Азыркы убакта биздин жашообузда интернеттин орду чоң. Мунусу жакшы болгону менен, анын залалын тарткандар да жок эмес. Каарманыбыз Фатима да интернеттеги таанышуу бурчунан бир жигит менен таанышып, тагдырына балта чабылып отурат.
КЕЗЕКТЕШИП БИР НЕЧЕ СААТ...
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон. 30 жаштагы Фатима (тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн жабырлануучунун аты-жөнү өзгөртүлдү) интернеттеги таанышуу сайттарынын биринен бир жигит менен таанышып калат. Экөө бир нече күн интернет аркылуу байланышып, мамилелер өсүп отуруп, 21-март күнү жолугууну белгилешет.
Алгач кафеде отурушат. Анан Магомед деп таанышкан Жапар Курбанов Фатиманы конокко чакырат. Шаар ичинде бир күнгө берилүүчү батирлер көп эмеспи. Ошолордун биринде Жапардын Юрий жана Бислан деген достору аларды күтүп отурушкан. Майрам төртөөнүн ортосунда уланып, үчөө “кеч болуп калды, кетейин” деген Фатиманы кетирбей коюшат. Жакшынакай эле көрүнгөн жигиттин бет кабы ачылып, эми башка кишиге айланат. Батирди ичинен бекитип алышып, кыйкырмакчы болгон кыздын кекиртегине бычак такап коркутканга өтүшөт. Сомодой болгон үчөө кызга зордоп арак ичиришип, кезектешип бир нече саат зордукташат. Түн бир оокумда үчөө тең уктап калганда Фатима үйдүн ачкычын таап, качып чыгат. 1-кабаттагы бир үйдүн каалгасын такылдатып, үй ээсине окуяны түшүндүрөт. Милицияга телефон чалып, алар келгенче үйүндө жашынып турганга уруксат алат.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жетип барышканда аларды денеси көк ала, кийимдери айрылган кыз тосуп алат. Жабырлануучу көрсөткөн батирге кирген учурда зордукчулар уктап жатышкан экен.
“ҮЧӨӨЛӨП ЗОРДУКТАШЫПТЫР”
Октябрь РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Улан Айтбаев буларды маалымдады:
– Үстүбүздөгү жылдын 22-мартында Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаардын 5-кичирайонунда зордуктоо болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ошол замат оперативдүү топ окуя болгон жерге барган. Ал жерден 1982-жылы туулган Р.Ф. аттуу Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын тургуну аны бир нече киши зордуктаганын айткан.
Батирден кылмышка шектүү делинип Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын 21 жаштагы тургуну Жапар Курбанов, Чолпон-Ата шаарынын 34 жаштагы тургуну Юрий Клименко жана Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну Бислан Куцаев кармалды. Үчөө тең зордуктагандарын моюнуна алышып, алардын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бул ишке шектелип кармалгандар СИЗОдо, тергөө иштери жүрүп жатат.
Күн санап интернет кучак жайып эле келе жатат. Бул окуя, балким, бал сөздөргө ишенип, алданууга даяр турган кыздарга арам ниетте интернетте ууга чыккандарды эсине келтирип, сабак болор. Айланайындар, абайлагыла!

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg
Если Магомед не идет к Фатиме, то Фатима идет к Магомеду.
P.S
Азыр кыздар озгочо легкодоступные.
коп деле убара болбойсун, даже часто озулору подкатывают:)
Анан ушуларга бывает и попадают всякие Магометы.. жалко но сама виновата.