|
«Супер-Инфонун» ардагер жетекчилеринин бири Канымжан Усупбекова: «ЖЕТЕКЧИҢ МЫКТЫ БОЛСО БАЙЫЙСЫҢ»№497 11-май-17-май, 2012-ж. Канымжан эже 2003-жылдан бүгүнкү күнгө чейин редакцияда жетекчилик кызматты аркалап келет. Биз, кабарчылар, ич ара аны "кеңешчи апаке" деп атап алганбыз. Анткени ага мейли жумушубузда, мейли жеке турмушубузда жаралган маселелер боюнча кайрылсаң, дайыма кеп-кеңешин айтып, туура багыт берүүгө аракет кылат. Каарманыбызды "Супер-Инфонун" 10 жылдык мааракесине арналган маек төрүбүзгө чакырганымда өткөн күндөрдү сыймыктануу менен эскерип отурду.
– Мен "Супер-Инфого" келгенге чейин башка редакцияда иштечүмүн. Биздин редакция "Супер-Инфонун" кеңсеси жайгашкан имаратта эле. Бир күнү тепкичтен "Супер-Инфонун" ошол кездеги жетекчилеринин бири Атыркүл Сыдыкова менен жолугуп калдым. Аны мен сыртынан таанычу элем. Атыркүл "эже, сизде даяр сериал барбы?" деп кайрылганынан, "азырынча жок" десем, "анда биздин гезитке макала жазып көрбөйсүзбү" деп сунуштады. "Макул, жазып келейин, карап көрөсүңөр да" деп ошол жумада, эсимде, дүйнө жылдызы Пенелопа Крус жөнүндө макала жазып келгем. Ал чыккандан кийин келерки аптага дагы бир материал жазып бардым. Ал да жарык көрүп калды. Атыркүл "бизде жооптуу редактордун орду бош, келип иштебейсизби" дебеспи. Ошентип, Кылыч Камчыевич жана Атыркүл болуп чогуу сүйлөшүп, алгачкы күндөн тарта эле "Супер-Инфодо" жооптуу редактор болуп иштеп калгам. Канымжан Усупбекованын бул редакцияда иштеп келе жатканына быйыл туптуура 9 жылдын жүзү болуптур. Ал "Супер-Инфонун" тамтуң басканынан бүгүнкү күндөгү ийгилигине чейин күбө болуп келе жаткандардын бири. Жаңы келген кабарчылардын арасынан "менин макаламды ошол эже текшереби? Аябай катаал экен" деп тайсалдагандарын көрүүгө болот. Канымжан эже "Супер-Инфонун" ардагери катары "дарак бир жерден көгөрөт. Жакшы иштегиле. Биздин жамаатта силердин ар бир кылган ишиңер сөзсүз бааланат, сыйлыкка татыйт" деп ар бир кабарчыга дем-күч берип келет. Өзү да бул сыйлыктардан куру эмес.
Дамира Арстанова "Супер-Инфонун" ардагер жетекчилеринин бири Канымжан Усупбекова"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(5)
tina-janka
![]() SUPER.KG видео
14.05.2012. 21:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да деген созду коп колдонот екен
Асылжан
![]() SUPER.KG видео
15.05.2012. 14:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Супердин" ардагери, патриотторунун бири Канымжан эжеге ийгилик!!!
Asecha
![]() SUPER.KG видео
15.05.2012. 15:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сизге, Каным эже! :)
Барби
![]() SUPER.KG видео
15.05.2012. 17:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каным эже ишинизге ийгилик. Дагы деле жаштарды темирдей тартипке салып журо бериниз.
Мэри
![]() SUPER.KG видео
18.05.2012. 12:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур. Дагы көп-көп ийгиликтерге жетиңиз!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|