КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН УР-ТОКМОК МЕНЕН ТАРБИЯЛАЙБЫЗБЫ?

№499 25-май-31-май, 2012-ж.


Интернет желелеринде «биз патриотпуз» деп көкүрөк каккан кыргыз жигиттеринин пайда болушу коомчулукта чоң талкуу жаратып келет. Алар Орусияда жүргөн мигрант кыз-келиндерди «тарбиялоо» максатында суракка алганын видеого тартып, аны интернетке жайылтуу менен «патриоттугун» көрсөтүп, атагы күн санап артууда.

ШЕРМЕНДЕ БОЛУУДАН КОРКУП, АСЫНУУГА ӨТҮШТҮБҮ?
Соңку үч айда интернет дүйнөсү Орусиядагы кыргыз жигиттеринин «эрдигине» арналган видеотасмалар менен байып жатып калды. «Патриотпуз» деген топтун мүчөлөрү Орусиядагы мигрант кыз-келиндердин башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле түзүп жатышы кыргыз улутунун намысына шек келтирет дешет. Жигиттердин кыздарды суракка алып жатканынын башкы себеби да ушул. Кыз-келиндерди энеден туума жылаңач чечинтип, ур-тепкиге алып жатышы топтун балдары тарабынан тартылган бардык видеолордо кездешет. Айрым кыздарды электрошокер, бычак сыяктуу адамдын өмүрүнө коркунуч алып келчү буюмдар менен коркутушса, кээ бирлеринин жылаңач денесине тамекинин чогун басып, чачтарынан сүйрөшөт.
Мисалы, бир видеотасмада кызды зордоп чечинтип, муунтуп, тепкилеп, ыплас сөздөр менен суракка алып жатканы бар:
– Эмне жүрөсүң?! Жооп бер, эмне жүрөсүң?! Москвага эмнеге келдиң?!
– Иштегени...
– Колуңду ары жакка түшүр! Кыздарга кеңешиңди берип кет! «Кыздар, эжелерим, сиңдилерим, эч качан мендей болбогула» деп айт!..
Мындай аёосуз кордукка учурагандардын бири Сапаргүлгө «патриоттор» (жабыркоочулардын бири өзүн видеодо «Сапаргүлмүн» деп тааныштырган) «тажиктер менен жүрөсүң» деп «тарбиялык саат» өтүшкөн. Видео интернетке, уюлдук телефондорго таркап кетип, ошол Сапаргүлдүн асынып алганы тууралуу сөздөр чыкты. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну тастыктап бере элек.

«ТАРБИЯЧЫЛАР» КӨЛБАЕВДИН БАЛДАРЫ» ДЕШЕТ
Төбө чачты тик тургузган видеотасмалар күн өткөн сайын көбөйүп, коомчулукту катуу ойго салды. Жыйырма жыл мурун башталган миграция агымынын кесепети эми айдан ачык болуп чыга келди. 1990-жылдардын башында миңдеген аялдар чаар баштыкты көтөрө үйдөн чыгып, күйөөсүн кара казандын жанына калтырып, ал эми балдары эненин тарбиясы жок өсүүгө туура келген. Азыркы учурда миграциянын айынан ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны көп жана мунун кесепетинен мектептин аягына чыгып-чыкпай чоочун жерге, бөтөн элге кетип жаткан кыздардын саны андан көп. Жарытылуу тарбия көрбөгөн, мектептен ары окубаган, турмуштун ачуу-таттуусун биле элек кыздар Орусияга барып, турмуш сыноосуна бат эле сынып, ошол эле кыргыз жигиттердин, тажик, өзбектердин оюнчугуна айланып калууда. Анан аларды ур-тепки, кордоо-мазактоо жолу менен тарбияламакчы болгон жигиттер пайда болду.
Бул медалдын бир жагы болсо, экинчи тарабы «патриотторду» колдоп жаткан мекендештерибиз бар. Орусияда иштеген кыргыз кыздарынан башка өзбек, тажик, кытай, кавказ улутундагылар жана башкалар деле бар. Ошол эле улуттардын эркектери ачык эле «эң жеңил ойлуусу кыргыз кыздары» деп жар салып, керек болсо канча кыргыз менен жүргөнүн айтып берип мактанышат. Мындан улам Орусияда кыргыз кыздары төрөп туруп ымыркайын таштап, ал эле эмес, өз чүрпөсүн өлтүргөн фактылардын саны аз эмес. Бул көз караштан алганда, албетте, «патриотторду» колдоочулар толтура, бирок Баш мыйзамда ар бир жарандын башка улуттун өкүлү менен мамиле куруусуна тыюу салынган эмес.
«Тарбиячылардын» ким экенин аныктоо үчүн бир нече жолу Орусиядагы кыргыз элчилигине кайрылуулар түшкөн. Түрдүү божомолдор боюнча, айрымдары «Камчы Көлбаевдин балдары» дешсе, кээ бири «үстүндө «крышасы» бар байдын балдары» дешет. Бул балдар тарабынан канча кыргыздын кыз-келиндери суракка алынганы белгисиз.

«Патриотчулардын» мындай жапайы ишине чекит коюу үчүн ар кандай сунуштар түшкөнү менен, кылмышкер балдардын аты-жөнү ушул күнгө чейин тактала элеги таң калычтуу. Кыз-келиндерибиздин мындай жолго баруусуна бөгөт коюп, бул балдар да өз жазасын алуу үчүн мамлекет кандайдыр бир чара көрсө...

WWW.SUPER.KG САЙТЫНДА УШУЛ ТЕМАНЫН ТЕГЕРЕГИНДЕ КАТУУ ТАЛКУУ ЖҮРҮП ЖАТКАН КЕЗ.

Zulya: – Биздин кыздарды атасы же күйөөсү чет жерге чыгарбай, кыйын экен, багып алышпайбы! Лөлүлөрдүн салтын улап үйдө отурушат, кыздарды талаалатып жиберишип. «Ким жаман?» десе эле кыздарга асыла башташат, «намысы жок» деп. Кайсы эркек намыстуу болуп аялын жыргатып жатат?! Анан дагы уялбай кыздардан «кандайсын?» деп сураганга жарабай, «айлык алдыңбы?» деп жемелешет.
Omyrbek: – Орусияда жашагандар билет, ал жакта кыздарыбыз кандай экенин. Мен жашаган батирде 7 адам жашайт. Бир четинде 3 кыргыз жигит, дагы бир кыргыз эже кызы менен, алардын жанында өзбек аксакал жана жаш бала жатат. Тигил эже жаш өзбек бала менен сүйлөшүп алыптыр, эч кимди көзгө илбей. Биздин жинибиз келип, өзбек баланы сабап үйдөн чыгарып салдык. Дагы бир бөлмөдө бир үй-бүлө жашайт. Алар апасы таштап кеткен эгиз балдарды багып алышкан. Балдардын энеси 17 жашында тажик улутундагы адамдан төрөгөн эле. Ушундай көрүнүштөрдөн улам көп жолу батир алмаштырдым. Бирок баары бир бардык жерде ушундай. Муну айтсам эч кимиңер ишенбейсиңер, бирок Орусияда абал өтө оор.
Anjelei: – Москвага келгениме бир жылдан өтүп калды. Башка улуттун жигиттери менен жүргөн кыз-келиндер көп. Болгондо да эң ыплас жолдо жүрүшөт. «Кой, туура эмес жолдо жүрөсүң» десең, «ал өзүмдүн ишим, Кыргызстанда жолдошумдан көрбөгөн мээримди, камкордукту көрүп жатам» дейт. Ооба, аялзатын гүлгө теңейбиз, жылуулук кайсы тарапта болсо, ошол тарапка ийилет. Бирок көпчүлүк кыз-келиндердин эртеңкиси жок жолду көздөп кетип жатышканы өкүндүрөт. «Сүйүү» деп коюшат анан дагы! Кайдагы сүйүү?! Эки-үч күндүк кумар, жеңил оокаттын жолу.

Айдай Асанбекова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ЧЕТ ӨЛКӨДӨ КОРДОЛУП ЖАТКАН КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН КАНТИП КОРГОЙБУЗ?


Бүбүсара Рыскулова, «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси:
– Мунун жолдору көп. Биринчиден, ошол чет өлкөгө кетип бара жаткан кыздар алданбаш үчүн маалымат алыш керек. Мындан сырткары өзү бара жаткан өлкөдө консулдук барбы, укугу корголобу, бул тууралуу да билип алуусу зарыл. Ата-энелер да жоопкерчиликти сезип, жаш кыздары кайда кетип жатат, эмне жумушта иштейт, ошону көзөмөлгө алышса жакшы болмок. Анан мамлекет да кыздар легалдуу же легалсыз чыгып жатабы, ошону текшерүүгө алса...


Турсунбек Акун, КРнын Акыйкатчысы:
– Чет өлкөдөгү кыздардын укуктарын коргоого жапа тырмак киришип, чогуу аракеттерди көрүү зарыл. Биздин элчиликтердин бул багытта жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө керек. Ошондой эле аялдардын укуктарын коргоого багытталган бейөкмөт уюмдар, юридикалык клиникалар ушул багытта иш жүргүзсө жакшы болмок. Мигранттардын укуктарын коргоого чет өлкөлүк менин кесиптештерим жардам беришет.


Азамат Айтбаев, “Замандаш” ассоциациясынын координатору:
– Алгач биз кыздар эмнеге кор болуп жатат, ошонун себеби менен күрөшкөнүбүз оң. Аларды мамлекет жумуш менен камсыз кылып, үй-бүлөдөн тарбия берилсе. Интернет булактарына жайылган видеотасма тууралуу айта турган болсом, өздөрүн «патриот» атаган жигиттердин жасаганы – кылмыш. Кылмышкерлерди таап жазаласа болот жана ошол тасманы жайылтып жаткан сайтка чектөө киргизилиши керек деп ойлойм.


Ыргал Кадыралиева, ЖКнын депутаты:
– Чет өлкөдөгү кыздардын көбү өздөрүнүн укуктарын билишпейт. 22 жаштан улуу кыздарга гана чет өлкөгө чыгууга уруксат берилүүсү тууралуу мыйзам кабыл алынышына аракеттерди көрүүдөбүз. Менимче, кыздар бир кесиптин ээси болуп, андан соң гана чет өлкөгө чыгышса жакшы болмок. Анан кайсы өлкөгө кетип жатса, ошол өлкөнүн тилинен сынак алып жөнөтүш керек. Алар тил билбегендигинен жана жумушсуздуктан кор болушууда.


Куштарбек Айтматов, Тышкы миграция департаментинин жетекчиси:
– Биздин Тышкы миграция департаменти чет өлкөдөгү ар бир элчилик, консулдуктарда мигранттар менен иштөө боюнча бирден жооптуу кызматкер дайындоого жетишти. Алар мигранттарга кеп-кеңешин берип, тыгыз иш алып барышат. Мигранттар укугу бузулса ошол адамдарга же укук коргоочуларга кайрылышса болот. Ошондой эле департамент чет өлкөгө чыкканда укугу бузулбаш үчүн ушул жерден эле укуктук кеңештерди, маалыматтарды берип жатабыз.


Чубак ажы Жалилов, Кыргызстандын муфтийи:
– Ал кыздарды ыйманга чакырып жана өзүбүз да ыймандуу болуп, коргоп кала алабыз. Бир гана ушул жол бар, башка жол жок. Мыйзам чегинде айта турган болсом, көп аял алууга уруксат бериш керек. Ошондо байлар үч-төрттөн аял алышмак да, кыздардын чет өлкөгө кетүүсү азаймак. Кыргыз кыздары жумушсуздуктун айынан акча табам деп чет өлкөгө кетип жатышат.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Кыргыз кыздарын ур-токмокко алып тарбиялайбызбы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(388)
03.06.2012. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
...Мен да Москвада журом бир Айгул деген досум бар эле,экообуз бир жерде 3жыл иштедик Айгул аябай ыймандуу 5 убак намаз окуган кыз эле.Анан бир кун метродо бир кыргыз бала мн таанышып калыптыр,тел. суйлошуп журушту,бир кун жолугушууга чакырыптыр,жолугушкандан кийин ошол бала досумдун сумкасынан 3000р урдап коютур.Ошон учун кыздарды жамандай бербегиле озунорду билип алгыла,уяты жоктор бир кун баардыгынардын бетинерди тытам хреновый патриоттор!!!
03.06.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турсунбек акун сиз суйлобой койсонуз да болот ар бийлик келгенде ар турдуу тонунузду кийип чыга каласыз туруктуу позицияныз барбы сизде
03.06.2012. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aybek сен кызык адам экенсин...Ошол чондор биринчи элибизди, жаштарыбызды ойлогондо,кыргыздар ушинтип тентип журбойт эле...Биздин уяты жок чондор только оздоруну ойлошот.Элдин акысын жешип,чочкодой болуп семиришип дагы куноону кыздарга илип коюшат,СВОЛОЧТОР!!!
03.06.2012. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
убагында жургом москвада бирок аябай жаман журуп кеткен болчу ошондо эле кыргыз кыздары ошентип тарбия кылбаса жумшак стульда отуруп алып куру соз менен эч бир маселени чечбейт жогорудагы лагманчылар,азыр кореядамын бул жакта кудайга шугур кыргыз кыздары жолугуп суйлошуп турабыз
03.06.2012. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
voin чондордун колунан келсе ушул убакка чейин келбейт беле алардан кутпогуло адамдарыбыздын ниети озгорду чондор адам эмеспи мен баарыбызды айтып жатам башкаларга салыштырсанар кыргыздар бир башкача болуп
03.06.2012. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aybek. Балык башынан сасыйт!!!Чондордун колунан эч нерсе келбесе,биз эмнеге аларды шайлайбыз???Вообще бизге президенттин деле кереги жок!!!Просто биздин чондор кот которуп иштегилери келбейт...Анан азабын карапайым эл тартат...Сага окшон адамдар ошентип чондорду кутуртат!!!
03.06.2012. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чондорго асылганда пайда чыгып жатабы кыргыз элим ниетибизди озгортсок жараткан озубуздун жерден эле ырыскы айтмак
03.06.2012. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пайда чыкпаса ботон жерде,ботон элге кул болуп журоберейли кыргыз элим!!!
03.06.2012. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу Ыргал Кадыралиева кыздар укугун билишпейт дейсиң Кыргыздын кызы болсоң коргобойсуңбу ошол кыздардын укугун андай кун башка тушсө сен дагы коргой албайсың оз укугуңду
SUPER.KG видео
03.06.2012. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тажик,Дагес,Азербейджандар оздорунун кызын башка улут менен жургонун корсо,ошол кызды олтуруп койот.Мин ач калып олуп атса дагы Таджик,Азерлер менен жургон бул любой кыргыз жигиттин канын кайнатат!!!Бул видеолор чыкбаганда далше не болотле билбейм.Ар кимисине ынсап берсин!!!
04.06.2012. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх эркектер калп чычалап не кыласынар кур намыстын не кереги бар,чындап келсе созунордон башка эч нерсенер жок колунардан кокон келбейт,кыйын экенсинер ошол кыз келиндерди кадырына жетип багып албайсынарбы ошол байкуштар жыргаганынан ошол ишке барды дейсинерби,эркектери эркектей болгондо уйлорундо олтурушат элего Москвада темселебей ошол ишке барбай Качан биздин эркектерибиз онолот экен.онолгондун ордуна котунордон кетесинер тескерисинче.Силерден умут деле жок!
04.06.2012. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арким озуну куноолосун ошол кыздарга жеткирип бере албай жатканына
04.06.2012. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам кыргыздар!Кыргыз грамматикам начар ошол учун кечирим сурайм орус тилинде созумду айтайын.Сердце болит за народ,до чего докатились мы КЫРГЫЗЫ,опустились ниже плинтуса,перестали видеть в друг друге человека.Не эволюция а регресс в нашем сознании достиг апогея.Мои дорогие остановитесь,не надо позориться дальше,не надо унижать друг друга.Мы все люди надо просто обьяснять и указывать интеллигентно на ошибки соплеменников.Нет плохой нации,есть плохие индивидуумы.
04.06.2012. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
В продолжении темы хочу сказать что я 7 лет в официальном браке с азербайджанцем.Вышла замуж по любви и по согласию родителей с обеих сторон.Мы очень счастливы,мой муж сильно любит мой народ кыргызов.Очень многим помогает и по работе и по другим обстоятельствам,у него больше друзей среди кыргызов чем у меня.Он считает нас самой доброй и порядочной нацией.И не дай Аллах он увидит те ужасные видеоролики позорящие меня и мой народ,это будет просто ужас для меня.
SUPER.KG видео
04.06.2012. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тажик азер дагестин кыздары кыздарды эмес озунду олтурот анан кызды олтурот алардын кыздары тентип иштеп жургон жок бизге окшогон эркектери багып сыйлайт экен сыйлабай бизге окшоп зоокурлонсо алар деле кетмек эми видеолордогу кыздарды коруп табалап ырас кылат деп каны кайнаган эркектер таш боорсунар аялдын куноосу наристе торогон сай ын жуулуп турат экен биз эркектер эмне кылат болду экенбиз
04.06.2012. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эже карындаштарым азер менен тажиктер 1000ден 1 гана уйлонот ошондуктан бул корунуш экинчи кайталанбаса экен
04.06.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир байкелер якут, бурят, орустардын устуно кирип эле жашап жатышпайбы .Же аларга уруксатпы .Кыргыздардын санын кобойтуп, акчасын топтоп алып, акырын жылт коюп ,кетип калып атышат го. Аларга кандай чара корсо болот
05.06.2012. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвага келип кыргыз кыздарынын намысы жоктугуна,кыргыз жигиттердин таш боорлугуна тан калып жатам!Кыздар,намысынар жок экен!Жигиттер,куноо кетирген пендесин АЛЛА озу жазасын берет.Силер андай чара коруу менен алардын куноосун озунорго алып жатасынар.Эмне болсо да КЫРГЫЗ кыз,жигиттери ыймандуу бололу.Акыркы учурларда элдерге жаман жактарыбызды корсотуп жатабыз намыстуу бололу!
SUPER.KG видео
05.06.2012. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эххххххххххххх журок оорута турган болдуго бул заман. заманыбыз жакшы болуп турса же эркектер семьясын кем кылбай камсыздандырып турса чет жака кыздарыбыз кетпес эле.кашайып же мамлекетибизде жакшы иш жок. болсо да айлыгы аз. ким куноолу???????????????? иштебей балдарын кыздарын аргасыз иштегенге муктаж кылган ата энеби же биринчи президент жана экинчи президентпи ким кандай эмне деп айта алат?
06.06.2012. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
россиянын нанын жегендер билет бул жакта жашоо кандай кыйын экенин кыздардын баары эле дешевка эмес жакшы жургон кыздар деле бар.Бирок ошол кыздардында тилин кыска кылып жатышпайбы намыссыздар ТУУРА КЫЛАТ БАШКА ЖОЛ ЖОК чондорун оздорунон башканы ойлобосо айла кеткенде ушул жолго барышатта
09.06.2012. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан окунучтуу
11.06.2012. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял кишиге кол которгон зркек Эркек эмес!!!
14.06.2012. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер жумуш болсо ким гана мекенинен кетсин жокчулуктун айынан ушинтип журушот эгер мен патриотмун деп жумуш болбосо деле кыргызстана журо берсе ал патриотко акчаны АКУН береби!!! Ал эми эканомикабыз россиядан мекендештерибиз жиберген акча менен тен салмактуулукта турганын АКУН агабыз биле элек окшойт керек болсо россияда жургондордун аркасынан АКУН кыргызстанда отурат!!! ЧЫНДЫК АЧУУ БОЛОТ!!!
19.06.2012. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Моссквага барган кыздар бат эле бузулуп кетет деп элдин баары эле айтып жатпайбы,ошону билип эле ата-энеси,туугандары же куйоосу оздору жиберип жатышат да кор турмуштун айынан.Кыздардын жаман жолго барганы кейиштуу, бирок кыздарды уруп-согуп,чечинтип,кордогонго кимдин акысы бар??? Балдардын мындай тарбиялаганын Акмакчылык деп ойлойм,оздорунун кандай адам экендигин гана корсотуп жатышат.
12.08.2012. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздар кыргызстанда еле жашагыла ачкадан олбойсунор
SUPER.KG видео
15.01.2013. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздарга ийман берсин каяктагы тажиктер менен ойнобой бул иш уят а балдарга келсек андай кылган болбойт бир гана уйундогуларга айтыш керек эле и Кыргызстанга жонотуп ириш керек эле
29.07.2013. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кошулам балдарга не только уруу эмес ото каттуу жазалаш керек мисалы ОЛУМ или коом ачуу керек акча топтоо керек
11.11.2013. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
perfecto,
Баш тамгаларды ашкере колдонгондугуңуз үчүн билдирүүңүз өчүрүлдү. Эскертүү сизге!
Дагы кайталанса БАНга кетесиз!
01.02.2014. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эрге тийбеген кыздарга запрет койуу керек чет жака чыкканга
24.07.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Патриотбуз деп кыз-балдарды тоноп жаткандарда бар ушинтип видеого тартышып.Видеого чыккан кыздар гана козго корунот дагы кыздарды тоноп бутуп акчаларыны кымбат баалуу буюмдарыны тартып алышып анан ушинтип видеого уруп-согуп зордуктап оздору суйлотуп жатышса кыздар байкуштар эмне кылат эле.Ушинтип да тарбиялайбы ?ким айтат аларды патриот деп .
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: