак менен кесип турмодо чиритиш керек.
13.04.2012. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча тааш боор!!
16.04.2012. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тобо кылдым ушундай адамдардан кудайым озу сактасын, окуп алып тобо чачым тик турду. Бул мыкаачынын да балдары бар чыгар.
19.04.2012. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
наристени олтургон теги адамды олтургон адам эмес точно айбан .Атып салыш керек мен кошулам
30.04.2012. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олум жазасы!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: