7 ЖАШАР НАРИСТЕГЕ КОЛ САЛГАН

№503 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.


Өлкөбүздө акыркы убактарда өспүрүм кыздардын зордукталган учурлары көбөйүп жатат. Зордукчулардан жабыр тарткандардын жашы 4 жаштан 16 жашка чейин. Мындай кылмыштардын бети тез ачылуудабы же педофилдер өтө көбөйүп кеттиби? Жаз мезгилинин орто чендеринде да Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери 7 жаштагы кызга кол салган адамды кармашкан.

СУУГА ТУМЧУКТУРУП, МУУНТУП...
Күбөлөрдүн айтымында жана тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон:
11-апрелде кечки саат тогуздарда ээн талаада жетелешип келе жаткан эркек менен наристе кызды Мыкан айылынан Ленин айылына кетчү талаадагы жалгыз аяк жолдо бараткан кыз-жигит байкап калышкан. Эркек жетелеп келе жаткан кыз ыйлап алган. Мүмкүн, аларга кыз-жигиттин көңүлү деле бурулбастыр беле, бирок эркектин кызды зекип, “экөөбүздүн ортобузда болгон окуяны апаңа айтасыңбы?!” деп коркутуп жатканын кулактары чалып калат. Бул сөздү уккан кыз-жигит аларды токтотуп сураштыра башташат. Белгисиз эркек кыздын тууганы болорун, сөз укпагандыгы үчүн жазалап койгондугун айтканы менен, кыз "бул кишини тааныбайм, экинчи ирет көрүп жатам" деп ого бетер шекти күчөтөт. Кыздан айылдагы тааныган адамдарын сураштырып, аларга телефон чалып отурушуп кыздын таежесин таап, ага болгон окуяны айтышат. Таежеси күйөөсү менен жетип келгенде бейтааныш киши качып жөнөйт. Эки эркек кубалап жүрүп аны алыс узатпай кармап, колу-бутун байлап айылга алып жөнөшөт. Жолдо баратып алар 102 номерине чалып, милицияны да чакырышат. Андан кийин милиция кызматкерлерине жолугуп, биргелешип Аламүдүн РИИБине алып келишет.
Кармалгандын өздүгүн аныкташканда ал мурун 8 жолу соттолуп чыккан ошол эле айылдын 45 жаштагы тургуну Николай Ялама деген болуп чыгат. Ал кызды алдап талаага алып чыгып, сууга тумчуктуруп, коркутуп, зордуктаганга аракет кылган. Соттук-медициналык экспертиза кыздыгы айрылбагандыгын, бирок жыныс мүчөсүнүн айланасы бүт көгөрүп калгандыгын, арткы тешигинде да жарааттар бар экенин аныктаган. Учурда кылмышка шектелип кармалган Николай Ялама кылган кылмышын моюнуна албай жаткан чагы. Ал бир нече жолу соттолгондуктан, мындай берене менен ал жакта жооп берип калуудан коркуп, эч кандай көрсөтмө бербей койгон. Өзүнүн  айтымында, абакта бул статья “не канает” экен. Ялама 25 жыл абакта жатып, ал жакта өзүнчө “авторитети” бар болгондуктан, бул кылмыш анын ал жактагы аброюна доо кетирет имиш. Андан көрө мындан мурда жасап, жашырып келген башка кылмышын моюнуна алган.
Мына, окурман, наристе кызды зордуктаса болот да, бул кылмышы үчүн абактагы “авторитетин” жоготсо болбойт экен. Андан көрө киши өлтүргөнү үчүн соттолгону жеңил тура. Кылмышкер үчүн бул күн наристенин тагдырына өмүр бою кара так болуп жазылып, психологиясын бузганы анын “авторитетинен” төмөн экен. Мындан сырткары кылмышка шектелип кармалган Николайдын Аламүдүн районуна караштуу бир айылда грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу болуп иштеген агасы наристенин апасын коркутуп жатыптыр. Анын ою боюнча, арыз ээси күнөөсүз адамды “подстава” кылган имиш. “Наристе алдап жатат, ал эми күбөлөр сатылып алынган. Эгер арызыңарды албасаңар, айылда жашооңор кыйын болуп калат” деп опузалап жатыптыр.

“ЗОРДУКТАГАН ЭМЕСМИН, КИШИ ӨЛТҮРДҮМ ДЕП ЖАТАТ”
Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү Мурат Каликулов:
– Бул кылмыш тууралуу бизге маалымат түшөр замат опертоп жөнөп кеткен. Алар айтылган жерге барып, талааны бүт аңтарып издеп таппай жүрүшсө, кыздын туугандары кылмышка шектүүнү кармап, үйүнө алып кетип калышыптыр. Андан кийин гана жолугуп, биргелешип РИИБге алып келишкен. "7 жашар кызды зордуктаганга аракет кылган" деп шектелип кармалган Николай Ялама бул кылмыш тууралуу көрсөтмө бербей жатат. Бирок анын кылмышка тийиштиги бар экендиги тууралуу далилдер жетиштүү. Жабырланган кыз жана кылмышка шектүүнү кармаган адамдар күбө катары көрсөтмө берип, алар шектүү менен беттештирилгенде "ушул адам" деп айтып беришкен. Ялама абдан мас болгондуктан, кылмышын аягына чейин чыгара алган эмес. Зордуктоого аракет кылган бардык белгилер бар. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында жабырлануучунун моюнунда муунтулгандан, түрткүлөгөндөн калган тактар бар экендиги, арткы тешиги айрылгандыгы ачык көрсөтүлгөн. Мындан сырткары кыздын көзүнүн айланасы көгөрүп, тизелеткендиктен, ал жерлеринде да тактар бар.
Тергөө учурунда Николай Ялама мурун башка кылмыш кылганын моюнуна алды. 19-февралда Ленин айылынын тургуну Савит Кожановдун үйүндө жайгашкан күркөгө уурулукка кирген учурда үй ээси келип калып, аны бычак менен сайып качып кеткен. Кожанов Чүй облустук ооруканасына жеткирилип, бычактан алган жаракатынан улам бир күндөн кийин каза болуп калган. Буга карата 104-берене боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жаткан эле. Ал иш да мага өткөрүлүп берилип, эки кылмыш бир өндүрүшкө бириктирилген. Яламанын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 28-129-беренелери (зордуктоого аракет жасоо) жана 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда бул кылмыш иши тергелип бүтүп, Аламүдүн райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Жабырланган кыздын апасы Николай Яламанын агасы келип коркутуп жаткандыгы тууралуу арыз жазган. Бул боюнча биз кылмыш ишин козгой албайбыз, ошондуктан бул иш профилактика кылуу үчүн участкалык инспекторлорго өткөрүлүп берилген.

Бүгүнкү күндө канчалаган балдар көчөдө кароосуз жүрүшөт. Мындай учурлардан эч ким камсыздандырылган эмес. Ата-энелер жоопкерчиликтүү болуп, балдарды кароосуз таштабай, дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруулары керек.



7 жашар кыз зордукталды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(53)
25.06.2012. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айбанга айбандай еле мамиле кылыш керек
25.06.2012. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myndai adamdyn keregi da jok bol4y atyp salsa kop ele adam ga paidaluu, je tyrmodon takyr 4ygarbaw kerek.
25.06.2012. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ATUU kerek, munu emne kytlat turmogo oturguzup, mamleketin esebinen bagyp... ATUU< kyinap olturuu kerek...
25.06.2012. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ооруп кетти. Шумшук соз да жок,айбан атылып кетсен экен.
25.06.2012. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бычып бир жолу кесип салышы керек айбан эшек мал.Адам эмес алар адам деп айтканга ооз барбайт.
25.06.2012. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит аткандай атыш керек акмакты
25.06.2012. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кана биздин чондор? ошондой кылып наристелердин жаш омуруно чек койгондорду атып салбайбы,25жыл турмого сактап кайра адам деген умут менен азаттыка чыгарыштыбы? кыргызстандын чондору да ошол педофилдерден айырмасы жок.
25.06.2012. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
8 жыл эмне менен соттолуптур деги анда дагы 18 жолу соттолсо деле ушинтип коет турбайбы соттогулар ээ ошондон коро биринчисинде эле атыш керек мындайларды анан наристелер жоголуп жатат аларды калп эле издебей ушуга окшогондорду сразу атууга албайбы значит ушул эле киши кайрадан эле ушундай кылып журо берет биздин милициялар каяктан издеп жатат.
26.06.2012. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол сволочь эле куноолуу эмес,ата-энесин да куноосу бар,кызыны карашпай каякта журушту???
26.06.2012. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атуу керек. Же жогоруда айтылгандай шариат жолу менен жазалоо керек.
26.06.2012. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деген соз мындай иттерге олум,устудогулор эмне кылып олтурасынар?Силер озунорду ойлой бербей кыргыз элин ойлобойсунарбы?Анын уй булосун коркуткудай ким ал?Кыздын абалычы?Ай кыргыздар эй бизди милициялар карабайт да анан чондорго жол болсун
26.06.2012. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мучосун кесип оозуна салып кыйнап олтуруп салыш керек мындай айбандарды
26.06.2012. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне болуп баратабыз, адамдар?
26.06.2012. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда жашап журуп орус киши кыргыз кызын кичинекей карындашыбызды зордуктап жатат! Кичинекей кыз ошо нерсе менен кантип жашайт эми байкуш карындаш. ошо кишинин бир мучосун кесип салыш керек бля!!!
26.06.2012. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал адам мурунку кууноосун мойнуна алыптыр да, бул кууносун мойнуна албаса-демек именно ушу кууноосу менен аны отургузуш керек. Турмодогу авторитетинин баары жок болот. Олуп эле калса экен.
26.06.2012. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз андай кылыш керек мындай кылыш керек деген менен алар укпайт деле. Ал зоокур айыптуу кишинин созун угуп олтурушат эмне менин автаритетим кетет деп жатат дейсинер эми анын урматы кетпесин деп куноосун жашырасынарбы ушул кунго чейин созбой бир омурго камаш керек алар болбосо дагы деле чыкса бироого кордук корсотот. Озубузда ойлоп королу Жаш жеткинчек кыздар ушундай болуп жатса келечегибиз эмне болот!!!!!!! Кыргыз элим ушуга окшогон окуяларды окуп, угуп жатасынар балдарынарды кантрол кылгылада
27.06.2012. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул айбанды олумда аздык кылат
27.06.2012. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллах жазасын берсин бул зоокурдун
27.06.2012. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматуу депутатар Окмот Кумторду Мегакомду чыр калабурбей ушундайларга кату жазаны мыйзам менен чыгарбайсынарбы.Аны ордунда кызыныз же кариндашынар же..... болуп балбастан мурда ойгонгула достор
27.06.2012. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э эгер кыргыздын кызын жасаган болсо,ошо борчик акеси менен кармап жазалаш керек!эгер ал жакка барып калса браттар оздору жазалашат!
28.06.2012. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде зокондуу жакшы билишпейт
28.06.2012. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай окуялар эмнеге кобойуп жатат? Ыйман жоктугунан, нысап жоктугунан, биздин башчыларыбыздын ушундай проблемаларга конул бурбагандыгынан болуп жатат. Жумуш жок, ичкени арак, сайынганы наркотик болсо, уй-булоосун бага албай кочодо калган, анан крышасы жылганда алсыз тигил кенедей кызга кол салган.
28.06.2012. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бундай айбандардын оздорун олгучо ач кармап аркасына битаны тыгып олтуруш керек айбан адам емес бул зонага жетпей еле олот болуш керек айбан
28.06.2012. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ukuk korgoo kyzmatkerleri, urmattuu jogorku jaktagylar ozunordu ele oiloi berbei uwundai korduk korup jatkan jaw baldardyn kyzyk4ylygyn ka4an oiloisunar? oilonsonor bolo jawtar Kyrgyzstandyn kele4egi da! ka4an biri birinerdi andyp. biri birinerdi kamatkan dy toktotup uwundai maselelerge konul burasynar ? je Kyrgyzstandy but jep tonop e4 nerse jok kalyp delat` ne4ego bolgondo anan konul burasynarby? silerde voobwe bet jok eken, betiner kalyn eken
29.06.2012. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааа зоокур десе.


30.06.2012. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атыш керек эле биринчи кылыш кылганда эле. Мындай зектердин колунан дагы коп нерсени кутсо болот. Биздин чондорубуздун кобу аябай жаман иштерге.барып жатышат. Жаш жакшынакай кыздарды алдам каалаганындай кылат да кийинчерек таштап салышат. Биздин чондоруз биринен бири отуп бандит.


30.06.2012. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bychkanda emne erten ele turmodon chyksa ochoshup kalsa dagy kanchasyn baktysyz kylat. Olum jazasyn kirgizish kerek. Oshol kyzdyn tuugandary ayantka alyp chygyshyp tash baranga alyp olturush kerek akmakty. Munun baary myizam cheginde bolushu kerek. Owondo jogolot myndai aybandar. Elder akcha bergender uchun emes baldarynyn kelechegi uchun okmotton myndai akmaktarga olum jazasyn talap kylyp piketke chygyshsyn..!
30.06.2012. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ак кулактар кыргызстанды тоготпой жатат эл алдында сот кылыш керек авторитет повторитине карабай агасы ким экен болгону ак кулак
биз кыргызбыз
01.07.2012. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Правительство оозун ачпай-ушундай педофилдерди бычып салуу керек,же олум жазасын колдонуу керек!
01.08.2012. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
olkobuzdo zorduktagan koboiyp baratat debei oshogo chara koldonboicunarby. ech nerce kylbai ele super info gazetacyna makala jazyp tigine zorduktady ,munu zorduktady dep otura bergile.jogoruda oturgandardy tyzyldatkyla oshol ishtacin anan toktoit
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: