АТАМБАЕВ МЕНЕН ТЕКЕБАЕВДИН ПАРТИЯЛАРЫ БИРИГЕБИ?

№496 4-май-10-май, 2012-ж.


Жакын арада, тагыраак айтсак, күзүндө КСДП жана «Ата Мекен» партиялары бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарат деген кептер тарай баштады. Экөө биригип калса, кайсы партиянын туусуна чогулушат? Лидер Атамбаев болобу же Текебаевби? Негизи эле кол кармашууга эмне түрткү болушу мүмкүн?

  • Кыргызстан социал-демо­кратиялык партиясын түзүүгө Алмазбек Атамбаев демилгечи болуп чыгып, ал 1993-жылы 19-октябрда каттоодон өткөн.
  • «Ата Мекен» социалисттик партиясы 1992-жылы 16-декабрда каттоодон өтүп, 1994-жылы анын төрагалыгына шайланган Өмүрбек Текебаев ушул күнгө чейин партияны жетектеп келет.

АРТКА БИР КЫЛЧАЙСАК...
Жакынкы келечектен мурун артка бир кылчая өтөлү. КСДП менен «Ата Мекен» кечээ эле түзүлө калгандардын катарында эмес, аталган партияларды карт бөрү дегенге жарашат. Бир жыл айырмасы болбосо, экөө курдаш, өлкөнүн тагдырында чоң мааниге жана чоң тажрыйбага ээ. Соңку 20 жылдын ичинде бир жээкте болуп, оош-кыйышта, өйдө-төмөндө дээрлик чогуу жүрүшкөн. Ишти баштап, аягына чыкпай же лидерлери убактылуу бийликти көздөп башка партияга кире качканын көргөн эмеспиз. Алмазбек мырза менен Өмүрбек мырза андай жолго барышкан жок, тескерисинче, партияларынын локомотиви болуп, куугунтукка, кысымдарга тушукканына карабай бүгүнкү күнгө чейин негизги жүктү моюнга артып, кыймылдаткыч ролун талыкпай аткарып келишет.
2005-жылдын Март окуясы биринчи жолу «Ата Мекен» менен КСДПны бир күчкө куралууга түрткөн. Бакиевдин режимине каршы күрөшүү үчүн 2006-жылы февралда Текебаев спикерликтен кетсе, апрелде Атамбаев министрлик кызматын тапшырып берген. Кийин экөө баш бириктирип, «Реформалар үчүн» бирикмесине тең төрага болушкан.
2009-жылы 21-апрелде оппозициянын атынан президенттик шайлоого Алмазбек Атамбаев көрсөтүлүп (элдин баары «Текебаев да талапкерлигин коёт» деп күткөнүнө карабай...), ушул эле күнү эки ири партиянын – КСДП менен «Ата Мекендин» биригүүсүнө даярдык көрүлүп жаткандыгы айтылган болчу.
Мунун баары бүгүн козголуп отурган «Атамбаев менен Текебаев биригет экен» деген сөздөргө өбөлгө гана болуп бербестен, мындай кырдаалга мурунтан эле пайдубал курулуп келгенинин далили болуп бере алат.

БИРИГҮҮ КЫЙЫН, БИРОК...
Жыл башында Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстаны» менен Камчыбек Ташиевдин «Ата Журту» бириге турганы элге жарыяланды. Муну уккан жана аларды колдогон электорат маңдайы жарыла сүйүнүшкөн. Ушул партиялардын лидерлери менен биз уюштурган түз байланыштарда да кубанычтарын билдирип жатышты. «Бар экенсиңер го! Шайлоодо экөөңөрдүн бириңерди тандап, добуш берүү кыйын болчу» деп жатышты колдоочулары. Оппозициянын өкүлдөрү алгач биригүү кандай негизде кураларын жана кайсы туунун алдында чыгышарын чечип жатышканын айтышкан. Бирок, тилекке каршы, бул эки партия бирдиктүү бир күчкө айлана алган жок. Экөөнүн биригүүсү митингдердин бир толкунунан өйдө көтөрүлүп чыккан жок. Тескерисинче, митингдерде Ташиев менен Мадумаровдун «кимибиз кыйынбыз, кимибизди эл көбүрөөк колдойт?» дегендей тирешүүсү ачык байкалып калды. Сыягы, баягы эле каржы көйгөйү жана саясий сахнадагы таасирден ажырап калуу күчтүү болуп кетти окшойт.
Саясий айдыңда негизи эки ири партиянын, бараандуу лидерлердин биригүүсү кыйын иш. Ошол эле учурда эки күч бир нукка кошулса, өтө чоң күчкө айланышы турган кеп.
Ташиев менен Мадумаровдун жогорудагы мисалына салыштырмалуу Атамбаев менен Текебаевди ынтымактуу, жалпы кызыкчылыкка, ыңгай-шартка жараша бирине бири жол ача алат деп айтууга толук негиз бар. Буга 2009-жылдагы, 2011-жылдагы президенттик шайлоолор мисал боло алат. Экөөнүн көздөгөн максаты башкалардыкына караганда окшош болгондуктан, алардын колдоочулары да бирдей пикирди, бирдей багытты тутунушат эмеспи.
КСДП менен «Ата Мекендин» биригүүсү Апрель окуясы үчүн кан-жанын аябагандарга жагымдуу жышаан. Анткени экөө революциянын уюштуруучулары, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы күрөшүп келгендердин сап башында эмеспи. Атүгүл КСДП менен «Ата Мекендин» карапайым мүчөлөрү да «биригишсе болмок» деп жакшы жышаандан жаңылык күтүп отурушат.

ОРОЗБЕК МОЛДАЛИЕВ, САЯСИЙ СЕРЕПЧИ:
– «Ата Мекен» менен КСДПнын жетекчилери формалдуу түрдө гана биригишпесе, эки партиянын социалдык багыттары такыр башка. Программалары да бири-бирине окшошпойт. Бириксе деле бирөөсү утулуп, бирөөсү утуп кетпейт. Элге деле ысык-суугу тийбейт.




АЛМАМБЕТ МАТУБРАИМОВ, КООМДУК ИШМЕР:
– Эки партиянын биригиши мүмкүн эмес. Эгер мамлекетте дүйнөлүк практика көрсөтүп тургандай чоң өзгөрүү орун алса, болушу мүмкүн. «Ата Мекен» партиясы кадр саясаты жана коррупция менен күрөшүү боюнча иштеп жатышат. КСДПда жалаң байлар. Экөөнүн программалары, принциптери такыр дал келбейт.




КУБАНЫЧ ИДИНОВ, ЭКС-ДЕПУТАТ:
– Бул экөө бириксе, Орусиянын «Единая Россиясы» сыяктуу чоң партия болмок. Буга «Республика», «Ар-намыс», оппозициядан «Ата Журт» кирүүнү ойлонуп көрсө болот. Анткени баары биригип көп багыттуу маселелерди реалдуу түрдө бир жол менен чечип кете алышына көзүм жетет.




ТАБЫЛДЫ АКЕРОВ, САЯСАТ ТААНУУЧУ:
– КСДП менен «Ата-Мекен» көп жылдан бери авторитардык бийликке каршы келе жаткан социалдык идеологиясы бар партиялар. Саясий көз караштары да окшош. Азыр революциялык негизде түзүлгөн аймактык же кландык партиялар көбөйүп кеткен. Мисалы, шайлоо көрсөткөндөй, «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ата Журт» түштүктө көп колдоо топтосо, КСДП улуттук негизде бардык аймакта добуш топтоду. Бирок, менимче, эки партия аймактык, кландык бөлүнүүнүн айынан бириге алышпайт.

Эльвира Караева,
Айдай Асанбекова
politika@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

КАЙСЫ ПАРТИЯЛАРДЫН БИРИГҮҮСҮН КААЛАЙСЫЗ?

Токтош Орозалиев, жумушсуз:
– Мурун «Коммунисттик» деген бир гана партия болор эле. Азыр аябай эле жайнап кетти. «Атың чыкпаса жер өрттө» болуп улам сайын жаңы ачылып тажатышты, бизге окшогон карапайым элди. Жакшы деген партиялар бир чоң партия болуп түзүлүшү керек.




Рахат Молдокулова, үй кожойкеси:
– Биз башынан эле үй-бүлөбүз менен «Ата Мекен» партиясын колдоп келебиз. Алардын иштеп жаткан иши, эң башкысы, жөндөн-жөн гана митинг кылбагандары мага абдан жагат. Андыктан «Ата Мекенге» тең келер тың кадрлары бар партия менен бириксе болот.



Курманбек Абакиров, мугалим:
– Ар кайсы партиянын көз караштары, программалары түрдүү. Негизи, биздин мамлекетте партиялардын саны аябай көп. Ошондуктан партиялар биригип кетет деп айтуу кыйын. Бирок ошолордун баары биригип 4-5 эле партия болсо, анда элге да, мамлекетке да жакшы болмок.


Жаңылмырза Эсенбекова, студент:
– Менин оюмча, КСДП менен «Ак шумкар» партиясы биригиши керек. Анткени ушул эки партиянын лидерлери эл үчүн кызмат кылып келе жатышат. Алардын кандай иштеп жатканына эл күбө. Аткарган иштери, тактыгы менен элдин арасында дайыма алдыда келе жатышат.


Бактыгул Жунушов, айдоочу:
– КСДП менен «Ата Мекен» биригиши керек. Бул эки партия көп жылдан бери кызмат кылып жатышат. Эми биригип иштешсе, мамлекет кандайдыр бир деңгээлде алдыга жылат деген ойдомун. Ал эми акыркы жаңы түзүлгөн партиялар – өздөрүн элге көрсөткүсү келген бизнесмендер.



Нурзат Байзакова, мугалим:
– Азыр саясаттагы адамдарга ишениш кыйын. Мен ушул убакытка чейин КСДП менен «Ата Мекендин» иш программаларын, жасап жаткан иштерин баалайм. Бирок калп эле оппозиция деп жан үрөгөндөр эл үчүн иштеп жаткан партияларга тоскоол болуп жатышат.


Эламан Таалайбеков, студент:
– КСДП менен «Ата Журттун» биригишин каалайт элем. Анткени бул эки партия азыр лидерлер. Бир программанын үстүндө иштеп, бир лидерге баш ийишсе, мамлекетти алдыга сүрөп чыгышмак. Бул эки партиядан башка деле партиялар бириксе болот.

Айдай Асанбекова



Кайсы партиялардын биригүүсүн каалайсыз?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
SUPER.KG видео
05.05.2012. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, бириксе жакшы болмок, бирок азыркы олкобуздогу маселелерди чечуу, экономиканы которуу, элдин жашоосун ондоо, коррупцияны жойуу кобуроок маанилууго деп ойлойм. Сасык саясатты токтололу, чарбалык иштер менен кобуроок алек бололу.
SUPER.KG видео
05.05.2012. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баардык эле партиялар кошулуп элдин жашоосун ондошсо дейм , бирок ар бири озунун кызыкчылыгы учун иштегиси келгендерда.
SUPER.KG видео
05.05.2012. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев сенен Атамбаевтин колунан жакшы жумуш келбейт кайра Кыргызтанды туготот булар озун озу приздент кылбалган адамдын колунан емне келет булар жакшы адамдар емес Кыргыз калкым
SUPER.KG видео
06.05.2012. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кошулса Жакшы болот эл учун иштесе.
SUPER.KG видео
06.05.2012. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-Мекендин кадыр баркы кетип жок болду ошон учун Текебаев ушуну ойлоп тапса керек да.Биригишсин бирок колдорунан эч нерсе келбегенден кийин андан кору оз партияларын жойуп салган жакшы.
SUPER.KG видео
06.05.2012. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев эч качан кызматын тапшырып кеткен эмес аны кызматтан шыпырып койгон ага чыдабаган Атамбаев пикетке чыга баштаган.Атамбаев Бакиев убагында окмот башы болгондо Темир Сариев айтып жургон Атамбаев бизди сатып кетти деп.Атамбаев да ,Текебаев да,Бабанов да оппозицияда баары бир гор элди ойлобогондон кийин алардын бизге эмне кереги бар.Акаевтин учурунан бери келе жаткан кадрларды айдап жаны жаштар бийлигин тузуш керек.
SUPER.KG видео
06.05.2012. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бириксе бириксин бирок АТА-МЕКЕН партиясынын астында партиянын аты да ушундай аталса жакшы болмок!!!

Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт дечү беле туугандар!!!
SUPER.KG видео
06.05.2012. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эки волк бириксе оооохоооо кыргызстан калбайтго.
SUPER.KG видео
06.05.2012. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калп эле уйротуп койгондой баары жаада калса суйлоор создорун билишбейт. Партиялардан баш айланат.
SUPER.KG видео
06.05.2012. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ карышкырларга кой кайраттып журбойлу???
SUPER.KG видео
07.05.2012. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироосу да эл учун иштебейт! 10 жылдан бери госслужбада коруп эле журобуз го! Ичин куйот чын эле шордуу калкпызбы деп, мандайыбызга бир жакшы башчы буюрбады! Акыркы кундору корсом итиркейим келет муну дагы!негизи башчы озуно тарткан харизмасы болуш керек. 1жолу 2006 жылы бет мандай коргондо эле жагымсыз экен деп ойлодум эле! уну да жагымсыз! Анан бир созду 10 жолу оорулу немедей кайталай берет! 1 кундо 5 жолу созун бузган кишиден мен эч жакшылык кутпойм! Кудай эле насип берсин буларга!
SUPER.KG видео
07.05.2012. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атасы өлүп жетим калган балдардай болуп, биринин сөзүн бири укбагандын ордунда, бириксе болот. оозунда кыргыз дебеген еле болсо, койгон максаты бир еле, кыргызстан үчүн емесби. бул жакта биз деле башка улуттардын алдында кыргызстан андай- мындай деп мактанып жашасак емне болмок. уруу бөлөк, улут бир, манжа башка билек бир. биз кытайлык кыргыз болсокта, силер үчүн күйүп кетебиз. силерди демгиратыя кыйратып ататго.
07.05.2012. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биригип алып жегиле Кыргызстанды
07.05.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бириксенер эле ищинердин буткону эл ишенбейТ и так деле ишенбейТ дечи,Ташиев жетет силердин тубунорго!Ташиев КРАСАВЧИК!
07.05.2012. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасын Ташиев красавчик ал деген озун укмуш алып журот мына айтсак аялдай болуп кетем эле кетем деп жатып куйоосунон таяк жеген немедей болуп азыр мотурайып эле калды, дагы МЧСте олтурганда кыйраткан деле иш алып барган жок азыркы шайлоодо короткон акчаларын ошол жактан ГУМАНИТАРДЫК жардамдан келген акчаларды жеп алып коротуп жатат. Короче жеп ичкичтер эле ал деле.
07.05.2012. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бириксе, балким, коп добушка, коп ишенимге ээ болушат беле...
07.05.2012. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы болмок АТА-МЕКЕН алгаа!!!
07.05.2012. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга сдпк менен ата мекен уважуха силерди коррупция азайып баратат молодцы
08.05.2012. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга партиянын кереги деле жок!
SUPER.KG видео
08.05.2012. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бириксе жакшы болмок. Айдоочу байкенин оюна толук кошулам. Бул эки партия башынан баштап азыркы мезгилге чейин туруктуу позицияда келе жатышат. Көздогөн максаттарынан кайтышкан жок. Демек келечек учун салым кошууну ниеттенишүүдө. Бир баш жакшы, ал эми эки баш андан жакшы дейт эмеспи...
08.05.2012. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо биригип ынтымакта иштесе анда Кыргызстан алдыга жылат, эгер ортодо ырк кетсе анда кудай сактасын. Алга эки партия!!!
09.05.2012. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ata meken super barybur
SUPER.KG видео
09.05.2012. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менделе баардык партия биригип олкону ондосо деймин. Себеби баары жаштар аркайсы жакта журушот иш изеп айлап, жылдап ата энесин балдарын таштап
10.05.2012. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tekebaev prinsipialdyy sayasatchy,ar bir sayasatchy menen distansia karmait, Men koldoim,Alga ardaiym Omyrbek Chirkeshovich
11.05.2012. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin joldoshum Omurbek chirkeshovichtei bolso sonun bolmok .9 imew vidu harakter.
11.05.2012. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогоруда айтылгандай ,,Единая Россия" болом дейт го Типа бири Путин бири Медведев болчудай го!Кызык акыры кандай болот экен!
12.05.2012. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биригип Кыргызыстынды менчиктештирип жеп ада кылмакчы турбайбы булар !!!
SUPER.KG видео
22.06.2012. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул экоо кошулса даагы чабышып кетет!! 2чочконун башы бир казанга кайнабайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: