АЛЫСТЫ ЖАКЫН КЫЛГАН WWW.SUPER.KG

№493 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.


"Аганы көрүп ини өсөт" демекчи, "Супер-Инфонун" "иниси" www.super.kg бүгүнкү күндө өзүнүн мобилдүүлүгү, маалыматка бай экендиги менен кыргыз тилдүү сайттардан өзгөчөлөнүп келет. Анын жаралуу тарыхы да баарыбызга кызык болсо керек...

www.super.kg сайты тууралуу кызыктар

  • Сайтта учурда 20 982 колдонуучу бар. Бул сан күн сайын өсүп турат.
  • Форумда баш-аягы 415 112 билдирүү бар.
  • 2011-жылы ЮСАИД уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана "M-Vector" компаниясынын сурамжылоосу менен www.super.kg өлкөбүздөгү гезиттерге таандык сайттардан кирүүчүлөрүнүн саны боюнча алдыңкы орунга чыккан.
  • 2011-жылы "Супер-Инфо" гезитинин жамааты жана www.super.kg сайтынын колдонуучулары биргеликте бак тигип, "Достук багы" деп аташкан.

www.super.kg сайтынын жаралуу тарыхы 2005-жылдарга барып такалат. Анткени аталган сайттын жаратуучусу, "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов окурмандар менен байланышты жакшыртуу, кыргызстандыктарды гана эмес, чет жерде жүргөн мекендештерибизди да өлкөбүздөгү жаңылыктар, кызыктуу маалыматтар менен кабардар кылууну көздөп, көпкө ойлонот. Акыры кыргызча сайт ачууну максат кылат да, бул оюн бир жылдан ашык бапестеп багып жүрүп, 2006-жылдын 28-мартында ишке ашырат. Ал күндөрдү сайттын жаратуучусу Кылычбек Султанов мындайча эскерет:
– Чындыгында, ал кезде сайт ачуу, болгондо да кыргызча сайт ачуу өтө кыйын эле. Эсимде, көпкө чейин бул жаатта түшүнүгү бар мыкты адис таппай кыйналгам. Долбоордун ишке ашышына жардам кылам дегендер көп эле чыккан. Бирок алардын долбоорду ишке ашыруу убактысы, ишинин сапаты мени канааттандырган эмес. Издештирип жүрүп акыры Михаил аттуу программист жигитке токтолуп, экөөбүз бири-бирибиздин оюбузду толуктап отуруп www.super.kg сайты жаралган. Көп тармактуу кыргызча сайт түзгөндөрдүн алгачкыларынан болгонум үчүн терминдерди, сөз айкаштарын которуу, аларды колдонуу жагынан жакшы эле кыйналгам. Ошол которгон терминдердин арасынан "пароль" – "сыр сөз" деген термин аябай эсимде калыптыр.
Ишимдин жыйынтыгын ойлоп, башынан эле сайттагы ар бир сөзгө, үтүр-чекитке чейин карап, жумушумду бир топ татаалдатып алган элем. Веб-портал боюнча түшүнүгүм кеңейген сайын сайттын түзүлүшүн, дизайнын жылына 3-4 жолу алмаштырган учурларым болгон. Кыйналганыма карабастан, бул иштин түйшүгүнө жамаатыбыздан 1-2 адамды гана кээде аралаштырып калганым болбосо, негизинен, 4 жылдан ашык сайт менен өзүм жалгыз алектендим. Албетте, мага сырттан адистер жардам беришчү. Кийин, 2010-жылдан тарта гана акырындан бул ишке жамаатымды аралаштыра баштадым.
Ооба, сайт жаралгандан тарта бир топ өзгөрүүлөргө учурап, жаңыланып келе жатканы талашсыз. Бүгүнкү күндө сайттын мүмкүнчүлүгү кең. Колдонуучулар жаңылык алуу менен бирге кыргыз обондорун угуп, клиптер, элдик видеолор, макалалар боюнча өз пикирлерин калтырып, форумда түрдүү темалар боюнча талкуу жүргүзүп, жылдыздарга, өлкөнүн жооптуу кызматтагы чиновниктерине, саясатчыларга суроо узатып, түз жооп ала алышат, курбу-курдаш таап жана башка кызыктарга ээ болушат.

Бактыгүл Сокушова, www.super.kg сайтынын редактору: "САЙТКА ТЫНЫМСЫЗ КӨЗӨМӨЛ КЕРЕК"
www.super.kg сайтына редакторлук кылып келе жатканыма 1 жылдан ашып калды. Техникалык жумуш болгондуктан, сайтты күнү-түнү тынымсыз карап турууга туура келет. Кээде свет өчүп калат, кээде сервер иштебей калат. Мындай учурларда кандай болбосун кырдаалдан чыгуунун айласын табуу керек.
Жетекчибиз Кылычбек Султановдун түн ортосунда телефон чалып "бул иштебей жатат" деп уйкудан ойготкон учурлары да болот. Муну мен түшүнүү менен кабыл алып, кырдаалды жөнгө салам. Анткени биздин сайт дүйнө жүзүн камтыгандыктан, колдонуучуларыбыз ар кайсы континенттерден киришет. Андыктан убакыт-саатты да эске алышыбыз шарт. Мисалы, Кыргызстанда түн ортосу болсо, Японияда таң атат, ал эми АКШда түш чен болот. Ар бир континенттеги колдонуучуларыбызга шарт түзүп берүү – биздин милдет.


КОЛДОНУУЧУЛАР САЙТ ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Айтмырза Абылкасымов (Барс), сайттын эң улуу колдонуучуларынын бири:
– 64 жаштамын. Өзүм Аксы районунда турам.www.super.kg сайтына 2008-жылдын октябрь айында катталгам.
"Азыркы учурдун маалымат булагы – интернеттен өтөрү жок" дегенди угуп, эски компьютеримди чөнтөк телефону аркылуу интернет желесине туташтырып, ар кайсы сайттарга кирип жүрчүмүн. Бир күнү капысынан www.super.kg сайтына туш келип калгам. Эми көктөн издегеним дал алдымдан табылганына кубанганымды айтпагыла! Алгач колдонуучуларга жакшы кошула албай, алар менен тең ата сүйлөшүп, жазгандарын үтүр-чекитине чейин сындап жаман да көрүнгөнмүн. Мага жини келгендер "бул сайтка киргенден да жададык, ушул Барстын айынан..." деп модераторлорго чейин арызданып, ал тургай мени сайттан айдап жиберүүгө аракеттенишкен. Бара-бара көпчүлүк форумчулар менин сындарыма көнүп, 2009-жылы "Супер сынчы" деген наам ыйгарышкан.

Айдай Омуралиева (Аydаshkа), сайттын чет өлкөдөгү активдүү колдонуучуларынын бири:
www.super.kg сайтына Австрия өлкөсүнөн кирем. Сайтка 2010-жылы октябрь айында катталгам. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин кирбей калган бир да күнүм боло элек. Бул жакта "Супер-Инфонун", анын ичинде сайттын фанаттары болгон мекендештер көп болгондуктан, байма-бай жолугушууларды өткөрүп турабыз.
Сайтка кирүү мен үчүн өзүнчө эле ырахат! Күн сайын форумда ар кандай кызыктуу темалар ачылып, талкууга алынып турат. Кээде берилип кетип убакыттын өткөнүн да билбей калам. Эсимде, бир жолу форумда отуруп баламды бала бакчадан алууну унутуп калыптырмын.

Гүлкайыр Сайдимарова (azalove), сайтты эң көп убакыттан бери колдонуп келе жаткандардын бири:
– Башында жөн эле кирип макалаларды окуп чыгып кетчүмүн. Кийин, 2007-жылы кирип, "Супер-форум" иштей баштаганын окуп дароо катталгам. Бул сайт – менин жашоом. Мен үчүн чыныгы жашоомо караганда виртуалдык жашоом кызык. Колдонуучулардын жүзүн көрбөй туруп алардын жазган билдирүүлөрүнөн кандай адам экенин билип, өзүңө курбу тапсаң да болот. Менин досторумдун баары ошол жакта. Ал гана эмес, 5 жашыбыздан бери көрүшө элек курбумду да ушул жактан таап алгам. Арабызда дос болуп, ал тургай баш кошуп балалуу болгондор да бар.

Дамира Арстанова
koom@super.kg



Алысты жакын кылган www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(29)
SUPER.KG видео
13.04.2012. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суперсинер
SUPER.KG видео
13.04.2012. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
he heee men da bar ekem,videodo))))))Real'no Super!!!
SUPER.KG видео
13.04.2012. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
super! super! super info!
SUPER.KG видео
14.04.2012. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wow soonun jazap chygaryp koiupsunar go. Bizdin da joluguwuudan kadrlar bar eken. Super chynda ele SUPER!!!
SUPER.KG видео
14.04.2012. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер аты айтып тургандай эле баары супер
SUPER.KG видео
14.04.2012. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо мен да журом го,жагымдуу видео болуптур,чынында супердин шылтоосу менен кандай гана жакшы адамдар менен тааныштык,азаматсынар баарынарды бир тууганымдай кором,кайда журсок да бир бололу туугандар,СУПЕРЧИЛЕР СУПЕРСИНЕР.
SUPER.KG видео
14.04.2012. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahmat silerge!!!
SUPER.KG видео
14.04.2012. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх, кандай сонун ээ, мен биринчи жолу Супер форумчулардын жолугушуусуна бардым, аябай ынтымактуу экен, жакшы маанай менен тосуп алышты. Супер мен силер менен!
SUPER.KG видео
14.04.2012. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баракелдееее ))))),Соонун,Супеер,Сооз жок,Мен да баргым келип кетти КЫРГЫЗТАНГА )))АЛГА СУПЕР ИНФО !!!!!!!
SUPER.KG видео
15.04.2012. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхххххххххххххх
SUPER.KG видео
16.04.2012. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super.kg бул Супер!!!
SUPER.KG видео
16.04.2012. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
www.super.kg - бул супер сайт. Менин суйуктуу сайтым. Алга super kg сайты!!!
16.04.2012. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айтмырза агай азаматсыз!!!
16.04.2012. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktygul Sokuwova, forumdagy Agat okwoit menim4e:)
17.04.2012. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Modeshanyi,
:)))
19.04.2012. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Modeshanyi, Мага да аябай табышмак да...
SUPER.KG видео
17.04.2012. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eeeeeeeeeee prosta super
17.04.2012. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо менин да жашоом....бир күн кирбей калсам,жүрөгүм кадимкидей сыгылып,сагынам...Суперден көп дос таптым........Супер инфо алга!
17.04.2012. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн биринчиден Кылычбек султановго ыраазычылык билдирем.анан Алга Супер инфо
17.04.2012. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттиң, толук текст берилбей калганын карачы!
18.04.2012. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер ар дайым Супер да!
SUPER.KG видео
19.04.2012. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
атына заты жарашкан ммммммм сопсонун сайт!!! суперсиз жашоону элестейш ото кыйын!!!
19.04.2012. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кату ооруп төшөктө жатсам да форумду бир сыйра аралап чыгам.Анан ооруканадан сакайып чыккандай боло түшөм.super.kg менин жашоомдун бир бөлүгү. Сайттын жамаатына,форумчулардын ар бирине бекем ден-соолук,ынтымак каалайм!
20.04.2012. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Форумдун эн алгачкы колдонуучуларынын биримин, ар бир темага комментарий жазып, модерлик да кылып калгам, азыр форумга киргенге убакыт аз, макалаларды гана окуганга жетишем. Кызыктуу гезит, жалпы жамаатына ийгиликтер!
SUPER.KG видео
20.04.2012. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо сонун супер-пупер рахмат сиздерге бул сайтты ачкандарыныз учун )
20.04.2012. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул сайттын эмгекчилерине чоон ыразычылыгымды билдирем.
SUPER.KG видео
27.04.2012. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыыы...
18.12.2017. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хахаха
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: