«Супер-Инфонун» экс-жетекчилеринин бири Азиза Сатимбекова: «ЖЕТЕКЧИМЕ КАЛП АЙТАМ ДЕП УЯТ БОЛГОМ»

№494 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.


Бир эненин «үйдө эки баламды башкара албай айлам кетет» деген сөзүн эстеп, бүгүнкү маектешиме аябай тан бердим. Ал өзүнүн жаш экенине карабай «Баары бирөө үчүн, бирөө бардыгы үчүн!» деген ураанды эш тутуп, убагында «Супер-Инфонун» 20дан ашык кызматкеринин ынтымагын ыдыратпай башкарып кеткендердин бири – Азиза Сатимбекова.

Аты-жөнү – Сатимбекова Азиза Уметалиевна
Туулган жылы – 1980-жыл 10-декабрь
Кичи мекени – Ала-Бука районунун 1-Май айылы
Кесиби – Филолог
«Супер-Инфодо» иштеген жылдары – 2003-2008
Учурда – «Леди.kg» гезитинин башкы редактору

– Азиза, алгач «Супер-Инфонун» босогосун аттаган күндөрүңдөн кеп салсаң?
– «Супер-Инфо» – менин көз ачып көргөн жумушум, Кылыч байке – менин көз ачып көргөн жетекчим десем болот. Анткени 5-курста окуп жүргөнүмдө эле «Супер-Инфого» жумушка орношком. Студент кезде сканворд көп толтурар элек. Карасам, сканворд түзүү оңойдой эле туюлду. Анан кошумча каражат табуу максатында сканворд түзүүгө кириштим. Эптеп бир сканворд түздүм, анан дагы бирди... Эми аларды өткөрүшүм керек болду. Анан гезит саткан күркөгө барып бир топ редакциялардын телефон номерлерин жазып алдым. Үйгө келип "сканворд аласыңарбы?" деп аларга четинен чала баштадым. Азыр ошол түзгөн сканворддорумду эстеп алып күлкүм келет. Жебечелерин каалаган тарапка коюп түзө берчү экенмин. Сканворддорумду өткөрүп жүрүп "Супер-Инфого" туш болгом. Кылыч байке кыраакы киши эмеспи, сканворддорумду карап чыгып дилгирлигимди байкаган көрүнөт, мени жумушка чакыртыптыр. Жумушка орношуп, сканворд түзүүнүн техникасын дал ушул гезиттен үйрөнгөм.

– Биз сени сканворд түзүүчү гана эмес, «Супер-Инфонун» алгачкы корректору деп да билебиз...
– Эсиңерде болсо керек, сканворддордун арасына чакан анекдоттор кетчү эмес беле. Аны көбүнчө Гүлмира Турманбетова жазчу эле. Ал компьютерге терип жатканда аркасына туруп алып "тиги жерге үтүр келет, бул жерге чекит коюлат..." деп оңдой бермей адатым бар болчу. Антсем Гүлмира мени жаман көзү менен бир карап алып оңдоп койчу. Бул сапатымды Атыркүл байкап, Кылыч байкеге айткан көрүнөт, кийин мени корректор кылып дайындаган. Ошентип бир эле мезгилде сканворд түзүп, корректорлук кылып, ал тургай офисибиздин полун жууганга да жетишчүмүн.

– Анан "Супер-Инфонун" башкы редактору болуп чыга келдиң...
– Негизи, "Супер-Инфодо" иштеп жүргөн күндөрүмдү эстеген сайын Атыркүл көз алдыма тартылып, ага өзүмдү азыркыга чейин карыздай сезе берем. Ал менин бул тармакта иштеп кетишиме зор өбөлгө болгон. Ал кезде жашмын да, ачыгын айтыш керек, Атыркүлдөй болсом деп көбүнчө аны туураганга аракеттенчүмүн. Ал да мени өзүнө тартып, концертке барабы, ырчылар менен жолугушууга барабы, дайыма ээрчитип алар эле. Эсимде, жаңыдан макала жаза баштаган кезим болчу. Атыркүл мени "Гүлзинат Суранчиевадан интервью алып кел" деп жөнөттү. Алар "Арзу" кафесинде ырдашчу. Барып Гүлзинатты сурасам, "келе элек" дешти. Аны көпкө күтпөй эле баса бердим. Келдим да, Атыркүлгө "Гүлзинат кызым ооруп жатат, интервью бере албайм деди" деп калпты ышкыртып койдум. Кийин Атыркүл "Гүлзинаттын кызы оорубаптыр го" деп калпымды чыгарган. Ошондон кийин жумушка олуттуу көңүл буруп, жоопкерчиликтүү боло баштагам.

– Кыйынчылыктар болбой койбосо керек?
– Билбейм, Кылыч байке "Азиза, мурун аябай шайыр, тамашакөй кыз элең, орун басарым болгондон кийин өтө эле олуттуу тартып кеттиң" деп көп айтып калчу. Курбуларым да "аябай өзгөрүлүп кеттиң" деп жаман көрүп жүрүштү. Ал өзүмө байкалчу эмес, бирок өзгөрүлгөнүм "мен башкы редактор болдум" деп кыйынсынганымдан эмес, дайыма жумуш тууралуу ойлонуп, башым бош эмес жүргөндүгүнөн болчу.

– "Супер-Инфодо" 5 жылдан ашык кызмат өтөптүрсүң. Эмне таптың?
– Кылыч байкенин тарбиясын алдым, тажрыйба топтодум. Ошонун жыйынтыгы менен бүгүнкү күндө "Леди.kg" гезитин ачууга жетиштим. Негизи, "Супер-Инфодон" кеткенден кийин аз убакыт башка гезитте иштедим. Мен мурун гезити бар адамдардын баары Кылыч байкедей билимдүү, иш билги болот деп ойлочумун. Бирок тескерисинче болуп чыкты. Кыргызстандагы бир дагы гезит ээсинде Кылыч байкедегидей жетекчилик сапат жок экенин кийин билдим.
Дагы эмне таптым? Ушул гезитте иштеп жүрүп жолдошум Нуркамилди таптым. Азыр да ошол күндөрдү көп эстейбиз. Ал кезде "Икс-фото" деген рубриканы мен алып барчумун. Сынак баштала электе эле бир байке чалып алып "чоң кыз, мен таптым, мен таптым, 200 сом утсам, дагы эки сом кошобуз да, экөөбүз кафеге киребиз" деп тийишип калды. Алгач жөн гана оюндун шартын түшүндүрүп, трубканы коюп койдум. Андан кийин да "Икс-фотону" шылтоо кылып көп чалчу болду. Ошентип жүрүп кийин жакындан тааныштык. Бара-бара ортобузда сүйүү оту тутанып, баш кошуп, азыр экөөбүздүн Нуртилек аттуу уулубуз бар.

– Буга чейин "Супер-Инфодо" иштеп кеткен бир топ кызматкерлерден интервью алдым. Баары эле Кылычбек Камчиевичти макташат. Анын жаман сапатын байкай алдыңбы?
– Ал адам катары идеалдуубу же идеалдуу эмеспи, мен билбейм. Бирок жетекчи катары идеалдуу деп так айта алам. Убагында жаман сапаты деп айып пул салганын эсептечүбүз.Анткени айлык алганда болгон акчасын айыпка карматып, ага кошумча дагы карыз болуп чыккан кызматкерлер бар болчу. Азыр өзүм гезит ачып, жетекчилик кызматты аркалап калгандан кийин мунун да жакшы ыкма экенине ынандым. Анткени айып пул алган адам кийинкиде бул катасын кайталабаганга аракеттенет.

КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВ АЗИЗА ЖӨНҮНДӨ
– Негизи, менин оң колум болуп иштөө оңой эмес. Мен аткарууга жеңил да, кыйын да талаптарды коюп, аларды жардамчыларымдан талап кылам. Жардамчыларым "устатынан шакирти өтүптүр" деген принцип менен иштеши шарт. Азиза кандай жумуш табыштабагын майын чыгара жасаган, жумушта да, эс алууда да өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн ишенимдүү кадрларымдын бири болду. «Супер-Инфонун» мектебинен чынында эле татыктуу кадрлардын өсүп чыгып жатканына былтыр Азизанын "Жылдын медиаменеджери" наамына ээ болгондугу далил. Азыркы жардамчыларымдын да ар бири бул наамга татыктуу деп эсептейм.

 



"Супер-Инфонун" экс-жетекчилеринин бири Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(10)
SUPER.KG видео
21.04.2012. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдан кызыктуу маек болуптур тамшанып коруп отурдум абдан позитивдуу создор айтылды.
SUPER.KG видео
21.04.2012. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азиза айым ачык-айкын, тайманбаган, чындыкты бетке айткан, татынакай, кыйын адам экен. Ийгилик сизге!
SUPER.KG видео
21.04.2012. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzchany jakshy suiloit ekenziz,maga abdan jakty
SUPER.KG видео
23.04.2012. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер айым экенсиз. Маек жакты.
SUPER.KG видео
23.04.2012. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азиза эжени сыйлайм аябай. Бекеринен ушундай чоң ийгиликтерди жаратып жүргөн жок да. Ийгилик ишиңизге!
SUPER.KG видео
23.04.2012. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишинизге ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
23.04.2012. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага да Азиза эженин маеги аябай жакты. Жагымдуу маек куруп бериптир.
Иштерине ийгилик!
SUPER.KG видео
24.04.2012. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Филолог болсо кыргызчаны так билет да.
Мага да абдан жакты маеги, бирок бир жерин жакшы тушунбой калдым Кылыч байкеси 2-3 жыл мурун болгон нерсени алдын ала айтчу дейт, же адашып калдыбы 2-3 жыл кийин боло турган нерсени алдын ала айтчубу??? (бирок озу корректор болсо кантип адашсын? ;)
Дагы бир жери мурдун тарта бергени жакпады, жуз аарчы алып алса болмок экен, колу менен мурдун аарчыбай.
Ишине ийгилик, жеке жашоосунда бакыт каалап кетмекчибиз!!!
(жаш болсо да абдан
25.04.2012. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kylychbek baike meni da alynyzchy jumushka, sizden tarbiya alyshym kerek okshoit.
SUPER.KG видео
26.04.2012. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Азиза эже, маегиңиз кызыктуу болуптур. Сиз мени унутуп калдыңыз болуш керек, мен Чолпон 2006-жылы "Супер-Инфодо" иштеп кеткем.Гезиттин ички тартибин мен дагы билем.Билесизби, бир жолу "Жаштык мастык"деген темада фотораманым бүтпөй калып кеч кирип кетип ,сиз менен үйүңүзгө барып жаткам.Кайра эртеси экөөбүз жумушка чоогу барганбыз.Ошол күн такыр эсимден кетпейт.Сиз жетекчи катары оор басырыктуу болгонуң
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: