НАРИМАН ТҮЛЕЕВДИН АЙЫНАН ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТАРКАЙБЫ?

№504 29-июнь-5-июль, 2012-ж.


«Коррупцияга каршы аёосуз күрөшүү керек» деп президент, премьер жана парламент да төш каккылап келишет. Бирок кайсы бир министр же депутатка кылмыш иши козголору менен өзүнүн эле кесиптештери жабалактап коргоого өтүшөт. Кезекте – Нариман Түлеев. «Өкмөттү отставкага кетиребиз деп чыкканым үчүн кармап кетишти» деген депутаттын айынан «адегенде Жогорку Кеңеш таркап кетиши ыктымал» дешүүдө.

АБАКТЫН АЙЛАСЫН ТҮЛЕЕВ КАНТИП ТАБАТ?
Нариман Түлеевди алаканына салып мактагандар да, бетине түкүрүүгө даяр жактырбагандары да бирдей болсо керек. Акаевдин бийлигинде мамлекеттик «Темир» ишканасын жетектеп, жердештери «Нарындын темир-тезегин Нариман деген жигит Кытайга ташып түгөткөн» деп калышат. 2005-жылдын башында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалган, ортодогу Март революциясы убактылуу кызматынан четтеткени эле болбосо, жыл айланбай Түлеев кайра эле ордуна келген. Бакиевдин тушунда Нариман мырзанын ити чөп жеп, 2008-жылы Бишкек шаарынын башчылыгына келип, керек болсо депутаттыкка аттанган «Ата Журт» партиясы шайлоо алдындагы үгүт иштеринде «Ата Журт» Нариман Түлеевди Бишкекке алып келет» деп жар салып, борбор шаардын туш тарабына көрнөк-жарнактар илинген.
Бул кишини жамы журт «миллионер, Бакиевдин «уулу» жана Бишкек шаарын гүлдөткөн мэр» катары билишет. Баса, 7-апрелден кийин Нариман мырза «мен саясатчы эмесмин, болгону бир чарбачыл кишимин» деп чыкканы да бар. Бул билдирүү менен катар ага карата кылмыш иштери козголгону маалымдалып, атүгүл «Манас» аэропортунда Түлеев кармалганда «Жогорку Кеңештин шайлоосуна аттандым, депутаттыкка талапкерлигимди койдум» деп кутулган болчу. Кийин мандат менен кошо кол тийбестикке да ээ болуп, анын да амалын тапкан.
Кыскасы, эгерде Нариман Түлеевдин өмүр таржымалына абай сала турган болсок, ал бийликке ким келгендигине, кырдаалдын кооптуулугуна карабастан, суудан кургак чыгууну өздөштүргөн адамдай көрүнөт.

ДЕПУТАТТАР БИРИ-БИРИН САТПАЙТ
«Республикачы» депутат Исхак Пирматов, андан кийин Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевди Жогорку Кеңеш «актап алганын» унута элекпиз. Мындан уламбы, өзүн адвокат сезип алышкан эл өкүлдөрү Нариман Түлеевди суракка алып кетишкенде Баш прокуратурага басып киришип, оор кылмышка шектүү деп кармалган кесиптешин курчап-кучактап алып чыгып кетишкен. Мунун кесепетинен «оор кылмышка шектүү болгон депутатты кесиптештери коргой беришсе, анда парламент таркасын» деп чыккандар да болду. Баш прокурор Аида Салянова куткарууга чуркап келген депутаттарга тиешелүү чаралар көрүлөрүн айткан соң опурулган эл өкүлдөрү дым эле отуруп калышты. «Тез жардамга» келгендерди атап өтсөк ашыкчалык кылбас. Алар: Камчыбек Ташиев, Феликс Кулов, Алтынбек Сулайманов, Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков, Талант Мамытов, Эльмира Иманалиева, Анарбек Калматов, Нургазы Айдаров, Дастан Жумабеков, Жыргалбек Саматов, Каныбек Иманалиев.
Ал эми «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев: «Нариман Түлеевдин кармалуусу Кыргызстанда ар бир жаранды анын статусуна карабастан жоопкерчиликке тартууга мүмкүн экендигин көрсөтөт. Мен 20 жылдан бери парламентте иштеп келип, "депутаттарды кол тийбестигинен ажыратуу керек" дегенди дайыма угуп келем. Эгер эл өкүлдөрүнүн кылмыш жасаганы аныкталса, аны козу жетелегендей жетелеп барып камап салыш керек»,- деди. Ошол эле учурда Өмүрбек мырзанын айтымында, бул кезге дейре өлкө ичинде депутаттар өзүнүн кесиптешин сатып кеткен бир да окуя катталган эмес.

ПРОКУРАТУРАНЫН КАДЫР-БАРКЫ ООР СЫНООДО
25-июнь күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту Нариман Түлеевди эки айга, тагыраагы, 21-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Ошол эле тапта депутаттын адвокаты «анын рак оорусу бар, тез арада чет өлкөгө чыгып, дарылануу курсунан өтүп келиши керек» деген билдирүүнү тараткан.
Нариман мырза өзү Бишкектин мэри болуп турган чакта шаардын бюджетине 1 миллион 412 миң 600 доллар зыян келтиргендиги үчүн шектелүүдө. Бул каражат Кытайдан келген автобустарды атайын жогорулатылган баада сатып алуу жана аларды ташууда негизсиз келишим түзүүдөн келип чыккан. Кылмыш кодексинде болсо, коррупция боюнча 8ден 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Баш прокуратура белин бекем бууп, өтө чоң ишти баштады. Ал – президент Алмазбек Атамбаев жар салган коррупцияга каршы күрөш деп аталат. Албетте, торго майда балыктардын бири кармалып отурган жери жок, андыктан бул ызы-чуу коштолгон окуянын жыйынтыгынан укук коргоо органдарынын кадыр-баркы же жок болот, же болуп көрбөгөндөй асмандын жетинчи кабатына чейин көтөрүлөт. Жыйынтык ордуна бир гана сөз ылайыктуудай: «Корксоң баштаба, баштагандан кийин коркпо!»

Эльвира Караева
koom@super.kg



25.06.2012-ж. Н.Түлеевдин соту

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(38)
Медиа-портал
30.06.2012. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мекенибизде пикетчилер мыйзам кабыл алыш керек болуп калды ансыз деле алар не десе ошол тобоо
Медиа-портал
30.06.2012. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгер куноосу болсо мыйзам чегинде жооп берет. Эгер жок болсо бошотуп жиберишет. Жебеген жердин астында деген соз бар достор эгер .Эгер жегендерди жоопко тартса президенттен баштап секратарына чейин болуп кетет озу.
Медиа-портал
30.06.2012. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назбийкеге кошулам туура айтасын мен эч киммин колдобоймун баары эле бирдей бири-бирине куумай адаты ба анан эле эски жаны бийлик дешет жэ ага жараша кыйратышпады.Кыскасы эли учун куйуп иштешпейт
Медиа-портал
01.07.2012. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой бой.баягы эле баягы,бай кожонун таягы болуп жатат.Эл да ушул жасалма пикеттерден,трайбализм,тууган чылык,жердештиктен тажабас болдуго.Качан бир пайдалуу ишти ойлонушат экен?
Медиа-портал
02.07.2012. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
барына акча берип чыгарып пикет уйуштуруп жатышат корунуп эле турбайбы азыр элге акча берсе барын кылчудай байагы большие людидеги сенариди корсотуш керек экен акыры мекенибиз оннолуш керек да акыры кичине 5 жыл эл учун иштесе болмок тойушкандыр кар курсактар ушинтип эле алчыгып кетебиз деген адат болуп калды чондорго азыркы интервю берген ким алжырап суйлой албайтгоо ыяя
02.07.2012. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыйкаттык ким тарапта болсо, Кудай ошолорго кубат берсин! Таза болсо, жосунсуз жорук менен чет өлкөгө чыгуунун амалын издебейт эле Түлеев. Кандай эле кармалар замат ооруп калат?
10.07.2012. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Debi, ak4a berse oorup kalat da bizdin sot dele ak4a bergenge 4e4et aktap 4ygarat. Milisalar dele keebirlerin eptep karmasa sot teskeri 4e4et:-(
tuleev dele pobegde bol4u parti9ga kirip kalyp ele tyn4yp kalgan jegen ak4asyn kairyp bersin je sottolsun
02.07.2012. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
miyzam bar je jok ekeni,Tuleevdin kamaliw je kamalbawinan bilinet!Tuleevden bawtap baarin kamap saliw kerek!
02.07.2012. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул киши берсен жеп коёт, кыл дегенди кылып коёт
02.07.2012. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде да эшик каккылап тулеевке чыгып койгулачы дегендердин тубу узуло элек ошолорду кошо камап салышса экен алар да карупционерлер акча алып алып чыгып жатышат да
02.07.2012. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gul90, Конечно плакат которуп турган адамдар оз ыктыяры менен турат дейсинби, акчага кармап турушат плакатты,Тулеев канча берсе ошодон кобуроок акча берсен, Тулеевди кама деп чыгат.
02.07.2012. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bu biylik Otkondo ele karatyp turup Axmat Bakievdi ka4yrgan ele emi Narimandy dele karmasa 2 ai karmait boluw kerek....
02.07.2012. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер куноосу аныкталса жазалансын.тулеевге свабода деп чыгып аткандарга айтаарым акча берсе эле чыга бербегилечи суранам.бутун кыргыз элинин ырыскысын жеген болсо суралсын да же силерге элден да 150сом ойдо турабы.одвакат мынча кекеченет.
02.07.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тулеев 100% кунолуу!!!!! Ташиев аканар партиялаш досун качырганга аракет кылып журот деп жатышат, мындай ууру адамдарды качырган депутаттардын эмне кереги бар тараса тарасын, ансыз деле элге жардам бере турган эч бир депутат жок
02.07.2012. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчалуу адам- идеалдуу адам. Мына ушундай жашоо отуп жатат Кыргыз жеринде. Тулеев акталып кетсе анча деле тан калбайм.
02.07.2012. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кадыржан батыров каякта экен, ошол дагы адам олтуруп бийлик талашкандардан болчу!!!!!!!! аны неге кармабайт??? жээ анын дагы бармактары сынык бекен????
02.07.2012. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адвокаты эмне мынча кекечтенип орусчаны зорго суйлойт го, ага караганда мен да жакшыраак суйлойм.
02.07.2012. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Ташиевди колдойт болчум, бирок Тулеевди алып чыкандан кийин анан сот боло элек эле аны актаган жарашпайт,озу бир маалда айткан биз корупция менен курошобуз деп,курошсун дальше.
02.07.2012. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми баш прокурорду кудай сактасын ! МАИ кызмткерлери бош келбегиле!!!!!!!!!!
03.07.2012. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саялнова айым молодец, мындай ууру, элинин ырыскысн жеген адамдардын баардыгы турмодо олтуруш керек. Нариман кармаганда жугуруп барып чыгарып кеткен депутаттар булар да ага окшогон уурулар. Митинг убагында жаагы ооруганча, бийлик коррупцияны оркундотуп, биз аны менен курошуп жатабыз деген Ташиев озу биринчиден болуп ууру коллегасын сууруп чыкты, анан уялбай каралагандыгы боюнча комиссия да тузуп жиберди. Мына элим деп калп суйлогон адамдын анык жузу эми билинди.
03.07.2012. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наримандын артынан коргоп чыгып жаткан элдерге даба жок, акчасына сатылып, эртенки куну мамлекетибиз менен келечектеги муун менен эмне болору менен иши жок. Бул коррупционердин жанына кошулатырган адамдардын саны коп, ЖК эле алсак алардын 80%, Министрлерди алсак 100%, МАИ 100%, МВД 100%, Губернатор, акимдер 80% и т.д.
04.07.2012. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев Бабановтордун быкыкысын чукусан Тулеевдикинен 100 эсе коп чыгат Бабановтун Кыргызстанга деген бензинди Тажикстанга жонотуп жатканын ким айтып ким чукуйп чыгат болду экен
04.07.2012. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тулеев мер болуп иштегенде Бишкек коркуно келе баштады эле эми кана Омуркулов эмнени кыйратып атат айткылачы
04.07.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
))) FERA.билесинби тюлеев чынында чын туз жургон адам болсо, шаарды мындан эки эсе кулдотуп бурдотмок, а сен билбесен керек шаарды кулдотуп бурдотуш учу эле канча акча берилерин..а Тюлеевке окшогон адамдар ошо акчанын жарымынан азына жасап койуп, кыйратып салдым деп мактанат!!! куносу жок адам достойно журот, а бул адам иши козголгондон бери клоунада кылып буттуго Кыргызстаныбызды..ошондо да озун ойлоп журотда,ага Кыргызстан эмне!депутаттын саны коп,пайдабатасы жок.ушуларга кеткен бекер акча!
04.07.2012. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FERA быякта Тюлеев жонундо журуп жатат соз,адашпасанчы!Бабанав жонундо башка жерде билдирме,кезитти жакшылап карасан бар..ошол жерге жазсанчы сураныч!
04.07.2012. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сөзсүз түрдө мыйзам чегинде жоопко тартуу керек. Бирок мен Түлеевди башкы коррупционер деп айталбайм, жогоркуда айтылгандай бул киши "бул киши берсен жеп коёт, кыл дегенди кылып коёт". Бул адам Келдибеков, Кулов, азыркы мэр Омуркуловдордун катарындагы "жегич".
05.07.2012. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
'Кыныр иш кырк жылда билинет' дегендей, кимдин ким экенин коро жатарбыз. Коррупционерлер омуру жыргашпайт. Убактылуу нерсени эмес, тYболYгYн ойлошсо болмок. Бугун болбосо, эртен оз жазаларын аларына ишенемин.
05.07.2012. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал жерде болуп корбогондон кийн бул киши жонундо соз кылунун эч кажети жок...2005жылы Борбор калаабыз кандай эле?ушул турган Тажикистан борборунан уяласын!аз да болсо да Тюлеевге дан жана дунк шаарыбызды козго илинеерлик кылганына..!
05.07.2012. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо мен тулеевди мактап.коммент жаздым эле очуруп коюпсунар,силерге да ишенич калбаптыр
05.07.2012. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jhanibek, эч нерсе өчүрүлбөй эле турат. Түлеевди мактап бир гана бул жакта http://www.super.kg/media/?type=video&id=68007 жазыптырсыз. Ал комментарий турат го?!
Дайыны жок эле гезитти каралаганыңыз үчүн 3 күнгө мончо! Эреже окуйбуз!
05.07.2012. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
japarova кечиресиз мен сизден жакшы билем соз ким жонундо болуп жатканын мен салыштырып атам аларга сен озун баардыгын оз козун менен коргондой айтыпсында Тулеевдин шаарды ондоп тузогон иштерин айтып атам мен биринчиден так что не кыжылай коп былдырактап мага асылбай Бабанов байкелерин окшойт чычалаганына краганда
06.07.2012. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Те кто из Бишкека , те кто родился в Бишкеке все поддерживают Тюлеева ,из 100/1 человек можеть быть против! Я гарантирую это и есть политика наших высокопоставленных ченовников,перед выбором мера Бишкека.Это было лично мое мнение,я думаю многие бишкекчане согласны со мной,спасибо!
06.07.2012. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наримандын иши боюнча дагы чаң баскан дело жатат дейт, аны билүү керек, Чоң аккула кармалды, прокуратура аягына чейин турса экен,
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: