«Супер-Инфонун» башкы редактору Шаиста Шатманова:«7 МИҢ СОМ БЕРИП ЖУМУШКА ОРНОШОМ ДЕГЕМ»

№499 25-май-31-май, 2012-ж.


Бүгүнкү каарманыбыз Шаиста Шатманова журналисттик кесиптин ысык-суугуна бышкан, дасыккан журналист. Учурда «Супер-Инфодо» башкы редактор. Журналистикада үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн «Маданияттын мыкты кызматкери» деген наам алганга да жетишти. Биз аны редакцияда кандай гана кырдаал, маселелер жаралбасын, эмоцияга алдырбай, токтоолук менен чече билген жетекчи, сырдаш, курбу деп билебиз.

«ТАРЫХЧЫ БОЛГУМ КЕЛЧҮ»
-Окуучулук кезимде тарых сабагын чын дилден окучумун. Классташтарым «биз бир теманы 10 жолу окуп араң «аш кылабыз», сен ушул сабактан эмне кызык табасың?» деп таң калышчу. Ошондон улам болсо керек, ата-энем, мугалимдерим мени тарыхчы болот деп ойлошчу. Өзүм да ошондой ойдо элем.
Биз мектепти аяктап жаткан жылы И.Арабаев атындагы университет тармактарын кеңейтип, жаңы бөлүм, адистиктер ачылып, анда иштеген мугалимдер жер-жерлерге барып бүтүрүүчүлөргө үгүт жүргүзө башташты. Мен тарых жана саясат таануу бөлүмүн тандадым. Эсимде, 10дон ашык абитуриентти арабыздагы бир кыздын атасы жөжөдөй ээрчитип Бишкекке алып келип, түз эле университеттин башкы имаратына түшкөнбүз. Баягы агай бизди тосуп алып, каттоодон өткөрүп жаткан жерге алып келди. Кызыктын баары ошол жерден башталды. Мен тапшырган бөлүмгө абитуриенттер толбой калыптыр, «башка факультетти же адистикти танда» деп калышты. Ошол маалда журналистика кызык туюлуп кетти. Өзүнчө эмес, кыргыз филологиясына кошумча адистик экенине карабай аны тандадым. Кызык эле экенмин, ошондо жакындарым менен кеңешүү деле оюма келбептир. Үйдөгүлөр менин журналистикада окуп жатканымды бир топтон кийин билишкен. Ошентип, журналисттикти кокусунан тандап калдым. Эми ойлойм, «кокустуктар кокусунан болбойт» деген чын экен деп.

«КРИМДҮЙНӨ ЖӨНҮНДӨ ЖАЗЧУМУН»
-Ар бир эле студент «окууну аяктагандан кийин каякта иштейм?» деп ойлосо керек. Эстеп көрсөм, студент кезимде мени андай ой дегеле кызыктырбаптыр. Негедир окууну ийгиликтүү бүтсөм эле мага бирөө стол, стулду бөлүп берип, «мына, жумуш ордуң, эми кыйратып иштей бер» деп даяр жумуш берчүдөй сезилчү. Бешинчи курста окуу менен катар ар кандай жумуштарда да иштей баштагам. Ошентип жүрүп чогулткан 7 миң сом акчам бар эле. «Ушул акчаны окуу жайыбыздагы агай-эжейлердин бирине берип, жумушка орношом» деп ойлодум. Баёо экенмин, ал кезде жумушка орношуу тааныш-билиш, чоң суммадагы акча турарын кайдан билем? Албетте, ал максатым суу кечпей калды. Суранып отургум келген жок.
Эс алууда жүрсөм, группалашым, жакын курбум Нуржамал Жийдебаева телефон чалып калды, «бир гезиттен жумуш чыгып жатат, кел, иштейбиз» деп. Ошентип, курбумдун чакыруусу менен алгачкы журналисттик карьерамды «Кылмыш жана жаза» гезитинен баштагам.
Алгач ар кандай багыттагы макалаларды, кийинчерээк кылмыштуулук боюнча гана иштеп, прокуратура, сот, ИИМ менен иштешип, уюшкан кылмыштуу топтор, кримавторитеттер тууралуу жаза баштадым. «Баланча жерде түкүнчөнү атып кетиптир» дешсе эле, фотоаппаратты көтөрүп жетип барчумун. Ошол кезде Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте буюртма киши өлтүрүүлөрдүн саны өсүп кеткен. Алар тууралуу жазып жүрүп, ошол дүйнөгө байланып калганымды кийин сездим.
Рысбек Акматбаевди атып кетишкен күн эсимде. Кримдүйнөнү айрымдар сымал «авторитет» көрбөйм. Бирок ушул адамга ичтен бир тымызын сыйлоо бар болчу. Ошондо кадимкидей ыйлагым келген. Ушул окуя мага катуу таасир берди. Кыз кишиге мындай чөйрөгө байланыштуу адистик туура келбесин түшүндүм да, ал редакциянын жетекчилиги каршы болгонуна карабай арыз жазып кете бердим, «журналист болбойм» дедим ичимден.

«БАШКА ДҮЙНӨГӨ ТҮШКӨНДӨЙ БОЛГОМ»
-Азиза (Сатимбекова) экөөбүз мектепте бир класста, кийин университетте бир группада чогуу окудук. Ал 5-курстан баштап эле «Супер-Инфодо» иштей баштаган. Көнгөн адат баары бир калбайт экен. Бир күнү Азизага келип «силердин гезитке макала жазып берип турайын, бирок такай иштебейм» десем, «бизге сендей журналист керек, кел» деп калды. Бир ай штаттан тышкаркы кабарчы болуп жүрдүм. Айлыгымды алганы келгенимде Кылыч байке «дароо ишти алып кете алдың, штатка кирип иште» деп калды. Ошентип, 2007-жылдын апрель айынан штатка алынып иштей баштагам.
Ачыгын айтыш керек, «Супер-Инфого» келгенимде башка дүйнөгө түшкөндөй эле болгом. Мурда мен иштеген редакцияда жумушка мамиле такыр башкача болчу. «Супер-Инфого» келгенимде таптак иштеген система бар экенин көрдүм. Жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле жасаган, ой-тилеги бир максатка багытталган жаштар топтолушкан экен. Жетекчилик тараптан да, жамааттагы ар бир кызматкерден да күчтүү колдоону сездим. Анан, албетте, журналисттердин арасында атаандаштык абдан күчтүү эле. Мындай атмосфера «иштейм, кыйратам, колумдан бир нерсе келет» деген амбициясы бар журналистке жакпай коймок эмес.

«ЖЫЛМАЙТА ТУРГАН ОКУЯЛАР КӨП БОЛДУ»
-Гезит нускасы өсүп, жамаат кеңейип баратты. Ошол кезде редакциябызга дагы бир жетекчи керек болдубу, айтор, мени башкы редактордун орун басары кылып дайындашты. Бул кызматтык ордумдан «жылмышып түшкөнүмдү» азыр эстеп алып жылмаям.
2007-жылы күзүндө жетекчибиз Кылычбек Султанов парламенттик шайлоого аттанып калды. Күзүндө жылдын суперлерин аныктоо үчүн концерт берет эмеспизби. Аны менен катар «Супер-Инфонун» 5 жылдык мааракесин да өткөрмөй болуп калдык. Азиза продюсер Рысбек Жабиров менен биргеликте концертти колго алды. Мага маараке-тойду уюштурууну тапшырышты. Тойду 26-ноябрга белгилегенбиз. Баары даяр болду, чакыруу кагаздары таратылган. Бирок тойго чакырылган коноктордун, ырчылардын көпчүлүгү үгүт башталганына байланыштуу келе албай калышты. Тажрыйбанын жоктугу да, ошондо шайлоонун үгүт иштери 26-ноябрда башталат деп эсептеп деле, башка күнгө белгилесек болмок да. Мурда-кийин андай иштерди уюштуруп көрбөгөн жаным, Кылыч байкенин алдында аябай уят болгом. Азыр «эгерде ошол кезде азыркы Шаиста болсо, андай катага жол бермек эмес, Кылыч байке да мени анчалык кароосуз калтырбайт эле» деп ойлойм. Көрсө, ал кезде Кылыч байкенин азыркыдай жарым сөзүнөн түшүнө билген командасы өсүп-жетиле элек экен. Ушул окуядан кийин «мени аябай таң калтырдың. Уюштуруучулук жагы колуңдан келбейт экен» деп орун басарлыктан түшүрүп койду.
Көп өтпөй Азиза эс алууга кетип, анын ордуна башкы редактор болуп дайындалдым.

«МЕНИН БАШЫМА ТИЙГЕН ТАШ КАБАРЧЫЛАРГА ТИЙБЕСЕ ДЕЙМ»
-Үйдө ыйлаак, назик, үй жумуштарынан сырт өскөн эрке кыз элем. Менин мындай мүнөзүмдү билген эжем «ыйлаба, ыйласаң үйдөгүдөй сени сооротчу апаң жок, жаныңда» деп айылдан кат жазып турар эле. Чындыгында, Бишкекте «бул жакка бар, бул жакка барба» деп мага көрсөтмө берер, кеңешин айтар жакыным болбогондуктан, көп эле жолу урунуп-бериндим, далай кыйынчылыктан өттүм. Мунун жакшы жагы көп экен. Баягы эркелигим калып, өз арабамды өзүм тартканга үйрөндүм.
«Супер-Инфодон» бир топ тажрыйба топтодум. Тактыкка, жүз миңдеген окурманы бар гезиттин жүгүн көтөрүп, жоопкерчиликти сезгенге, кызматкерлердин көйгөйүн чечүүгө үйрөндүм, дале күн сайын үйрөнүп келе жатам. Ошол үйрөнгөн нерселерди жаш кабарчыларга үйрөтсөм, мурда менин башыма тийген таштар алардын башына тийбесе экен дейм.

«БИЗДИН ЖАМААТ МАКТООГО ТАТЫКТУУ»
Гезитибиздин бүгүнкү деңгээлге жетишине, ириде, Кылыч байкенин келечекти көрө билиши, кыраакылыгы себепчи болуп келе жатат. Ал кишинин дарегине далай жылуу сөздөр айтылып келди. Бир сапатын белгилегим келет. Ал бир нерсени оюнда жаратат да, «ушундай кылсак болобу?» деп сунуштайт. Чынында, ал идеялар башында бизге жомоктой сезилет. Бирок ал оюн ишке ашыруу үчүн өзүнүн жанын да, биздин жаныбызды да тындырбайт. Жыйынтыгында баягы жомок реалдуулукка айланат.
Дагы бир белгилеп кетчү нерсе бар, редакциянын ичинде трайбализм деген кыргызга душман көрүнүштүн жоктугу. Кээде отуруп кландашууга, жердешчиликке белчесинен баткан кыргыз бийлиги бизден сабак алышса деген ойлор келчү. Көп тармактар өнүкмөк. Бул пафос эмес, реалдуу сөз. Чындыгында эле бизге келген кызматкерлердин айрымдарынын кайсы жактан экендигин бир жылдан кийин билген учурларыбыз болгон. Атүгүл бир кызматкерибиз экөөбүз коңшулаш айылдан болорубузду ал адам кызматтан бошогондон кийин билгем. «Өзүн мактагандан өлөрчө кач» деп коёт го, бирок мен сыймыктануу менен айта алам, биздин жамаат мактоого татыктуу.

КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВ ШАИСТА ЖӨНҮНДӨ
– Элибизде «жакшы жандоочу кийик аттырат» деген накыл сөз бар. Анын сыңарындай, Шаиста бүгүнкү күнгө чейин редакция үчүн эбегейсиз салымын кошуп келет. Кээ бир адамдар акылдуу, билимдүү болушат эмеспи. Шаистада бул сапаттардан сырткары даанышмандык сапат да бар экенин белгилеп кетким келет.
Шаиста маегинде гезитибиздин 5 жылдык мааракеси тууралуу эскерип өтүптүр. Орун басарлык кызматта аз убакыт иштегенине карабай, мааракени өткөрүү ишин ага тапшырган элем. Жетекчи катары менин бул сынагымдан өтпөй калып, аны жумуштан алууга аргасыз болгом. Албетте, аны кызматтан четтетүү мага оор болгон. Эгер ошол мезгилде анын тажрыйбасы аз экендигин эске алып жасаган ишине көз жумуп койсом, анда начар тарбия берген болмокмун. Анткени ошол кезде Шаистанын чоң карьерага кадам таштап жаткан учуру болчу. Ага чечимимди айтканымда мени туура түшүнүп, тескерисинче, «бул чечимиңиз туура. Эгер сиз мени макала жаза албайсың десеңиз, анда капа болмокмун» деп мени кубаттаган.

Дамира Арстанова
koom@super.kg



«Супер-Инфонун» башкы редактору Шаиста Шатманова:«Р.Акматбаев үчүн ыйлагам»

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(40)
29.05.2012. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың Шаиста!Ушул кадамыңдан жазба!Сонун маек болуптур.
29.05.2012. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик Шаиста эже..!
30.05.2012. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Редакцияда иштеген бир жыл ичинде мага бир гана Шаиста эже чон таасир калтыра алды. Анын жонокойлугу менен шайкеш келген мунозу, ар бир адамдын оюн уга билгендиги айтор айта берсем коп. Эн негизгиси ушул инсан менен аз да болсо иштещип андан сабак алганыма же жон гана аны тааныганыма сыймыктанам!Ар дайым сизге дем-куч жана бейпил турмуш каалайм.
30.05.2012. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канчанчы жылкы болос? таанышсак болобу? иштеринерге ийгилик
30.05.2012. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыскасы, мактоо гана жараша турган адам жана жетекчи. Мындан башкасын жазсам, баары бир "жагалданып жатат" деп ишенбейсиңер :)
31.05.2012. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик, калеминиз курчуй берсин...Жанынан корбосом да, мага кучтуу айымдарга окшошчу. Чындыгында ошондой экен...
31.05.2012. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Шаиста эже! Сизге чыгармачылык эргуу жана уй-булолук бакыт каалайм. Менин журналистикада аз да болсо тажрыйбам бар. Сиздердин гезитке макала жазып, кантип байланышып турсам болот?
01.06.2012. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрктүүлүгү, иш билгилиги, адамды дайым туура түшүнүп колдогон, туура жол көрсөткөн адам катары сизге көп суктанабыз. Ылайым тилеген ой-максаттарыңыз дайым орундалып, жакындарыңыз жаныңызда болушсун!
03.06.2012. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаиста эже азаматсыз!!!Мен гезиттерден только Супер инфону окуйм.
24.06.2012. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
видеоролик жокпу?
SUPER.KG видео
28.06.2012. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур. Шаиста эже темир тулпар да куп жарашып дегендей, астынан шамал отуп турсун, ак жолтой машина болуп сизге коп кызмат кылсын.
SUPER.KG видео
28.06.2012. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул "Супер-Инфого" келип иштеп калганыма такыр өкүнбөйм. Чынында соонун коллектив. Балким, Шаиста эже айткандай "калп эле мактанып атат" дешинер мүмкүн. Бирок, ушуга чейин иштеген коллективде мынча "СУПЕР" кызматкерлерди көргөң эмесмин =))
SUPER.KG видео
28.06.2012. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
*көргөң - КӨРГӨН
SUPER.KG видео
28.06.2012. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
SUPER.KG видео
28.06.2012. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң сонун маек болуптур. Ишиңизге ийгилик каалайм! Ар дайым ушул калыбыңыздан жазбай, кыргыздын сыймыктанчу кызы болуп жүрө беришиңизге тилектешмин."Супер-Инфо" - супер гезит! Шаиста Шатманова - супер айым! Бактылуу болуңуз!!!
SUPER.KG видео
28.06.2012. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супердин козго басары экен ээ. Азаматсыз!!! Р. Акматбаев ал деген элдин уулу эле, окунучтуусу анын оз ажалынан мурун дуйнодон эрте отуп кеткени болду((((((((( ийгилик сизге!!!
SUPER.KG видео
28.06.2012. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ей срочно нужно поменять прическу,сколько я ее знаю,она ходит с этой стрижкой.Это даже трудно прической-то назвать,как-никак она ГЛАВНЫЙ РЕДАКТОР.А так фигура хорошая,выглядит неплохо.Надеюсь,прислушаетесь.Желаю удачи.
SUPER.KG видео
29.06.2012. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ksb,stuttde: кеп эжкенердин прическасында эмес!кеп анын жонокойлугундо.Ал эмне учун озунун кудай берген чачын бузуп, ана аны озгортуш керек экен.Аны ар бир адам озу билет.Кайра мага жооп жазбай эле койгула актанып ок.
SUPER.KG видео
29.06.2012. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маек аябай маңыздуу болуптур. Шаиста эженин токтоолугуна таң берем. Кандай маселе болбосун, акыл калчап, оор басырыктуулук менен чечим чыгарып коёт. Мыкты жетекчилик сапаттарга ээ, супер коллективди өйдөгө карай сүрөгөн супер жетекчи. Ишиңизге ийгилик!
SUPER.KG видео
29.06.2012. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да маек жакты. Анан баса белгилеп кетчү нерсе, Шаиста эже сөздү сүйлөгөндө да так, туура, даана, басым жасап, таптап сүйлөйт. Бул сапаты да мага жагат. Ал эми токтоолугуна сөз жок. Ийгилик сизге!
SUPER.KG видео
29.06.2012. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаиста эжени коруп суйуп калдым кимде номери бар бергилечи эл-журт
SUPER.KG видео
29.06.2012. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men ajagyna chein koror algan jokmun adminstrazija.
SUPER.KG видео
01.07.2012. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да емнеге ыйлаган екен деп кутуп аткам
02.07.2012. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаиста кандай? мени тааныдынбы? биз Юг-2да бир офисте Клара эжелер менен "чон" проектте жургонбуз. азамат, баа бердим сага! Азиза
02.07.2012. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишине ийгилик каалайм! бар бол!
SUPER.KG видео
03.07.2012. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаиста аябай билими жогору айым
иштерине ийгилик
майек жогорку сапатта болуптур.
SUPER.KG видео
06.07.2012. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур. Шаиста эженин "нерви нерв" дегенге мен да кошулам))). Ушул сапатын өтө баалайм! Сиздерди сагындым аябаааай((((
SUPER.KG видео
06.07.2012. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаиста эженин машинаны кантип айдап жүргөнүнө азыркыга чейин ашыкмын. Видеодон көрүп, тажрыйбалуу айдоочудай маанай калтырды...))) Мүнөзү бир калыпта, дайыма шайыр-шатман жүргөндүгү - жакшы жолго үгүттөйт. Мен сыяктуу көпчүлүк эле Шасиженин массадан бөтөн, элден өзгөчө жан экенин билсе керек.
20.01.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сооонун сонун. Соз жок да. Жай шашпай окуп чыктым. негизи мурун эле окугам. кайра кайра окуй бермейим бар. :)
17.04.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаиста ,ар дайым бар болунунуз! Жамаатыныздардын иштерине албан-албан ийгилик.Сиз чындап эле универсал адамсыз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: